15. Analyzing physical training classes from in the context of pedagogy

608 KB Posted

Attached to
Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
Solicitation number
F2VVHA2104G001
Issued by

About this file

Attachment 15 Analyzing physical training classes from in the context of pedagogy (Kyrgyz)

Text of this file

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз билим берүү академиясы

Дене тарбия сабагын педагогикалык жактан талдоо

Методикалык колдонмо

Бишкек -2012

Дене тарбия сабагын педагогикалык жактан талдоо

Методикалык колдонмо. Дене тарбия мугалимдери жана жогорку окуу жайларынын дене тарбия адистерин даярдоочу факультеттеринин студенттери үчүн. Кайрадан иштеп чыккан педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамытов А.М.

Кыргыз билим берүү академиясы, - Бишкек – 2012 ж.

Методикалык колдонмодо дене тарбия сабагында жүргүзүлүүчү

«пульсометрия», «хронометраж» ыкмалары жана педагогикалык анализдин схемасы тууралуу кеңири түшүнүк берилет. Колдонмону дене тарбия мугалимдери, жогорку окуу жайларындагы дене тарбия факультеттеринин студенттери, адистик билимди өркүндөтүү институттарынын жана борборлорунун угуучулары колдонууга болот.

Рецензиялаган: педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Т.Т.Иманалиев.

Кыргыз билим берүү академися, 2012 ж.

МАЗМУНУ:

1. Дене тарбия сабагында жүргүзүлүүчү педагогикалык талдоонун мааниси

2. Сабактын организмге тийгизген таасирин тамырдын кагышы боюнча аныктоо

2.1. Сабактын организмге тийгизген таасири тууралуу жалпы

түшүнүк

2.2. Сабактын организмге тийгизген таасирин аныктоо ыкмалары

2.3. Сабактын организмге тийгизген таасирин тамырдын кагышы

аркылуу өзгөртүү

3. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугун аныктоо

3.1. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугунун түрлөрү

3.2. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугун “хронометраж” ыкмасы менен аныктоо

3.3. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугун өрчүтүүнун жолдору

4. Дене тарбия сабагын педагогикалык жактан талдоо

1. Дене тарбия сабагында жүргүзүлүүчү педагогикалык талдоонун мааниси

Окуу-тарбия процессин уюштурууда педагогикалык контролдун жүргүзүлүп турушу чон мааниге ээ. Анткени ар бир мугалим өзү аткарган жумушун, окуучу балдардын аткарган кыймыл-аракетин, алардын жетишкендиктерин эч качан көз жаздымынан чыгарбай туура чечимге келип, тарбиялык мааниге багыт берип турушу зарыл. Дене тарбия сабагын уюштурууда педагогикалык контролдун бир катар өзгөчө түрлөрү колдонулат. Алардын негизгилери болуп төмөндөгүлөр саналат:

- биринчиден, дене тарбия сабагынын организмге тийгизген таасирин тамырдын кагуу санын санап баалап билсе болот. Дене тарбия практикасында бул ыкма пульсометрия (пульс – тамырдын кагышы) деп аталат жана бул методикалык колдонмодо жогоруда аталган түшүнүк кенири колдонулат;

- экинчиден, дене тарбия сабагында кандай кыймыл-аракеттердин орун алышын, ага сарпталган убакыттын көлөмүн аныктап, өткөрүлгөн сабакты контролдоп турса болот. Дене тарбия практикасында бул ыкма хронометраж (хроно – убакыт) деп аталат.

- үчүнчүдөн, дене тарбия сабагын профессионалдык жактан ар тараптан талдап чыгуу педагогикалык контролдун негизги ыкмаларынын орчундууларынын бири болуп саналат. Мындай талдоону жүргүзүү үчүн жалаң гана сабактын өтүлүш ыкмасы эске алынбай, анын конспектиси, иш планы жана башка көрсөткүчтөрү да бааланат. Мына ушул учурда жүргүзүлгөн талдоо сабактын жалпы ордун, анын педагогикалык маанисин түз жана толук чагылдырып бере алат.

Жогоруда аталган педагогикалык контролдоонун түрлөрүнүн ар биринин өзүнчө колдонуу максаты бар. Аталган ыкмаларды жетишээрлик деңгээлде өздөштүрүп алуу дене тарбия мугалимдеринин кесиптик компетенцияларын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Мына ошол себептен тийиштүү адистик билим алып жаткан студенттерди окутууда, өзгөчө аларды педагогикалык практикага даярдоодо, башка практикант-студент же болбосо мугалим тарабынан өтүлүүчү дене тарбия сабагын адистик көз карашта талдоодо маанилүү жана объективдүү баалоо инструменти болуп берет. Тийиштүү бир деңгээлде студенттерди илим изилдөө иштерине тартууга, аларды аналитикалык ой жүгүртүүгө, аргументтүү бүтүм чыгарууга тарбиялайт.

Аталган ыкмаларды жакшылап өздөштүрүп алуу дене тарбия мугалимдери, агартуу системаларында эмгектенип жаткан кызматкерлер үчүн да өз салымын кошо алат деген ойдобуз. Анткени, педагогикалык контролдоону өздөштүрүү шарапаты менен:

- ар бир окуучунун кыймыл-аракетин анализдөө жана аларга туура баа берүү мүмкүнчүлүктөрүн байытууга багытталган атайын билимге ээ болушат;

- дене тарбия көнүгүүлөрүнүн, сабактын уюштурулушунун жана аны өтүү ыкмаларынын конкретүү шарттарга ылайыкташтыра билүү боюнча түшүнүк алышат;

- сабак өтүү учурунда мугалим тарабынан жасалган кыймыл-аракеттин, педагогикалык чечимдердин орчундуу болушуна, кетирилген кемчиликтерди анализдөөгө, аларга кийинки сабактарда кайталап кетирбөөгө үйрөнүшөт;

- анализдөө жумушунун негизинде окуу-тарбия иштерин пландоо процесстерине өзгөртүүлөрдү кийирүүгө мүмкүндүк алышат;

- методикалык түшүнүктөрдү, даярдык денгээли өрчүп, келечекте илимий изилдөө жумушун жүргүзүү боюнча алгачкы даярдыкка ээ болушат;

- окуу-тарбия иштеринин көп кырдуу проблемаларынын негиздерин өздөштүрүп, тура чечим кабыл ала билүүгө үйрөнүшөт;

- педагогикалык алдынкы тажрыйба менен таанышышат;

- педагогикалык көз карашка, методикалык ой жүгүртүүгө, чыгармачылык менен эмгектене билүүгө ээ болушат.

Педагогикалык контролду уюштуруунун пайдасы жалгыз гана практикант-студенттерге тийбейт. Анын таасири методисттер үчүн да чон.

Бир жагынан, педагогикалык контролду уюштуруунун методистерге окуу-тарбия иштерин практика мезгилинде жалпы туура жетектөөгө мүмкүндүк берсе, экинчи жагынан, ар бир практикантка өз алдынча мамиле кылууга, профессионалдык жактан үйрөтүүгө, сабакты баалай билүүгө үйрөтөт.

Жыйынтыктап айтканда, дене тарбия сабагын уюштуруу мезгилиндеги педагогикалык контроль келечектеги кесип ээлерин даярдоочу шарттардын бири болуп саналат.

2. Сабактын организмге тийгизген таасирин тамырдын кагышы боюнча аныктоо (Пульсометрия)

2.1. Сабактын организмге тийгизген таасири тууралуу жалпы

түшүнүк

Дене тарбия сабагы адамдын организмине ар тараптан терең таасир тийгизип, анын жалпы чарчоосуна алып келет. Эгерде физиологиялык таасир тийгизүүнү негизгилердин бири деп эске алсак, анда алардын көлөмүнө жана ордуна жараша таасир тийгизүүнүн эки түрүн белгилей кетсе болот.

Биринчиден, организмге жалпы таасир тийгизүү, экинчиден, организмге жергиликтүү таасир тийгизүү дене тарбия сабактарына таандык болуп саналат. Мисалы, жүгүрүү, секирүү, сууда сүзүү, лыжа тебүү, дем алуу, булчуң системаларына жалпы таасир тийгизүү кудуретине ээ. Ал эми найза ыргытуу, штанга көтөрүү, мылтык атуу сымал көнүгүүлөр адамдын организмине көбүнчө жергиликтүү таасир тийгизишет. Эгерде аткарылган көнүгүүлөрдүн интенсивдүүлүгүн эске алсак, анда организмге тийгизген таасирдин төрт түрүн аныктаса болот. Алардын негизгилери болуп

«максималдуу таасир тийгизүү», «субмаксималдуу таасир тийгизүү», «жогорку денгээлде таасир тийгизүү» жана «жай денгээлде таасир тийгизүү» болуп саналат. Анткени физиологиялык окууга байланыштуу жумуштун интенсивдүүлүгүнүн негизги төрт түрү орун алат.

Эгерде аткарылган көнүүгүлөрдүн жалпы мүнөзүн эске алсак, анда организмге болгон таасирдин бир калыпта (стандарттуу) болушун, же болбосо бир калыпта эместигин (вариативдуу) ажырата көрсөтсө болот.

Дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу организмдеги энергетикалык ресурстардын сарпталышы жана бул процесстин жыйынтыгы катары организмдин чарчашы менен байланыштуу. Чарчаган организм эс алган учурда энергетикалык ресурстар кайрадан калыптанып, адам өзүн жеңил сезип, жаны кара жумушка, дене жүктөмүнө кайрадан даяр болуп калат.

Эгерде дене тарбия сабагында окуучулар тарабында аткарылган жумушка организм тарабынан болгон реакция тууралуу сөз кылсак, анда ал реакциянын деңгээли организдин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо деңгээлине жараша болот. Башка сөз менен айтканда физиологиялык, биохимиялык, психологиялык жана башка өзгөрүүлөр бул реакциянын багытын аныктай алышат.

Сабак учурунда аткарылган жумуштун организмге тийгизген таасирин баалоодо эки көрсөткүчтүн мааниси чон. Алардын биринчиси – аткарылган жумуштун көлөмү, экинчиси – жумуштун интенсивдүүлүгү. Жумуштун көлөмү негизинен саноого жарактуу көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелинет. Мисалы, сабак учурунда аткарылган көнүгүүлөрдүн жалпы саны, аларды аткаруу убактысы, бир сабактын ичинде көтөрүлгөн оордуктардын жалпы салмагы сымал көрсөткүчтөр аткарылган жумуштун көлөмү тууралуу түшүнүк берет. Ал эми жумуштун интенсивдүүлүгү негизинен көнүгүүлөрдү аткаруу ылдамдыгы, темпи жана ритми менен мүнөздөлөт.

Дене тарбия жумушунда пландоо иштеринин негизин көлөмдүн жана интенсивдүүлүктүн көрсөткүчтөрү түзөт. Мектеп шартында уюштурулуучу дене тарбия жумушунда, өзгөчө анын алгачкы этаптарында көлөмдүн көрсөткүчтөрү көбүрөөк роль ойношсо, кийинчерээк интенсивдүүлүктүн көрсөткүчтөрү алдынкы позицияга чыгып пландоо жумуштарын чектеп беришет.

Организмдин эс алуу учуру пассивдүү жана активдүү түрлөрдө уюштурулушу мүмкүн. Пассивдүү эс алууга тынч олтуруу, эс алып жатуу, башка бир нерсеге алаксуу кирсе, активдүү эс алууга башка типтери жай темпте аткарылуучу кыймыл-аракеттер кирет. Мисалы, сейилдеп басуү, эс алып сууда сүзүү ж.б.

Организмдин эс алуу интервалы үч типте орун алат. Алардын бири ординардуу эс алуу (толук эс алуу), экинчиси – жетишсиз эс алуу (толук эмес) жана үчүнчүсү – эн мыкты (экстремалдуу) эс алуу болуп саналат.

Ординардуу эс алуу – жетишээрлик убакыт ичинде жүргөн эс алуу менен мүнөздөлөт. Машыгуучунун дене жүктөмдү кайрадан мурдагыдай аткаруу мүмкүнчүлүк абалына жетиши менен коштолот, башкача айтканда, кезектеги тапшырманы аткарууга даярдык деңгээли кайрадан калыбына келет.

Организмдин жетишсиз эс алышы – убакыттын тардыгынын айынан кезектеги жумуштун бир аз эртерээк башталышы жана ошого байланыштуу машыгуучунун кыйынчылык менен, өзүн өзү зордоп иш аткарышы аркылуу мүнөздөлөт. Бул учурда адамдын эмгек өндүрүмдүүлүгү мурдагы абалдагыдай болбой бир топ начарлайт. Ал эми организмдин эң мыкты эс алышы – оптималдуу убакыт ичинде энергетикалык ресурстардын кенири калыптанышы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн мурдагыдан да жогорураак болушу мүнөздөлөт. Теориялык көз караш менен айтканда бул сабактын машыктыруу эффектиси катары таанылат. Бирок мындай учур көпкө созулбайт. Анткени организмдин эс алуу процесси фазалуу толкун түрүндө жүрөт жана узак убакытты албайт .

2.2. Сабактын организмге тийгизген таасирин аныктоо ыкмалары

Сабактын организмге тийгизген таасирин аныктоо максатында бир катар ыкмалар колдонулат. Алардын арасында эн эле жөнөкөй жана жеңил ыкма катары мугалимдин ыктоо коюп байкоо жүргүзүүсүн белгилей кетсе болот. Эгерде көнүл коюп дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарып жаткан окуучуларды карай турган болсок, анда бир катар белгилерди жеңил эле таанып билсе болот. Мисалы сабактын организмге тийгизген таасирин дем алуу актысынын тездеши (күйүгүү), теринин түсүнүн өзгөрүшү (кызарып чыгуу), тердөөнүн орун алышы, машыгуучунун эмоционалдык абалынын өзгөрүшү, көнүгүүлөрдү аткаруу сапатынын өзгөрүшү (чарчаган учурда начардайт), кишинин жалпы туруш-турпатындагы өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт. Бирок бул ыкма сабактын организмге тийгизген таасири тууралуу толук информация бере албайт.

Мектеп шартына ылайык атайын илимий аппаратурасын талап кылбаган, жөнөкөй жана объективдүү ыкмалардын бири катары тамырдын кагышын саноо «пульсометрия» ыкмасын белгилеп кетсе болот. Дене тарбия сабагында жүргүзүлгөн пульсометриялык ыкма мугалим үчүн бир катар кызыктуу жана маанилүү информация бере алат. Алынган информацияны балдардын жаш жана жыныстык өзгөчөлүктөрүнө, даярдык деңгээлине жараша талдоо мугалимдин профессионалдык билиминин терендешине жардам берет. Пульсометриянын жыйынтыктары менен окуучу балдарды тааныштырып туруу алардын өзун өзү контролдой билүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.

Дене тарбия сабагында аткарылуучу кыймыл-аракет оптималдуу деңгээлде болуп, балдардын күчүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө жана жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша болушу талап кылынат. Атайын окуу-методикалык адабиятта жаш спортчуларга мүнөздүү дене жүктөмүн топ топко бөлүү

(классификациялоо) кеңири орун алат (1-2 таблицалар). Таблицаларда келтирилген көрсөткүчтөр мектеп шарттарында өткөрүлүүчү дене тарбия сабактарында да эске алынышы зарыл.

1-таблица

10-11 жаштагы спортчулардын машыгуу мезгилиндеги жумушун тамырдын кагуу саны аркылуу баалап-классификациялоо

(Б.Ф.Прокудин, 1983)

Интенсив дүүлүктүн зоналары

Аткарылган жумуштун мүнөзү

Тамырдын бир мүнөттө кагуу саны

Балдар үчүн

Кыздар үчүн

1. Төмөн интенсивдүү жумуш 130га чейин 130га чейин

2. Орто интенсивдуу жумуш 130-155 130-160

3. Ортодон жогорку интенсивдуу жумуш

156-170 161-175

4. Жогорку интенсивдуу жумуш 171-200 176-200

5. Эн жогорку интенсивдуу жумуш 200дөн ашуу 200дөн ашуу

Дене тарбия теориясында аткарылган жумушту тамырдын кагуу саны аркылуу баалоо өз алдынча мааниге ээ ыкма катары кенири сөз кылынат.

Атап айтканда, эгерде тамырдын бир мүнөттө кагуу саны 130га барабар болсо, анда организмдин эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн 30-40%-ти, 150гө барабар болсо - 50-60%-ти, 160 ка барабар болсо -70-80%-ти гана 180 ге же андан да жогору болсо 100% иш жүзүно аша алат деп көрсөтүлөт.

2-таблица

13-14 жаштагы спортчулардын машыгуу мезгилиндеги жумушун тамырдын кагуу саны аркылуу баалап, классификациялоо

(М.Я.Набатникова, 1982)

Интенсив-дүүлүктүн зооналары

Аткарылган жумуштун мүнөзү

Тамырдын бир мүнөттө кагуу саны өспүрүм балдар өспүрүм кыздар

1. Төмөн интенсивдүү жумуш 130га чейин

135ке чейин

2. Орто интенсивдүү жумуш 131-155 136-160

3. Ортодон жогорку интенсивдүү жумуш 156-175 161-180

4. Жогорку интенсивдүү жумуш 176-200 181-200

5. Эн жогорку интенсивдүү жумуш 200дөн ашуун

200дөн ашуун

Көптөгөн дене тарбия мугалимдеринин ой-пикирине караганда башталгыч класстарда окуп жаткан балдар жана кыздар үчүн тамырдын бир мүнөт ичинде кагуу санынын эки эсе өсүшү алардын максималдуу эмгек өндүрүмдүүлүгүнө туура келет деп эсептелет. Мисалы, сабакка чейин тынч турган абалда тамырдын кагышы 80 ге барабар болсо, сабак учурунда аткарылуучу жумуш 160 тан ашпаган тамыр кагуу ритминде уюштурулушу талап кылынат.

Дене тарбия сабагында пульсометрия ыкмасын колдонуу технологиясы

1. Алдын ала атайын протоколдун формасын даярдагыла.

2. Секундомер, же болбосо секундалык жебеси бар саат алгыла.

3. Даярдык деңгээли орто, негизги медициналык группага караштуу бир окуучуну байкоо жүргүзүү үчүн тандап алгыла.

4. Тамырдын кагышын ар бир көнүгүүнү аткараар алдында жана аны аткарып болгондон кийин санап тургула. Тамырдын кагышын саноо үчүн сабак учурунда көп алыс эмес аралыкта тургула. Мугалимге, окуучуга жана сабактын жалпы жүрүшүнө тосколдук кылбагыла. Тамырдын кагышын тез-тез (адатта 5 мүнөткө жакын интервалда) санап тургула.

5. Тамырдын кагышын окуучуну 10-15 секундадан ашырбай санап, алынган информацияны атайын протоколго жазып тургула.

6. Тамырдын кагуу санынын негизинде түзүлгөн аткарылган жумушту мүнөздөөчү атайын графикти сызгыла.

7. Алынган информациянын негизинде жазуу жүзүндө өткөрүлгөн сабакка профессионалдык анализ бергиле.

3-таблица

Тамырдын кагышы боюнча дене тарбия сабагында аткарылган жумушту аныктоо протоколу

Сабактын датасы…………………

Сабак өтүлүүчү класс……………

Сабактын түрү……………………

Сабактын тиби……………………

Ыкмалардын саны……………….

Байкоого алынган окуучунун фамилиясы…………………………………..

Мугалимдин фамилиясы………………………………………………………

Байкоо жүргүзгөн студенттин фамилиясы………………………………….

Сабактын максаты (сабактын конспектисинен көчүрүп жазылат):

1……………………………………………………………………………………

2……………………………………………………………………………………

3……………………………………………………………………………………..

Сабактын бөлүмү

Саноо тартиби

Саноо убактысы

Тамырдын кагышы Кыймыл аракеттин

10 сек. 1 мин.

1 2 3 4 5 6

1 0 00 13 78 Сабак алдында, тынч турган абалда

2 2 10 14 84 Рапорт бергенден кийин.

Сабактын максатын угуп жаткан учурда

3 4 30 18 108 Ар түркүн тапшырмаларды аткарып, мисалы, артка жүгүрүү, эки бутту бирдей кармап алдыга секирүү

1 4 5 50 14 84 Жаны катарга 4 кишиден болуп туруп, оңго жана солго ажырашкан учурда

5 7 10 16 96 Түлкү бойду оңго жана солго толгоп, бутту тизеден бүгө чөгөлөй олтурган көнүгүүнү аткаргандан кийин

6 10 00 19 114 Жерге кол таянып жатып, денени өйдө ылдый көтөрүп түшүргөн көнүгүүнү аткаргандан кийин

7 13 30 20 120 Эки бутту бирге кармап, бир орунда айлана секирген көнүгүүнү аткарып болуп, бир аз жай баскандан кийин

Акробатика

1 2 3 4 5 6

8 14 10 15 90 Атайын шаймандарды койгонго чейин

9 15 00 14 84 Берилген тапшырманы аткарганга чейин

2 10 16 40 17 102 Алдыга тонкочук атып, өйдө бийик секирүү менен байланышкан көнүгүүлөрдү аткаргандан кийин

11 20 00 15 90 Өз кезегин күтүп турган учурда

12 24 10 18 108 Атайын көнүгүүлөр комбинациясы аткаргандан кийин

14 27 00 19 114 Атайын көнүгүүлөр комбинациясын дагы бир жолу аткаргандан кийин

13 25 00 15 90 Ийкемдикте өрчүтүүгө багытталган көнүгүүлөрдү аткарганга чейин

15 29 30 14 84 Тапшырманын башка түрүнө өтөөр алдында

Параллель брусьялар

Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн ыкманын негизинде сабактын аягына чейин байкоо жүргүзүлөт жана алынган информациянын негизинде атайын график түзүлөт.

Пульсометрияны аткарууда негизги талаптын бири болуп алынган фактылардын жана графиктин негизинде жазуу жүзүндө сабакка анализ берүү болуп саналат. Сабакты анализ кылууда төмөндө биз келтирген суроолорду эске алып аракеттенуу жакшы натыйжаларды берет.

1. Тамырдын кагуу санынын негизинде түзүлгөн график сабактын даярдоо жана жыйынтыктоо бөлүмдөрүнүн койгон максаттарына толук жооп береби же жокпу? Сабакты өтүү учурунда мугалим тарабынан кемчиликтер кеттиби же жокпу? Эгерде кемчиликтер кеткен болсо, силердин оюңар боюнча аларды кантип жоюуга болот? Бул суроолорго жооп берүү үчүн сабактын ар бир бөлүмүн өз алдынча анализдеп чыгуу зарыл.

Мугалимдин аткарган жумушун ар тараптан талдап, алардын жакшы жана жаман жактарын аныктай билүүгө умтулгула. Өзгөчө ар бир практиканттын өз ой-пикирин билүүгө жетишүү негизги максаттардын бири болуп саналат.

2. Тамырдын кагуу санынын негизинде түзүлгөн график сабактын негизги бөлүмүнүн максатына толук жооп береби же жокпу? Мугалим тарабынан кетирилген кемчиликтер барбы? Эгер бар болсо анда аларды жоюу жолдору кандай? Бул суроолорго жооп берүү үчүн ар бир спорттук снарядда аткарылган жумушту өз алдынча талдап, аларга баа берүү зарыл.

Өзгөчө сабакта орун алган материалдын үйрөнүү стадияларына туура келишине терең көңүл буруу керек. Бул багытта практиканттын ой-пикирин билип, алардын окуу процессин жакшыртуу боюнча кийирген сунуштарына жетишүү манилүү.

Сабакты талдаган студенттин фамилиясы ……………………………..

2.3. Сабактын организмге тийгизген таасирин

тамырдын кагышы аркылуу өзгөртүү

Мугалимдин устаттыгы сабак өтүү мезгилинде ар бир окуучу үчүн тапшырманы туура бере билүү мүмкүнчүлүгү менен аныкталат. Мына ушул себептен дене тарбия мугалими көнүгүүлөрдү аткаруунун ар кандай ыкмаларын терең өздөштүрүп алышы зарыл (2-си сүрөт). Бир сөз менен айтканда, мугалим окуучунун алдында турган жумушту ар багытта өзгөртө алууга даяр болушу керек. Жумушту өзгөртүү мүмкүнчүлүгү сабакты өтүү ыкмасы менен тыгыз байланышта. Башка сөз менен айтканда сабакты уюштуруу жана тийиштуу көнүгүүлөрдү туура тандап алуу маселелери мугалим үчүн толук белгилүү болгону дурус. Мындан сырткары көнүгүүлөрдү аткарууга үйрөтүү ыкмалары, бул процесстин уюштуруу принциптерин туура түшүнүүдө да чоң роль ойнойт.

Сабак өтүү учурунда колдонулуучу негизги ыкмаларды талдай турган болсок, анда негизги ролдордун бирин сабакты уюштуруу маселелери ойнойт.

Балдардын кыймыл-аракетин башкаруу чаралары. Алардын катарына негизинен сабакты уюштуруу ыкмалары, тагыраак айтканда, фронталдуу, группалуу, айланма сымал жана жекече иш жүргүзүү деген ыкмалар кирет. Жогоруда аталып кеткен ыкмаларды сабак учурунда кенири колдонуу, албетте, окуучулардын жалпы даярдык, жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша чечилет. Бул учурда көнүгүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү да, уюштуруу шарттары да, сабактын алдына койгон максаты да эске алынат.

Мугалим бул жагдайларды эч качан эстен чыгарбоосу зарыл. Дене тарбия сабагында организмге чон таасир тийгизүү негизинен көнүгүүлөрдү айланма сымал ыкма менен аткарганда орун алышы ыктымал. Бирок бул ыкманын бир топ татаалдыгына байланыштуу башталгыч класстарда өтүлүүчү сабактарда кенири колдонууга болбойт. Техникалык жактан татаал көнүүгүүлөрду да (мисалы, бийиктикке секирүү, гимнастикалык снаряддарда көнүгүүлөрдү аткаруу) аткаруу учурунда группалык ыкманы колдонуу фронталдык ыкмага караганда оңтойлуу болуп, максатка ылайыгыраак келет.

Татаал эмес жөнөкөй көнүгүүлөрдү (мисалы, жалпы дене өрчүтүүчү көнүгүүлөр) аткаруу үчүн фронталдык ыкманы колдонуу тура.

2-чи сүрөт. Сабакты өтүү ыкмасынын негизги жактары

Сабакты өтүү ыкмасынын негизги жактары

Сабактын максаты

Максатка жеткирүүчү каражаттар

Сабакты өтүү ыкмалары үйрөтүү принциптери

Сабакты уюштуруу үйрөтүү

Дене сапаттарын өрчүтүү

Көнүгүүлөрдү аткаруу ыкмалары. Алардын катарына көнүгүүлөрдү бир учурда бардык окуучулар менен биргелешип аткаруу ыкмасы, көнүгүүлөрдү биринин артынан экинчисин токтобой шар аткаруу ыкмасы жана ошондой эле ар бир көнүгүүнү кезек күтүп аткаруу ыкмалары кирет.

Көнүгүүлөрдү бир учурда бардык окуучулар менен биргелешип аткаруу алардын организмге тийгизген таасирин абдан терең болушуна алып келет.

Мисалы, бул ыкма менен жалпы кыймылдуу оюн ойноодо организм тезирээк чарчайт. Ал эми организмге жайыраак таасир тийгизүү көнүгүүлөрдү биринин артынан экинчисин токтобой шар аткарган учурда орун алат.

Анткени, ар бир көнүгүүнүн организмге тийгизген таасири ар башка болот.

Ал эми организмге өтө эле жай таасир тийгизүү ар бир көнүгүүнү аткаруу үчүн кезек күтүп турганда организм бир топ эс алат.

Сабактын материалдык жана техникалык жактан жабдылышын уюштуруу. Ар бир спорттук жабдуунун бир багытта орнотулушу, алардын спорттук залда туура орун алышы, жөнөкөй тренажерлордун жасалышы жана колдонушу чоң мааниге ээ. Эгерде бул маселелер туура чечилген болсо, сабактын жалпы жүрүшү тездейт, негизинен жакшы жумуш аткаруу үчүн шарт түзүп берет.

Окуучуларды залда тура жайлаштыруу. Окуучулардын спорттук залда жайланышын, алардын орун которууда рационалдуу жылышын, катардан катарга кайра турууда аракет жасашын, алардын бул учурда бири-бирине тоскоол кылбашын, туура дистанция, интервал сакташын уюштуруу да сабактын максатына жетишине чон өбөлгө түзөт.

Коомдук активдин жумушун уюштуруу. Дене тарбия сабагын өтүү учурунда мугалимдин жардамчысы, группа башчылары, ал эми спорттук же болбосо кыймылдуу оюндарды ойноо учурунда атайын коюлган калыстардын болушу окуучулар арасындагы мамилелердин туура калыптанышына алып келет. Мындай мамилелер окуучулардын бири-бирине жардам берүү, баа берүү жана контролдоо учурларында орун алып, бул процесске балдардын көбүрөөк камтылышына шарт түзөт.

Дене тарбия көнүгүүлөрүн туура тандап алуу. Сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда анын ар бир бөлүмдөрү үчүн көнүгүүлөрдү туура тандап алуу чон мааниге ээ. Көнүгүүлөрдүн методикалык баалуулугу алардын динамикалык, кинематикалык жана ритмикалык мүнөздөмөлөрүн туура түшүнүү аркылуу жетилет. Төмөндө биз алардын негизгилерине токтоло кетмекчибиз.

а). Дененин абалы. Көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда дененин абалынын методикалык мааниси зор. Анткени, дененин ар бир бөлүгү бири-бирине салыштырма ыңгайлуу абалда болушу организмдин анатомо-физиологиялык жактан жакшы шарттар болушуна жол ачат. Мисалы, сууда сүзүү учурунда дененин горизонталдуу абалда болушу организмге суу тарабынан көрсөтүлгөн каршылыктын азайышына, сүзүү ылдамдыгынын жогорулашына алып келет. Көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда баштын, колдун, буттун, бойдун бир аз эле абалынын өзгөрүшү организмге тийгизген таасирдин башка болушуна себеп болот. Кээде снарядды кармоо ыкмасын өзгөртүү деле (мисалы, штанганын грифин баш бармакты алдынан же болбосо грифтин үстүнөн келтирип кармоо) өз алдынча методикалык мааниге ээ. Мына ошентип, дене тарбия сабагын өтүү учурунда мугалим дене абалынын бир топ түрлөрүн (көнүгүүнү баштоо абалы, көнүгүүнү аткаруу учурундагы негизги абал) эске алып, алардын методикалык маанисин билиши зарыл.

б). Кыймылдын амплитудасы. Сабактын организмге тийгизген таасири ар бир көнүгүү аткаруу учурундагы кыймылдын амплитудасы аркылуу да өзгөрүп турат. Мисалы, брусьяда аткарылуучу көнүгүүлөрдү чоң же болбосо кичине (акырын) күүлөнүү менен аткаруу организмдин энергетикалык активдүүлүгүнун ар түркүн жогорулашы, мисалы, алдыга эңкейип турган окуучуну далысынан ылдый карай басуу муундардагы кыймыл-аракеттин өрчүшүнө, анын жалпы ийкемдигинин жогорулашына алып келет.

в). Кыймылдын багыты. Кыймыл-аракеттин бир багытта так аткарылышы булчуң системасына, алардын ар бир группасына таза таасир тийгизүүго шарт түзөт. Мисалы, колду түз кармап алдыга, андай кийин өйдө көтөрүп, кайрадан каптал аркылуу ылдый түшүрүү көкүрөк булчуңунун өрчүшүнө багытталат. Кыймылдын багытын өзгөртүү анын организмге тийгизген таасирин өзгөртөт. Мисалы, бир багытта түп-түз жүгүрүүгө караганда анын багытын ары-бери өзөртүп жүгүрүү организмге тереңирээк таасир этет.

г). Кыймылдын траекториясы. Кыймылдын траекториясынын эки түрүн тааный билүү мугалим үчүн баалуу. Алардын катарына «түз багыттагы» жана «ийри багыттагы» траекториялар кирет. Ийри багыттагы траектория «спираль» түрүндө (мисалы, молот ыргытуу) жана «айлана» түрүндө (мисалы, колду далы муунунда алдыга айлантуу) орун алышы ыктымал. Мына ушул траекториялардын түрлөрү организмге тийгизген таасирди өзгөртүү максатында колдонулушу мүмкүн. Мисалы, айлана тибиндеги траекторияда аткарылган кыймыл-аракет муундун тегерегинде жайланышкан бардык булчуңдардын тегиз өрчүшүнө салым кошот.

д). Кыймылдын темпи. Белгилүү убакыт ченемдигинде аткарылган кыймылдын саны аркылуу анын темпин туюнса болот. Мисалы, бир мүнөт ичинде 90 же болбосо 120 кадам шилтеп басуү бири-биринен аткаруу темпи аркылуу айырмаланышат. Кыймылдын темпи жайбаракат, ылдам же болбосо орто (оптималдуу) болушу ыктымал. Ылдам темпте аткарылган жумуш, албетте организмге терен таасир тийгизип, анын тезирээк чарчашына алып келет. Тескерисинче, жайбаракат аткарылган жумуш узак убакытка машыгууга мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтыктап айтканда, кыймылдын темпи аркылуу анын организмге тийгизген таасирин башкарууга болот.

е). Кыймылдын ылдамдыгы. Убакыт бирдиги ичинде басып өткөн жол кыймылдын ылдамдыгын туюндурат. Адатта кыймылдын ылдамдыгын

«максималдуу» (эң жогорку), «субмаксималдуу» (жетишээрлик жогорку), «жай» сымал түшүнүктөр аркылуу белгилешет. Анткени кайсыл аракетти ар түркүн ылдамдыкта аткаруу алардын организмге тийгизген таасирин бир топ өзгөртөт.

ж). Кыймылдын ритми. Кыймылдын ритми бир топ татаал түшүнүк менен туюнулат. Анткени, ар бир өңчөй акценттуу жана акценти жок аткарылган аракеттердин катышы билдирет. Эгерде бул акцент бир тартипте болсо, мисалы, музыкалык ритмге туура келсе, анда кыймыл-аракет ритмдүү деп аталат. Ритмдүү кыймыл-аракет башкаларга караганда үнөмдүү келет.

Ритмдин кескин түрдө өзгөрүшү бир топ кошумча аракеттерди жумшоону талап кылып, организмдин тезирээк чарчашы менен коштолот. Өзгөчө ритмдүү кыймыл-аракет көркөм гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткарууда, алардын эстетикалык таасир беришин күчөтүүдө кеңири колдонулат.

Мына ошентип, жогоруда айтылган сөздөрдү жыйынтыктасак, дене тарбия көнүгүүлөрүн тандоодо, сабакта колдонууда алардын организмге тийгизген таасирин башкара билүүдө кыймыл-аракеттин кинематикалык, динамикалык жана ритмикалык мүнөздөмөлөрүнүн мааниси бир топ чон.

Аларды туура колдоно билүү ар бир өтүлгөн сабактын өзгөчөлүгүн аныктай билүүгө чоң салым кошот.

Көнүгүүлөрдү үйрөтүү жана дене сапаттарын өрчүтүү ыкмалары

Дене тарбия сапаттарын өрчүтүү ыкмалары. Дене тарбия саабагында көнүгүүлөрдү үйрөтүү жана негизги дене сапаттарын өрчүтүү проблемалары абдан орчундуу турат. Анткени алардын чечилиши дене тарбия максатына жетүүдө өтө чоң роль ойнойт. Мына ушул себептен жогоруда белгиленген маселелер атайын ыкмалардын группасын колдонуу менен чечилет. Төмөндө биз аларга токтоло кетмекчибиз.

Көнүгүүлөрдү үйрөтүү ыкмалары. Дене тарбия сабагын өткөрүү учурунда анын толук максатына жетүү үчүн бир катар үйрөтүү ыкмалары колдонулат. Алардын катарына төрт группадан турган ыкмалар кирет.

Биринчи группа «билим берүү (билгенин үйрөтүү)» ыкмасы кирет. Ага «сөз жүзүндө» жана «көрсөтүү иретинде» үйрөтүү ыкмалары таандык. Экинчи группага «көнүгүүлөрдү үйрөтүү (аткаруу) ыкмалары» кирет. Бул группа

«көнүгүүлөрдү чогуу (толугу менен)» жана «көнүгүүлөрдү бөлүп үйрөтүү» ыкмалары тийиштүү. Үчүнчү группага «каталардын (жаңылуулардын) алдын алуу жана аларды жоюу» ыкмалары кирет. Ал эми төртүнчү группа

«үйрөтүү процессинин жыйынтыктыгын текшерүү» ыкмаларынан турат.

«Билим берүү (билгенин үйрөтүү) ыкмалары». Ар бир мугалим өз билгенин окуучуга кара сөз менен түшүндүрө алуу кудретине ээ болушу зарыл. Сөз иретинде сабак учурунда жалгыз гана түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөстөн баа берүү, кемчиликтерин анализдоо, команда берүү жана башка формалары да орун алат. Билгенин үйрөтүү максатында ар бир мугалимдин көнүгүүнү туура жана так аткара билиши, окуучуларга көрсөтө алуу кудурети да чоң мааниге ээ. Көнүгүүнү аткаруу боюнча туура элес калтыруу сөз аркылуу түзүлгөн элестен баалуураак келишин эстен чыгарбоо зарыл. Мугалим көнүгүүлөрдү дайыма эле өзү көрсөтүүгө милдетүү эмес.

Кээде көнүгүүнү окуучунун аткарылышында көрсөтүү да өз алдынча дидактикалык мааниге ээ.

Көнүгүүлөрдү үйрөтүү (аткаруу) ыкмалары. Көнүгүүлөрдү негизинен толугу менен жана бөлүп үйрөтүү ыкмалары сабак учурунда кенири колдонулушу мүмкүн. Сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда көнүгүүлөрдү бөлүп аткарууга караганда аларды толугу менен аткаруунун мааниси жогорураак. Эгерде көнүгүүнү бул ыкма менен аткарууда жетишээрлик тартип сакталса, анда окуучулардын сабакка болгон жалпы кызыкчылыгы жогору болот. Адатта көнүгүүлөрдү үйрөтүүдө төмөндөгүдөй тартиптин сакталышы кенири орун алат. Эң алды көнүгүү менен толук таанышуу орун алат. Андан кийин көнүгүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн негизин аткарууга аракеттенишет. Аны үйрөнгөн соң көнүгүүнүн рационалдуу негизинен жана эң акырында анын вариативдуу (ар түркүн багытта) негизин аткарууга жетишишет. Өзгөчө көнүгүүнүн вариативдүү негизин өздөштүрүп жаткан учурда өз убагында берилген жардамдын жана коопсуздуктун жетишээрлик камсыз кылынышы чоң ролду ойнойт.

Каталардын (жаңылуулардын) алдын алуу жана аларды жоюу ыкмалары. Көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда каталар (жаңылуулар) сөзсүз түрдө орун алат. Алардын алдын алуу максатында жана эгерде кайра-кайра ката кетире берүү (жаңылуу) орун ала берсе, анда төмөндөгү ыкмаларды колдонуу жакшы натыйжаларды берет. Биринчи кезекте, ар бир көнүгүүнүн кинематикалык, динамикалык жана ритмикалык мүнөздөмөлөрүн эске алып, аларды өзгөртүүгө, жеңилдетүүгө аракет жасоо максатка ылайык.

Экинчиден, көз ирмемге алынуучу, кулака угулуучу предметтүү белгилерди кеңири колдонуу да жаңылууларды жоюуга салым кошо алышат. Үчүнчүдөн, атайын көнүгүүнү өздөштүрүүгө кошумча, аткаруу структурасы окшош көнүгүүлөрдү аткаруу ыкмалары да пайдалуу келет. Мына ушул багытта колдонулган методикалык предметтер сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда эске алынышы мумкун.

«Үйрөтүү процессинин жыйынтыгын текшерүү ыкмалары”.

Үйрөтүү процессинин жыйынтыгын текшерүү максатында көнүгүүнү баага аткаруу, атайын мелдешке катышуу, көнүгүүнү аткаруу денгээлин талдоо, анализдоо сымал ыкмалар колдонулушу мүмкүн. Мугалим бул ыкмаларды сабактын аягында гана колдонбостон ар бир көнүгүү аткарылган соң окуучу эс алып жаткан учурда өз орду менен колдоно билиши сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда өзгөчө мааниге ээ. Анткени, убакытты дидактикалык жактан текке кетирбөөгө мына ушундай жумуш өз салымын кошо алат.

Дене сапаттарын өрчүтүү ыкмалары

Дене сапаттарын өрчүтүү максатында негизинен үч группага бөлүнгөн ыкмалар колдонулат. Биринчи группа “так регламент менен аткарылуучу ыкмалар”, экинчи группага “оюн ойноо ыкмалары” жана үчүнчү группага

“мелдешүү” ыкмалары кирет. Дене тарбия сабагынын тийгизген таасирин башкарууда жогоруда аталган ар бир ыкмалар группасынын өз алдынча кошкон салымы бар. Төмөндө биз аларга токтоло кетмекчибиз.

Так регламент менен аткарылуучу ыкмалар.. Бул эң эле көп кырдуу ыкмалардан турган группанын бири болуп саналат. Так регламент менен аткарылуучу ыкмалар башка дене тарбия ыкмаларынан айырмаланып белгилүү бир тартиптин (эреженин) так сакталышы, машыгуу жүктөмүн жана эс алуу учурун тыкан уюштуруу аркылуу жүргүзүлөт. Алардын организмге тийгизген таасири аткарыла турган жумуштун мүнөзү, көнүгүүнү кайталоо саны, жумуштун интенсивдүүлүгү, тапшырманы аткаруунун узактыгы жана эс алууга берилген убакыттын чоңдугу аркылуу өзгөрүлүп турат. Так регламент менен аткарылуучу ыкмалардын өзүн да чакан үч топко бөлүүгө болот: стандарттык мүнөздө аткарылуучу көнүгүү ыкмалары, алмашуу жолу менен аткарылуучу көнүгүү ыкмалары жана комплекстүү багытта аткарылуучу көнүгүү ыкмалары. Стандарттык мүнөздө аткарылуучу көнүгүү ыкмалары “бир калыпта аткарууну талап кылган ыкмалардан”, “улам кайталоону талап кылган ыкмалардан” жана

“стандарттык мүнөздө биринин артынан экинчисин кайталап аткарууну талап кылган ыкмалардан” турат. Алмашуу жолу менен аткарылуучу көнүгүү ыкмалары “бир калыпта ылдамдыкты жогорулатуу жолу менен аткарылуучу көнүгүүлөр ыкмалары”, “интервалдуу көнүгүү ыкмалары” жана “аралаш көнүгүү ыкмалары” тутумун калыптандырат. Ал эми комплекстүү багытта аткарылуучу көнүгүүлөр ыкмалары “айланпа иретинде машыгуу ыкмаларынан” жана “Фартлек машыгуу ыкмаларынан” камтыйт.

Жогоруда аталган ар бир ыкма өз алдынча негизги дене сапаттарынын бирин өөрчүтүүгө кудурети жетет. Аларды кайталоо саны, аткаруу убактысы жана башка көрсөткүчтөрү сабактын организмге тийгизген таасирин башкаруу максатында колдонулат.

Оюн ойноо ыкмалары. Дене тарбия сабагында окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша “спорттук оюндарды ойноо”, “кыймылдуу оюндарды ойноо жана “имитациялык оюндарды ойноо” ыкмалары колдонулушу мүмкүн. Негизинен оюн ойноо ыкмаларын дене тарбия сабагында кеңири колдонуу балдардын организмине оң таасирин тийгизет.

Анткени ар бир оюндун эмоционалдык кудурети чоң кызыгууларды туудурат. Оюн ойноо ыкмасынын окуучуларды техникалык жана тактикалык жактан болгон даярдыктарын гана өрчүтпөстөн, алардын моралдык, эмоционалдык , интелектуалдык жактан да жакшы жетилишине көмөк көрсөтөт. Мурда окуучулар ойноп жүргөн тааныш оюндарды сабакка кошуу окуучулар тарабынан жогорку активдүүлүктү туудуруп, бир топ энергия сарптоого шарт түзөт. Негизинен оюндун организмге тийгизген таасирин башкаруу бир топ татаал жумуш экенин эстен чыгарбоо зарыл. Анткени, ар бир оюнчу оюн жүрүп жаткан шартты гана сезет, аны тааныйт жана өз алдынча баалайт. Мына ошол себептен ар кандай деңгээлдеги активдүүлүктү жаратат. Бирок, оюн ойноо ыкмасынын организмге тийгизген таасирин башкаруу таптакыр мөмкөн эмес деген пикирден алыс болуу зарыл. Бул максатта төмөндөгү ыкмаларды колдонуу сунушталат:

- оюнду кыска тыныгуу менен тез-тез ойноо;

- кээ бир элементтерди жана эпизоддорду көбүрөөк кайталоо ;

-оюнду ойноо убактысын узартуу же болбосо кыскартуу;

- оюн ойноо территориясын чонойтуу же кичирейтүү;

- оюн ойноо предметтеринин санын же салмагын өзгөртүү;

- оюнчулардын санын көбөйтүү же азайтуу.

Мелдешүү ыкмалары. Мелдешүү ыкмалары негизинен үч максатта колдонулат. Биринчиден, мелдеше билүүгө үйрөтүү максатында, экинчиден, окуучулардын даярдык деңгээлин контролдоо максатында жана, үчүнчүдөн, чыныгы жеңүүчүлөрдү аныктоо максатында. Мелдештерге катышуу ыкмасы окуучулардын техникалык, тактикалык, жалпы дене даярдык тараптан болгон жетишкендиктерин калыптандыруу максатында чон роль ойнойт.

Мелдешүү учурунда көнүгүүлөрдү кайталоо саны, аткаруу убактысы, катышуучулардын саны организмге таасир тийгизүү маселелерин башкарууда өз алдынча методикалык мааниге ээ. Мисалы, үйрөтүү максатында сабак учурунда “ким турникке көбүрөөк тартына алат?”, “ким алыска секире алат?”, “ким ыкчамыраак?” сымал мелдештер окуучулардын активдүүлүгүн арттырат.

Көнүгүүлөрдү аткаруу шарттары, жумуш багытын жана түрүн өзгөртүп туруу.

Сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда көнүгүүлөрдү аткаруу шарттарын өзгөртүп туруу да өз алдынча методикалык мааниге ээ.

Мисалы, жүгүрүү менен байланышкан тапшырмаларды тоолуу же кумдуу жерлерде аткарса, алардын организмге тийгизген таасири ар түркүн болот.

Сабак учурунда бир өңчөй көнүгүүлөрдү узакка чейин аткара берүү балдардын тез чарчашына, алардын сабакка болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө алып келет. Анткени, балдардын нерв системасы монотондуу бир калыпта аткарыла берүүчү көнүгүүлөрдөн абдан тез чарчоого дуушар болот жана алардын кыймыл-аракет координациясы начарлайт.

Жыйынтыктап айтканда, сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда көнүгүүлөрдү аткарууга жана дене тарбия сапаттарын өөрчүтүү ыкмаларынын мааниси абдан зор. Ошону менен бирге сабактын организмге тийгизген таасирин башкарууда бир катар ыкмалардын да салымы бар.

Мисалы, балдарды нравалык жактан тарбиялоодо колдонулуучу ынандыруу, мактоо, практикалык жактан үйрөтүү, же болбосо аң-сезимдүүлүктү өөрчүтүүдө колдонулуучу талдоо, анализдөө сымал ыкмалар сабакка болгон мамилелердин туура калыптанышына, өрчүшүнө жана алардын жалпы жыйынтыгынын жакшырышына алып келет.

Сабактын организмге тийгизген таасирин рационалдуу кылууга аны өтүү мезгилинде колдонулган үйрөтүү принциптеринин так сакталышы да маанилүү. Алардын катарына аң сезимдүүлүк жана активдүүлук, көрсөтмөлүүлүк жана системалуулук, жеткиликтүүлүк жана бышыктык принциптери тарабынан коюлуучу талаптарды так аныктоо жана окуучулардын талап кылуу маселелери кирет.

Дене тарбия мугалими ар бир окуучунун сабактын максатын жана маанисин так түшүнүсүнө, алардын кызыгуусун арттырууга, эркин өрчүтүүгө умтулуп иштесе жакшы ийгиликтерге жетишет. Өз убагында жасалган контроль, теориялык жана практикалык жактан жардам, балдардын кетирген кемчиликтерин таап, аларды жоюуга жасалган аракет окуучулар менен биргелеп жетишилген ийгиликтерди талдоо мына ушулардын баары жумуштун жемиштүү болушуна, анын чыгармачылык менен уюштурулушуна алып келет жана сабактын организмге тийгизген таасирин аныктайт.

Окуучулардын бири-бирине жардамдашып үйрөнүшүн уюштуруу да чон мааниге ээ. Анткени бири-биринин кемчилигин таап, аны жоюуга биргелешип умтулуу балдардын кызыгуусун, байкоочтугун, ой жүгүртүү активдүүлүгүн, демилге көтөрө жана ошондой эле жооп бере билүү жактарын калыптандырат. Сабак мезгилинде балдардын жыныстык жактан болгон жаш өзгөчөлүгүн да эске алуу, алардын даярдык деңгээлине жараша тапшырма берүү, көнүгүүлөрдү аткарууда тааныш тапшырмадан тааныш эмес тапшырмага, жеңил көнүгүүдөн оор көнүгүүгө, жөнөкөй тапшырмадан татаал тапшырмага багыт алуу, мындай эрежени эстен чыгарбоо жакшы натыйжаларды берет.

Мына ошентип, сабак өтүү ыкмаларынын бардык багыты организмге тийгизген таасирдин ар түркүн болушуна себеп боло алышат. Мугалимдин профессионалдык даярдык арсеналында ар бир көнүгүүнү сабак өтүү шартына, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, үйрөтүү стадияларына туура келген бир нече методикалык ыкмалары болгону зарыл. Аларды ар багытта колдонуу менен мугалим сабактын кызыктуу болушуна гана жетишпестен алардын организмге тийгизген таасирин да башкаруу мүмкүнчүлүгүнө жетише алат.

3. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугун аныктоо

3.1. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугунун түрлөрү

Сабактын алдына коюлган максатына жетүүдө анын жогорку сыйымдуулукта болушу сөзсүз түрдө талап кылынат. Анткени сабактын сыйымдуу болушу деген түшүнүк убакыттын үнөмдүү, максаттуу жана эффективдүү сарпталышын аныктайт. Аны аныктоо үчүн сабак учурунда сарпталган убакытты кылдаттык менен ченеп жана талдап чыгуу талап кылынат. Бул максатта колдонула турган ыкма “хронометрия” (“хроно” – убакыт, “метраж” – ченөө) деп аталат. Сабактын хронометражы – бул сабак учурунда аткарылган негизги кыймыл-аракеттерге сарпталган убакытты аныктоо болуп саналат. Дене тарбия сабагында орун алган негизги кыймыл-аракеттердин түрлөрү беш топко бөлүнөт:

- көнүгүүлөрдү (тапшырмаларды) аткаруу;

- мугалим берген тапшырманы (түшүндүрүүлөрдү) угуу, башка окуучулар аткарып жаткан көнүгүүлөрдү карап туруу;

- жардам берүү жана уюштуруу иштерине катышуу (мисалы, спорттук шаймандарды жыйноо, орнотуу ж.б.)

- эс алуу, көнүгүүнү аткаруу үчүн тартип менен кезек күтүү;

- бош калуу (тапшырмасыз калуу, жалкоолонуу).

Хронометраждын жардамы менен ар бир окуучунун сабак учурунда канча убакыт тапшырма аткарганын, канча убакыт эс алганын, канча убакыт кезек күткөнүн, канча убакыт мугалимге жардам бергенин, канча убакыт жалкоолонуп бош калганын билсе болот. Башка сөз менен айтканда сабактын канча убактысы рационалдуу, канча убактысы рационалдуу эмес өткөнү аныкталат.

Адатта сабактын сыйымдуулугун эки түрүн аныкташат. Алардын биринчиси “жалпы сыйымдуулук”, экинчиси – “кыймыл-аракет сыйымдуулугу” деп аталат. Сабак өтүү учурунда рационалдуу колдонулган убакыттын жалпы сабак өтүү убактысына болгон катышы жалпы сыйымдуулук де аталат. Ал эми рационалдуу колдонулган убакыт деп сабактын максатына жетүүгө салым кошкон бардык кыймыл-аракеттерге сарпталган убакытты түшүнсө болот. Мисалы, рационалдуу сарпталган убакыт негизинен катарга туруу, басуу, көнүгүүлөрдү аткаруу, оюн ойноо, эстафета аткаруу ж.б. тапшырмаларга сарпталат. Мындан сырткары рационалдуу сарпталган убакытка мугалимдин түшүндүрүү, көрсөтүү жумуштарына сарпталган убакыт да кирет.

“Кыймыл-аракет сыйымдуулугу” деген түшүнүк сабак учурунда көнүгүүлөрдү аткарууга сарпталган убакыттын жалпы убакытка болгон катышын туюндурат. Сыйымдуулуктун бул түрүн аныктоодо катарга туруу, ары-бери басуу менен байланышкан (мисалы, “түз тургула”, “түздөнгүлө!”

сымал командаларды аткаруу) тапшырмаларды аткарууга сарпталган убакытты да эске алуу зарыл.

“Бекер калуу” деген түшүнүк сабак учурунда рационалдуу эмес сарпталган убакыттын жалпы убакытка болгон катышын туюндурат.

Рационалдуу эмес сарпталган убакытка сабакты кечигип баштоо, эрте бүтүрүү, сабак учурунда тизме чакыруу, чар жайыт түшүндүрүү, түшүнүксүз ары-бери орун которуу, токтоп калуу, тартип бузуу, жалкоолонуу, спорттук шаймандарды сабак учурунда орнотуу, аларды оңдоо менен байланышкан жумуштарга сарпталган убакыт кирет. Алардын дээрлик көпчүлүгүн тажрыйбалуу мугалим алдын ала даярдап коет жана сабактын эффективдүү өтүшүнө эртелеп кам көрөт. Мына ошол себептен бул жумуштардын сабак учурунда аткарылышы рационалдуу деп атоого болбойт. Ал эми жардам берүү жана кээ бир уюштуруу иштерине катышуу эгерде аларды алдын ала сабакка чейин аткарууга объективдүү мүмкүнчүлүк болбосо рационалдуу эмес сарпталган убакытка кошулбайт. Мисалы, сабак учурунда эстафета үчүн бирин-экин шаймандарды орнотуу же болбосо аларды жыйноо бул түшүнүктүн катарына кирбейт.

Эс алуу жана көнүгүү аткаруу үчүн кезек күтүү да кылдаттык менен ойлонулуп уюштурулушу зарыл. Адатта көнүгүүнү аткаруудан кийинки эс алууну кезек күтүү учуру менен айкалыштыруу же болбосо активдүү түрдө ары-бери басып эс алуу менен алек болуу максатка ылайык деп табышат.

Жогорку сыйымдуулук менен өткөрүлгөн сабак окуучулардын жетишээрлик активдүүлүн, пайдалуу кыймыл-аракетте болушун камсыз кылат. Алардын тартиптүүлүгүн, уюшкандык менен иштей билүүсүн жакшыртат. Албетте жогорку сыйымдуулук менен өткөрүлгөн сабактын организмге тийгизген таасири да терең болот.

3.2. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугун хронометраж ыкмасы

менен аныктоо

Хронометраж ыкмасын өздөштүрүү ар бир мугалим же болбосо практикант студент үчүн көп деле оор маселе эмес. Хронометраж ыкмасын өздөштүрүү үчүн даярдоо жумушун төмөндөгү тартипте аткаргыла:

1. Алдын ала атайын протоколдун формасын сызып даярдагыла;

2. Сабактын башталышын билдирген коңгуроо кагылаары менен секундомерди иштеткиле.

3. Сабак жүрүп жаткан учурда протоколдун биринчи үч графасын гана толтургула. Биринчи графага сабактын бөлүмү, экинчи графага сабакта аткарылган жумуштун түрлөрү жана үчүнчү графага жумуштун ар бир түрүн аткарып бүткөн учурдагы секундомердин көрсөтүүсүн баяндаган информацияны жазгыла. Сабак башталгандан тартып аяктаганга чейин секундомерди токтотпой, дайыма иштеп турушун камсыз кылныла.

4. Көнүгүүлөрдү кезектешип аткарган учурдагы (мисалы, эстафетага катышуу мезгилинде) байкоону бир гана окуучунун артынан жүргүзүүнү унутпагыла.

5. Секундомерди сабак толук бүткөндөн кийин гана (мугалим балдарды таркаткандан соң) токтоткула.

6. Протоколго киргизилген информацияны тактап, анализдеп иштеп чыккыла. Ал үчүн үчүнчү графага жазылган секундомердин көрсөткучтөрүн колдонуп, төмөнкү көрсөткүчтөн жогоркусун кемитип, ар бир кыймыл-аракетти аткарууга сарпталган убакыт чоңдугун аныктагыла жана аны төртүнчү графага жазгыла.

7. Ар бир негизги кыймыл-аракет түрүнө кеткен убакыттын суммасын сабактын ар бир бөлүмү үчүн өз алдынча тактагыла. Мисалы, сабактын даярдоо бөлүмүндө мугалимдин түшүндүрүү, көрсөтүү жумуштарына мынча убакыт кетти деп протоколго жыйынтыктап жазгыла.

8. Сабактын ар бир бөлүмү үчүн өз алдынча жана ошондой эле жалпысынан кыймыл-аракеттин ар бир түрүнө сарпталган убакыттын проценттик катышын аныктагыла. Аны аныктоо үчүн мүнөт менен аныкталган убакытты секунда бирдигине айлантууну унутпагыла.

9. Сабактын сыйымдуулук шкаласын сызгыла.

10. Сабакты мүнөздөөчү алынган информацияны жазуу жүзүндө анализдегиле.

Сабактын сыйымдуулугун хронометраж ыкмасын колдонуп аныктоо протоколу

Сабакты өтүү датасы

Сабак өтүлүүчү класс

Сабактын түрү

Сабактын тиби

Балдардын саны

Байкоого алынган окуучунун фамилиясы

Байкоо жүргүзгөн окуучунун фамилиясы

Мугалимдин фамилиясы

Сабактын максаты (сабактын конспектисинен кочүрүлүп жазылат):

Сабак тын бөлү мү

Окуучу аткарган кыймыл аракеттердин түрлөрү

Секундо-мердин көрсөтүшү

Түшүн-дүрүү сөздөрүн угуу, байкоо

Тап-шырма аткаруу

Жардам-дашуу, уюштуруу иштерине катышуу

Эс алуу ке-зек кү-түү

Бош ка-луу

1 2 3 4 5 6 7 8

1. Катарга туруу 30'' 30"

2. Түздөнүү,түз туруу командаларын аткаруу.

Рапорт берүү

1'00''

30"

3. Спорттук 1'35" 35" форма боюнча эскертүү угуу.

Сабактын максатын түшүндүрүү

4. Катарда туруп бурулуу ыкмаларын кайталоо

1' 45" 10"

5. Бир кылка катардан эки кылка катарга туруу, кайрадан мурдагы абалга келүү тартибин түшүндүрүү

2'05" 20"

6. Аны аткаруу 2 '15" 10"

7. Ар түркүн тапшырмалар ды аткарганга залды айлана басуу

3 '10" 35"

8. Эстафета шарттарын түшүндүрүү жана көрсөтүү

3'25" 15"

9. Кезек күтүү 3' 35" 10"

10. Эстафетага катышуу:

жүгүрүү, секирүү, шатыга чыгуу

3' 50" 15"

11. Эс алганча кезек күтүү

4'10" 20"

12. Эстафетанын жыйынтыгын угуу

4' 20" 10"

13. Төрт кишиден турган колоннага тизилүү

4' 45" 25"

14. 1-көнүгүүнү аткаруу

4'55" 10" тартибин угуу

15. Турникке тартылуу

5'10" 15"

1 2 3 4 5 6 7 8

16. 2-көнүгүүнү аткаруу тартибин угуу

5' 15" 5"

17. Денени оңго, солго, артка, алдыга кыйшайтуу, эңкейтүү

5'30" 15"

18. Жалпы дене өрчүтүүчү сегиз көнүгүүнү биринин артынан экинчисин токтобой аткаруу

8'55" 3' 25"

19. Бир кишиден турган колоннага тизилүү.

Залды айланып басуу

9'15" 20"

20. Мугалимдин тапшырмасын угуу.

Бөлүмдөргө бөлүнүп туруу

10'30" 1'15"

21. Дайындалган жерге басып баруу

(мисалы, брусьяга)

12' 00" 1' 30"

Даярдоо бөлүмүнүн 12'00" 2'50" 8'10" - 30" 30" жалпы сыйымдуулугу

11'00" - 91,66 проц.

Проценти: 100% 23,6% 68,1% - 4,15% 4,15%

Сабактын негизги жана жыйынтыктоочу бөлүмдөрүндө да байкоо жогоруда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Эскертүү:

1. Байкоо жүргүзүү учурунда протоколдун биринчи, экинчи жана үчүнчү графалары гана толтурулат.

2. Проценттик чоңдуктарды аныктоодо сабакты ар бир бөлүмүнүн убактысын өз алдынча 100 процентке барабар деп эске алуу зарыл.

Мисалы, биз протоколдо даярдоо бөлүмү 12 мүнөттө өткөрүлүп, ал убакта 100 процентке барабар деп алынды. Бул себептен түшүндүрүү жана байкоо жумуштарына сарпталган убакыт (4 графа)

23,6% түздү:

12'00" = 100%

2'50" = Х

2'50" х 100% 17000"

Х = ------------------------- = ---------- = 23,6%

12'00" 720"

Мына ушул ыкма менен ар бир негизги кыймыл-аракеттин түрлөрүнүн

(көнүгүү аткаруу, түшүндүрүүлөрдү угуу, жардам берүү, эс алуу, кезек күтүү, бош калуу) проценттик салымын аныктоо талап кылынат. Аныкталган цифралардын негизинде сабактын сыйымдуулук шкаласы тургузулат.

3-чү сүрөт. Сабактын сыйымдуулук шкаласы

Сабакты талдоо үчүн суроолор

1. Сабактын даярдоо бөлүмүндө орун алган кыймыл-аракет сыйымдуулук процентине баа бергиле. Анын төмөндөшүнө таасир берген себепберди атагыла жана алардан арылуунун жолун көрсөткүлө. Бул максатта протоколдогу 5-графанын жыйынтыгын негиз кылып, алардын сабактын түрүнө, тибине туура келишин мүнөздөгүлө. Ал эми кыймыл-аракет сыйымдуулугунун төмөндөшү 4, 6, 7 жана 8 графалардан орун алган информациядан көз каранды экендигин эстен чыгарбагыла. Мына ушул себептен ар бир жогоруда көрсөтүлгөн графалардан орун алган убакыт чоңдугун ар тараптан талдоого, резерв таап сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатууга жардам берүү жолдорун көрсөткүлө.

Жалпы сыйым-дуулук

Кыймыл аракет сыйымдуу лугу (%)

Түшүн-дүрүү, көнү-гүүнү көрсөтүү

Жардам берүү, уюш-туруу иште-рине катышуу

Бош калуу

Кезек күтүү

Кезек күтүү

2. Сабактын негизги бөлүмүндө орун алган кыймыл-аракет сыйымдуулук процентине баа бергиле. Анын төмөндөшүнө таасир берген себептерди атагыла жана алардан арылуунун жолдорун көрсөткүлө.

Протоколдогу 5 графада орун алган информацияны ар бир спорттук шайманга (мисалы, көнүгүүлөр брусьяда аткарылды), көнүгүүлөрдү үйрөтүү стадиясына жараша баалагыла. Бул баанын чоңдугуна 4,6,7 жана 8 графалардан орун алган информация терс таасирин тийгизет. Ошондуктан канча убакыт бекер сарпталганы, аны кантип кыскартууну аныктоо өзгөчө мааниге ээ.

3. Сабакты жыйынтыктоо бөлүмүндө орун алган кыймыл-аракет сыйымдуулук процентине баа бергиле. Баа берүү жогоруда көрсөтүлгөн тартипте уюштурулат. Сабакта орун алган кыймыл-аракет сыйымдуулугуна жалпы баа бергиле. Баа берүү мурдагы эле тартипте уюштурулат.

4. Сабактын даярдоо, негизги жана жыйынтыктоо бөлүмдөрүндө жана ошондой эле бүтүндөй сабакке тийиштүү жалпы сыйымдуулук процентине баа бергиле. Өзгөчө 4 жана 5-графалардан орун алган информацияларга көңүл бөлүп, аны терең талдап, өз оюңарды айткыла.

Байкоо жүргүзгөн студенттин фамилиясы.

Методисттик баасы жана анализи.

3.3. Дене тарбия сабагынын сыйымдуулугун

өрчүтүүнүн жолдору

Сабактын сыйымдуулугун жакшыртуу үчүн аны өтүү ыкмасынын ар бир тарабын эске алып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга аракеттенген зарыл. Негизинен мындай умтулуу беш багытта жүргүзүлүшү мүмкүн.

Биринчи багыт: “Сабактын максаты”

Ар бир окуучунун сабактын максатын толук жана айкын түшүнүүгө аракеттенгиле. Ар бир сабак алдында сөзсүз түрдө үч максат коюлушу керек.

Биринчиден, сабакта сөзсүз түрдө жаны кыймыл-аракетке үйрөтүү, экинчиден ден соолукту дене сапаттарын өөрчүтүп чындоо жана, үчүнчүдөн, тарбиялык таасир тийгизүүгө жетишүү орун алышы зарыл. Мына ушул учурда гана өтүлгөн сабактын педагогикалык жыйынтыгынан үмүттөнсө болот.

Экинчи багыт: “Көнүгүүлөрдү тандоо”

Сабактын алдына койгон максатын толук ишке ашырыш үчүн атайын көнүгүүлөр системасы колдонулушу талап кылынат. Аларды белгилүү бир тартипте туура тандоо сабактын сыйымдуулугун жогорулатат. Бул себептен мугалим төмөндөгү көнүгүүлөргө көбүрөөк токтолуп, сабак өтүү үчүн аларды кеңири колдонушу зарыл:

- негизги тапшырмаларга структурасы окшош келген көнүгүүлөр:

- атайын даярдоого мүмкүнчүлүгү бар көнүгүүлөр;

- кошумча кыймыл-аракет аткарууга жарай…

This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.

Other files

Show all 18

On GovTribe

Work with this file

  • Download the original file
  • Contacts named in this file
  • Similar government files
  • Ask GovTribe AI about this file

File details come from the government source that posted it. Updated .