11. Didactic standards

658 KB Posted

Attached to
Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
Solicitation number
F2VVHA2104G001
Issued by

About this file

Attachment 11 Didactic standards (requirements) and system for teaching Kyrgyz as a second language (Kyrgyz)

Text of this file

Сулайман РЫСБАЕВ

КЫРГЫЗ ТИЛИН ЭКИНЧИ ТИЛ КАТАРЫ ОКУТУУНУН

ДЕңГЭЭЛДИК СИСТЕМАСЫ ЖАНА АГА КОЮЛУУЧУ

ДИДАКТИКАЛЫК ТАЛАПТАР

Бишкек-2012-жыл

Алгы сөз

Кыргыз Республикасы көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкөгө айланды.

Мунун өзү бир канча тил менен маданияттын республикабызда тогошуп жашоосун, алардын өз ара бири-бирин түшүнүп жашоосун, улуттар арасындагы рухий диалогдун болуусун жана аларды чечүүнүн маселелерин алдыга коёт.

Ал маселелер мектептен эле башталат. Анткени мектепте

Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улут өкүлдөрү болгон кичинекей наристелер билим-тарбия алуу менен, Республикабыздын окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептеринде кыргыз тилин окутуу

1989-жылдан баштап жүргүзүлүп келатат. Мунун өзү Кыргызстанда кыргыз тилин жана адабиятын Мамлекеттик тил мыйзамынын негизинде башка улуттардын өкүлдөрүнө үйрөтүүгө жана ал аркылуу кыргыз элинин рухий дүйнөсүн, маданиятын таанып-билүүгө жол ачкан.

Бирок окуучулардын кыргыз тилинде сүйлөшүү деңгээли учурдун талабына ылайык келбейт. Анткени республикабызда кыргыз тилинде сүйлөөгө болгон коомдук талап дагы деле төмөнкү денгээлде болууда.

Коомдук жайларда кыргыз тили дээрлик колдонулбайт. Көптөгөн мекемелер аралык кат алышуулар жана ички иш кагаздары алиге чейин орус тилинде жүргүзүлөт. Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден башка билим берүү мекемелериндеги жыйындар, коомдук иш чаралар, ички-сырткы жасалгалар орус тилинде гана ишке ашырылат. Демек, кыргыз тили сабагынан сырткаркы учурларда жекече карым-катышта колдонулбаган тилди мектепте үйрөнүү зарылчылыгы анчалык зарыл эместей туюлат.

Ошондуктан, кыргыз тили мындай шартта чейректе жакшы баа алууга кыйын предметтин деңгээлинде гана калып, сүйлөшүүнүн тили катары үйрөнүүгө болгон каалоо (интенция) жаралбай, күндө пикир алышуу үчүн сүйлөшүү кырдаалы түзүлбөгөн бойдон калууда. Мына ушул жагдайлар кыргыз тилин аталган мекемелерде талаптагыдай үйрөнүүгө кедерги болгон негизги жагдай катары көрүнүп чыга келет.

Жогорку окуу жайлардын филилогия факультеттеринде болочок кыргыз тилчи мугалимдер кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн коммуникативдик методикасы менен жеткиликтүү куралданышпайт. Тил үйрөтүүнү коомуникативдүүлүксүз элестетүүгө мүмкүн болбогон бүгүнкү шартта андай мугалимдер окуучуларга тилди талаптагыдай үйрөтүүдө методикалык жактан чабалдык кылышат. Окутуу методикасынын мына ушундай максатка ылайык келбегендигинен улам, окуучулар кыргыз тилин жалаң грамматикалык эрежелерди жаттап өздөштүрүү менен чектелишет.

Мына ушундай абалдан улам, окуучулардын сөз байлыгы жана кыргызча байланыштуу кеби өспөй, анын натыйжасында милдеттүү түрдө өздөштүрүлүүчү Кыргыз адабияты предметинен кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуп-түшүнүүгө кыйынчылыктарды жаратары табихый көрүнүш.

Албетте, мындай учурда мугалимдер учурга шайкеш «методикалык тез жардам» талап кылынат. Андай «тез жардамды» мугалимдер каалаган жеринен, каалаган учурда эле ала алышпайт. Анткени райОНОлордо, шаардык билим берүү борборунда жана да областтык билим берүү бөлүмдөрүндө да кыргыз тили менен адистенген атайын методисттер жок, алардын штаттары өткөн кылымдын 90-жылдардын башында кыскартылып кеткен. Өз убагында зарыл методикалык кеп-кенештерди ала албаган мугалимдер республиканын борборуна билимин жогорулатуу үчүн тез-тез бара алышпайт.

Мугалимдердин теориялык билимин жаңылап, методикалык жактан чеберчилигин арттырып, алдыңкы тажрыйбаларды жалпыга жайылтып турарлык «Мамлекеттик тил-мектепте» аттуу илимий-методикалык журналды мамлекеттин көмөгү менен чыгаруу маселеси канча жылдардан бери коюлуп келатса да чечилбеген бойдон келүүдө.

Мына ушунун баары кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун жалпы методологиялык жана методикалык негиздеринин толук иштелип ыга электигинен кабар берет.Ошону менен катар, буга чейин колдонуп келген методикалык ыкмаларды, принциптерди түп-тамырынан тарта концептуалдуу жаңы багытта өзгөртүү, стандарты менен концепциясын, окуу программалары менен окуу китептерин тил үйрөтүүнүн дүйнөлүк практикасына тааянуу менен жаңылап кайра түзүү зарылдыгы келип чыгары мыйзамдуу көнүнүш.

Ушулардан улам аткарылууга тийиш болгон төмөндөгүдөй милдеттерди белгилейбиз:

1. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн концепциясын эл аралык стандартка ылайык өркүндөтүп кайрадан иштеп чыгуу;

2. Концепциянын идеяларын жүзөгө ашыруу максатында кыргыз тилин системалык-деңгээлдик мамиле менен окутуунун мамлекеттик стандартын иштеп чыгуу;

3. Кыргыз тинин деңгээлдик системага ылайык бирдиктүү окуу программасын түзүү;

4. Экинчи тил катар деңгээлдеп окутуунун методологиялык негиздерин, методдорун жана принциптерин иштеп чыгуу;

5. Тил үйрөтүүнүн деңгээлдеринин ар биринин мүнөздөмөсүн тактоо, анын дидактикалык талаптарын иштеп чыгуу жана ар бир деңгээлдин натыйжаларын аныктоо;

6. Ар бир деңгээлге ылайык лексика-грамматикалык . тематикалык, коммуникативдик минимумдарды жана сүйлөшүү чөйрөлөрүн аныктоо;

7. Кыргыз тилин этнолингвистикалык, этнопсихологиялык жана этномаданияттаануучулук негиздерин иштеп чыгуу;

8. Кыргыз тилин деңгээлдик негизде үйрөтүүнүн жүзөгө ашыруунун негизги каражаты катары ар бир деңгээлдин талаптарына ылайык окуу-усулдук комплексти (окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрдү, дидактикалык материалдарын, таблицаларды) түзүү жана аны менен иштөөнүн методикасын иштеп чыгуу;

9. Кыргыз тилин экинчи тил катары системалык-деңгээлдик негизде окутуу методикасын иштеп чыгуу;

10. Кыргыз тилинен окуучулардын билимин жана практикалык көндүмдөрүн текшерүү жана өнүктүрүү каражаты катары тесттик тапшырмаларды ар бир деңгээлге жана класстарга ылайык түзүп чыгаруу;

11. Кыргыз тилин системалык-деңгээлдик негизде окутуу методикасы боюнча диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

12. Кыргыз тилин тилин системалык-деңгээлдик негизде окутуу боюнча мектеп мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу;

13. Кыргыз тилин тилин системалык-деңгээлдик негизде окутуу боюнча сабактардын үлгү иштелмелерин жазып жарыялоо…

14. Кыргыз тилин тилин системалык-деңгээлдик негизде үйрөтүү боюнча көнүгүүлөр жыйнактарын түзүп чыгаруу;

15. Ар бир деңгээлге ылайык жат жазуулардын, баяндама жана дилбаяндардын жыйнагын жана аларды жаздыруунун методикалык көрсөтмөлөрүн даярдоо…

1. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун учурдагы абалы туурасында

Республикабыздын окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептеринде кыргыз тилин окутуу 1989-жылдан баштап жүргүзүлүп келатат. Ал адегенде

Билим берүү министрлигинин буйругу менен 1-8-класстарга алгач ирет жумасына 2 сааттан, ал эми 1992-жылдан тартып төмөнкө жана жогорку класстарга 2-3 саттан киргизилип окутуу киргизилген. Мунун өзү

Кыргызстанда кыргыз тилин Мамлектеттик тил мыйзамынын негизинде башка улуттардын өкүлдөрүнө окутууга, үйрөтүүгө жана ал аркылуу коомдук турмуштагы кызматын кеңейтүүгө маанилүү жолдор ачылган.

Окуу программасынын негизинде окуу китептеринин, алардын методикалык куралдарынын жазылып чыгышы республикабызда булл багыттагы олутту иштердин башталышына, анын илимий негизде жүргүзүлүшүнөн кабар берген. Кыргыз билим берүү институтунда бул багыттагы ишти илимий негизде уюштуруу жана анын окуу-нормативдик адабияттарын өз убагында иштеп чыгуу, илимий-методикалык жактан камсыз кылуу боюнча атайын сектор ачылып, ага окумуштуу-методисттер, практик мугалимдер тартылган.

Бүгүнкү күндө окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн Кыргыз тили окуу китептери чыгып, окуу планына жараша окутуу иштери жүрүп келатканына жыйырма жылдан ашуун мезгил өтсө да, кыргыз тилинде окуучулар эрки сүйлөп кете алган жок. Албетте, анын бир катар себептери бар, тактап айтканда, алар төмөндөгүлөр:

1. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу методикасы илими калыптана электиги. Окутуунун алгылыктуу методикасы иштелип чыга элек.

Мектеп мугалимдери кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу методикасы илими менен толук куралдана элек.

2. ЖОЖдордо кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө экинчи тил катары окутуу адистиги боюнча бүтүрүп жаткан дипломдуу адис мугалимдер кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу боюнча атайын методика менен жеткиликтүү куралданбай келатышы;

3. ЖОЖдордо бул багыттагы бир типтүү окуу программанын жана окуу китептердин жоктугу, ар бир окуу жайда ар түрдүү программа жана окуу китептери менен окутулуп жатышы, алардын өзү да тилди үйрөтүүнүн алдыңкы методикасына ылайык келбестиги;

4. Мектептерде тилчи адистердин жетпегендигинен улам ар түрдүү адистиктеги адамдар, деги эле кыргызча сүйлөй алган адамдардын баары эле кыргыз тили сабагын окутуп жатышы;

5. Окуу китептердин методикалык көрсөтмөлөрүнүн, мугалимдер үчүн методикалык куралдардын дээрлик жетишсиздиги, кыргыз тилин эне тили катары окутуу ыкмасы менен жана салыштырып окутуу методуна таянып гана окутуп жатышы;

6. Кыргыз тили сабагы окуучунун турмуштук зарылчылыгын канааттандырууга эмес, чейректен «жаман баа» албас үчүн гана окуу сабагынын деңгээлине түшүшү… ж.б.

Мына ушундай обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам, кыргыз тилин окутуу сабагы өзүнүнү практикалык натыйжасын алиге бербей келатат.

Мунун түпкү себеби эмне?-деген суроо туулат. Ал, биринчиден, республикада мамлекеттик тилде сүйлөө зарылчылыгынын төмөндүгү менен, экинчиден, башка улуттун ар бир жаранынын кыргыз тилинде сүйлөө тууралуу ички талабынын аздыгы. Булл эки нерсени талдай келсек, тилдин коомдук турмушту кызмат кылышы үчүн эки талап керек экендиги көрүнөт.

Анын биричиси- сырткы талап, т.а. коомдук талап, коомдук турмушта бардык улуттун жарандарынын кыргыз тилинде сүйлөшүп-пикир алышуу зарылдыгынын коюлушу, кыргыз тилинде сүйлөө кыргызстандык бардык жарандардын атуулдук милдети катары сезилиши; экинчиси- ички талап, адамдарда кыргыз тилинде сүйлөөгө үйрөнүү каалоолорунун, ал тилде сүйлөшүү зарылдыгынын болушу.

Изилдей келсек, республикабызда кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон мына ушул эң зарыл эки талаптын бири да жок экендиги даана көрүнүп турат.

Мын ушул жагдай тил үйрөнүү теориясын эске салат. Анда төмөндөгү төрт компоненти бар экендиги белгилүү. Алар: «интенция, мотив, программа жана практика» (Л.Леонтьев). Бул төрт түшүнүктү чечмелейли.

1. Интенция- адамдын тилди үйрөнүүгө болгон ички каалоосунун жаралышы. Демек, мектептерде окуучулардын кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон каалоосунун, ички ынтаасынын болуусу.

2. Мотив- сүйлөшүү зарылчылыгынын болуусу, сүйлөшүү кырдаалынын түзүлүшү. Бул - мугалимдин ар бир сабакта кыргызча сүйлөшүү зарылчылыгын түзө алышы, сүйлөшүү кырдаалын жарата алышы.

Окуучу мугалим менен жекече мамилелешүүсүндө да, сабактагы иш-аракеттердин маалында да кыргызча гана сүйлөшүү керектигин сезип-туюусу жана аны күн сайын ырааттуу түрдө жүзөгө ашыруунун зарылдыгы.

3. Программа- окуу китептерден күн сайын зарыл лексикалык-грамматикалык материалдарды окуп- үйрөнүү.

4. Практика- класста да, мектепте да, балдар жашаган чөйрөдө күн сайын кыргызча сүйлөшүү чөйрөсүнүн болуусу, окуучулар кыргыз тили сабактарында мугалим менен кыргыз тилинде гана баарлашуусу, мугалимдин ар бир талабына, окуу китептеги материалдарга көңүл коюу менен мамиле жасап, активдүү ишмер мамилесинин ырааттуу активдешүүсү.

Бизде булардын кайсылары бар? Интенция барбы- жок. Мотив барбы-жок. Программа барбы-бар. Күн сайын сабак өтүлөт. Практика барбы-жок.

Класста да, мектепте да, башк улуттун баласы жашаган чөйрөдө кыргызча сүйлөшүү чөйрөсү түзүлбөйт.

Мындай шарттын өзү эле республикабыздагы башка улуттун өкүндлдөрүнө кыргыз тилин талаптагыдай үйрөтүү маселесин натыйжалуу чечүүгө мүмкүн эместигин айгинелеп турат. Анткени кыргыз тилинин натыйжалуу окутулбай, мектепте талаптагыдай үйрөтүлбөй келатышы аны окутуу менен үйрөтүүнүн максатуу, концептулдуу багытынын ачык-даана эместиги, анын аныкталбай келатышы болуп саналат.

Кантсе да, кыргыз тили предмети атайын милдеттүү окутутуусу сабак катары жалпы билим берүүчү окуу мектеептин окуу планында орун алып тургандыктан, ал кутулуугу тийиш жана анын методикалык жолун табууга тийишпиз.

Албетте, учурда анын окуу-нормативдик материалдары, т.а., окуу стандарты (китепте: «Жалпы билим берүүчү орто мектептерде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты», Б.2006.), концепциясы (китепте:

«Кыргыз тилин экинчи тил катар окутуунун теориялык-практикалык маселелери», Б., 2011.), программасы («Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-11-класстары үчүн кыргыз тилинин программасы», Б., 1997-

2010, «Окуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-11-класстары үчүн кыргыз тилинин программасы», Ош, 2007) жазылган, бүгүнкү күндө кыргыз тилин окутуу мына ушул аталган окуу-нормативдик адабияттарга таянуу менен жүргүзүлүүдө. Бул документтер учурда өркүндөтүп кайра иштеп чыгууга муктаж. Анткени күн санап экинчи тилге үйрөтүүнүн активдүү формалары практикаланып, алардын негизинде жогоруда аталган документтерди өркүндөтүп кайра иштеп чыгуу менен, кыргыз тилин да натыйжалуу үйрөтүүнүн ыкмаларын табуу зарылдыгы курч коюлууда.

Ал- албетте, англис тилин чет тил катары окутуунун европалык ыкмалары болуп саналат. Ал туурасында кийинки бөлүмдө сөз кылалы.

2. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методологиялык негиздерин жаңылоо туурасында

Тилдерге үйрөтүүнүн методикасын жаңылоо туурасындагы 1991-жылы

Щвейцария конвенциясында эл аралык атайын стандарт кабыл алынгандыгы коомчулукка белгилүү. Ошол стандарттын талаптарын негизденип, учурда чет тилдерин үйрөтүүнүн сыналган методикасы катары бир катар өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп, жакшы натыйжагы жетишип жаткандыгы бизди да кызыктырбай койбойт.

Мына ошол эл аралык стандарттын талаптарына көз чаптырсак, кайсы гана тил болбосун окуу предмети катары статусуна карата төмөндөгүдөй, т.а.: ТОSL, TOEFL жана LWS деген аталыштар менен мамиле кылуу калыптанган. Алардын ар биринин мүнөзүнө жараша кызматы такталган, маани-маңызы бекемделген, ошого жараша практикада такай пайдаланылып, эл аралык деңгээлде таанылган.

Анда эмесе, алардын маани-маңызы жана тил үйрөтүүдөгү кызматы эмнеде экенин билип алалы.

ТОSL түшүнүгү кыргыз тилинде экинчи тилди окутуу дегенди билдирет. Биз кыргыз тилин окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окутууда мына ушул системаны колдонсок болот.

Анткени кыргыз тилин-мамлекеттик тил катары, ал эми орус тилин экинчи тил катары эсептесек, анда кыргыз мектебинде орус тили, орус өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили экинчи тил катары эсептелинет, ошого жараша алганда тилди ушул система боюнча үйрөтүүгө басым койсок болот.

Ал эми, TOEFL түшүнүгү тилди чет тили катары окутуунун системасын өзүнө камтыганы менен айырмаланат. Бул багыттан алганда, Кыргызстанда чет тили катары расмий түрдө англис, француз жана немец тилдери эсептелинүү менен, ал тилдерди үйрөнүү дал ушул система менен үйрөтүлүүсү натыйжа берери практикада белгилүү болууда.

Ошондой эле, тил үйрөнүүдөгү үчүнчү бир система LWS системасы – элге кеңири тараган мектешүү тили дегенди түшүндүрөт. Ал, андай болсо, Кырыгызстанда элге кеңири таанылган, улут аралык тил катары орус тили эсептелинет десек, аны үярөнүү ушул система менен жүргүзүлсө болот.

Ошондой эле, тилди максаттуу үйрөтүүдө дагы эки система бар, алар:

LSP- тилди атайын кесипке багыт берип үйрөтүү максатын көздөп окутуу, мисалы: орто мектепте, гимназиялар менен лицейлерде профилдик багыт берип окутуу жана LAP- академиялык максатта үйрөнүү, мисалы: адистикке ылайык вакалаврият менен магистратурада тереңдетип үйрөтүү багыттары.

Бул аталган багыттар Кыргызстанда да кыргыз тилин, орус тили менен чет тилдерин экинчи жана чет тил катары окутуу практикабызды кайра карап чыгуунун зарылдыгын алдыга коёт. Ал милдет окуу стандарттарыбызды, концепциялар менен программабызды тилди экинчи жана чет тилдерди окутуунун дүйнөлүк сыналган методдор менен окутуп-үйрөтүү, ыңгайлуу жолдорду табу зарылдыгын белгилейт.

Коңшу Казакстанда бул багытта бир кыйла алга жылуулар болуу менен, жаңыча методология иштелип чыгып, өркүндөтүлгөн принциптерге таянуу иш-аракеттери болуп жатканы белгилүү. Атап айтканда, аларда

«Казакстан Республикасында чет тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү» концепциясынын (Алматы, 2010) иштелип чыгышы буга далил.

Аталган концепцияда негизги орунда чет тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн теориялык-методологиялык негиздеринин аныкталышы, анын үзгүлтүксүз жана уланмалуулукта билим берүү системасынын иштелип чыгышы жана орто, атайын орто жана жогорку мектептерде чет тилдүү билим берүүнүн баскычтары жана анын мазмунунун сунуш кылышы экендиги талашсыз.

Бүгүнкү күндө тил үйрөнүү маселеси мектептеги педагогкиалык-методикалык проблеманын чегинен чыгып, адамдын нагыз турмуштук карым-катышынын зарыл куралы деңгээлине, таптакыр жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп отурат. Адам канча тил билсе, ошончо элдин өкүлү менен баарлашып, дүйнөнүн кайсы гана бурчу болбосун талаптагый жашоо кечирип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга өтүүдө.

Мунун өзү тил үйрөнүү-адамдын өнүгүүсүнүн негизги бир факторуна айлангандыгын далилдейт да, ага антропологиялык (гуманисттик) мамиле жасоону, тактап айтканда, кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү инсанга багыттап окутуу технологиясына таянып жүзөгө ашыруу сыяктуу концептуладуу максаттуу багытты так аныктоону талап кылат.

Тактап айтканда, тил үйрөнүү төмөндөгүдөй методологиялык багыттарда жүргүзүлөт:

– тилди адамдардын өз ара карым-катышынын куралы катары үйрөтүү

(коммуникациянын куралы катары);

– тилди улуттук маданиятты таануунун каражаты катары үйрөтүү;

(таанытуучу лингвистика, т.а. лингвоөлкө таануу багыты);

– тилди инсанды өнүктүрүүнүн куралы катары үйрөтүү;

– тилди коомду ич ара байланыштырып бириктирүүнүн каражаты катары үйрөтүү;

– тилди билим алуунун каражаты катары үйрөтүү;

– тилди инсандын социалдык-турмуштук талабын канааттандыруу куралы катары үйрөтүү;

– тилди жашап жаткан чөйрө менен социалдашуунун каражаты катары үйрөтүү.

Тил үйрөнүү, жогорудай белгиленгендей, инсандын калыптанышына, анын коомдо эркин социалданышуусуна, ар улуттар менен этностор аралык маданий коммуникацияга тез аралашуусуна жол ачуу менен, сабакты дал ушундай максаттуу багытта үйрөтүү технологиясын, анын мазмунун иштеп чыгуу максатын коёт. Ал бир катар жаңы жана өркүндөтүлгөн методологиялык багыттарга таянууну талап кылат.

Биринчиден, тилди окутууну жана үйрөтүүнү маданиятты түзүүчүлүк системасына таянуу менен жүргүзүү. Анткени бул система тилди грамматиканын туткунунда гана үйрөтүү ситемасын бузат, аны которуп-жаттап үйрөнүү методикасын четке кагат, аны чейректерде баа алуу үчүн гана окуу максатынан кайтат, ошентсе да, тилди ал тилдин ээси болгон элди-жерди таануу (лингвоөлкөтаануу) менен гана чектелбейт, ал инсандын тил аркылуу элдик маданиятты таануусун өнүктүрүүнү көздөө менен, лингвоэтномаданияттаануу багыты окуу процессинин өзөгүн ээлөөсүн талап кылат.

Бул багыт кыргыз тилин окутуунун жалпы максаттуулугун жаңы багытты көздөй бурат. Тактап айтканда, тил аркылуу элди-жерди гана таанып тим болбостон, элдин материалдык-рухий маданиятын, анын ичинде, сүйлөө маданиятын, мамиле маданиятын, ж.б. кеңири үйрөнүү багытын көздөгөн мазмун жаңы технология менен толукталат.

Экинчиден, кыргыз тилине болгон мамиле өзгөрүү менен, мектептерде кыргыз тилин окутууга эмес, кыргыз тилинде сүйлөөгө үйрөнүүгө басым коюлат. Албетте, мунун өзү программалык материалдарды аныктоодо жалаң гана грамматикага таянууга болбостугун, сабакта кыргызча кепке үйрөтүү багытын карманган технологиянын негизинде сабак жүрөрүн эске салат. Андай сабактарда кыргыз тилинин грамматикалык-лексикалык системасы, тактап айтканда теориялык прагматикалык билим эмес, кепке жатыгуу негизги өзөктү ээлебейт.

Грамматика менен лексика сүйлөшүүнүн курулуш материалы катары кызмат кылат, сабактын өзөгүн кепке үйрөтүү, сабакта үйрөнгөн окуу материалдарын белгиленген тематикада, белгиленген кырдаалда, белгиленген максатта колдоно билүүгө машыктыруу технологиясы негизги орунду ээлейт. Грамматика формалдуу үйрөнүлүүдөн - практикалык грамматиканы үйрөнүүгө багытталат.

Үчүнчүдөн, тилди экинчи тил катары үйрөнүү инсандын тил аркылуу өнүгүүсүн шарттайт, тил инсандын өнүгүүсүнүн каражатына айланат, тил менен бирге элди, анын маданиятын үйрөнүүчү куралга айлантат.

Кыргыз тилин үйрөтүүдөгү мындай жаңыча технолдогияны киргизүүдө анын мазмунун деңгээлдерде ишке ашыруу жүрөт. Ал деңгээлдер коммуникативдик чөйрөдө сүйлөшүү тематикалар менен типтүү кырдаалдар аркылуу аныкталат. Демек, кыргыз тили окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде окутуу иши маданиятты түзүүчүлүк багытта жана деңгээлдер аркылуу ишке аша турган окутуу моделин ойго салат.

Мындай учурда кыргыз тилин үйрөтүүнүн принциптери да өзгөрөт, же жаңыланат.Экинчи тилди үйрөтүүдө жалпы дидактиканын принциптериндей эле, өзүнө тиешелүү жеке методикалык принциптери бар экендигин бир катар окумуштуу-методисттер белгилеп келишет. Мисалы, дидактика илимине көп эмгегин арнаган Е.Н.Мединский окутуунун жалпы принциптери катары: окутуунун системалуулугу, окутууда теория менен практкианын тыкыс байланышы, тарбия бериүү менен окутуу, окуучунун курактык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу, окутуу методдорунун көп түрдүүлүгүн эсептесе, И.Д.Салистра болсо, тилди окутууда «маек курууга багыттто, тилдик материалдарды илимий негизде тандоо жана да окуучунун эне тилиндеги өзгөчөлүктөрүн эсепке алып окутуу» сыяктуу принциптерди сунуш кылган В.И.Шарнас болсо, тилди үйрөтүүдө функциялык-эврикалык, окуу материалдарын интеграциялоо, кырдаалдык-тематикалык, окуучунун филологиялык тажрыйбасын эсепке алуу принциптерин негиздеп көрсөткөн

Ал эми, чет тилин окутуу методикасына көптөгөн салымын кошкон белгилүү методист А.Бим «окутуудагы коммуникативдик башталыш, кеп ишмердүүлүгүнүн ар түрүн пайдалануу, аларга дифференциялык мамиле жасоо, окуу материалдарын берүүгө структуралык-функционалдык мамиле жасоо, кепти моделдөө, ж.б. принциптерин сунуштаган.

Албетте, бул айтылган принциптердин баары кыргыз тилин экинчи тил катары колдонууда маанилүү жана керектүү. Аларды функциясына жараша тандап алуу кыргыз тилин окутууга сөзсүз натыйжасын берери шексиз.

Төмөндө ошолордун айрымдары тууралуу кеп кылалы.

Атап айтканда, «Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-11-класстары үчүн кыргыз тилинин программасында» (Б.,2010) каралган принциптер төмөнкүлөр:

- баланын эне тилинин өзгөчөлүктөрүнө таянуу;

-кепке багыт берүү принциби;

-окуу материалдарын кептеги кызматына тандоо принциби;

-кырдаалдык-тематикалык принцип;

- дифференциялап окутуу принциби;

-лингвоөлкөтаанытуу принциби;

-деңгээлдерге бөлүп тил үйрөтүү принциби (баштоочу, активдештирүүчү, өз алдынча иштөөчү жана жалпылоочу баскычтары).

Бул аталган принциптер жогорудагы айтылгандардын жаңыланып, өркүндөөгө тийиш, тактап айтканда, тил үйрөтүүнүн коммуникативдик-маданиятаралык баарлашууга үйрөтүү принцибине жана тил үйрөтүүнү баскычтарда системалуу үйрөтүү принцибине айрыкча маани берилүүгө тийиш.

Эмесе, жогоруда айтылып өткөн принциптердин маани-маңызы тууралуу кеп кылып өтөлү.

1). Коммуникативдик-маданиятаралык баарлашууга үйрөтүү принциби. Бул принцип, ири алдыда, кыргыз тили предметин окутуу максаты менен байланышып турганы менен маанилүү, анткени кыргыз тили сабагы башка предметтерден айырмаланып, окуучуну улуттар аралык мамиле маданиятына үйрөтүүчү максатты көздөгөндүгү менен баалуу болуп саналат.

2) Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы усулдук принциптердин кататарында деңгээлдерде окутуу прицибинин ролуна, тактап айтканда кыргыз тилин үйрөтүүнүнү системалык-деңгээлдик принцибине айрыкча чоң маани берилет. Бул принцип дидактиканын жеткиликтүүлүк же окуучунун жаш өзгөчөлүгүн эске алуу принциби менен да дал келет. Баланын жаш өзгөчөлүктөрүнө, класстардын деңгээлине карап, окуу материалдарын деңгээлдерге бөлүп берүү ишке ашат, ар бир курактын алдындагы тилдик жана коммуникативдик милдет такталат, аларга ылайык кайсы баскычта ким кандай деңгээлде сүйлөй алары белгиленет, ал баскычтардын тилдик жана коммуникативдик талаптары, милдеттүү критерийла аныкталат, лексикалык, грамматикалык, кырдаалдык минимумдар иштелип чыгат. Булар жана анын ишке ашыруунун жолдору боюнча бир тууган Казакстандын белгилүү тилчи окумуштуулары С.Кунанбаева, Ф.Оразбаева, Б.Касымовалар бир катар эмгектерин арнашып, тилдерди окутуунун «Казакстандык үлгүсүн» иштеп чыгышкан.

Биз дагы Кыргызстандын мектептеринде мамлекеттик тилди өздөштүрүүнүн практикасын мындан ары өркүндөтүү максатында

Тилдерди үйрөтүүнүн Эл аралык стандартына негизденип, өзүбүздүн деңгээлдик баскычтар системабызды сунуш кылсак болот. Мисалы, төмөндөгүдөй.

Бул деңгээлдик баскычтар бири бирин-бири уланткан системалуу, бирдиктүү, А1, А2 жана Б1 деңгээлдерине бөлүнөт да, өз-өзүнчө максаттуу дидактикалык мүнөздөмөлөргө ээ болот. Бул деңгээлдер кыргыз тилин үйрөтүүнүн мектептик программасынын мазмунун, мектептик стандартынын талаптарын аныктайт. Алардын биринчиси – А1-

Карапайым деңгээл 1-класстан башталат. А1.1-Баштапкы деңгээл 2-3-4-класстарды камтыйт жана бул класстарда баштапкы жөнөкөй көндүмдөр,баштапкы орто көндүмдөр жана баштапкы толук көндүмдөр калыптанат. А2-Негизги деңгээл 5-7класстарга туурак келет. Анын ичинен окуучулар 5-класста кадыресе көндүмдөргө, 6-класста калыптанган орто көндүмдөргө жана 7-класста илгерилей калыптанган көндүмдөргө ээ болушат. Андан ары В1 деңгээли Орто деңгээл деп мүнөздөлөт да, бул деңгээл 8-9-класстарды ичине алат. Мында 8-класста окуучулар калыптанган негизги көндүмдөргө, ал эми 9-класста калыптанган толук көндүмдөргө ээ болушат. Андан ары – жыйынтыктоочу этап-В1 Ортодон жогорку деңгээл деп аталат. Анл деңгээлде окуучулар

10-класстын окуучулары тереңдетиле калыптанган көндүмдөргө, ал эми

11-класстын окуучулары тереңдетиле калыптанган толук көндүмдөргө ээ болуп чыгышат. Ошону менен бирге 11-класстын бүтүрүүчүсү кыргыз тили үйрөнүүнүн мектеп стандартынын көлөмүнө жана деңгээлине ээ болуу менен, кыргыз тилин ортодон жогорку деңгэлде өздөштүргөнү туурасындагы сертификаттка ээ болушат.

Деңгээлдерди мындай бөлүп алуу менен, окуу материалдарын жө-нөкөйдөн – татаалга, жеңилден – оорго жана оордон- адымдоого, ошону менен бирге, белгилүүдөн – белгисизге, белгисизден-чыгармачылыкка карай жайгаштыруу ишке ашырылат. Мунун өзү усулдук ыкма гана эмес, бул окутуунун натыйжалуулугуна карай багытталган принциптүү мамиле болмокчу.

3. Баарлашууга багыт берүүчүлүк принциби – бул кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун башкы максаты болгон анын практикалык максатын ишке ашырууга багытталган жетектөөчү усулдук принцип болуп саналат. Ал бүгүнкү күндө бардык тилдерди экинчи тил катары окутуунун ыкмасында кеңири орун алуу менен, окуу китептери ж.б. окуу усулдук комплекстери түзүлүүдө, сабактар да ушул багытта уюштурулууда. Бул принцип грамматикага үйрөнүү менен эмес, сүйлөшүп баарлашууга үйрөтүү багытын көздөйт жана окуу процессин ошол багытта уюштурууну максат кылат. Ошол үчүн «Коммуникативдүүлүксүз бүгүнкү усулдук жок»

– деп белгилүү орус усулчулары В.Г. Костомарова, С.Д. Митрофанова

(Россия) эң эле акыйкат белгилешет.

Бул принциптин дагы бир артыкчылыгы – кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун багыттарын гана эмес, анын бүткүл мазмунун да аныктайт, оозеки, жазуу түрүндөгү баарлашуу кандайча жүргүзүлө турган ыкмаларын да көрсөтүп берет.

4) Окутуунун кырдаалдык-тематикалык принциби – бул

«сүйлөөгө үйрөнүүнүн бүткүл иш-аракети кырдаалдардын негизинде жана анын жардамы менен гана жүргүзүлөт» дегенди түшүндүрөт.

Кырдаал деген сүйлөшүп пикир алышуучу адамдардын мамилелешүүсүнүн системасын, адамдардын сүйлөшүп ой жүгүртүү иш-аракеттерин практикага ашыруучу моменти, речтик милдетти жүзөгө ашыруучу каражат болуп калат.

Кээде кырдаалды тематика менен алмаштырып алган убакыттар болот, айталы, мугалимдер кээде «Автобус» деген теманы тандашат да, муну «Кырдаал» деп эсептеп, ошого ылайык маек (диалог) түзүү милдетин коюшат. Бирок бул туура эмес, анткени «автобуста» десек эле сүйлөшүү кырдаалы түзүлбөйт, а ал сүйлөшүүнүн темасы болушу гана мүмкүн.

Кырдаал качан гана ошол автобустун ичинде адамдар өз ара мамилелешип пикир алышууга, сүйлөшүүгө түрткү, талап, зарылчылык болсо гана түзүлүүсү мүмкүн. Демек кырдаал – сүйлөшүү жүрө турган тема, орун эмес, ошол темада, ошол жерде адамдардын өз ара сүйлөшүү зарылдыгынын түзүлүшү.

А мотив «адамдардын жүрүм-турум аракеттерин, теориялык жана практикалык ишкердүүлүктөрүн аракетке келтире турган себептердин системи», алардын ички талаптарынын, көз карашынын, кызыкчылыктарынын, эмоцияларынын натыйжасы.

5) Окуучунун эне тилиндеги өзгөчөлүгүн эсепке алуу принциби да кыргыз тилин өзгө тил катары окутуу процессинде өзгөчө ролду ойнойт.

Анткени окуу материалдарын тандоодо, атап айтканда, лексикалык, грамматикалык материалдарды тандоодо кыргыз эмес балдардын эне тилинде буюмдардын, көрүнүштөрдүн аталыштарын, аларды өздөштүрүү жана жазуу, оозеки жумуштарды аткара алуу деңгээлин ж.б. окуу процессинде туура, натыйжалуу пайдалануу баланын кабыл алуусуна, өздөштүрүүсүнө оң гана таасир берери шексиз. Ошондой эле, кыргыз тилинин лингвистикалык планда алганда грамматикалык-фонетикалык материалдарын да окуу программасында жана окуу китептеринде берүүгө окуучулардын эне тилинде аларды дал ошол учурда өздөштүргөнүн, же өздөштүрө электигин сөзсүз эске алуу көрек.

Тактап айтканда, алардын кыргыз тилиндеги тил жатыктыруусун, кыргыз графикасына көнүгүүсүн калыптандырууда да сабаттуу жазууга жатыгуу иштерин жүргүзүүдө да эне тилинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, аларды туташ, жарыш түрдө жүргүзүү жакшы натыйжа берери шексиз.

6) Инсандын жекече тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна таянуу принциби. Бул принцип да өтө маанилүү, анткени ар бир окуучу жеке инсан катары жана тил үйрөнүүдөгү мүмкүнчүлүгү менен кызыгуусунун деңгээли ар түрдүү болгондуктан, тил үйрөнүү процессин жекече өзгөчөлүгүнө, тил билүү дегээлине жараша аны өнүктүрүү мекен окутуу жакшы натыйжага алып барары шексиз.

7) Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда жалаң эле тилдик фактылар менен чектелүүгө болбойт. Анткени тил аркылуу элдин тарыхы, салт-санаасы, ошондой эле жашаган орду, мекени (шаар, айыл-кыштак, жаратылышы) бирге үйрөнүлөт. Ошондуктан, лингводидактикадагы мындай таанып билүү процесси окутуунун өлкөтаануучулугу деп айтылат.

Демек, тил үйрөнүү менен мындай таанып билүү иш-аракетин бирдикте камтыган бул лингво-улуттукмаданияттытаануучулук принцибинин ролу эң эле чоң.

Бул принцип да ырааттуу иш аракетсиз жүзөгө ашырылбайт. Окуу китептерде, усулдук бардык адабияттарда, сабактагы жандуу процесстеги жазуу жана оозеки иштелип жаткан иштердин баарында бала жашаган өлкө, анын рухий жана материалдык маданияты, сүйлөшүү жана мамиле маданияты, ж.б. жөнүндөгү түрдүү маалыматтардын болушу жетектөөчү мазмундук компонент болуусу көңүлдүн борборунда болот.

Тил эки элди жакындаштырат. Элдин бири-биринин тилине жана салт-санаасына урмат-сый мамилеси болбой, башка улуттардын өкүлдөрү менен эч нерсе, эч качан жакындаштырбайт.

8) Кыргыз тили сабактарында окуу материалдарын кептеги таанытуу жана коммуникативдик кызматына жараша тандап алуу принциби окутуунун практикалык максатын көздөө менен, сабакта үйрөтүлүп жаткан ар бир сөз, грамматикалык формалардын сүйлөшүүдө эмне кызмат аткарарын түшүндүрүүнү көздөйт. Чындыгында, «ар бир сөз өзүнө тиешелүү синтаксистик кызматы менен мүнөздөлөт, ал кызматын белгилүү бир грамматикалык моделдерде жана кеп үлгүлөрүндө аткарат. Ар бир модель же кеп үлгүсү өзүнө тиешелүү лексика менен толукталып турат. Мына ошентип, кеп менен грамматиканын, анын ичинде, прикладдык грамматиканын жандуу биримдиги ишке ашат.

Бул иш-аракеттер берилген сөз же грамматикалык формаларды курулай жаттап үйрөнүүгө карама-каршы турат. Окуучуга үйрөнгөн сөзүн кандай учурда, кандай максатта, кантип колдонуунун жолун көрсөтөт.

Атап айтканда, заттын турган ордун билдирүү, кыймыл-аракеттин кайда багытталганын айтуу, же буюмдун кимдики экендигин мындайча айтат, же болбосо, мындайча учурашып, таанышууга болот? – деген сыяктуу мотивдерге ылайык сөз жана грамматикалык формаларды тандап окуу, окуу китепте болсун же окуу процессинде болсун алардын минимумдарын түзүү, керектүү лексикалык каражаттарды топтоо жана грамматикалык материалдарды ошого ылайыктуу топтоп сунуш кылуу ишке ашырылат.

Демек, кыргыз тилин үйрөтүүдө тил каражаттарынын түзүлүшүнө көңүл бурбастан, ал каражаттардын кептеги кызматына, алардын кандайча тандалып колдонулушуна, алардын системалуу түрдө жеңилден – оорго, оордон – адымдоого карай багытталган деңгээлдеринде ситемалуу түрдө берилүүсүнө айрыкча маани берилүүгө тийиш.

Адабияттар:

1. «Окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуунун мамлекеттик стандарты, Б.2006.

2. «Окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуунун программасы», Б.2010.

3. Биялиев К.А., «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун коммуникативдик негиздери», доктордук диссертация, Б.2011.

4. Чыманов Ж.А., «Кыргыз тили окутуунун теориялык жана практикалык негиздери», доктордук диссертация, Б.2011

5. Оразбаева Ф.О., «Тил алеми», Алматы, 2011.

6. «Казакстан Республикасында чет тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү» концепциясы, Алматы, 2010.

7. Бим А., «Теория и практика обучения немецкому языку в средней школе», Проблемы и перспективы,». М.,1082.

8. Шарнас В.И, «Об основном методе обучения», М., журналда:

«Русский язфк в национальной школе», №3, 1981.

9. Салистра И.Д., «Очерки методов обученич иностраннолго языка», М., «Высщая школа», 1966, 252-б.

10. Мединский Е.Н., «О принципах советской дидактики», журналда:

«Советская педагогика», 1977, №5, 6-б.

3. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методдору жана методикалык ыкмалары

Методика деген түшүнүк грек тилинен алынган жана ал окутуунун мыйзамченемдүүлүктөрүн караштьырган илим тармагы катары кабылданган.жана ушул мазмунда калыптанган. Ал эми метод түшүнүгүнө

И.В.Рахманов «Методика обучения иностанного язык» деген эмгегинде (М., 1956) «Метод- бул, кайсы бир предметти окутуунун белгилүү бир стадиясында билим берүү жана билимди бышыктоо, окуучулар алган көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн илимий жактан негизделген, белгилүү бир максатка жетүүнү көздөгөн максаттуу ыкмалардын системасы» (15-бет)-десе, М.В.Ляховицкий «Методика преподавания иностранных языков» деген китебинде метод түшүнүгүнө «Метод деген-бул, чет тилин окутууда методикалык негизги маселени чечүү максатын көздөгөн, аны турмушка ашыруунун жалпы модели» (159-бет) деп түшүндүргөн.

А чындыгында, кайсы гана предмет болбосун, анын ичинде кайсы гана тилди үйрөтүү болбосун, окуучулардын окуу-таануу ишмердүүлүгүн уюштуруу, башкаруу, билим берүү, өнүктүрүү жана тарбия берүү максаттарына жетүү иш-аракеттеринин жолу – метод болуп саналары белгилүү. Педагогикалык адабияттарда методдордун катарына: лекция, байкоо, аңгемелешүү, түшүндүрүү, экскурсия, машыктыруу, көзөмөлдөө ж.б. киргизилип келет.

Ал эми лингводидактикада өзүнүн табиятына жараша бир нече методдору бар, аларга: аудиовизуладык (угуу-көрүү менен бирге иш жүргүзүү), аудиолингвалдык (угуу-жазуу менен бирге иш алып баруу), гарамматика-котормо (грамматикага таянуу жана лексикалык материалдарды которуп түшүндүрүү), имитациялык (угуп кайталоо жана тууроо), тилди түз үйрөтүү, кырдаалдык (кырдаал түзүп сүйлөтүү). функционалдык-кептик

(лексика-грамматикалык материалдардын колдонулушуна катара тандап окутуу), интенсивдүү окутуу (тездетип үйрүтүү) жана эмоционалдык-маанилик ыкма;

Булардын ар бири - өз алдынча өзгөчөлүктөрү бар, сыналган, практикада натыйжа берип келаткан методдор.

Алсак, окутуунун коммуникативдүүлүгү окуу процессинде баарлашууга багыт берүүчү, анын кептин-практикалык максатына шайкеш келген, б.а.

үйрөнүп жаткан тилди күндөлүк практикада колдонууга машыктыруучу ыкма болуп саналат. А функционалдуулук деген окуу материалдарын анын кептеги кызматына, маанисине жараша тандап алуу жана аны синтаксистик негизде сунуш кылууну түшүндүрөт. А алардын негизинде окуучу менен мугалидин пикир алышуусу эки улуттун өкүлү катары кабыл алынуусу, окуу материалдары алар жашаган, окуган социалдык чөйрөнүн алкагында пикир алышууга үйрөтүүсү, анда алардын жекече өз алдынчалыктын ачылышы маанилүү. Себеби, сабакта окуучуларды китептеги материалдарды кайталатып окутуп, сөздөрдү которуп же жаттатуу менен, калтырылган тамганы же сөздү көп чекиттин ордуна койдуруу менен эмес, жекече оюн, пикирин айттырып, көз карашын түздөн-түз речте, репликалар түрүндө билдирүү сыяктуу пикир алышууга үйрөтүү аркылуу гана, сабакта ошондой шартты түзүп, андан ары кыргызча сүйлөөгө көндүрө алабыз.

Баланын өз эне тилинин «коргонунан сыртка жетелеп чыгуу», башка тилди да үйрөнүп, ал тилин өкүлдөрү менен пикир алышууга үйрөнсө боло тургандыгын, ага ар кимдин мүмкүнчүлүгү болорун жана мына ушул сабактар ошонун негизи экендигин түшүндүргөн оң.

Кыргыз тилин бөтөн тил катары натыйжалуу окутуу аркылуу аны турмушта кеңири колдонулушуна жол ачууда ыңгайлуу методдордун ролу чоң. Анткени учурда окуучулардын тилди түшүнүп сүйлөөсүнө эмес, лингвистикалык гана жөндөмдүүлүгүнө (теориялык компетенттүүлүктөрүнө) айрыкча көңүл бөлүнүп, аларды жаттап алууга, айтканды кайталап айтууга басым жасалууда.

Бул проблеманы туура чечүү – кыргыз тилин үйрөтүүнү туура уюштурууга байланышкан бир катар илимий-методикалык маанилүү маселелерди чечүү менен бирге каралууга тийиш. Мисалга алсак, адегенде, сабакты пландаштыруу, анын максатын туура аныктоо, ага жетишүү жолдорун издөө, окуучулардын коммуникативдик билгичтиктерин

(практикалык компетенциясын) өркүндөтүү, сабакка бөлүнгөн убакытты оптимлдуу, сарамжалдуу пайдалануу, пикир алыша билүүгө үйрөтүү үчүн сабакта пикир алышуу маанайын түзүү, ал үчүн окуу зарылдыгын пайда кылган сүйлөшүү кырдаалдарды уюштуруу жана ага багыт берген ачык суроо- тапшырмаларды камтыган кырдаалдык көнүгүүлөр системасын түзүү, окуучулардын билимин максаттуу (объективдүү) баалоо, негизинен, кыргыз тилин натыйжалуу окутуунун методикасын (методдорун) иштеп чыгуу – учурда абдан зарыл.

Ал үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүгө тийиш?

Биринчиден, сабакта кыргызча сүйлөгө кырдаал жаратуу менен муктаждык түзүлүүсү керек. Муктаждык болбосо, тилди үйрөнүүгө эч ким унтулбайт.

Экинчиден, тилди үйрөнүүгө балдарды кызыктыруу керек. Бул максатта тил үйрөнүүчүнүн жаш курагын, кызыкчылыгын, умтулууларын, билгичтиктеринин ар түрдүү деңгээлдерин эске алуу менен, теманы, текстти туура тандоо аркылуу жетишүүгө болот.

Үчүнчүдөн, сабактын натыйжалуулугун жогорулатууга мугалимдин кесиптик чеберчилигин арттыруу, инновациялык методдорго кызыгуу аркылуу жетишүүгө болот. Мазмундуу, окуучулардын ички муктаждыгына, кызыкчылыктарына ылайык тексттерди пайдалансак, аны менен тил үйрөнүүчүлөрдүн жигери, тилге кызыгуусу жогорулайт, өз алдынча ой жүгүртүүгө, сүйлөө практикасын өстүрүп, жекече оюн өз сөзү менен билдирүүгө өбөлгө түзөт.

Тил үйрөнүүнүн азыркы теориясы жана практикасында тилге үйрөтүү методикасы үч мааниде колдонулат:

1) тийиштүү предметти окутуу теориясы жана практикасы боюнча ыкмалардын жыйындысын түзгөн окутуу методикасы;

2) илимий дисциплина катары – тилди окутуу жана үйрөтүү теориясы

(же лингводидактика);

3) практикалык жактан алганда – мугалимдин көздөгөн максаттарына жетишүүсүн камсыздай турган ыкмалардын жыйындысы болуп саналуучу

«окутуу технологиясы».

Ушул багыттарда алганда, кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу жалпы педагогиканын төмөндөгү: изилдеп үйрөнүү методу, түшүндүрүү методу, аңгеме методу, проблемалык окутуу методдоруна таянылат. Ошону менен бирге, төмөндөгү методикалык системаларды да пайдалануу максатка ылайык келет, атап айтканда, өнүгүүнүн активдүү зонасы (Л.С.Выготский), акыл ишмердүүлүгүн этап менен өнүктүрүү (П.Я.Гальперин), өнүктүрүп окутуу теориясы (Д.Б.Эльконин

П.И.Давылов, В.И.Зинченко ж.б.), таанып-билүү ишмердүүлүгүн башкаруу теориясы (В.Н. Беспалько, Н.Т.Талызина), баланын инсандыгын эске алып окутуу (И.С.Якименская, И.Б.Бекбоев), проблемалык окутуу (Махмутов, Б.Өмүралиев, К.Иманалиев), кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү теориясы (А. Леонтьев), ден соолукту сактап окутуу, ж.б.

Ошентсе да, соңку убакта интерактивдүү методдор практикага жигердүү кирип жатат. Албетте, учурдагы тил үйрөтүү боюнча дүйнөлүк практикада сыналган бул ыкмаларды, анын стратегияларын колдонуу жакшы натыйжаларга жол ачмакчы.

Мисалы, «окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү» усулу текст менен иштөөдө жана окуучунун оозеки-жазуу ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кеңири жол ачууда. Ушул ишмердүүлүктү андан ары улантуучу ИНСЕРТ усулу да мугалимге эң жакшы жардамга келмекчи. Бул усул окуучулардын тил билүү өзгөчөлүктөрүнө жараша окутууну уюштурууда анын баскычтарын, деңгээлдерин эске алып, элементардык тил билүү (социалдык жана маданий чөйрөлөрдү эске алуу менен), андан ары тилди билим алуунун жана түрдүү маалыматтарды алуунун маанилүү булагына айлантып, ТОЕФЛ деңгээлине өстүрүп чыгарууга туура багыт берет.

Мындагы текстти түшүнүп окууда анын төмөндөгү «кадамдары»:

чакыруу, түшүнүү, ойлонуу, салыштырып ой бөлүшүү жана жыйынтыктоо баскычы сөзсүз эске алынууга тийиш:

Окуучулардын кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө туура стимул болууда алардын практикалык көндүмдөрүн акыйкат баалоо көңүлгө айрыкча алынууга тийиш Бул багытта америкалык психолог, педагог Бенджамен

Блумдун таксономиясы (таанып-билүүчүлүк системасы) жакшы жардам берет.

Тактап айтканда, анын деңгээлдери: билүү, түшүнүү, колдонуу – төмөнкү деңгээлдеги тилдик жана сүйлөшө алуу көндүмдөрүн камтыса, экинчи деңгээли – талдоо, синтездөө, баалоо – жогорку деңгээлдеги билгичтиктер болуп саналат. Б.Блумдун бул таксономиясы окуучулардын иштөө, сүйлөө процесси менен түздөн-түз байланыштуу жана алардын:

билүү; түшүнүү; колдонуу; талдоо (анализ); топтоо (синтез) жана баалоо процесстерин туура аныктоого жол көрсөтөт.

«Мен канча тил билсем – ошончо кишимин» деген экен немец элинин улуу акыны Гейне. Демек, мындан сабактын практикалык, нравалык, өстүрүүчүлүк максаттарына өзгөчө маани берүү керектиги көрүнүп турат.

Бул сабакты кайсы тилде жүргүзүү көрек? деген маселе менен байланыштуу чечилет. Баса, чынында сабакты кайсы тилде уюштуруу керек? Албетте, кыргыз тилинде. Бүгүнкү күндө мындай пикирге каршы чыккан усулчу – окумуштуулар да жок эмес.

Сабакты орус тилинде жүргүзүп, иштей турган материалдар гана кыргызча болушу керек, себеби, балдар класста мамилелешүү тилин билишпейт да - дешет. Ал тургай, окуу китебиндеги негизги тексттен тышкары (суроо, тапшырма ж.б.), бүтүндөй орус тилинде, же болбосо, бүтүндөй эки тилде болсун дегендер да жок эмес. Алар жаңылышат.

Мындай жол менен баланы өз эне тилинин «туткунунан чыгара албайбыз». Аларга кыргыз тилин үйрөнүү зарылчылыгы аз болсо дагы, жасалма зарылдык түзүлбөйт.

Демек, биз кыргыз тилин талаптагыдай үйрөтөбүз десек, сабакка чейинки эле учурашуу, сабакты уюштуруу, аны алып баруу, үй тапшырмасын берүү сыяктуу бүтүндөй ишти кыргызча жүргүзүү, баланы ага калыптандыра берүү зарыл.

Сабакты баарлашуу сабагына айландыруу, окуу материалдарын кептеги кызматына жараша тандоо, окутууну этаптарда жүргүзүү менен, окуу материалдарынын мазмунун байытып, тереңдетип отуруу, кошумчалануу, тереңдетилүү башкы маселе бойдон калат.

Мындай болгондо, сабакта өтүлүүчү окуу материалдары грамматикадан кепке эмес, тескерисинче, кептен грамматикага карай багытталганы пайдалуу. Ал кандай болмокчу?

Программага ылайык сабактын темасы, салт боюнча, жатыш жөндөмөсүнүн -да мүчөсү же суроолуу сүйлөм же сын-сыпат тактооч ж.б. деп аталбайт. Алар буюмдун турган ордун айтуу, же бирөөнүн ден соолугун, ал-абалын сурап билүү, же болбосо, кыймыл-аракеттин кантип болуп өткөнүн билдирүү сыяктуу болуп аталат. А бул биз түшүнгөндөй, сүйлөшүүгө багыт берүүчү, аны уюштуруучу мотивдер, же турмуштук кырдаалдар болуп саналат. Анын аларга ылайык көп үлгүлөрү сунуш кылынат же. кеп үлгүлөрү түзүлөт. Эгер берилген бир кырдаалга 3 саат ыйгарылса, ага карата түзүлгөн үч түрдүү модель өз тегерегинде 3 сааттык материалды топтойт. Демек бир модель бир сааттык материалдын негизи болот да, ар бир моделдин тегерегинде топтолуп сунуш кылынган материалдар менен ошол кырдаалга ылайык жүрө турган сүйлөшүүнүн негизинде жаткан грамматикалык материалдарды далилдеп түшүндүрүүгө, аны ар тараптан ачып берүүгө аракет кылынат. Ошондо да, ага ылайык лексикалык минимумдун чегинен чыкпайт.

Демек сабактын натыйжалуулугуна жетишүү үчүн аны кырдаалдык-тематикалык материалдарды далилдеп түшүндүрүүгө, аны ар тараптан ачып берүүгө аракет кылынат. Ошондо да, ага ылайык лексикалык минимумдун чегинен чыкпайт.

Проблемалык окутуу

Проблема – бул назарий же амалий жактан чечүүнү талап кылган түйүндүү маселе-көйгөй. Проблемалык окутуу – окуучулар менен бирдикте ошол маселе-көйгөйлөрдү таануу, деңгээлин аныктоо, баамдоо менен аны чечүүнүн таамай, кыска, таасирдүү жана натыйжалуу жолдорун таба билүүнү камтыган окутуу жараяны. Проблемалык окутуу төмөндөгүдөй баскычтардан турат:

– проблемалык кырдаал (жагдай) түзүү;

– проблемадык суроолор коё билүү;

– прблеманы чечүү жолдорун, усулдарын тандоо;

– проблеманы чечүү;

–проблеманьш чечилишинин тууралыгын анализдөө.

М: Физикадан жылуулуктан заттардын малекулаларынын кеңейиши жөнүндөгү нукта өтүлөт дейли.

1) Мугалим адегенде жипке байланган темир шарикти шакекчеден өткөрүп көрсөтөт. Шакекти спиртовка же шам менен ысытып туруп кайра өткөрөт. Жана өткөн шарик эми өтпөй калат.

Балдарда удургуу пайда болот. Бул – проблемалык кырдаал.

2) "Эмне үчүн?" деген суроолор жабалактайт. Мугалим кырдаалга жараша окуучулардын кызыгууларын ойготуучу суроолорду таштайт.

Бул – проблемалык суроолор.

3) Балдар топтордо талкуулар жүргүзүшөт. Гипотеза, пикирлерди айтышат. Дебаттар, кайчы пикирлер жүрөт. Өздөрү да тажрыйбалап көрүшөт. Булар – проблеманы чечүү жолдору, усулдары.

4) Мугалимдин багыттоолору менен жылуулуктан заттардын малекулаларынын кеңейиши жөнүндөгү жаңы түшүнүктү алышат. Бул – проблеманын чечилиши.

5) Шарикти суутуп туруп кайра өткөрүп, кайра ысытып туруп өткөрүп тажрыйбаларын текшеришет. Бул тажрыйбаларды башка буюм-заттарга да жасап көрүшүп ынанышат. Бул – проблеманын чечилишинин тууралыгын анализдөө.

Индукция усулу.

Бул окутуунун логикалык усулдарына кирет. Индуктивдүү усул – бул ой жүгүртүүнүн жекече учурларынан жалпы ой жүгүртүү учурларына өтүү. Башкача айтканда, түрдүү маалымат-фактыларды, далилдерди, мисалдарды, практикалык материалдарды иликтеп окуп-үйрөнүү аркылуу жалпы жыйынтыктарга – эрежелерге, аныктамаларга, бүтүмдөргө, теоремаларга келүү. Мында ассоциациялоо, топтоштуруу, типтештирүү, жалпылоо ж.б. багытындагы педагогикалык иш-аракеттер негизги мааниге ээ болот.

Мисалы: 1)"Тактооч" сөз түркүмүн өтүүдө адегенде, кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, ордун, өлчөмүн, мезгилин ж.б. билдирген сөздөр катышкан мисалдарды талдап-иликтөө, жалпылоо аркылуу "Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөз түркүмү тактооч деп аталат" деген аныктама-эрежеге баруу.

2) Мугалим Пифагордун теоремасын өтүүдө адегенде, ар түрдүү өлчөмдөгү бир нече тик бүрчтуу үч бурчтуктардын катеттеринин квадраттарынын суммасын таптырьш, аны гипетенузасынын квадраты менен салыштырып көрүүгө тапшырма берет. Натыйжада балдар жеке мисалдар аркылуу

"Тик бурчтуу үч бурчтуктун катеттеринин квадраттарынын суммасы гипетенузасынын квадратына барабар" деген бүтүмгө өздөрү келишет.

Кыскача мазмуну: Жеке ой жүгүртүүдөн жалпы, ой жүгүртүүгө өтүү.

Дедукция усулу.

Бул да окутуунун логикалык усулдарынан. Мазмуну боюнча индукцияга карама-каршы келет. Бирок күн менен түн айрылышпай бир бүтүн сутканы жараткандай, булар ощол эле учурда логикалык бир бүтүндүктү туйдурат.

Дедукция усулу – логикалык бир бүтүмдү, эрежени, аныктаманы, теореманы конкреттүү (дайындуу) мисалдар, фактылар, маалыматтар аркылуу далилдеп берүү усулу. Индукцияда жогорудагы жеке мисалдар аркылуу 1) тактоочтун зрежесине, 2)

Пифагордун аныктамасына жетсек, дедукцияда адегенде, ошол аныктама-теоремалар берилип, ал конкреттүү мисалдар менен далилденет.

4.Кыргыз тилин сүйлөшүү чөйрөсүнө, сүйлөшүү тематикасына жана андагы коммуникативдик милдеттерге ылайык үйрөтүүдөгү дидактикалык талаптар

Кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө, асыресе, мектеп окуучуларына мамлекеттик тил катары үйрөтүүнүн натыйжалуу болуусу– тилди үйрөтүү методикасы илиминин гана жетишкен ийгилиги катары баалануу менен чектелбейт. Ушундай шартта биз тилди адамдардын байланыш-катышынын гана куралы эмес, улуттун рухун, мамлекеттин идеологиясын түзөр жана аны сактап калуунун да каражаты экендигин эсибизге салуубуз кажет.

Чындыгында, кыргыз тилин талаптагыдай үйрөтүү, баарыдан мурда, кыргыз мамлекетинин ийгилиги, анткени, ал–анын мамлекеттик тилинин кулач жайышы, рухий беделинин көтөрүлүшү, рухий байлыгынын башка улуттар тарабынан үйрөнүлүшү, аймагында жашаган башка улуттун өкүлдөрүнүн арасында рухий көпүрө болуп, аларды бириктирүүчү каражат деңгээлине жетиши, акырында, тил аркылуу калыптанган байыртадан берки рухий казынасынын, тарыхынын, дилинин өлбөстүгүн далилдениши болмокчу.

Анын мындай деңгээлге жетишинин бир канча орчундуу факторлорго көз каранды экендигин белгилөөгө тийишпиз. Алар кайсылар?

Биринчиден, Кыргыз Республикасында кыргыз тилине болгон коомдук талаптын, ал тилде сүйлөөгө болгон зарылдыктын болушу. Бул-албетте, сырткы талап. Коомдук мындай талап болбосо, анын зарылдыгын жарандар сезбесе, эч ким ал тилде сүйлөбөйт, коомдук жайларда сүйлөшүүгө болгон зарылдык жаралбайт.

Экинчиден, Кыргыз Республиканын ар бир жараны кыргыз тилин үйрөнүүгө жана сүйлөөгө болгон ички зарылдыктын, каалоо сезиминин, ички керектөөнүн болуусу. Кыргызстанда кыргыз тилинде иш алакаларга, жазуу жана оозеки байланыштарга (коммуникация) жарандардын ички даярдыгынын жаралышы.

Үчүнчүдөн, кыргыз тилин үйрөнүүгө киришкен башка улуттун жараны

«Мен бул тил менен келечекте Кыргызстанда жашайм жана иштейм, ал менин жашоо куралым болот, андан ийгилик табам, кызматта иштейм, билим алам, Кыргызстанды тереңдеп үйрөнөм» деген келечектүү кызыкчылыктын, оң мотивдин болуусу, т.а. кыргыз тилинин жашоо каражаты катары кызмат кылуусу;

Төртүнчүдөн, күндө кыргыз тилинде сүйлөөгө болгон жандуу практиканын болушу.

Ушундай факторлор менен катар, кыргыз тилин натыйжалуу үйрөтүүдө чечилүүгө тийиш болгон бир катар илимий-педагогикалык зарыл шарттарды да эсепке алуу керек. Алар төмөндөгүлөр болмокчу:

1. Мектептеги кыргыз тил сабагын окутуунун максатынын так аныкталышы;

2. Сабактарда кыргыз тилин үйрөтүү методдорунун туура тандалышы;

3. Туура принциптердин жетекчиликке алынышы;

4. Кыргыз тили мугалимдеринин методикалык чеберчиликтеринин жогору болуусу;

5. Тил үйрөнүүнүн эл аралык үлгүлөрүнө таянган коммуникативдик жаңы технологияга таянуу;

6. Тил үйрөтүүгө ылайыкталган сапаттуу окуу китептеринин, усулдук жана дидактикалык адабияттарынын болуусу;

7. Окутуунун практикалык баалуулугунун жогору болуусу.

Бул айтылгандарды талдап келсек, айтылган ойлордун чордонунда тилге үйрөнүүгө болгон коомдук талап жана үйрөтүүнүн жаңы технологиясы тургандыгы көрүнүп турат. Андагы талап-тил үйрөнүүгө болгон ички жана тышкы талаптарды туюнтса, коммуникативдик жаңы технология маселеси туура методдорду тандоо, туура принциптерге таянуу, сапаттуу окуу китептердин болуусу, мугалимдин методикалык чеберчилиги…

This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.

Other files

Show all 18

On GovTribe

Work with this file

  • Download the original file
  • Contacts named in this file
  • Similar government files
  • Ask GovTribe AI about this file

File details come from the government source that posted it. Updated .