9. Gaps in the history of education in Ala-Too
2 MB Posted
- Attached to
- Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
- Solicitation number
- F2VVHA2104G001
About this file
Attachment 9 Gaps in the history of education in Ala-Too (Kyrgyzstan) (For teachers and students) (Kyrgyz)
Text of this file
Советбек Байгазиев
Ала-Тоодогу агартуу тарыхынын
«ак тактары»
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз билим берүү академиясы
Ала-Тоодогу агартуу тарыхынын
«ак тактары»
(Мугалимдер жана студенттер үчүн)
Бишкек - 2012
Рецензенттер: Н.Ишекеев – педагогика илимдеринин доктору, профессор
А.Асанканов – тарых илимдеринин доктору
Ала-Тоодогу агартуу тарыхынын «ак тактары»
Бул китепте Октябрь төңкөрүшүнө чейинки кыргыз коомундагы агартуунун тарыхынын урунттуу учурлары, «ак тактары» архивдик материалдардын, сейрек тарыхый фактылардын, эскерме документтердин негизинде изилденген. Улуттук агартуунун тарых-таржымалы кыргыз элинин революцияга чейинки түгөл караңгылыгы, туташ сабатсыздыгы жөнүндөгү буга чейинки көнүмүш болуп калган ырастоолордон, коммунисттик-таптык идеология жазып көрсөткөн «расмий тарыхтан» бөлөкчөрөөк экендигин
С.Байгазиевдин ушул эмгегинен ачык байкоого болот. Эмгектин жаңылыгы, XVII кылымдан 1917-жылга чейинки көчмөн кыргыздардын агартуусу, кыргыздын бай-манаптарынын агартуучулук-уюштуруучулук ишмердиги биринчи жолу кенен жана терең талдоого алынгандыгында.
Китепти мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарында, мектептердеги тарбия сааттарында, ЖОЖдордогу педагогиканын тарыхы боюнча курстарда пайдаланууга болот.
КӨЧМӨН КЫРГЫЗДАРДАГЫ АГАРТУУ
(17-КЫЛЫМДАН 1917-ЖЫЛГА ЧЕЙИН)
Адам жамаатында тарыхый эстутум туруктуу жашап турганда гана, муундар арасында өтмө катыштык салты, алака-байланыш эрежеси үзүлбөй өмүр сүрүп турганда гана коом коом катары жашап турары сиздерге жакшы белгилүү. Жаңы нерсе мурдагы түптөлгөн уюткудан уланып чыкса тамыры бекем болот. Ырасында эле, адегенде пайдубалы курулбаса,үйдүн дубалы кайдан көтөрүлмөк? Байкасак, тарыхый сахнага чыккан ар бир кийинки муундун күчү түпкү тамырды туя, сезе билүү маданиятында жатат. Ушул жагынан алганда, бүгүнкү XXI кылымдын инсандары, муундары, жалпы эле биз агартуу, билим берүү жагынан кандай тарыхый эстутумга ээбиз? Агартуу жагынан биз азыр кимдер түптөгөн пайдубалдын үстүндө жашап турабыз? Кимдер баштаган, кимдер алгачкы кыштарын койгон дубалды андан ары көтөрүп, бийиктетүүгө тийишпис? Агартуу салаасына тиешелүү кылып бизден Манастагыдай» айтып берчи айлың ким, ата-баба дайның ким?» деп сурашса, кандай деп жооп бермекпис? Эмесе, сөз октябрь төңкөрүшүнө чейинки жана агартуунун туңгуч өнүмдөрү, мектептин мээнеттүү кыйын-кезеңи, билим берүүнүн төрөлүү, жаралуу азаптары жөнүндө. Кыргыз агартуусунун тамыры тарыхтын тереңине кетет.
Биздин замандын V-IX кылымдарында кыргыздардын өзүнүн жазуусу, алфавити болгон.
Буга байыркы Орхон-Энесей эстеликтеринин бетиндеги рун жазуулары күбө.
Кытай окумуштуусу Ян Рухлинин, Француз тарыхчысы Шавамунинин, кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун кыргыздар түрк улуттарынын ичинен эң биринчилерден болуп жазуу жараткан эл экендиги, V кылымдын башталышында кыргыздардын 40 тамгалуу жазууну урунгандыгы тууралуу айткан, жазган ойлору илгерки көчмөн цивилизациябыздын жетишкендигинин далили. Академик Е.С.
Малов «Түрктөрдүн Энесай жазмасы» (1952) аттуу эмгегинде Энесай таш эстеликтериндеги жазуулардын тилин байыркы кыргыз тили деп эсептеген.
Кыскасы, жазуусу, алфавити болгондон кийин, демек, байыркы кыргыз-түрк (V-IX кылымдар) доорунда кыргыз мамлекетинде окутуу, агартуу практикасы, мектептер болгон деп айтышка негиздер бар. Ал эми IX кылымда Борбордук Азияда түзүлгөн кыргыздын улуу державасы эч убакта окутуусуз, билим берүүсүз, илим-билимсиз улуу держава болуп жашап тура алмак эмес. Башка элдер, мамлекеттер менен болгон активдүү дипломатиялык жана соода байланыштары кыргыздын улуу мамлекетин окутуу ишин жолго коюуга, өстүрүүгө, өнүктүрүүгө түрткөн. Өз мезгилинин шартына ылайык мектеп-байыркы кыргыз империясынын таянычы болгон. 1992-жылы «Мектеп» басмасынан чыккан «Кыргызская диаспора зарубежом» аттуу китептеги: «Энесай менен Тывада табылган 120дан ашуун байыркы кыргыз жазмасынын эстеликтерин эске алганда, элдин сабаты жогору болгон» деген жыйынтык бекер жерден эмес.
Бирок тарыхтын, жазмыштын өкүмү ушундай экен, акыры ошол байыркы кыргыздын улуу дөөлөтү да бир күнү кулап, тарыхтын сахнасынан кеткен.
Улуу дөөлөт менен кошо илгерки Энесай жазмабыздын да ооматы бүтүп, колдонуудан калып, тарых түпкүрүнө житип унутулган. Бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн учурунда байыркы жазмабызды сыймыктануу менен эсибизге тутуп, тарыхыбызды терең изилдеп жатабыз.
Замандар өтүп, кийин элибиз араб жазмасын колдонууга өткөн. Биз мындан аркы сөздү соңку тарыхыбыздагы агартуунун таржымалынан баштамакчыбыз.
1830-жылдар: боз үйдө аарыдай ызылдаган балдар
Каардуу НКВД тарабынан ак жеринен түрмөгө камалган акын Молдо Багыш
(1888–1937) тууралуу эскерип жатып, аксылык карыя Рыскул Озокеев «силер 1924-жылдан кыргыз жазмасы башталган деп жүрбөйсүңөрбү, ага мен кошулбайм, анткени мурда эле Молдо Нияз, Молдо Багыш, Жеңижок сыяктуулар ырларын өз кол жазмасы менен кагазга жазып келген» – дейт. Карыяныкы туура. Илгерки заманда тарыхый себептерден улам кыргыз аймагын сабатсыздыкдын туманы каптап жатса да, эл-журтубуздун ичинде агартуу идеясынын чырагы ар дайым үлпүлдөп жанып келген. Калкыбыз «Билим-адамдын канаты» «Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы» деген өндүү накыл кептерди бекеринен насааттан келген эмес.
VII кылымда рун жазуусу менен билим алган кыргыз ажоосу Барсбек
Орус атуулу Л.Костенконун 1871-жылы «Кыргыздардын арасында кат билген сабаттуу адам жокко эсе» деп жазганы чындыкка туура келбейт (Л.Костенко.
Средняя Азия и водворение в ней русской гражданственности.- Санкт-Петербург, 1971). Кыргыз илидер академиясы тарабынан 1976–1980-жылдар аралыгында 5 жыл катары менен уюштурулган илимий экспедициянын убагында
Кыргызстандагы тоолу айылдардан, кыштактардан, калаалардан араб, фарсы, түрк, чагатай тилдериндеги XII- XVI жана XVIII –XIX кылымдарга таандык 500гө жакын китептер, 200гө жакын кол жазмалар, көчүрмөлөр, көптөгөн иш кагаздары табылган. Бул факт кыргыздардын ичинде кат билген сабаттуу, окумал, китепкөй, билимгөй адамдардын ар качан болуп келгендигин айгинелейт. Мындай ойду 1785-жылы 23-августа орус падышачылыгына жазган Атаке баатырдын каты, кыргыз бийи Олжобайдын 1825-жылы, Шералы бийдин 1827-жылы Батыш Сибирь генераль-губернаторуна жазган каттары ж.б. жазма документтер ого бетер бекемдейт.
XIX кылымдын биринчи жарымында биздин көчмөн коомубузда аздап болсо да окутуу практикасы жашап тургандыгын фактылар күбөлөйт. XIX кылымдын 30-жылдарында Түрсктан аймагына келген ангиялык саякатчы Д.Вуд кыргыздын мектебинен көргөн көрүнүштү мындайча сүрөттөп жазган: « Бир боз үйгө кирсек, улгайып калган молдо балдарды окутуп жаткан экен. Балдардын айрымдары тактага тамга жазганды үйрөнүп жатышат. А башкалары ошол эле учурда аарыдай ызылдашып, мукабасы майланышып, барактары жыртылган куран китептен тексттерди жатташууда» Илгери түндүк кыргызстан тараптагы журт башчылары, ири ак сөөк манаптар Кашкардан, Үрүмчүдөн, Кокондон, Бухарадан, Уфадан, Казакстан, ОлуяАтадан жалдап уйгур,өзбек, ногой молдолорду алдырышып, балдарга арип таанытып, окуу үйрөтүшкөн. Ушуга байланыштуу Ак-талаалык
Атыкан карыянын Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов) жөнүндө айткан бир сөзүн мисал катары кыстара өткөнүбүз жөндүү болор: «Илгертен кыргыз элинде ата-эне балдарын мусулманча окутуп адептүүлүккө, ыймандуулукка үйрөтүүнү биринчи парз деп эсептешээр эле. Ошол үчүн айрыкча бай манаптар алыстан, мисалы Кашкардан же Кокондон мударыз чоң молдолордон алып келип дегеле колунда барлар алды ат, арты жети-сегиз кой берип, бир топ жылга чейин окутуучу экен. Ал эми Байымбет болсо ошол манаптын балдарынын атын токуп бере коюп жамактап ырдап жүрүп, иши кылып эрке балдардын көнүлүнө жагын кошо окуп анын молдого берүүчү маянасын ошол балдар төлөп,жардамдашкан. Байымбет өзүнүн зээндүүлүгү менен эле эки, үч жылы окуп өздөштүрүп кеткен дешет». Арка кыргыздарынын өзүнүн ичинде четтен келген молдолордон окуп сабаты ачылгандар, жана ошондой эле Түркстандын шаарларындагы жана алыскы өлкө-лөрдөгү медреселерден билим алган кишилер аз да болсо болгон.
Мисалы, XIX кылымдын 70-жылдарында Азербайжандын Шамеха деген шаарындагы жеке менчик мектептерде Ысык-Көлдөн Касымалы, Сары-Таштан
Ибраим, Кызыл-Кыядан Искендер аттуу кыргыз балдар алышкандыгы жөнүндө
Азербайжан илимпозу А.Жафарзаде маалымдайт (Караңыз: Русский язык в кыргзыской школе, 1970, №5). Мына ушинтип сабаты ачылган адамдар өздөрү кайра айыл аралап бала –бакыраны окутууга аракеттенишкен.
Бир сөз менен айтканда Алатоо арасында «Боз үй мектептери» жашап келген.
Ошондой «боз үй мектебине» биринчи жолу кантип баргандыгы жөнүндө эски интеллигент, айтылуу Бөрүбай Кененсарин минтип эскерген: «Атам мени 1903-жылы молдого берген экен. Айлыбызда Сыдык молдо деген, оң колунун манжасынын баары тубаса мукур болуп калган киши бар эле. Ошого күздүн күнү алып барды, молдонун боз үйүнө жыйырмадай бала чогулдук, алды 12–13 жашта, арты 7–8 жаштагы балдардын бардыгы досторкон көтөрүп, колунда бар кишилердин 20–50 тыйындарын алып келип молдого беришти. Аталарыбыз, улам бирөө баласын колунан жетелеп келип, молдонун алдына чөктүшүртүп олтургузуп дасторкон жана тыйынын бергенден кийин, баары тең атайы жаттап алгандай
«Молдоке, мына баламды алып келдим, эти сиздики, сөөгү меники, аябаңыз, жакшы окубаса жөн эле союңуз» деген сөздү айтышат» (Бөрүбай Кененсарин. Сага арнап. – Бишкек, 1998, 25-бет).
2. «Самарканд жылдыздарынын» Ош тарапка чачырап тийген жарыгы жана 17-кылымдагы
Молдо Кыргыз медресеси
Ал эми Кыргызстандын түштүгүнө келсек, XIX кылымда бул аймактан чыккан акындардын көпчүлүгүнүн жанагы Рыскул Озокеев карыя айткандай, сабаттуу болгондугу, чыгармаларын кагазга түшүрүп, жаза билишкендиги бекер жеринен эмес. Мындай жагдайдын себебин бир жагынан түштүк чөлкөмүнүн өзбек аймагы менен илгертен тыгыз алака-катышта тургандыгы менен да түшүндүрсөк болот. Ал эми Түркстан цицвилизациясынын чордондуу чөлкөмдөрүнөн болуп келген шаар-кыштактуу отурукташкан өзбек мамлекетинде билим берүүнүн, агартуунун илгертен учугу уланып келаткан салты бар экендиги белгилүү. Тарыхый маалыматтарда камтылган X–XII-кылымдардагы Бухарадагы көптөгөн медреселерди, 15-кылымдагы Улукбектин Самаркандагы атактуу медресесин эле эске түшүрөлү. Падышалык Россиянын колонизатор генералдары Түркстанды багынтканда, бул аймакта, айрыкча Фергана өрөөнүндө медресе, мектептердин алар ойлогондогудан кыйла эле арбын экендигин көрүп, бир чети таңгалышкан.
Бир мисал келтирип өтөлү. Маселен, «Обзор ферганский области за 1882 год» аттуу документтин маалыматында 1882-жылы Фергана областында 165 медресе, 1116 мектеп болгон. Эми XX кылымдын баш жагынан да мисал алып көрөлү. 1911-жылкы орус статистикасы боюнча жалпы эле Түркстанда 7000ден ашык медреселер жана мектептер болуп, аларда 6581 молдо эмгектенип, 100000 окуучу окуган. Бул окуу жайлардын басымдуу көпчүлүгү Фергана жана Самарканд областарында жайгашкан. Кыскасын айтканда, ошол кездеги Жети суу областына салыштырмалуу алганда, Фергана областындагы агартуу ишинин кыйла активдүүлүгү Түштүк Кыргызстандын аймагына өзүнүн жагымдуу таасирин тийгизген да, Алатоо мекендин бул чөлкөмүндө мусулман медреселери менен мектептери түндүктөгүгө караганда эртерээк ачылган.
Тарыхый жана элдик санжыра маалыматтарга караганда алгачкы медресе 17-кылымда Наманганда Кыргызбай аттуу кыргыз улутундагы адам тарабынан курулган. Бул жөнүндө Алабукалык Калмурат Рыскултегин «Нурмолдо» аттуу китепке кирген «Нурмолдо жана биздин таржымалыбыз» деген макаласында мындай деп жазат: «Кыргызбай Аксыкентий кыйын чыгып, ата бабалары жайлаган
Чанач Миңжашар сайынан бир миң түп карагай кестирип устун, сарап, тосун, увасажуп, паштаң чаптырып туруп ат, төө, өгүз арабалар менен ташытып апарып, Наманган калаасына балаканалуу медресе имаратын курдурат. Кыргызбай чоң молдо болгондуктан медресесинин аты өзүнөн-өзү эле Молдо Кыргыз медресеси атыгып кетет. Молдо Кыргыз алда качан дүйнөдөн кайтса да ысымы өчпөйт, эл үчүн кылган эмгек унутулбайт ко! Наманган калаасынын коомчулугу мурдагынын дал өзүндөй эки кабат медресени бышкан кыш менен 1912-жыл кайра куруп, Молдо Кыргыз медресеси аталып, азыр да туру»(Караңыз: Нурмолдо. – Бишкек, 2003, 576-бет). Атактуу Нурмолдо акын 1840–50-жылдар аралыгында
Намангандагы ушул Молдо Кыргыз медресинде окуган жана кийин кайра өзү окуган медреседе мугалим-мударис болуп, сабак берип, бала окуткан. Аксылык
Назармат Жайлобай уулунун айтымына караганда, медреседе Нурмолдо менен кошо Кернейчи, төкмө Устажолдош, Кыдыраалы манасчы дегендер окушкан экен
(Ошондо, 521-бет). Молдо Кыргыз медресеси 3 кылым бою иштеп, кыргыздын далайлаган муундарын окутуп, сабаттуу, билимдүү кылып чыгарган. Нурмолдонун ырларындагы маалыматтарга караганда Молдо Кыргыз медресесин бүткөн кыргыздар Алымбек датканын медресесине келип, мударис болушкан экен.
Намангандагы бул кыргыз медресе өзүнүн курулган күнүнөн тарта кылымдарды аралап жашап, билим берүү жагынан чоң тажрыйба топтоп, Фергана өрөөнүндөгү өзүнчө бир абройлуу окуу жайына айланган. Наманган калаасында
17-кылымда ушул медресени негиздеген тарыхый улуу инсан Кыргызбай Молдо кыргыз элинин биринчи агартуучусу катары эсептелип, билим берүүнүн тарыхынан өзүнүн ардактуу ордун ээлеш керек деп ойлойбуз.
Билимдүү, илимдүү адам болгондуктан өз медресесинде сабак берип, улутташтарына билим чырагын жаккан Кыргызбайдын улуу тарыхый өрнөгүн ээрчип, кийин далай кыргыз балдары Ош, Аксы, Алабука аймактарына мечит-мектептерди ачышкан.
Өзбекстандын архивдик маалыматтары
1836–1860-жылдар аралыгында Ош
Молдо кыргыз медресесинин бүгүнкү көрүнүшү. Наманган ш.
шаарында Мухаммед байдын, Акжолбайдын, Халмырзабектин, Алымбек датканын медреселери ачылып, иштеп тургандыгын күбөлөйт. «Обзор
Ферганской области за 1892 год» аттуу документте 1890-жылы Ош уездинде 92 мектеп иштегендигин маалымдайт.
Изилдөөчү М.Султанова архивдик маалыматтарга таянып мындай деп жазат:
«Айтылуу алайлык Асан бийдин уулу
Алымбек датка кийин дин исламдын жогорку дарстарын Бухара, Самаркандтан алат. Алардын билими Алымбекке жугуп, арты кайырдуу болот. Алымбек 1860-жылы Ошко медресе курдурткан.
Медреседе эки мударис иштеп, 80–100дөн молдолор окуган. Алымбектин медресеси жылына 1600 сомдон киреше алып турган. Айрым маалыматтарга караганда Курманжан датка сабаттуу гана болбостон, элге жагымдуу ырдарды да жазган. Алымбек датканын уулдары атасы салдырган медреседен окуп, аны бүткөндөн кийин ушул медреседе мугалим же башчы болуп иштеген. Алымбектин медресеси 70ке жакын жылдын ичинде жүздөгөн билимдүү балдарды тарбиялап чыгарып, түштүк кыргызстандын агартуу иштерине чоң салым кошкон».
(Султанова М. 1850–1917-жылдагы Түштүк Кыргызстандын аймагындагы агартуу ишинин абалы.-Китепте: Материалы международной конференции.-Бишкек, КМПУнун басмасы,2002,164-бет).
Кыскасын айтканда, XIX кылымда жана XX кылымдын баш жактарында Ата журтубуздун түштүк тарабында мусулманча билим алам, окуйм-чокуйм деп умтулган адамга Ош, Фергананын агартуусу бир топ эле мүмкүнчүлүктөрдү түзүп турган.
3. «Боз үй мектебиндеги» схоластика, авторитаризм жана адептүүлүк
Анткен менен кыргыз жергесиндеги революциядан мурдагы мусулман мектептери араб тамгасын таанытып, сабат ачканы менен негизинен ислам дини багытында болуп, молдолорду даярдоону көздөгөн, орусча айтканда, светский маанидеги, европалык нуктагы илим-билимди окутуудан ыраак турган мекемелер болучу. Айрыкча боз үйдөгү окутуу көбүнчө схоластикалык, догматикалык мүнөздө эле. Балдар араб, фарс тилиндеги диндик китептердин тексттерин маанисин түшүнбөй жаттап окууга аргасыз болушкан. Мындай жагдайды байкаган орус окумуштуусу А.И.Краснов XIX кылымдын 80-жылдары төмөнкүдөй деп жазган: «Дети учатся долго и без всякого понимания, все в слух перекривая друг друга, почему могаметанская школа похожа на жужащий улей пчел» А.И
Красновдун жазганынын жөндүүлүгүн бир кезде ошол «Боз үй мектебинен» окуган окуучулардын өздөрү да ырастайт. Мүнөздүү мисал катары 1880-жылдарда туулган, совет өкмөтүнүн мезгилинде агартууга эмгек сиңирген карыя мугалим
Мүсүралы Копобаевдин 1950-жылдардагы эскерүүсүнөн кыска бир үзүндүнү алдыңыздарга тарта өтөлү: «Сегиз жашымдан тартып айылдык диний окуудан, молдодон окудум. «Аптиек», «Куран», «Сополдияр», «Чаар китептердин» молдолор өздөрү түшүнбөгөн узун жадатма сүрөөлөрүн жаттатып башыбызды катырышчу. Карандай Молдодон корккондугумдан мээ чарчаткан узак сүрөөлөрдү суудай жаттоого тырышчумун. Жөн гана жаттабай, мукам менен кырааттуу окуганды жажбур кылышчу». Китепте: Сасыкбаев С. Тандалган чыгармалар. –
Фрунзе, 1977, 129-бет) ушундан улам бир кезде Молдо Кылыч: «чала чыккан башынан, Чаар китептен сабатым»,- деп ырдаган эмеспи.
Молдолордун окутуусу догматикалуу гана эмес, авторитардуу да болгон. Ата-энелердин жанагындай «сөөгү меники, эти сеники» деп окууга бергени молдолордун чырагына ого бетер май тамызган. Молдолор балдарга каалашынча өкүм-зордук кылып, сабак билбей калса, же балалык кылып тентектик кылса окуучуну чыбык менен сабап жазалаган. «Эгер сүрөөнү чала жаттап, жаңылыш окучу болсок, молдодон «чыбык» жечүбүз. Молдонун чыбыгы аз келгенсип, калпасы да сабоочу» (Копобаев Мүсүралы). «Абдыкул деген бала бир демге алагды боло түшүп, бир арипти унутуп калды. Табалбай туруп калды. Молдо унчукпастан келип, жаакка колу менен тартып жиберди. «Бачагар, эмне үчүн окубайсың» деди. Абдыкул жаагын сыйпалап «мына муну унутуп калдым» деп жалооруду» (Бөрүбай Кененсарин).
Молдолор кээде «күнөө» кылган баланы чечиндирип алып, чыбык менен жону көгөрүп, канталап чыкканча сабаган учурлар сейрек эмес болгон. Молдолор бир жагынан баланын денесинин молдонун, же ата-эненин чыбыгы,муштуму тийип көгөргөн жерлери тиги дүйнөгө барганда жылдыз болуп нур чачып күйөт, кокус тозокко түшүп калса, отко күйбөйт деген диний ишенимде да болушкан экен. Кезегинде ушул мааниде молдолорго насаат берген методикалык диндик китептер да чыккандыгын фактылар күбөлөйт. Кыскасы, Талып молдо айткандай, «керегени басып көктөгөндөй» күчкө салган мындай мамилени молдолор ушундан
«теория» менен да негиздөөгө үлгүрүшүптүр.
Эмесе, ушуга чейин жүрүп келген аңгемебиздин бөлүгүн жыйынтыктайлы. Эмне десек да, кандай баа берсек да курандын сүрөөлөрүн жаттатып, шарият жол-жоболорун насааттап, колдон келишинче диндик таалим-тарбия ыроолоп, ыймандуулукка үндөгөн, араб арибин таанытып, кат чийгенге көнүктүрүп, элементардык деңгээлдеги сабаттуулукка телчиктирген көчмө
«Боз үй мектеби» тоо арасындагы сабатсыз караңгычылыктын фонунда өзүнчө бир табылга болгон десек болот.
Үстүртөн болсо да, мусулманчылык сабаттын «алиппесин» таалимдеген, сан жагынан анча арбын эмес ушул «Боз үй мектептерин» Алатоо аймагыбыздагы агартуунун алгачкы саамалыгы, биринчи тепкичи катары мүнөздөгүбүз келет.
4. Петербургга барып, «дудук» болгон ысык-көлдүк Кыдыр аке жана кыргыз ой жүгүртүүсүнүн жаңы багыты
Алатоодогу агартуунун мына ушул диндик багыттагы тенденциясы менен катар эле, XIX кылымдын аяк жактарында жана XX кылымдын башында дагы бир экинчи жаңы билим берүү тенденциясы жаралып, акырындап өз укугун турмушка ашыра баштаган. Бул жаңы агымдын жана анын практикасын улуттук агартуубуздун өзүнүн багыт-мазмуну боюнча экинчи тепкичке көтөрүлүп чыга башташы катары кабыл алсак болот. Эмне үчүн? Кеп мына мында. Бирок сөздү мындайраактан баштайлы.
Маселенин ары терең жактардагы төркүнүнө баам салып көрсөк.
XIX кылымдын экинчи жарымында патриархалдык-феодалдык Орто Азия капиталисттик Россия менен, анын күчтүү куралдуу армиясы менен кагылышып, жеңилүүгө, колонияга айланууга кирептер болгон эле. Шаарларды салган, завод, фабрикаларды курган, техника жасаган кубаттуу орус державасынан жеңилүү ызасы,ага көз каранды болуу тагдыры түркстандыктардын көзүн бир топ эле ачып койгон. Бөлөк цивилизациянын өкүлдөрү менен бетме-бет келүү, алар менен бир мамлекет болуп аралаш жашоо, алардын мектебине, россиялыктардын чарба жүргүзүү ыкмаларына, башкаруу тартибине, өзгөчөлүү жашоо стилине, жүрүм-турум манерасына, ойлоо образына түздөн-түз күбө болуу көчмөн адамды ойготуп, ой жүгүртүүгө, рефлексияга түрттү. Өйдөрөөк деңгээлде турган башка цивилизациянын өрнөктөрүн көрүп, ал жак менен бул жакты салыштырып ойлонгон көчмөн адамдын аң сезим дүйнөсүндө өзүнүн абалына канааттанбоочулук, эки анжы болуу, өз ичинде карама-каршылыктуу ойлорго кабылуу, өзү жашаган чөйрөнүн ал-ахыбалына нааразы болуу, караңгычылыкка, сабатсыздыкка өкүнүү, тегерекке сын көз менен кароо, абалдан чыгуунун жолдорун издөө сыяктуу жаңы жышаналар пайда болду.
1913-жылы романовдордун падышалык бийлигинин 300 жылдык мааракесине жети суу губерниясынан өкүл болуп Петербург шаарына барган Ысыккөлдүк
Байсары уулу Кыдыр акенин тойдон кайтып келгенден кийинки күйүп-башып өкүнүп айткан сөздөрүнө кулак төшөйлү: «Бөтөн эл, бөтөн жерди көргөнүмдө өз ичимден - ээ биз жалкоо келип, кандай жашашты билбейт турбайбызбы, жерди сүйбөйт турбайбызбы, деп кейип калдым. Биздин кыргыз аттын кашкасындай болсо орус эли анын түгүндөй экенине өзүм күбө болдум, алар менен алакада, жакшы санаалашта туруп, ынтымакты чыңдабасак, өзүбүз эле кыйналып калаарыбызга көзүм жетти. Ар бир калааларында кийим-кечек, идиш- аяк чыгарган зооттору айрыкча кызыктырды. Аттиң! Бизде анын бири да жок экен. Эптеп жан багып жүргөнүбүзгө сүйүнгөн карапайым калк экенбиз да. Ак падышанын ак сарайына барганда кичиргенимди айтпа, же бир ооз тил билсемчи? Топ арпада бир буудай болуп, топ казак, орустардын арасындагы мен маселеси бүткөнчө дудуктай отурам» (китепте: Кыдыр аке. – Бишкек, 1993, 36-бет). Ал эми 1875-жылы туулган, 1914-жылы Уфадан чыгарган «Тарих кыргыз Шадмания» деген китебиндеОсмонаалы Сыдыков минтип толкунданып ой жүгүртөт:
«Басмакана жана бар китеп баскан.
Өнөр менен ушуларды адам тапкан.
Жалгыз ак казак-кыргыз карап жаткан
Катардан калып калдык наадандыктан, Не керек мынча жатыш, ай, ай тууган!
Акылдуулар ойлонуп шаар салган.
Ар ишин ирээттеп куруп алган.
Үмүтү жок жалкоо кыргыз
Тоо башынан орун алган
Ар өнөрдөн куру калган».
Эми дагы бир аз аялдап, 1907–1911-жылдарда
Токмокто татар мектебинде окуп жүргөн кыргыз баланын ой толгоосуна да көнүл буруп өтөлү: «Кытай Кокондон бери соодагерлер, көпөстөр келип, кайнап турган Токмок шаарында окуп дегендей, көптү да көрдүм, эми, акыл-эс, ой-жүгүртүүм да башкача. «Эмне үчүн кыргыздар отурукташып, кыштактар, шаарлар, мектептер курушкан эмес?…. Эмне үчүн кыргыздын окуусу, жазуусу, мектеби жок?..» дегендей, ой толкундарына чөмүлчү болдум». (М.
Копобаевдин эскерүүсүнөн).
Бул келтирилген фактылар россиялык цивилизациянын таасири астында кыргыз инсандарында улуттук өзүн өзү аңдап түшүнүүнүн, улуттук ар намыстын, ардануунун ойгоно баштагандыгына күбө өтүп турат. Мына ушундай кырдаалда кээ бир алысты көргөн акылгөй адамдар найза, чокмор көтөргөн, кылыч байланган жоокерчилик замандын доору бүткөндүгүн, эми мындан ары карай кыргыз баласы башка калктарга агартуу, илим-билим аркылуу гана тең ата боло аларлыгын жана каяша кыла аларлыгын, билек жирей албаганды билим жерерин алдыртан туюнушкан. Ал эми алдыңкы калктардай болуп илим-билим жолунда өнүгүү мектеп аркылуу гана жүзөгө ашаары, башка жол жок экени, түшүнгөн, ойлонгон кыргыз үчүн бир топ эле айкын болуп калган. Ошону менен катар эле мындан ары мектеп деген нерсе, кандай кейипте болот, андагы окуу дегенибиз кандай багытта болуусу лаазым деген маселе да, кыргыз коомунун алдыңкы акыл-эсин түйшөлтө баштайт. Буржуазиялык, капиталисттик Россиянын жетишкендиктеринин мисалынан улам бир нерсе айкыныраак аңдала баштаган. Бул –«Боз үй мектебинде» жалаң куран менен «чаар китепти»–жаттап, дин исламды окуунун, жалгыз кожо-молдолукту үйрөнүүнүн жетишсиздиги. Мына ушудан улам ошол эле аалым Осмоналы Сыдыков жанагы аталып өткөн китебинде моминтип ойлонуп – толгонуп турат:
«Илим-билимдүү болуп, улутун сактоо керек. Илимдүү болуу-жалгыз намаз окуп, орозо кармоо эмес. Замандын акыбалынан кабардар болуу лаазым. Кыргызда наадандыктын доору жүргөн себептүү жакшы Молдо чыкпайт. Кыргыздын кордуктан башы чыгар эмес. Илим-билим жок. Адамды кордуктан куткара турган жалгыз гана илим». Ал эми айтылуу Жумгалдан чыккан, 1828-жылы туулган даанышман Байзак Тооке уулу XIX кылымдын аягында эл-журтка мыйдайча үгүт жүргүзгөн: «Отурукташа баштагыла, дыйканчылыкка оогула, мал бир эле жуттук.
Колдон келсе мектеп кургула, балдарыбыз орустун тилин, илимин, өнөрүн үйрөн-сүн» ( А. Молдалиев. Байзак баатыр, Бишкек, 1997, 66- б). Демек, кыргыздын аладыңкы акыл-эси светский билимдин керекчилиги жөнүндө, дин мектебине караганда, илим-билим мектебинин артыкчылыгы тууралу ойлоно баштаган.
Албетте, мындай ойлонушка бир жагынан падышалык колониализм доорунда орус, украин келгендеринин балдары үчүн кыргыз жергесинде 1870-жылдардан тарта ачыла баштаган орус, орус-тузем жана 1880-жылдан тарта Алатоодо пайда болгон татар мектептеринин өрнөктөрү түрткү болбой койбогон. Революцияга чейинки доорду көргөн жогорудагы Мүсүралы Копобаев 1906-жылы Чүйлүк Бозой уулу
Сасыкбай аттуу адамдын элдин балдары ногойчо, түркчө, орусча окушуп, тилмеч, төрө, адвокат, писер болгондо, биздин балдар боло албайт бекен? Колдон келсе балдарды ногойчо эмес, орусча окутабыз» деп туугандарына акыл салып, демилге көтөргөндүгүн эскерген. Дегеле, Россия империясынын амирине биротоло карап, бир өлкөнүн граждандары катары орус калкынын өкүлдөрү менен бир түндүктүн алдында жашап калган чакта кыргыздардын арасында балдарды орусча окутууга умтулуу тенденциясы жандангандыгын тарыхый-архивдик материалдар тастыктайт. Кыргыздар орус тилине замандын жаңы тартибине аралашуу үчүн турмуштук зарылдык катары караган. Агартуу кызматкери В.П. Ровнягин
«Семиречинские областные ведомости» деген газетага «Киргизы массами изъявляют желание учиться по-русски, но Токмакская русско-туземная школа, не имея свободных мест не может удовлетворить этого желания» деп жазгандыгынын өзү эле көп нерсени айтып турат. 1901-жылы Пишпек уездинин 26 болуштугунан бир нече миң кыргыздар чогулуп чукул курултай өткөрүшкөн. Курултай балдарды орусча сабатка үйрөтүүнү көздөп, уездик акимчиликтен Пишпек шаардык училищанын алдында кыргыз өспүрүмдөрү үчүн 150 орундук интернатты курууну суранып, каражатты жергиликтүү эл төлөй тургандыгын билдирген. Бул жөнүндө
1902-жылы 21-июлда «Туркестанские ведомости» басылмасы жазып чыккан.
5. Ала-Тоого Ушинский менен Пушкиндин келиши же совет бийлиги 20-жылдарда кимдерге таянган?
Бирок колониалдык бийликтин жергиликтүү калкка карата «Койнунда котур ташы» болгондугу бүгүн кимге маалым эмес. Падышалык акимчилик өзүнүн астыртан тутунган принципбинде жергиликтүү элдердин каалоо-тилектерин орундатууну, аларга илим-билим эшигин кенен-кесир ачууну дегеле көздөгөн эмес. Эгер билимдин эшигин ачкан болсо, анда бул иш төмөндөгүдөй максаттарды көздөп жүзөгө ашырылган: Биринчи чоң максат, жергиликтүү калкты орусташтыруу жана ассимиляциялоо болгон.
Буга далил катары маселен, падышачылык Россиянын агартуу министри Д.А. Толстойдун XIX кылымдын аягында өзүнүн официалдуу буйруктарынын биринде эмне деп жазгандыгына көңүл буруп көрөлү: «Биздин мекенибиздин чегинде жашаган каны, тукуму бөлөк
(инородцы) элдерге билим берүүнүн түпкү максаты аларды орусташтыруу жана ассимиляциялоо болуш керек экендиги талашсыз нерсе» (Социалистический путь культурного прогресса отсталых народов. – Алма-Ата, 1967. 63-бет)
Экинчи максат-колониалдык бийликтин өндүрүштүк-чарбалык, башкаруу кызыкчылыктары үчүн тилмечтерди, писарь-секретарларды, майда –барат чиновниктерди жана башка керектүү жөнөкөй кызматчы-персоналдарды, тейлөө-чүлөрдү, функционерлерди даярдоо эле. Айта кете турган нерсе, ошо кездеги документтер колониалдык саясатчылардын башка түрк-мусулман региодорундагы пантюркисттик, панисламисттик агымдарга кыргыздардын көнүлкөш экендиги, кыргыз чөлкөмүндө конфессионалдык мектептердин дээрлик аздыгы, терең тамырлаган исламдык ишеним-салттардын көрүнбөгөндүгү тоолуктардын бат орусташышына жана ассимиляция болушуна жакшы өбөлгө болот деп эсептешкендигин күбөлөйт.
Кыскасын айтканда, Октябрь төнкөрүшүнө чейин кыргыз аймагынын түндүгү менен түштүгүндө, шаарларда, райондордо ачылып иштеген 20га жакын орус-тузем мектептери мына ушундай мүдөөлөр менен ишке чегилген. Орус-тузем башталгыч мектептеринин өзгөчөлүгү, жергиликтүү калктардын балдары үчүн ачылган жана аларда орус тилинде европалык мүнөздөгү билим берүү менен катар дин ислам окуусу да үйрөнүлгөн. Окуучулар бир мектептин ичинде орус класстан мусулман класска, мусулман класстан кайра орус класска өтүшүп, бирде молдодон, бирде орус мугалиминен сабак алып окушкан. Орус тили сабагы милдеттүү предмет болгон. Биринчи орус-тузем мектеби 1884-жылы Токмок уездиндеги
Каракоңуз кыштагында ачылып,архив маалыматы боюнча адегенде анда 20 дунган бала, 3 кыргыз бала окуган. Ушул типтеги мектеп 1886-жылы Ош калаасында да ачылган. Ошентип, жер-жерлерде кичинеден ачылып отуруп орус-тузем мектеби акыры алыскы Атбашы өрөөнүнөн да турук алган. Илим-билимден көзү каткан кыргыз эли адегенде чоочуркай карашса да, бара бара балдарын орус-тузем мектептерине чоң куштарлык менен берген. А түгүл ата-энелер аталган мектептердин алдында орус тилин үйрөңүү боюнча чоңдор үчүн кечки курстарды ачууну да өтүнүшүп, бул суранычтарынын орундалышына да жетишип турушкан.
Аталган мектептерде кыргыз балдар өзбек, уйгур, татар, дунган, жана башка улуттардын балдары менен аралаш, кээ бир орус балдар менен да бирге окушкан.
Шартка жараша орус-тузем мектептеринде орус кембагалдарынын балдары да окуй турган. Белгилеп кете турган нерсе маалымат боюнча бир эле Пишпек, Пржевальский уездеринин орус-тузем мектептеринде 1916-жылдын 1-январына карата 570 окуучу окуп, анын 528 окуучусу жергиликтүү калктын балдары болгон
(бул жөнүндө караңыз: А.Э. Измайлов. Очерки по истории советской школы за 40 лет. – Фрунзе, 1957, 31–32-беттер). Анткен менен орус-тузем-мектептеринин материалдык жагы, окуу-педагогикалык базасы чеке жылытарлык болгон эмес.
Абал-жагдайы өп-чап болгон. Окуу кыйын болгондуктан окуучулар кээде тарап кетип, кайра чогулган учурлар да болуп турган. Окууну бүтпөй орто жолдон таштап кеткендер да сейрек эмес эле. Сөздүктөр жок болгондуктан орус мугалимдин тилин балдар түшүнбөй, балдардын тилин мугалимдер түшүнбөй, тиешелүү окуу куралдары жетишпей окуу процесси кыйынчылыктар менен жүргөн. Бул мектептерди каржылоо түйшүгүн колониалдык бийлик бир жагынан жергиликтүүлөрдүн мойнуна жүктөп койгон экен. Падышалык администрация мусулманчылык калкынын балдарына мыкты билим алышка шарт түзүү жөнүндө кайдан ойлонсун. Тескерисинче, ал туземецтердин маданий деңгээлинин көтөрүлүшүнөн дайыма чочулап турган. Колонизаторлор кыргыздар башталгыч деңгээлде элементардык билим алышса жетиштүү деп эсептешкен.
Ошондой болсо да, тарыхый жагынан жалпы алганда, орус-тузем мектептери кыргыздардын тагдырында прогрессивдүү роль ойногон. Түпкү көздөгөн максаты бөлөкчө экендигине карабай, бул мектептер кыргыз чөлкөмүндөгү светский багыттагы алгачкы агартуу ишине өзүнүн баалуу салымын кошкон. Динден башка да, биринчи мертебе арифметика, география, тарых, орус тили, черчение, табият таануу өндүү предметтерди колдон келишинче окутуп азбы-көпбү европалык нуктагы илим-билим таанытып, чоң дүйнөгө эшик ачып, алатоолук көчмөн журтка сурда билбеген жаңылыктарды тартуулаган. «Атаандашыңды жеңемдесең балаңды окут» дегендей орус-тузем мектептерин бүткөн орусча сабаттуу балдар аркылуу кыргыз элинин аз да болсо мүмкүнчүлүгү кеңиген.
Айтмакчы, ушул орус-тузем мектептеринен революциядан мурда окуган калкыбыздын урпактары кийин совет бийлигинин алгачкы жылдарында чоң иштерге жарап берген. Алардын сабаттуулугу, билимдүүлүгү ошо кезде алтынга алмашкыс мүлк катары 20–30-жылдардагы кыйын-кезең мезгилде керектелди.
Советтик кыргыз мамлекетүүлүгүн негиздөөгө, түптөөгө, өстүрүүгө зор салым кошушкан биринчи улуттук ишмерлерибиз И.Арабаев Ю. Абдрахманов, А.Сыдыков, Т. Айтматов, И.Айдарбеков, Б.Исакеевдер кыргыз кызыл аскерлеринин туңгуч командири Арстаналы Осмонбеков ошол орус-тузем мектептеринин бүтүрүүчүлөрү болушкан. Кыргыздын алысты ойлогон илгерки акылгөй инсандарынын орустун илимин, тилин, өнөрүн үйрөнүү керек деген кеңеш-насааттары, акыры, өзүн практикада актап, болочок турмуш менен байланышкан көрөгөч ой экендигин айкындаган.
6. Орус-украин келгиндеринин мектептери жана
Токчоро Жолдошевдин «Шордуу Софиясы» же
Абдыкерим Сыдыков кайсы «уядан» учуп чыккан?
Европалык мүнөздөгү агартуунун баштапкы саамалыктары жөнүндө сөз жүргөндө революцияга чейинки кыргызстандагы таза орус мектептерин айланып өтүү мүмкүн эмес. 1860-жылдардан тарта россиянын европалык бөлүгүнөн жана сибирь аймагынан кыргыз жергесине карай орус, украин улутундагылардын миграциясы башталып, ал бара, бара күч алгандыгы белгилүү. Ошентип, тарыхчы
Г.К. Кронгардттын изилдөөсүнүн жыйынтыктарына таянып айтканда, 1914–жылга карата Кыргызстандын аймагында 110 орус кыштактары пайда болуп, аларда жашаган келгиндкрдин саны 122миңге жакын кишини түзгөн. Мына ушул мигранттардын чоң контингентине билим берүү, аларды агартып-көгөртүү падышалык бийликтин милдети эле. 1879-жылы россиянын агартуу министрлиги тарабынан Түркстан генерал-губернаторуна Түркстан крайындагы орус калкынын балдарын сөзсүз түрдө окутуу жөнүндө атайын циркуяр жөнөтүлгөн. Ага чейин жергиликтүү колониалдык акимчилик тарабынан биринчи приходдук орус мектеби
1870-жылы Токмокто ачылган болучу. Октябрь төңкөрүшүнүн алдында келгиндердин ар бир кыштагында приходдук, диний приходдук мектептер, 1–2 класстык, 3–4 класстык училищалар иштеп турган. Пишкек жана Пржевальский шаарларында орусча айыл-чарба мектептери, эркектердин жана кыздардын гимназиялары, училищалары иштеген. Уэздик шаарлардагы гимназияларда көбүнчө орус чиновниктеринин жана көпөстөрүнүн балдары окуган. Окуу планынан милдеттүү түрдө орун алган «закон божии» деген сабакты эсепке албаганда, орус училищаларында, гимназияларында билим берүү светский мүнөздө эле. Орус мектептеринде кыргыз балдар, кыздардын окуган учурлары да сейрек эмес. Маселен, 1998-жылы Сокулуктагы орус приходдук мектебинде окуган 58 окуучунун 15и кыргыз балдар болгон. Ал эми 1899-жылдын 1-январына карата түзүлгөн документте Пишпектеги эки класстык училишасында жергиликтүү калктын 22 баласы, Пржевальскидеги эки класстык училишада 9 кыргыз бала окугандыгы маалымдалат. 1914–1915-окуу жылына тиешелүү архивдик маалымат
Пишпектеги эки класстык кыздар училишасында 3 кыргыз кыз окугандыгы айтылса, 1917-жылдын 1-январына карата жазылган отчетто ушул эле калаадагы бир класстык приходдук училищада түпкү калктын 9 кызы окугандыгы билдирилет. 1994-жылы Пржевальскидеги эки класстык орусча училищада окуган окуучулардын 25и кыргыз балдар болгон. Жогорураак деңгээлде билим берген шаардын эркектер жана кыздар гимназияларында сейрек болсо да кыргыздар окуган. 1917-жылы Пишпектеги кыздар гимназиясында окуган 191 кыздын 11и кыргыз кыздар экен. Ошондой эле, архивдик малымат 1913–14-окуу жылында
Пишпек эркектер гимназиясына 2 кыргыз бала кабыл алынгандыгын тастыктап турат.
Орус мектептери жөнүндө кеп болуп жатканда төмөнкү фактыны да айта кетүү керек. 1868-жылы Верныйдагы
(азыркы Алма-Атада) орусча гимназииянын алдында оокаттуу кыргыздардын балдары үчүн атайы пансион ачылган. Бул пансиондо( интернат деген мааниде) балдарды гимназияга өтүү үчүн даярдашкан. Верныйдагы ушул гимназияны совет бийлиги үчүн күрөштүн белгилүү каармандарынын бири Кожомурат Сарыкулаков 1911-жылы күмүш медал менен аяктаган.
Бул гимназияны Михаил Васильевич Фрунзе, кыргыздын даңктуу уулу Абдыкерим Сыдыков да бүтүргөн. Бирок пансиондо даярдоо курсунда окуган кыргыз балдардын баары эле гимназияга өтө берген эмес. Көпчүлүгү экзаменден кулап, үйлөрүнө кайра кайтып келчү.
Анын үстүнө алыстагы пансионду кыргыздын эсебинен кармап туруу да кыйын эле. Ушул жагдайдан улам Пишпек уездинин кыргыздары чогулуп, Верный калаасындагыдай орусча гимназияны Пишпекте ачууну туура көрүшүп бул зарыл маселени чечип берүүнү суранып, уездик бийликке кайрылышкан. Гимназиянын имаратын куруунун чыгымын толук бойдон кыргыздар мойнуна ала турган болгон.
Ошентип, акыры 1912-жылы кыргыздар эңсеген эркектер гимназиясы тоолуктар топтогон 100000 сом каражатка (ал кезде бир кой 2 сом болгонун эске түшүрсөк, бул аябагандай чоң сумма эмеспи) тургузулуп, ишке киришкен. Бирок тилекке каршы, 30524 боз үйдөн чогулган өйдөкү акча каражатын ойлоп койбой кыргыздардын эмгегин, үмүт-тилегин тепсеп, шаардык колониалдык бийлик төбөлдөрү курулган гимназияны өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, окуу жайында дээрлик орус балдар окуп калган. Кирүү экзамендерин атайылап татаалдантышып 1913–14-окуу жылында гана 2 кыргыз баланы араң кабыл алышкан. Колонизатор чиновниктердин мындай кордогон мамилесине катуу теригишип, кыргыздар Түркстан генерал-губернаторуна арыз жазышкан. Бирок ал арыздан эч кандай натыйжа чыккан эмес. Кыргыздардын жогорураак деңгээлде сапаттуу билим алышын колониалдык бийликтин принцибинде каалабагандыгын карапайым калк кайдан билсин.
Калаадан орусча билим алган кыргыз кыздарынын алыскы тоо арасына баргандагы турмуш-тагдыры да оңой-олтоң болгон эмес. Пишпектин орус мектебин 1914-жылы бүткөн Алымкулова Сапия аттуу кызды Суусамырлык
Түркмөн деген чоң соодагер бай келин кылып алат. Сапиянын 1916-жылкы үркүн учурунда ак желек көтөрүп, падышылык жазалоочу аскердин камандиринин алдынан чыгып, орусча таптак сүйлөп, жергиликтүү журтту жазалоодон сактап калгандыгы эл ичинде тарых болуп айтылып келет. Революция жеңгенден кийин
Сапия Суусамырда агартуу ишине активдүү киришет. Сапиянын тыным билбей тышта мектеп деп жүгүрүп жүргөнү, ачык-айрым орус сымал мүнөзү, келечекке умтулгандыгы тоо арасынан чыкпаган караңгы күйөөгө жакпайт. Акыры жубайлардын ортосунда чоң чыр чыгат. Сапия кетем дейт. Мына кетсең деп күйөөсү Сулайманкул Сапиянын мурдун бычак менен кесип салган. 1921-жылы
Суусамырга сабат ачуу боюнча иш сапарга барган кыргыздын туңгуч адабий сынчысы Токчоро Жолдошев жергиликтүү элден бул кайгылуу окуяны угуп, кийин
Пишпекке кайтып келген соң «Шордуу София» (Сапияны ушинтип атаган) деген макала жазып, казактын «тилчи» аттуу газетасына (1922-жыл 29-декабрь) жарыялаган. Биринчи жолу орусча билим алган кыргыз кызы суусамырда ушундай драмага туш болгон. Кеңири караганда Сапия менен Сулайманкулдун ортосундагы конфликтти тоо арасында патриархалдык-феодалдык психология менен турмуштун жаңы тенденциясынын ортосундагы кагылыш катары чечмелесек туура болор.
Орус мектептерге байланыштуу дагы бир жагдайга токтолуу зарыл.
Колониалдык бийликтин атайын буйругу менен Кыргызстандын түндүгүндө түпкү калктын балдары үчүн 3–4-жылдык баштапкы айыл-чарба мектептери ачылгандагы белгилүү. Пржевальскидеги айыл-чарба мектеби 1888-жылкы Сентябрда ачылып, алгач ирет ага 11 кыргыз бала кабыл алынган. 1889-жылы окуучулардын саны 18ке жеткен. Эреже боюнча мектепке 11 жаштан 19 жашка чейинки балдар кабыл алынган. Айыл чарба мектебинде орус тили баш болуп, жалпы билим берүүчү предметтер окутулуп, бирок эң негизги көнүл айыл-чарба кесиптерине бурулган.
Пишпекте ушундай мектеп 1890-жылы ачылып,адегенде ал кыргыз бакчылык мектеби деп аталган. Бул мектепти адепки жылдарда бакчылык боюнча чоң адис, окумушту А.М. Фетисов жетектеген. Айыл-чарба мектептеринин негизги саксаты өндүрүштүн муктаждыктары үчун түпкү калктын өкүлдөрүнүн сабатту жумушчуларды даярдоо болгон. Практикалык сабактар үчүн мектептердин мастерскойлору цехтери, тажрыйба талаалары болгон. Кыргыз балдар талаачылык, бакчылык, токойчулук, устачылык, малчылык, аарычылык, сугатчылык, бакчачылык өнөрлөрүнүн элементардык негиздерин теориялык жана практикалык жактан үйрөнүшкөн. Окуу оор болсо да, айыл-чарба кесиптеринин негиздерин үйрөткөн аталган мектептер көчмөн кыргыз калкы үчүн учурунда прогрессивдүү көрүнүш болгон. Бул мектептин окуп билим алган кыргыз балдар кийин үйрөнгөн өнөрлөрүн турмушка колдонушуп, айланасындагыларга өрнөк көрсөтүшкөн. 1909-жылы Пишпек уездинде аары чарбачылыгы бар 17 кыргыз үй-бүлөсүнүн арасында айыл чарба мектебин бүткөндөр да бар эле. Орус кыштактарындагы дыйканчылык, бөлөкчө чарбачылык жана Пржевальскидеги айыл-чарба мектебиндеги бакчылыктын практикасы ыссыккөлдүк Чыныбай деген адамга чоң таасир кылган.
Чыныбай жөнүндө Тыныбек уулу Актан мындайча эскерүү жазып калтырган:
«Николай заманында Чыныбай кыргыз элинин маданияттуу кишисинин бири болгон. Чыныбай ошол доордоку кыргыз элинин маданияттуу кишисинин бири болгон. Анткени кыргыз элинде андан мурда бак тигип тал, терек, өрүк, алма, карагат шабдоол жана башка өсүмдүктөрдү тигип өстүрүп байдаланган киши жок эле. Жана балчелек орнотуп, машинелерди урунган кыргыз киши жок болучу.
Жана Кашкардан, Ирбеттен коен алып келип, чер-токойлордон бугу, марал, Кырымдан куландарды кармап келип, багып өстүргөн Чыныбай гана болгон».
(Актан Тыныбек уулу. – Бишкек, 1991, 275-бет.).
Жыйынтыктап айтканда, кыргызстандагы орус мектептери негизи келгин калк үчүн болсо да, жогоруда көрүнгөндөй, көчмөн калктын балдарына да шарапаты тийген. Кыргыздарды да агартууга катышкан. Тоолук балдарга жаңы өнөрлөрдү үйрөтүп, европалык билимге, цивилизацияга аралаштырган. Орус кыштактарынын, орус мектептеринин муктаждыктары үчүн россиядан кыргыз аймагына түркүн китептер, газеталар, журналдар агылып келип, китепканалар пайда болуп, китеп дүкөндөрү уюштурулган. Маселен, 1902-жылы Пржевальскиде акысыз ачык элдик орус китепканасы ачылган. Архивдик маалымат боюнча бул китепкана «Вестник европа», «Исторический вестник», «Русское богатство», «Русская мысль», «Вестник воспитания», «Новое время», «Русские ведомости», «Туркестанские ведомости», «Русское слово», «Туркестанская краевая газета» деген сыяктуу газета, журналдарды алып турган. Тарыхчы С.Данияровдун жазганы боюнча бул китепкананын кызматынан орус тилин билген кыргыздар, орус жана орус-тузем мектептеринде окуган кыргыз балдар да пайдаланып турушкан.
Мына ушинтип, бүтүндөй алганда, орус мектептеринин практикасы, алардын жашоосуна байланышкан жалпы атмосфера, жалпы кызмат көчмөн кыргыз коомуна маданий жактан оң таасирин тийгизип, анын билим цензинин аз да болсо өйдөлөшүнө түрткү берген. Өз кезегинде кыргыз жамаатындагы бул өңдүү прогрессивдүү жышаан-жылыштарды падышалык басма сөз туура байкаган: «В настоящее время уже имеется среди туземного населения много лиц, знающих русски язык, не только говорящих и писать»
(Туркестанские ведомости, 1902, 29-август).
7. Алатоодогу «Усули жадид» мектептери жана татарлардын артынан колониалдык империянын жүргүзгөн жашыруун көзөмөлү
Татар улутунун өкүлдөрү Алатоо аймагында Кыргызстан Россиянын курамында кире электе эле пайда болгон. Бирок татарлардын кыргыз крайына миграциясы россиялык армия түркстанды толук караткандан кийин активдешкен.
Падышалык бийлик борбордук россиядан орус, украиндер менен кошо Түркстанга аздап болсо да татарларды да көчүргөн. Адегенде татарлар солдат, офицер, тилмеч, катары падышалык армия менен да кошо келген. Тарыхый изилдөөлөрдүн берген маалыматына караганда, Кокон хандыгы кулатылгандан кийин Казан, Уфа, Оренбург, Тобольский, Петропавловский уездери, Верный, Олуя Ата калаалары тараптан Кыргызстанды татарлардын чоң толкуну каптаган. Алардын арасында
Крымда, Волга боюнда исламдын туусу астында жалпы түрк-мусулмандардын биригүүсү идеясын көтөргөн уюмдардан келген татар –ногой миссионерлери да аз эмес болгон. Падышалык империянын аймагындагы мусулман калктарынын балдар, кыздарынын ар бирине башталгыч билим берүү маселесин көтөргөн, 1906-жылы Нижный Новгороддо болгон бүткүл россиялык мусулмандардын съездинен кийин агартуу мүдөөлөрүн көздөгөн татар, башкыр жарандарынын кыргыз менен казактын ичине арбын келгендиги да бизге белгилүү.
Татар мектептери түндүк Кыргызстанда 1870-жылдардын аягынан тарта ачыла баштаган болучу. Д. Айтмамбетов Казакстандын архивдеринин маалыматтарына таянып, 1880-жылы Пржевальскиде жана анын жакабелинде 1 татар мектеби, 1 өзбек мектеби, 2 дунган мектеби- бардыгы 4 мектеп болгондугун, аларда жалпы алганда 111 бала окугандыгын, 1908-жылы бул чөлкөмдө татар, өзбек мектептеринин саны 14 кө жеткенин, аларда бардыгы болуп 500гө жакын балдар билим алгандыгын, мунун ичинен 420га жакыны эркек, 80ге жакыны кыз экендигин, ушундай эле татар, өзбек мектептеринин саны 1910-жылы Пишпекте 16 га жеткендигин жазат( караңыз: Д. Айтмамбетов. Дореволюционные школы киргизии.- Фрунзе 1961, 12-13-беттер). Бул мектептерден көптөгөн кыргыз балдар окуп билим алышкан. Ушул жерден бир нерсени кыстарып айта өтөлү. Өйдөтөгү дунган мектебинин фактысы дунгандардын тарыхый жактан чыйралган, уюшкан эл экенин күбөлөйт. Дунгандар өздөрү кытайдан 1877-жылы кыргыз жергесине ач-жылаңач качып келишсе да, үч жылдан кийин эле мектеп уюштуруп алышканын карабайсыңбы. Ошол эле 1880-жылы көл башындагы «Ирдык» дунган айылындагы мектепте 50 бала окуп жатат. Жогоруда жазылгандай, биринчи орус-тузем мектеби да 1884-жылы Каракоңуздагы дунган кыштагында ачылып отурат. 1897-жылы В.
Вышпольскийдин «в Иссык-Кульском уезде дунгане почти все грамотны, только по-китайски» деп жазганы да биз үчүн кызыктуу факт ( В. Вышпольский, Медико-топографические очерки Иссык-Кульского уезда, 1895, 154-б).
XIX кылымдын соңунда XX кылымдын баш жагында Алатообуздун аймагында
«жаңы метод» мектеби (Усули жадид) деп аталган жаңы мектептер пайда боло баштайт. Жаңы метод мектебин идеялык жактан негиздегендердин бири татардын көрүнүктүү агартуучусу Исмаилбек Гаспринский болуп эсептелет. Түрк-мусулман калктарынын конфессиялык мектептерин жана медреселерин реформалоо идеясын көтөргөндөрдүн биринчи катарына ушул И. Гаспринский турат. Жаңы метод мектеби биринчи жолу 1884-жылы Крымда ачылган. Андан кийин Түркстанга тараган. Жаңы метод мектебинин ошол мезгилдеги демейки мусулман мектептеринен айырмачылыгы мына мында болгон. Анда дин окуусу, куран, шариат, араб сабаты менен катар эле жалпы билим берүүчү предметтер ( арифметика, география, тарых, табият таануу, геометрия, анатомия, логика ж.б.)
үйрөнүлгөн.
Бир сөз менен айтканда, жаңы метод мектеби диндик мүнөздө да, ошону менен бирге светский багытта да болгон. Мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук метод алмаштырылып, анын ордуна прогрессивдүү система болуп эсептелген тыбыштык-добуштук усулдук (звуковой) жана түшүндүрмө окуу (объяснительное чтение) киргизилген. Окутуу усулундагы мындай реформага россиянын агартуу системасында пайдаланылган улуу педагог Ушинскийдин дал ушул нуктагы педагогикалык-усулдук технологиясынын таасири тийгендиги көрүнүп турат.
Мындай метод менен окутканда балдардын окуу жана жазуу сабаты тезирээк ачылган. Негизинен жаңы метод мектебинин дагы бир айырмачылыгы, эски мектепте балдар жерде отурушса, бу жерде парталар бар, мурда тамгаларды жерге, тизеге койчу тактачаларга, теринин бетине же койдун, уйдун далы сөөктөрүнө жазышса, мында доска пайдаланылат, географиялык карталар да илинген. Айтылуу окумуштуу-тарыхчы В.В.Бартольд 1898 жылы жаш өзбек жигити менен аңгемелешип жатып, сен мусулман мектебинен да, орус мектебинен да окуптурсуң, кайсы мектеп сага көбүрөөк жагат деп сураганда, өзбек жигит: «тиги дүйнөдө кандай экенин билбейм, бул дүйнөдө мага орус мектеби жакшыраак көрүнөт» деп жооп бериптир. Мунун сыңарындай, боз үйдө Молдо окуткан окуудан окуп, кийин татардын жаңы метод мектебине өткөндө тоолук кыргыз баланын психологиялык көңүл-маанайы кандайча өзгөргөндүгүн күбөлөгөн тарыхый фактыга назар салып өткөнүбүз артыкбаш болбос: «Мектебим» туш-тушунан шамал ыркырап турган боз үй … «Партам» сыз жерге калың төшөлгөн таруу саман…. Кайдагы калем, кайдагы дептер, эмненин тактасы…Балдар боз үйдө тончон, чокойчон отурушкан менен да көк муштум болуп үшүшөт…. Же ичкен ысык тамактары болсочу…
Курсактары ачып, түш ченде көздөрү жашылдана баштайт…. Эртең менен үйлөрүнөн жапкан нан, же максым ичип келишкендир?… Кайсы бирөөлөрү эшикке чыгып, чоң чокою менен кардан баса албай күрткүгө тыгылып калышчу…
Аппак кардын үстүндө ак кагазга кара сыя менен коюлган нокоттой болуп, кичинекей окуучу балдар өз-өз кыштоолоруна баратышканын көрчүмүн. 1907-жылы Көкөмдүн далалаты менен Токмок шаарындагы №8-татар мектебине өттүм.
Кубанычымдын чеги жок. Көкөм андан бетер: «Мына эми ногой мектебине өттүң.
Анык окууну, билимди ушундан аласың» деди. Токмок шаары, андагы заңгыраган татар мектеби, билимдүү, маданияттуу татар, өзбек мугалимдер, жазуу, эсеп, тарых, география өңдүү сабактар, шаарда өсүп, окуп жатышкан өзбек, татар, казак балдар чөйрөсү мага өтө чоң таасир берди. Бөлөкчө жосун көрсөтүп билимимди гана эмес, зээнимди, көңүлүмдү көтөрдү. Адепке, тартипке, жорук-жосунга үйрөндүм. Мектептин өзүнөн да окуу куралдары: парта, доска, дептер, калем, сыя мени кандайдыр кызыктырып, жүрөгүмдү эргитти. Окууга, маданий турмушту үйрөнүүгө көңүлдөнүп дегдедим». (Мүсүралы Копобаевдин сөзү. С.Сасыкбаевдин көрсөтүлгөн китебинде, 131-бет).
Кыргыз жергесине «Жаңы метод» - Усули-жадид мектептери көбүнчө Казан, Уфа тараптан келген татар миссионерлери, агартуучулары, жергиликтүү татар, башкыр, өзбек демилгечилери тарбынан 1900-жылдан баштап, адегенде, Пржевальскиде, Токмокто, Пишпекте, Ош калаасында ачылып иштей баштаган.
Ушул эле шаарлардагы мурдагы татар конфессиялык мектептеринин көбү жүрө, жүрө жаңы метод менен окутууга өтүшкөн. Жаңы метод мектебинин идеяларын пропагандалоо ошол кездерде түрк-татар идеологдору тарабынан активдүү түрдө жүргүзүлгөн. Тиешелүү уюмдар тарабынан «Тарджиман» (котормочу), «Маглюмат» (билим) сыяктуу журналдар жана башка бир нечелеген газеталар мезгилдүү басылмалар Крымдан, Бакудан, Казандан, Уфадан, Ташкенттен татар, түрк өзбек тилдеринде бастырылып чыгырылып, түрк-мусулман региондоруна, анын ичинде кыргыз жергесине да таратылып турган.
«Усули-жадид» мектептеринде түрк-мусулман калктарынын балдары аралаш окуган. Окуу негизинен татар тилинде жүргүзүлгөн. Кыз балдар үчүн ачылган
«Жаңы усулдагы» бирин-экин мектептердин болгондугу да архивдик маалыматтардан улам белгилүү. Жаңы заманда баладарынын сабаттуу, билимдүү болушун тилеген кыргыз ата-энелер жаңы усулдагы татар мектептерине өз чүрпөлөрүн чоң куштарлык менен беришкен. Бир мүнөздүү мисал: Өзбекстандын мамлекеттик архивинин маалыматы боюнча 1912–1914-жылдарда Пишпектеги татар мечитинин алдында иштеген жаңы усулдагы мектепте окуган 120 окуучунун
30у татар балдар болсо, калган 90у кыргыздардын жана өзбектердин балдары болгон. Кыскасы, революцияга чейинки Кыргызстандагы жаңы методчул татар башталгыч мектептеринде кыйлалаган кыргыз балдар окушуп, сабаттарын ачышкан. 1-класста кыргыз балдар «Мугаллим авваль» аттуу татар алиппеси менен окушкан. Ошол татар мектебин бүтүргөн кыргыз балдардын бири-калкыбыздын туңгуч журналисти, туңгуч прозачысы, 1924-жылы Ташкентте жарыкка чыккан
«Эркин Тоо» газетасынын биринчи жооптуу катчысы Сыдык Карачев болуп эсептелет. Ал өзүнүн алгачкы аңгемелерин татар тилинде жазган. СССР мезгилинде жазылган тарыхый изилдөөлөрдө «Усули жадид» мектептери айтылуу таптык идеологиянын оңутунан каралып, эл арасына диндик фанатизмдин, панисламизмдин, пантюркизмдин үрөнүн сепкен окуу очоктору катары…
This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.
Other files
Show all 18
On GovTribe
Work with this file
- Download the original file
- Contacts named in this file
- Similar government files
- Ask GovTribe AI about this file
File details come from the government source that posted it. Updated .