10. Techniques for teaching of Kyrgyzstan_s history in high schools
700 KB Posted
- Attached to
- Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
- Solicitation number
- F2VVHA2104G001
About this file
Attachment 10 Techniques for teaching of Kyrgyzstan's history in high schools (Kyrgyz)
Text of this file
Б.У. КОЗУБАЕВА
ОРТО МЕКТЕПТЕ КЫРГЫЗСТАН
ТАРЫХЫН ОКУТУУНУН
МЕТОДИКАСЫ
Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо
Бишкек-2012
Мазмуну
Киришүү…………………………………………………………...……
1. Кыргызстан тарыхын окутуунун максаттары жана натыйжалары
2. Заманбап коомдо Кыргызстан тарыхын окутуу
3. Кыргызстан тарыхы сабагы
4. Кыргызстан тарыхы сабагын уюштуруу
5. Сабакта интерактивдүү методдорду колдонуу
6. Көрсөтмө куралдарды колдонуу
7. Суроо берүүнүн ыкмалары
8. Баалоо …………………
Колдонулган адабияттар
Киришүү Кыргызстан тарыхын окутуунун методикасы педагогикалык илим катары бир нече илимдердин тогошкон жеринде пайда болуп, калыптанат жана өнүгөт. Демек, тарых мугалими да өзүнүн педагогикалык, илимий жана практикалык ишмердигинде бир нече илимдердин маалыматтарына таянууга тийиш.
Буга чейин Кыргызстан тарыхы предмети боюнча методикалык колдонмо дээрлик жок болгондуктан бул китепти жазуудан мурда эмнелерди көбүрөөк берүү керек, мугалимдердин алдында кандай маселелер бар, кайсы маселеге көбүрөөк токтолуу зарыл деген суроолордун үстүндө ой жүгүртүп, жогорудагы суроолорго жооп жазуу иретинде түзүлдү.
Бул методикалык колдонмодо Кыргызстан тарыхы, анын максаты, милдеттери, жаш муунду тарбиялоодогу, алардын коомго ыңгайлашып кетүү үчүн культурология-лык - компетенттүүлүктөргө ээ кылуудагы мугалимдерге коюлуучу талаптар тууралуу маалыматтар берилди. Сабак өтүү процесси, методу жана технологиясы, салттуу жана интерактивдүү методдор жөнүндө сөз болот. Кыргызстан тарыхынын максаттары жана милдеттери, сабакта көрсөтмө куралдарды колдонуу, тапшырмаларды кандайча берүү керек, суроо берүү жана баалоо тууралуу кеңири айтылды.
Методикалык колдонмо дегенде биз биринчиден сабактардын даяр иштелмелерин элестетип көнгөнбүз. Ал эми бул эмгекте авторлор көбүнчө жалпы маселелерге мугалимдердин көңүлүн бурууга, аларды кабардар кылууга аракет кылышты.
Анткени, мугалим робот сыяктуу даяр иштелмени программалап колдонуучу техника эмес, мугалим – ой-жүгүртүүчү, заманбап жаңылыктарды билүүгө акылуу, өткөн тажрыйбаны унутпоого милдеттүү инсандар. Сөздү алыстан баштап, сабактын иштелмелерин акырында бергенибиздин себеби да, бул эмгектин жалпы методикалык колдонмолордон айырмасы да ушунда.
Китепти жазууда көптөгөн адабияттар пайдаланылды. Адабияттардын ар бирин сноска менен бербестен, эмгектин аягында тизме кылып гана берүүнү туура таптык.
Урматтуу тарых мугалимдери, бул китеп силердин керегиңерге жараган методикалык колдонмо боло тургандыгына ишенебиз. Ар бир бүгүнкү жашап жаткан күнүбүз – эртеңки тарыхка айланат. Бүгүнкү силерге сунуш кылып жаткан жаңылык эртең тарыхка айланып, башкача сөздөр менен түшүндүрүлүп калышы мүмкүн.
Ишиңерге ийгилик каалайбыз!
Автор
1. Кыргызстан тарыхын окутуунун максаты жана натыйжалары А.В.Дистерверг: «билим жана тарбия берүүнүн жалпы адамзаттык максаты – чындыкка, жакшылык жана сулуулукка кызмат кылуу».
Кыргызстан тарыхын окутуунун максаты жана милдеттери. Орто мектептерде тарых предметин окутуунун башкы максаты - тарыхый материалдардын негизинде окуучулардын кыргыз элинин тарыхына болгон илимий көз карашын, ар түрдүү тарыхый фактыларды жана алардын маанисин түшүнө алуу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу, улуттук жана дүйнөлүк маданий каада-салттарга жуурулуштуруу, маданияттын тилине ээ болуусун, окуучулардын инсандык сапаттарын өткөндү билүүнүн негизинде улуттук маданияттын маанилүү жетишкен-диктерин өздөштүрүүсүнө, өзүн тарыхый өнүгүүнүн субьектиси катары аңдоосуна мүмкүнчүлүк түзүү менен Ата Мекенди сүйүүгө, коргоого тарбиялоо.
Кыргыз Республикасынын мектептеринде, мектепте билим берүү-нүн жыйырма беш окуу сабактары боюнча мамлекеттик стандарт-тары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын, 23-июлун-дагы №554-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мек-тептик билим берүүнүн Мамлекеттик Билим Берүү стандарттарынын жана Билим берүү министрлигинин 2005-жылдын 18-майдагы №251/1-буйругунун негизинде Кыргыз билим берүү академиясынын алдында түзүлгөн жумушчу топтору тарабынан иштелип чыккан . Азыркы учурда орто мектептерде тарыхты окутуу ушул программага ылайык жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик стандарт боюнча мектептеги тарыхый билим берүүнүн негизги мазмундук багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1. Тарыхый убак: жыл, кылым, миң жылдык, доор. Жылдардын эсеби жана окуяларды мезгилдерге бөлүү. Тарыхый окуялар, кубулуштар.
2. Тарыхый мейкиндик – географиялык, экологиялык, этникалык динамика, адамдын жана коомдун өнүгүшүнүн социалдык факторлору:
дүйнөнүн картасынын геосаясий өзгөрүшү; тарыхый локалдык цивили-зациялардын картасы.
3. Тарыхый өнүгүү кыймылы:
Стандарт – 1. башка окшош объекттерди аны менен салыштыруу үчүн баштапкы катары алынуучу үлгү, эталон, модель; 2 – чоңдуктардын бирдиктерин, терминдерди жана алардын аныктамаларын белгилөөчү ченемдик-техникалык документ, продукцияларга жана өндүрүштүк процесстерге коюулуучу талаптар, адамдардын коопсуздугун жана материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуучу документ ж.б.
Кеңири маалыматты: Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. Б. “Билим куту”. 2006. 249-270 беттерден алсаңар болот.
Тарыхтагы адамзаттын орду – ар түрдүү тарыхый доорлордогу анын өнүгүшү: керектөөсү, кызыкчылыгы, иш аракетинин далили;
дүйнөнү кабыл алуусу, баалуулуктары: жашоосунун жана турмуш-тиричилигинин шарттары.
Материалдык өндүрүштүн өнүгүшүндөгү адамдын эмгек ишмер-дүүлүгүнүн эволюциясы. Тарыхтагы адамдардын ортосундагы экономикалык мамилелердин өзгөрүшүнүн мүнөздөрү.
Ар кайсы доордогу жалпы адамзаттык баалуулуктар: этникалык жамааттар (уруу, эл, улут) жана процесстер; тап, сословие, катмар, социалдык топтордун өнүгүү динамикасы; мамлекеттин пайда болуу, негизделүү жана өнүгүү процесси, алардын тарыхый формасы.
Дүйнө элдеринин жана өлкөлөрдүн негизги окуялары.
Тарыхтагы социалдык кыймылдардын динамикасы.
Адамдын айлана-чөйрөнү таануу; диний көз караштардын пайда болушу, өнүгүшү (диний жана диний эмес коомдор); коомдук ой-жүгүр-түүлөр; илимий идеялардын жаралышынын тарыхы.
Дүйнө элдеринин маданий өнүгүүсүнүн тарыхы: рухий жана материалдык маданият; этикалык жана эстетикалык балуулуктардын динамикасы, ар түрдүүлүгү; элдердин жана цивилизациялардын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы.
Элдердин, коомдун, цивилизациянын (коңшулук, маданий байланышы, басып алуулары ж.б.) өз ара мамилелеринин тарыхы;
тарыхтагы тынчтык жана согуш маселелери.
Тарыхый өнүгүүдөгү мамлекеттин ролу.
4. Мамлекеттердин жана цивилизациялардын тарыхый өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү.
Албетте, Дүйнөлүк тарых жана Кыргызстан тарыхы курстары бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, жалпы тарыхый билим берүү деп түшүнүлөт. Андыктан жалпысынан алып караганда мектептик жалпы тарыхый билим берүүнүн башкы максаты – өткөн турмуш жана андагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды окуп билүүнүн негизинде социалдык жактан жигердүү, гумандуу багытта тарбия алган инсанды калыптандыруу болуп эсептелет.
Мамлекеттик стандарт боюнча тарых сабагын окутуунун максаты төмөнкүлөр:
Тарбиялык: мекенчилдик, Мекенибиздин тарыхын жана элибиздин каада-салттарын, адам укуктарын жана эркиндигин коомдук турмуштун демократиялык принциптерин сыйлоо;
Өздөштүрүү: Кыргызстандын жана дүйнөлүк тарыхтагы негизги окуяларды жана процесстерди, алардын байланышын жана хроноло-гиялык улануучулугу;
Ээ болуу: тарых таануунун элементардык методдоруна, ар түрдүү тарыхый маалымат булактары менен иштей алуу жөндөмүнө;
Калыптандыруу: тарыхый доорлордо аралашкан маданий, диний, этностук, улуттук каада-салттар менен таанышууда алардын баалуулук-тарын калыптандыруу;
Колдонуу: тарыхтагы түзүлгөн система, социалдык нормалар жөнүн-дө түшүнүк алуу менен көп маданияттуу, көп конфессианалдык, этникалык көптүк коомдо маданияттар аралык байланыш түзүү, башка өлкөлөргө, элдерге карата толеранттуу мамиле жасоо.
Мектептик тарыхый билим берүү төмөнкү милдеттерди чечүүгө:
күндөлүк турмуштун маселелерин талдоого, азыркы коомду түйшөлткөн проблемалардын башатын табууга;
турмуштук маанилүү максаттарды тандоого таасир этип, көз караш-тардын калыптанышына шарт түзүүгө;
алдын-ала божомолдоодон жана догматизмден баш тартууга аргасыз кылууга;
нравалык тарбиялоого жана гуманисттик баалуулуктарды өздөштүрүүгө;
коомдун өнүгүшүнүн себептерин жана өзгөчөлүктөрүн түшүнүү үчүн негиз түзүүүгө;
окуучуларды акыл-эстүү жана аң-сезимдүү коомдук ишмердикке даярдоого жардам берет.
Мектептик тарыхый билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу аркылуу предметтин системалуулугун, предметтер аралык байланыштарды өздөштүрүүгө болот. Ошентип, мектептик тарыхый билим берүү системасын реформалоо мугалимдердин алдына жаш муунду тарбиялоо боюнча жаңы, татаал милдеттерди коюуда.
Ал милдеттерди ишке ашырууда коом: мугалимге окуучу менен тыгыз байланышта болуп окуу процессин жүргүзүү талабын коёт.
Кыргызстан тарыхын окутуунун натыйжалары же культурологиялык-компетенттүүлүктөр. Окуучунун негизги компетенттүүлүгү - анын фактыларды жана окуяларды ар кандай багыттарда интерпретацияланышын түшүнүүсү. Өнүгүү процессинин төмөндөгүдөй:
Диний-тарыхый;
Дүйнөлүк-тарыхый;
Локалдык-тарыхый (цивилизациялык) теорияларынын ичинен окуучу адамзаттын социалдык жана маданий эволюциялык өнүгүүсүн тарыхый мезгил жана мейкиндикте тарыхый өнүгүү процессинин теориясы аркылуу аңдап-түшүнөт.
Демек, азыркы коомдун талабына ылайык тарых предметинин борбо-рунда, ядросунда адам туруп, анын иш аракетинин, таасиринин натый-жасында коом өнүгөт.
Адамдын жашоосу бири-бири менен тыгыз байланышкан:
чарбачылык (ишмердүүлүк);
социалдык мамилелер;
саясат жана укук;
маданият сыяктуу төрт чөйрөдө өнүгүп барат.
Тарыхый мейкиндикти андап-түшүнүү менен фактыларды жана окуяларды билүү үчүн тарыхты мезгилдерге бөлөбүз. Тарыхый өнүгүү процессинин теорияларын методологиялык интерпретациялоо: диний, дүйнөлүк жана локалдык.
Диний тарыхый теория – адамзаттын, коомдун, мамлекеттердин жана цивилизациялардын өнүгүүсүнө диндин түздөн-түз тиешеси бардыгы менен түшүндүрүлөт.
Дүйнөлүк тарыхый теория – коомдук-экономикалык өнүгүүнүн формацияларын материалисттик көз карашта окуп-үйрөнүү.
Локалдык тарыхый (цивилизациялык) теория – цивилизациялардын аймактык, этникалык, маданий өзгөчөлүктөрүн окуп-үйрөнүү, аларды материалдык жактан таанып-билүү менен маалымат алуу.
Бүгүнкү күндө билим берүүнүн негизги принцитеринин бири инсанга багытталып окутуу болуп эсептелет. Анда окуучулардын компетенцияларын калыптандыруу негизги орунда турат.
“Адам ар кандай тарыхый эпохаларда”
Ишмердүүлүк, социалдык мамилелер, саясат жана укук, маданият.
Тарыхты периодизациялоо
Фактылар жана окуялар
Тарыхый мейкиндик
Тарыхый өнүгүү процессинин теорияларынын методологиялык интерпретациясы
Диний-тарыхый теория.
Тарыхый өнүгүү процессиндеги кыймыл
Кудайга умтулуу болуп эсептелет.
Дүйнөлүк-тарыхый теория.
Формациялык жана материалисттик;
Либералдык;
Технологиялык.
Локалдык-тарыхый
(цивилизациялык) теория.
Этногенез;
Түрк тилдүүлөр;
Евроазийство.
Компетенцияларды калыптандырууда мектептин максаты: актуалдуу маселелерди чечүүдө окуучулардын өз алдынча туура чечим кабыл алууга болгон жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу.
Компетенция – латын тилинен competere – ээ болуу, шайкеш келүү, туура келүү дегенди түшүндүрөт.
Компетенттүүлүк – адамдын ар түрдүү билимдердин, билгичтиктер-дин элементтерин жана иш-аракеттин ыкмаларын белгилүү бир кырдаалда өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү.
Бул инсандын ар кандай маселелерди чыгармачылык менен чечүүдө дүйнө менен бирге аракеттенип, ошол эле учурда өзүн жана дүйнөнү өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү белгилүү даражадагы билимин, билгичтигин, жүрүш-туруш көндүмдөрүн, жөндөмдүүлүгүн жана жеке инсандык, адисттик жогорку сапатын көрсөтө алуусу.
Билим компетенциясы – инсандык жана социалдык мааниси бар үзүр-лүү ишти жүзөгө ашыруу үчүн окуучунун турмуштагы багыт алуусу белгилүү чөйрөсүнө карата окуучунун өз ара байланышкан маанилүү ба-гыттарынын, билимдеринин, билгичтиктеринин, көндүмдөрүнүн жана иш тажрыйбасынын топтому менен туюнтулган билим алуу даярдыгына талаптар
Билим компетенциясына жетишүүдө окуучунун таанып-билүүсү 4 иерархиялык деңгээлде өнүгөт. Алар:
Жөнөкөй деңгээл – акылды машыктыруу. Алар фактылык эстеп калууга негизделген. Т.а. окуучунун таанып-билүүсү «бул эмне…?» деген суроого жооп берүүдөн башталат.
Кийинки деңгээл бул – эстеп калуу. Окутуу окуяларды жана кубулуштарды түшүндүрүү, сүрөттөө менен байланыштуу.
Үчүнчү деңгээл – колдонуу. Окуучунун өз билимдерин ар түрдүү кырдаалдарда колдоно билүүсү.
Акыркы деңгээлде – синтездөө жана баалоо деңгээлинде жана аналитикалык деңгээлде ой-жүгүртүү менен маселелерди чечүүнү пландаштыруу же креативдүү ой-жүгүртүүсүн билдирет.
Компетенттүүлүккө негизделген мамиле боюнча биринчи орунга окуучулар билим алган маалыматтын саны эмес, турмуштагы иш-аракеттерде келип чыгуучу маселелерди чече билүүсү, ишмердик ыкмаларын өздөштүрө билүүчүлүгү коюлат. Компетенттүүлүккө маселени өз алдынча коюп, аны чече билүү үчүн зарыл болгон билимдерди издеп таба билген жана аларды изилдөө аркылуу гана жетишүүгө болот.
Мындай билгичтиктерди өнүктүрүү ыкмасы - бул окуучунун кызы-гуу багытын аныктоону, өз алдынча иш аракет жасоого даярдоону жана
Хуторский А. Ключевые компетенции как компонент личностно-ориентированных образования//
Народное образование. -2003. -№2.58-б.
көп кырдуу билгичтиктерди калыптандырууну көздөгөн анын атайын уюштурулган ишмердиги. Окуучуну ишмердикке даярдоонун негизги багыттары төмөнкүлөр: анын өз алдынча иштөөсү, окуу жана илимий изденүүлөрү, долбоорлор түзүү жана эксперимент жүргүзүү.
Ошондуктан билим берүүнүн натыйжалуу көрсөткүчү катары окуу процессинин таасири алдында ар бир конкреттүү окуучунун кандайча өзгөрүп жаткандыгын көңүлгө тутуу керек. Натыйжага багытталган билим берүү системасында окутуу процесси компетенттүүлүк түрүндө туюнтулуучу максаттарга жетишүүнү камсыздайт.
Негизги компетенттүүлүктөр
1. Маалыматтык. Маалыматты өз ишмердигин пландоо жана ишке ашыруу, аргументтүү тыянак чыгаруу үчүн колдонууга даярдык. Бул сынчыл ой жүгүртүлгөн маалыматтын негизинде адамга аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк түзөт.
2. Социалдыккоммуникативдик. Өзүнүн ой-мүдөөлөрүн башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен шайкеш келтирүүгө, позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык ж.б.) карата сый-урматтуу мамиле жасоонун негизинде өз көз карашын цивилизациялуу коргой билүүгө даярдык. Диалогдо зарыл маалыматты алууга жана инсандык, социалдык жана кесиптик проблемаларды чечүү үчүн оозеки жана жазуу жүзүндө аны баяндоого даярдык. Булар башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын милдеттерди чечүү үчүн колдонууга мүмкүндүк түзөт.
3. Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү. Маалыматтагы, окуудагы жана турмуштук кырдаалдардагы карама-каршылыктарды көрө билүүгө жана өз алдынча же башкалар менен биргелешип ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен аларды чечүүгө, ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга даярдык.
Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүктөргө окуучу төмөнкүдөй шарттар түзөлгөндө ээ боло алат:
- окуучулар кандайдыр бир ишмердикти (изилдөөнү, долбоорлоону) жүзөгө ашырууга катышканда;
- окуу процесси окуучунун өз алдынчалыгын, өз ишмердигин уюштуруу жана натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталганда;
- максат коюп ага жетишүү тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн кырдаал түзүлгөндө;
- топтордун ишин натыйжалуу уюштурганда.
Тарыхый компетенттүүлүктө эмне талап кылынат?
Тарыхый билим берүүдөгү интеграцияланган предметтер адамзаттын коомдогу күндөлүк турмушундагы жашоо үчүн күрөшүн, өнүккөн жана гүлдөгөн мезгилин камтуусу күтүлүүдө. Тарых төмөнкү дисциплиналар менен кызматташып, суроолорго жооп берет:
Археология: адамзат өткөн жашоосун кантип изилдешкен?
Антропология: адамзаттын социалдык жана маданий өнүгүүсүн;
Экономика: адамдар ресурстарды кантип жыйнашкан, колдонушкан жана айырбашташкан?
География: Адамдар жана жаратылыш чөйрөсү бири-бирине кандайча таасир эткен?
Укук: коомдогу жүрүш-турушту көзөмөлдөө үчүн адамдар эрежелерди жана мыйзамдарды кандайча жаратышкан?
Философия: Чындык жана баалуулуктар жөнүндө адамдар кантип ойлонушат?
Саясат: адамдар коомдо бийликти кантип колдонушкан?
Психология: адамдар инсандын өзүн алып жүрүүсүн жана акылын кандай түшүнүшөт?
Дин: адамдар кудайга жана башка улуу күчтөргө ишенимин кантип билдиришкен?
Социология: адамдар топторго кандайча биригишкен жана коомдо өздөрүн кантип алып жүрүшкөн?
Ошондой эле окуучулар:
Атактуу адамдардын жана тарыхый инсандардын ысымдарын эле эмес, алардын сүрөттөрүн да көрүүсү, коомдогу тарыхты түзгөн, катышкан адамдардын: таасирдүү жана жөнөкөй, аялдар жана балдар жөнүндө аңгемелерди угуусу;
Окуялар жөнүндө жөн эле маалыматка ээ болбостон, андагы маселелерди көрө билүүсү;
Жерлердин аттарын жана даталарды жөн эле жаттап албастан, ошол жердеги, ошол мезгилдеги адамдардын иш-аракети табигый чөйрө жана социалдык себептерден келип чыккандыгын түшүнүүсү;
Өткөндүн жана келечектин байланышын, тарыхта болуп өткөн окуялар, алардын кандайча чечилгендигин жана ошол эле маселелер биздин да турмушубузда боло тургандыгын аңдап-билүүсү маанилүү.
Фактыларга гана негизделген лекция өтүү менен окуучуну угуучу катары эле кабыл алуу тажрыйба көрсөткөндөй аны зериктирип, тарыхка болгон кызыгуусун жоготот. Ошондуктан окуп-үйрөнүү чөйрөсүн төмөнкүдөй тартипте жүргүзүү сунуш кылынат:
1. Маалыматтуулук.
Окуучунун эмнедендир маалыматы болсо ал өзүнө суроо бере баштайт: Бул маалымат мен билген башка маалыматтардан эмнеси менен өзгөчө? Суроо берүү менен окуучунун мээси өзүнө кызыктуу сезилген, угулган маалыматты эстеп калат. Мээнин иштей башташы, бул окуп-үйрөнүүгө жасалган биринчи кадам.
2. Окуп-үйрөнүү.
Бул окутуу процессиндеги эң маанилүү этап. Окуп-үйрөнүү окуучунун ой-жүгүртүүсүн калыптандырып, суроолорду пайда кылат. Суроолордун пайда болуусу жаңы идеялардын, жаңы көз караштардын жаралышына, өзү үчүн ачылыштарды жасоого, жолдоштору менен өз таасирлерин, ойлорун бөлүшүүгө алып келет.
3. Маалымат жыйноо.
Сабактагы маалымат же көз караш менен эле чектелип калбастан окуучу экскурсия, китепкана, интернет булактары ж.б. изилдөө аркылуу кошумча маалыматтарды жыйноого аракет кылат. Анткени тарыхта окуялар, фактылар боюнча туура жооптор, көз караштар көп. Акылдуу жана билимдүү инсан катары өзүнүн альтернативалык көз карашын, теориясын, идеясын сунуш кылуу менен окуучу өз алдынча чечим кабыл алууга, ой-жүгүртүүсүн калыптандырууга көнүгөт.
4. Иш аракет.
Акырында алынган маалыматты окуп-үйрөнүү менен кошумча маалыматты жыйнаган окуучу иш-аракетке өтөт. Иш аракет – бул окуучунун өзүнүн изилдөөсүнөн, ой-жүгүртүүсүнөн келип чыккан жаңы максаттуу натыйжаны ачыкка чыгаруу, т.а. презентациялоо.
Албетте, бул жерде критикалык көз караштардын калыптанып калбоосу үчүн мугалимдин нейтралдуу багыт берүүсү маанилүү.
Мындан келип чыгып тарыхтын жалпы максаты, окуучуларга:
башкалардын жакшы сапаттарын өздөштүрүүгө;
глобалдык маалыматтарга ээ инсанга айланууга;
коомчулуктун иштерине активдүү катышкан жана салым кошкон жарандык милдетин аткарууга жардам берүү болуп саналат.
О.э. негизги компетенттүүлүктөрдөн сырткары тарых предмети кошумча:
- социалдык-инсандык: окуучунун өзүн өзү сыйлоого, баалоого тарбиялоого багытталып, билимин өркүндөтүү менен баарлашууга жана биргеликте аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгү; - жарандык: өз жарандык милдеттерин абийрдүү аткарууга даярдыгын, жарандык жана патриоттук багыттарын калыптандыруу;
- жалпы билим берүүчүлүк: жеке адистигин өнүктүрүп, конкреттүү милдеттерди чечүүдө алынган маалыматты колдоно алуу ишмердиги;
- маданияттар аралык: окуучулардын этикалык жана нравалык сапаттарын өнүктүрүп, алардын көп маданияттуу коомдо улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо менен жашай алуу жөндөмдүүлүгү;
- адисттик: окуу предмети катары тарыхтын мазмунун өздөш-түрүүгө жөндөмдүүлүгү жана даярдыгы, дүйнөнүн саясий картасынын жаралышы жана өзгөрүшүн, дүйнөлүк жана улуттук өнүгүүнүн тенденциясын, саясат, экономика, социалдык мамилелер, маданият, дин чөйрөсүндөгү процесстердин жүрүшүн анализдөөгө даяр болуучу компетенттүүлүктөргө тарбиялайт.
Демек, компетенттүүлүккө жетишүүдө:
Окуучунун ролу Мугалимдин ролу.
Маалымат булактарын издейт, маалыматты иргейт, пайдаланат, өз алдынча жыйынтык чыгарат, билимин жолдоштору менен бөлүшөт
Жаңы маалымат алууга, талдоого, пайдаланууга багыттайт
Социалдык-коммуникативдик кырдаалды талдайт, баа берет, кырдаалга ылайыкташууга, ишке ашырууга даяр болот.
Окуучулардын коомдук топтордо иштөө менен социалдык-коммуникативдик баалуулуктарын урматтоо, кабыл алуу, туура чечим чыгаруу көндүмдөрүн калыптандырууга багыттайт.
Коомдук түзүлүштөгү, маалымат булактарындагы, турмуштук жагдайлардагы карама- каршылыктардын маселелерин аныктайт, чечүү жолдорун издейт, ички тышкы ресурстарды пландайт жана уюштурат, натыйжасына баа бере алат.
Ар түрдүү карама- каршылыктардын себептерин талдоого, баа берүүгө, маселени чечүүгө катышуу көндүмдөрүн калыптандырууга көмөктөшөт.
Мына ушул жерде Говард Гарднер тарабынан сунуш кылынган акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн көп түрдүүлүк теориясын сунуш кылабыз.
Окуучунун билимдерди канчалык деңгээлде кабыл алуусу, окуучулардын акыл-эс жөндөмдүүлүгүн аныктоонун жардамы менен ар бир мугалим өз окуучуларынын тигил же буга болгон шыгын аныктоо менен индиви-дуалдуу мамиле жасай алат. Анын айтуусу боюнча ар бир адам бир нече акыл-эс жана интеллект жөндөмдүүлүгүнө ээ болот.
Бүгүнкү күндө мектептерде жети типтин экөөсүнө гана көңүл бурулуп, бааланат, алар: лингвистикалык жана логикалык интеллект.
1. Лингвистикалык интеллекттер: сүйлөшүүдө сөздөрдү жана тил каражаттарын колдонуу жагынан өзгөчө жөндөмдүүлүк, сүрөттөө каражаттарына караганда сөздөрдү көп колдонуу, тамашаны түшүнүү сезими жакшы өнүккөн, тилдеги айырмачылыктарды кылдат түшүнөт.
2. Логикалык-математикалык интеллект – логикалык же сан үлгүлөрүн колдонуу менен терең ойлонууга болгон өзгөчө жөндөмдүүлүк, ар түрдүү идеяларды/маалыматтарды тез байланыштыра алуу жөндөмдүүлүгү күчтүү, суроолорду көп берүүгө кызыгат, “эксперимент” жүргүзүүнү жактырат.
3. Мейкиндиктик интеллект – акыл-эстин эстеп калууга болгон өзгөчө жөндөмдүүлүгү; карталарды, фильмдерди, сүрөттөрдү ж.б.у.с.
караганды жактырат; буюмдарды (отургуч, стол ж.б.) өзгөчө жасоо жөндөмү; айлана-чөйрөсүн, туш тарабын аныктоо сезими күчтүү; сүрөт тартууга жөндөмдүү.
4. Кыймыл (кинетикалык) интеллекти – объекттерди ийкемдүү колдоно билүү, шамдагайлык жана чеберчилик жөндөмү, тең салмактуулукту билүү сезими жакшы, идеяны же нерсени түзүүдө, курууда жана түшүнүүдө кол жөндөмүн пайдалануу. Бул окуучулар көбүнчө кыймыл аракети аркылуу өздөрүн көрсөтөт.
5. Музыкалык интеллект – айлана-чөйрөдөгү же табияттагы үндөрдү (аккан суунун шоокумун, коңгуроонун кагылышын ж.б.) абдан сезгичтик менен угат, музыкага дароо көңүл буруп, оң же терс кабыл алат жана текст ыр же оюн менен коштолгондо эстөө жөндөмдүүлүгү жакшырат.
6. Инсан аралык акыл-эс – сезимталдык жана уюштуруучулук мыкты жөндөмү бар, элдештирүүгө абдан шыктуу, кызматташтыкты колдоп турууга, көпчүлүк менен натыйжалуу сүйлөшүү, вербалдык жана вербалдык эмес тилди (жаңсоо ж.б.) пайдалана билүүгө жөндөмдүү.
7. Инсандык ички акыл-эс – токтоо жана түнт, абдан туюмчул, баш-калар менен мамиле кылганда класстагы өздөрүнүн ролу жөнүндө айтышат, маселенин маани-маңызын берилген мазмундан да ашырып, терең түшүнүүгө умтулат.
Сабакты класстагы ар бир окуучунун интеллектуалдык жөндөм-дүүлүгүн эске алуу менен пландаштыруу жана ар бир окуучуга акыл-эс жөндөмдүүлүгүнө карата индивидуалдуу мамиле кылуу окутуу процес-синде жакшы натыйжаларга алып келет. Албетте, бул интеллектуалдык өзгөчөлүктөрдү бардык эле мугалимдер билет жана Г.Герднер бизге даяр классификациялап гана берди.
Биз көптөгөн жылдар бою окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн, иш-аракетин меланхолик, холерик, сангвиник, плегматик деген категорияларга бөлүү менен иштеп келгенбиз. Көрсө окуучунун интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жогоркудай түрлөргө бөлүнүп, педагогикалык чеберчилик менен туура мамиле жасоо инсанды психологиялык, дене тарбиялык, логикалык жактан калыптануусуна таасир этүү менен эртеңки келечек ээлеринин ким жана кандай адам болушун аныктайт.
Байыркы бир акылман айткандай: «адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат». Демек, окуучулардын алга карай тынымсыз иш-аракети, эмгеги жакшы натыйжаларга алып келип, жашоодогу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда жардам берип, ал чечимдер жаңы билимдерге алып келет жана Кыргызстанга, жалпы адамзатка пайдасы тийген ачылыштарга себепчи болот деп үмүт кылабыз.
2. Заманбап коомдо Кыргызстан тарыхын окутуу Окутуу – бул окуучуларды билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ кылууга, аларды тарбиялоого жана чыгармачыл инсанга катары тарбиялоого багытталган мугалим менен окуучулардын максаттуу өз ара биргелешип аракеттенүү процесси.
Тарых сабагына коюлуучу жалпы талаптар. Мектептик билим берүү системасында белгилүү бир орун ээлеген жана проблемалык-хронологиялык принципте курулган тарых сабагы: тарыхый жана жарандык билим берүүнүн бир бөлүгү болуп саналат; окуялар жана көрүнүштөр ар бир мезгилдик чекте бирдиктүү берилген.
Азыркы билим берүү процесси гумандуулукка жана инсанга багыт-талган дидактикалык системага басым коюну талап кылат. Мындагы негизги максат окуучуларга билим берүү менен гана чектелбестен, алардагы инсандык мотивди (кызыкчылыкты) ойготуу, тарыхты үйрөнүүгө болгон кызыгуусун калыптандыруу, өзүн – өзү өркүндөтүүгө багыт берип, өбөлгө түзүү, б.а. окуганга, өздөштүргөнгө, таанып – билүүгө окутуу болуп саналат. Бул максатка ылайык мурда билим берүүнү камсыз кылган методго басым коюлса, эми өспүрүмдүн жалпы өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн бир эмес, бир нече методдордун комплексин колдонуу зарылдыгы пайда болду. Бул зарылдык салттуу жана интерактивдүү методдорду айкалышта же белгилүү ырааттуулукта колдонуу, алардын айрым бөлүктөрүн бириктирүүнү талап кылууда.
Тарых боюнча сапаттуу сабактын башкы белгиси, дегеле тарыхты оку-тууга карата башкы талап–жогорку илимий-теориялык деңгээл, окутуунун тарых жана педагогика илиминин азыркы абалына, алдыңкы практикага, окуу-тарбиялоо процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө шайкеш келиши.
Тарыхтын жалпы орто билим берүүчү мектептердеги окуу предмети катары максаты, биринчи кезекте, окуучулардын адамзаттын тарыхый жолу, анын социалдык, руханий, нравалык тажрыйбасы тууралуу билимдердин негиздерине ээ болушуна шарт түзүү, тарыхый доор тууралуу конкреттүү-тарыхый элестөөлөрдү, окуучуларды практикалык милдеттерди чечүүнүн методдорун, тарыхый булактар менен иштөөнүн ыктарын калыптандыруу.
Окуу максаттарынын айкындыгы, негизги билим берүүчү, тарбиялоочу жана өнүктүрүүчү милдеттерди чечүүдөгү ажырагыс биримдик жана аларды сабак учурунда ырааттуулук менен жүзөгө ашыруу сабакка коюлуучу башкы талап, ар бир сабактын мүнөздүү белгиси. Анткени, «изучение общественно-исторического материала должно строиться по преимуществу не на работе памяти, а не работе воображения, мысли и эмоций»
Ар бир сабак класстагы балдарга түшүнүктүү болуусу үчүн башкы, олуттуу мааниге ээ болгон окуяны аныктоо керек. Окуу программасынын мазмуну (конкреттүү сабакка), сабактын билим берүүчү, тарбиялоочу жана өнүктүрүүчү милдеттери, окуучулардын жашы, алардын билимдеринин, ыктарынын жана көндүмдөрүнүн деңгээли – андагы башкыны бөлүү, ошон-дой эле, сабакка материалды, анын тибин жана структурасын пландаш-тырууда, ошол сабак үчүн кыйла максатка ылайыктуу жана натыйжалуу методдорду жана ыкмаларды тандоодо аныктоочу мааниге ээ болот.
Ар бир сабактын бөлүктөрү үчүн максатка ылайыктуу, анын мазму-нуна жана милдеттерине көбүрөөк дал келген, азыркы талаптарды эсепке
Методика начального обучения истории. Под ред. М.С.Васильевой. М., 1964.г. 108-б.
алган каражаттарды жана методикалык ыкмаларды тандоо – тарых боюнча сапаттуу сабактын мүнөздүү белгиси.
Образдуулук, фактылардын айкындыгы – окуучулардын эмоциялык кабылдоосунун, эстеп калуусунун, активдүү ой жүгүртүү ишмердигинин милдеттүү шарты. Образдуулук болмоюнча болуп өткөндү конкреттүү сүрөттөөгө мүмкүн эмес.
Тарыхый окуяларды чагылдырууда, ашыкча эмоциялуулук рационал-дуу, акыл-эстүүлүктү басып, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрдү таанып билүүгө, тарыхтын маанисин түшүнүүгө тоскоолдук кыларын эстен чыгарбоо, колдо болгон образдуу-эмоциялык каражаттардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл. Тескерисинче, эмоциялык таасирдин жетишсиздиги тарыхый процессти белгилүү деңгээлде жөнөкөйлөш-түрүүгө, ашыкча социологиялаштырууга алып келет. Образдуу-эмоциялык каражаттардын бүткүл арсеналын рационалдуу колдонуу – сапаттуу сабактын мүнөздүү белгиси.
Окутууда ички предметтик жана предметтер аралык байланыштарды орнотуу үчүн мугалимдин колунда аны жүзөгө ашыруунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар. Мында окуучулардын жаштык өзгөчөлүктөрүн, даярдыгынын деңгээлин эсепке алуу керек.
Тарых боюнча сапаттуу сабактын маанилүү белгиси – бул анын бүтүндүгү жана уюштуруу жактан тактыгы, анын бардык элементтеринин тыгыз байланышы, тематикалык жана структуралык жактан белгилүү бир аяктагандыгы. Бул мугалимдин жана окуучунун даярдыгынан көз каранды.
Мугалимдин сабакта бүткүл класстын жана ар бир окуучунун жандуу кызыгуусун пайда кылган чыгармачылык атмосфераны түзө билүүсү, жакшы сабакты уюштуруунун ажырагыс белгиси.
Сапаттуу сабактын дагы бир мүнөздүү белгиси – анын натыйжалуулугу, б.а. класста, сабакта үйрөнүлгөн негизги материалды окуучулардын өздөштүрүүсү. Жаңы материалды окуп үйрөнүү менен өткөндөгү материалды кайталоону билгичтик менен айкалыштыруу, сабак учурунда окуучуну кийинки өз алдынча иштөөгө даярдоо. Кылдаттык менен диагностоо, прогноздоо, долбоорлоо жана пландоо ар бир сабактын сапаттык белгиси болуп саналат.
5-9-класстарда Кыргызстан тарыхын окутуу. Мектептик билим берүүдө – Ортоңку баскыч – жаңы маалыматтарды өздөштүрүү, жаңы акыл жөндөмдөрүн калыптандыруу жана мурда алган көндүмдөрүн андан ары өркүндөтүү үчүн абдан маанилүү. Бул жагынан алганда бул баскычта когнитивдүү компеттенттүүлүктөр көп маданияттуу билим берүүдө маа-нилүү роль ойношот. Дал ушул өспүрүм куракта өзүнүн бардык кыргызстандыктар үчүн этникалык белгисине карабаган жалпы жарандык иденттүүлүгүн, Кыргызстандын аймагындагы жана дүйнөдөгү ар кандай маданий моделдердин келип чыгышын жана тарыхын, ар кандай маданияттарда адам дүйнөнү (мейкиндик жана мезгилди кошуп алганда) кандай элестетери жөнүндө маалыматты таанып билүүнүн жана түшүнүүнүн негиздери калыптанат.
Ошол эле учурда бул курак сүйлөшүү жана жүрүш-туруш көндүм-дөрүн калыптандырууда, социалдык турмуштун ыкмаларын жана форма-ларын өздөштүрүүдө, өз эрежелери жана талаптары бар чоң адамдардын коммуникативдик чөйрөсүнө кирүүгө даярданууда чечүүчү мезгил болуп саналат.
Ошон үчүн баладан бул баскычта жөн эле сүйлөшкөн тилди билүү эмес, ар түрдүү маданияттын өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүү, башка маданияттагы өкүлдөр менен байланышкан учурда жүрүш-туруштун ордун билүү, коммуникациялык процессте жана маалыматты кабыл алууда этникалык стереотиптерди ажырата билүү, окуу мүнөзүндөгү жана сүйлөшүү учурунда же ММК аркылуу келген ар кандай маалыматты сынчыл көз карашта кабыл ала билүү сыяктуу социалдык карым-катышты жөндөп кете ала турганга жарактуу кыйла өнүккөн жөндөм-ыкмаларга ээ болушу кажет.
«Тарых» деген жаңы предмет менен таанышып жатып, окуучулар эң биринчи тарыхый фактыларга туш келишет. Бул мезгилде окуучулар адамдардын жашоо-турмушу, согуштар, көтөрүлүштөр жана тарыхый ишмерлердин өмүр баяндарын кабыл алышат жана эстеп калышат.
И.П.Павлов тарабынан иштелип чыккан тарыхый материалды окуу-чулардын кабыл алуусу биринчи жана экинчи сигналдын жардамында жүрөт. Биринчи сигнал системасы окуучулардын материалдык маданий эстеликтерди, искусство чыгармаларын, фильмдерди көрүү, угуу жана эмгек куралдарын кармоо, сезүү ж.б. аркылуу ишке ашат. Биринчи кабыл алуу сигналы жакшы эсте калып, тарыхый кубулуштарды элестетүүгө жардам берет. Экинчи сигналдык кабыл алуунун негизги түрү сөз болуп эсептелет. Билим алууда сөз абдан чоң роль ойнойт. Китептеги бир түшүнүксүз сөз бүтүндөй бир сүйлөмдү түшүнүксүз кылат. Ал эми көптөгөн окуучулар сүйлөмдү түшүнбөгөндөн кийин жалпы текстти жана мугалимдин аңгемесин бүтүндөй түшүнбөй калышат. Сөздөн сырткары дагы бир сигнал бул тарыхый жана физикалык-географиялык карталар жана алардагы шарттуу белгилер эсептелет. Карта чыныгы объективдүү шарттуу белгилерди: географиялык чөйрөнү, элдердин көчүүсүн, соода жолдорун, тарыхый окуяларды жана процесстерди чагылдырат.
Тарыхты окутууда теория менен практика байланышпайт. Тарыхты окуп-үйрөнүүдө окуучулар кандайдыр бир практикалык ишмердүүлүк жүргүзүшүп, сабакта окуп үйрөнгөн кубулуштарды жана фактыларды
Методика обучения истории Древнего мира и средних веков в 5-6- классах. Под. Ред. Ф.П.
Коровкина. Пособие для учителей. М.1970. 29.б.
кайталай алышпайт . Мына ушул жерде тарыхты окутуудагы локалдык мейкиндиктин маанисин карап көрөлү.
Тарыхый процесс дайыма мейкиндикте жана азыркы мезгилден сырткары жүрөт. «Не помещение во времани и пространстве историчес-кие события представляются нам пустой абстракицей, лишенной реального содержания, не отражающей исторической действительнос-ти» . Окуп-үйрөнүлүүчү тарыхый кубулуштардын локалдуу мейкиндиги
– окуучулардын тарыхый билимдер системасынын бүтүндүгүн акыл-эстүү өздөштүрүүсү үчүн керектүү шарттардын бири. Мисалы, 5-класстын окуучулары үчүн окуялар болуп өткөн аймактарды аныктоо мурдагы угуп келген жомокторунан чыныгы тарыхый окуяларды айырмалай алуу үчүн керек. Тарыхый мейкиндикти окуучулардын өздөштүрүүсү жана түшүнүүсү төмөндөгүдөй багыттарда үйрөтүлөт.
1. Локалдуу мейкиндик географиялык чөйрөнү – коом менен тыгыз байланыштагы жаратылыштын бөлүгүн ачып берет. Т.а. чыгышта, батышта ж.б. жерлерде пайда болгон цивилизацияларды географиянын жардамы менен гана түшүнүүгө болот же «….величина прибавочного труда изменяется в зависимости от естественных условий труда и в особенности от плодородия почвы…. Слишком расточительная природа
«ведет человека, как ребенка, на помочах. Она не делает его собственное развитие естественной необходимостью» . Коомдун тарыхын адам өздөштүргөн жаратылыш чөйрөсүнөн сырткары түшүнүү мүмкүн эмес.
Мамлекеттер, экономикалык райондор, маданий борборлордун ортосундагы мейкиндик мамилелерин түшүнбөй туруп, маданий-экономикалык байланыштарды, согуштун жүрүшүн түшүнүп болбойт.
Локалдык мейкиндиктерди өздөштүрүүнүн мааниси айрыкча байыркы дүйнөнү жана орто кылымдардын тарыхын окуп үйрөнүүдө маанилүү.
Анткени бул мезгилдерде адамдын жаратылышка көз карандылыгы күчтүү болуп, мейкиндикти жана жаратылыштын тоскоолдуктарын
(дарыя, тоолор, чөлдөр ж.б.) жеңип өтүү кыйынга турган. Бул жерде ар бир окуучуга анын жеке кругозору, билими жардамга келет. Окуучунун табият таануудан жана географиядан билими канчалык терең өздөштүрүлгөн болсо, ал ошончолук тарыхта, мейкиндикте болуп өткөн окуяларды акыл-эсинде элестете алат. Ошондой эле, тарыхый карта мейкиндикти өздөштүрүүдөгү эң чоң жардамчы.
2. Тарыхый мейкиндикти өздөштүрүүдө жана түшүнүүдө даталар негизги орунда турат. 5-6-класстардын окуучулары тарыхый окуяларды аябай кызыгуу менен угушат жана эстеп калышат. Ошол эле мезгилде
П.С.Лейбенгруб. Дидактические требования к уроку истории в средней школе. Изд. Академии педагогических наук. М. 1957. 12. Б.
А.И.Стражев. Методика преподования истории. М., 1964. стр.167.
К.Маркс и Ф.Энгельс. Соч., т. 23, стр. 522.
көрсөтүлгөн датага көп көңүл бурушпайт. «Дата – биринчи мезгилде окуучулар үчүн мааниси жок болуп, мезгилдеги бул же тигил факт боюнча түшүнүк бере албайт» . Анткени бул жаштагы балдарга тарыхый убакыттын мейкиндигин өздөштүрүү кыйынга турат да, өздөрүнүн тарыхый элестетүүлөрүн көбүнчө санга айлантып түшүндүрүшөт. Окуучулар үчүн «первый точки отсчета времени – это события из жизненного опыта детей; впоследствии такими ориентирами станут и исторические события»
Тарыхый убакыт чен-өлчөмдү окуучуга терең түшүндүрбөй туруп, андан кайтарым байланыш үмүт кылбагыла. Тарыхты датасыз элестетүү мүмкүн эмес. Өзүнө тиешелүү даталар менен убакыт чен-өлчөмдү, «ага чейин-андан кийин» болуп өткөн тарыхый окуяны байланыштырган жана окуучу гана тарых предметин окуп-үйрөнө алат. Алгач даталар кең аймактарды кучагына алат: - IV миң жылдык; болжол менен 3 000 жылдык; болжол менен 1750-жылдык ж.б. соң так маалымат бериле баштайт: б.з.ч. 201 жыл, б.з.ч. 56-49 жж., б.з. 688-жылы, 924-жыл ж.б.
Кылым - 100 жыл – 10 миң жылдык: миң жылдык – 1000 жыл – 10 кы-лым; 400 жыл - 4 кылым; 642-жыл – 7 кылым; 1012-жыл – 11 кылым ж.б.
экендигин сабакта оюн түрүндө, кызыктуу кылып түшүндүрүү менен мугалим максатына жете алат. Эки багыттагы окуя жана дата түрүндө гана жаттап алынган хронология керексиз материал. Түшүнүү жана ирээтөө менен кабыл алынган хронология окуучунун акыл-эсинде тарыхый процесстин сөлөкөтүн пайда кылат.
10-11-класстарда Кыргызстан тарыхын окутуу. Жогорку класстар
– бул мурда алынган жөндөм-ыкмалар жана өздөштүргөн компетенциялар бүтүндөй инсандык сапаттарга жуурулушуп кете турган билим берүү баскычы болуп саналат. Бул сапаттарга эң оболу өнүккөн сынчыл ой жүгүртүү, укуктук жана жарандык аң сезим, конструктивдүү коммуникацияга даярдык кирет. Бул сапаттарды өнүктүрүү - тарыхты билүү жана ал бүгүнкү кырдаалга кандай таасир көрсөтөрүн түшүнүү, көп түрдүүлүк нарктуулугуна жана маданий плюрализмге оң мамиле кылуу, ошондой эле башка адамдын жеке инсандык сапаттарын, анын укуктарын жана маданий өзгөчөлүктөрүн урматтоо дегенди билдирет.
Ошентип, мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчү турмушка жеткилең мамилесин, ар кандай чөйрөдө ыңгайлашып кетүүгө керектүү негизги сапаттарын көрсөтө алгандай болушу керек.
Педагогикалык илимге жеткиликтүүлүк принциби кээ бир дидактика-лык эрежелердин аткарылышы менен байланыштырылат. Биринчи эреже
Методика начального обучения истории. Под ред. М.С.Васильевой. М., 1964.г.86-87-бб.
Методика начального обучения истории. Под ред. М.С.Васильевой. М., 1964.г. 83-б.
– жеңилден оорго карай; экинчи эреже – белгилүүдөн белгисиздикке карай; үчүнчүсү - жөнөкөйдөн татаалга карай.
Демек, биринчи эрежеде, билгендерин кийинки жана мурунку маалы-маттары менен салыштыруу аркылуу жеңил материалдан оор тексттерге карай өнүгүү болот. Экинчи эреже, окутуу (билим берүү) процесси – белгилүү бир мезгил, убакыт ченеминде билимге, билгичтикке жана баа-луулуктарга ээ болуу максатында мугалим менен окуучунун биргелешкен ишмердиги. Ал эми акыркы эреже: материалды жөнөкөй сүйлөмдөн баштап, татаал тексттерге карай өздөштүрүү. Бул аныктоолор “тексттерден турган материалдарды окуучуга кандайча жеткиликтүү түрдө өздөштүрүүгө жардам берүүгө болот?” деген суроого жооп берет.
Бул жерде окуучулардын өз алдынча аракети негизги ролду ойнойт:
өз аргументтери келтирилген, чыгармачылыгы менен жазылган – статья, комментарий, рефераттар, тарыхты кошумча материалдар менен издөөгө умтулуусу жана кесипке багыт алуу.
Жогорку класстарда тарых сабактары мурдагы өтүлгөн темаларды кайталоо иретинде берилет. Булар бүтүрүүчү класстар болгондуктан даталарды эстеп калууну, окуяларды ирээттүү келтирүүнү талап кылабыз. Дал ушул талаптарды аткаруунун жүрүшүндө окуучунун ой-жүгүртүүсүндө кабыл алуусунда адашуулар башталат.
Көп жолу бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзаменде окуяларды баш аламан айтканына же “эч нерсе жаттай албадым” деген наалууларына гана күбө болобуз. Соң күнөөлүүлөрдү издей баштайбыз. Кимдерди гана күнөөлөбөйбүз: окуучунун өзү – сабакты көп калтырган ж.б., анын чөйрөсү, үй-бүлөсү же мугалим “жакшы сабак өтө алган эмес”.... Бирок эч качан өзүбүздү окуучунун ордуна коюп, ар бири ондон ашык барактан, 3000ден ашык сөздөн, даталардан турган 32 темага даярдануу кандай экенин элестетпейбиз. Бул келтирилген мисал 11-класстын эле Кыргызстан тарыхы окуу китебинен алынды, эгер 10-класстын темаларын дагы кошо турган болсок (анткени, бүтүрүү экзаменинин суроолору 10-11-класстын материалын камтыйт) анда балдарыбызды билимдүү кылабыз деп жатып, маңкуртка айлантып алуубуз мүмкүн экендигин моюнга алуубуз керек. Бир класстан жок дегенде он бала тарых жөнүндө маалыматка ээ болуп, калган 20 окуучу Кыргызстан жана кыргыздар жөнүндө эч кандай билимсиз эле чоң турмушка кадам таштап жаткандыгы жашыруун эмес.
Ошондуктан жогорку классттардагы тарых сабактарын:
көбүрөөк интерактивдүү методдор менен өтүү;
классты топтор менен иштетүү мезгилинде сөзсүз доскага темадан кийин даталарды ыраттуу түрдө жазуу (бул окуучулардын ойлорун ирээтешине жардам берет);
темадагы биринчи кыргыздар жөнүндө маалыматтарды бөлүп алуу;
П.С.Лейбенгруб. Дидактические требования к уроку истории в средней школе. Изд. Академии педагогических наук. М. 1957. 33. Б.
окуяларга анализ жасоого үйрөтүү;
чыгармачыл эмгектерди көбүрөөк жаздыруу ж.б. сунуш кылынат.
3. Кыргызстан тарыхы сабагы
Сабыр Иптаров: “Сабак – азык өткөрүүчү бутак гана”.
Тарыхый билим берүүдө методдорду тандоо маселеси. Окутуунун методдору жөнүндөгү маселенин дагы бир тармагы – методдорду тандоо маселеси. Окутуу процессин учур талабына ылайык туура уюштуруу, окутуунун максатына жетүү сыяктуу (дидактикалык маселелердин чечи-лиши) окутуунун методун тандоого байланыштуу жана көз каранды.
Мугалим окутуунун методун жана формаларын эркин тандап алууга укуктуу.
Кандай гана метод болбосун, ал колдонуу процессинде конкреттүү жагдай – шартка, максатка ылайык өзгөртүүгө, толуктоого жана алымча– кошумчага дуушар болуучу, өзгөрмөлүү жана натыйжалуу окутуунун иш–аракеттери. Улуу ойчул Аристотель: «Ой жүгүртүү таң калуудан башталат, таң калуу сезими - таанып – билүүнү каалоонун кубаттуу булагы», - деп айткан экен. Метод ошол таң калууну жаратып, кызыгууга, билүүгө түрткү (стимул) берүүчү күчкө эгедер болуп, баалуулукту
(көндүмдү) алуунун булагына айланышы зарыл.
Тарых мугалиминин окутуунун методун тандап алуу мүмкүнчүлүгү өтө кеңири болушу зарыл. Ал үчүн мугалим ж.б. предметтерди окутууда колдонулуп жаткан, колдонууга сунуш кылынган ондогон методдордун дидактикалык – теориялык негиздери тууралуу жеткиликтүү маалыматтарга, алар боюнча жазылган илимий – методикалык адабияттарга ээ болууга тийиш. Бирок, тарыхты окутуу боюнча кеңири адабияттардын жоктугуна байланыштуу, мугалимдер окутуунун жалпы методдорун үйрөнүү аркылуу практикада өздөрүнүн иш усулдарын изденүү менен өзгөртүүгө аракет кылып жатышат.
И.Я.Лернер, окуучулардын тарыхый ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн, демек, чындыкты тарыхый таанып билүүнүн методологиясына ээ болунун зарылдыгын аныктап, айрым окуялардын уникалдуулугуна карабастан, тарыхый процесстин мыйзам ченемдүүлүктөрү типтүү көрүнүштөрдүн жана мүнөздүү тенденциялардын кайталануучулугунан куралат, деп белгилейт. Ал тарыхый таанып билүүнүн негизги методдорунун катарына төмөндөгүлөрдү кошот:
салыштырмалуу-тарыхый метод;
аналогия методу;
натыйжасы боюнча себептерин аныктоо;
артка карай корутундулоо методу (өткөндү жашап жаткан саркындылар боюнча аныктоо);
бүтүндү бөлүктөр боюнча реконструкциялоо;
лингвистикалык метод ж.б.
Тарыхый таанып билүүнү анализдөө, тарыхый ой жүгүртүүнүн компоненттерин бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аны калыптандыруу мугалимдин төмөндөгүдөй максаттуу эмгегин талап кылат: бул позициядан курстун мазмундук жагын анализдөө, таанып билүүчү тапшырмалардын системасын түзүү, сабактагы ишмердиктин формаларын жана түрлөрүн тандоо ж.б. Бул болсо окуучуларда тарыхый ой жүгүртүүнүн гносеологиялык негиздерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, ага төмөндөгүлөр кирет:
көрүнүштөрдү, анын олуттуу эмпирикалык көрүнүштөрүндө сүрөттөө ыктары;
тарыхый фактыны анализдөөгө, түшүндүрмө берүүгө кызыгуусу;
көрүнүштөрдүн пайда болуу себептерин жана шарттарын, анын өнүгүшүн, маанисин жана натыйжаларын аныктоого багыт;
тарыхый көрүнүштөрдүн жана аларга байланышкан процесстердин мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоого багыт;
тарыхыйлуулук принцибинин көз карашынан көрүнүштөрдү таанып билүү жана ой жүгүртүү жолу;
ар бир тарыхый көрүнүштүн негизинде жаткан, өнүгүү тенденциясын аныктоо ж.б.
Ар түрдүү методдорду колдонуунун максаты – сабакта берилген маалыматтарды окуучулардын эстеп калуусун камсыз кылуу. Мисалы, сабакты лекция түрүндө өткөндө, окуучу абстракттуу берилген маалыматтардын 5 % гана эсте сактап калат. Окуучу маалыматтарды өзү окуганда 10 %; угузуучу, көрсөтүүчү материалдардан маалымат алганда
20 %; аткаруунун жол-жобосу көрсөтүлгөндө 30 %; топтордо талкуулаганда 50 % маалыматтарды эсте сактап кала тургандыгы аныкталды. Эң көп маалыматтар иш аракетти өзү аткарганда (75 %), башкаларды окуп-үйрөткөндө (90 %) алынары далилденген
Кыргызстан тарыхын окутууда тексттерди пайдалануу усулу эң көп колдонулат. Мектептерде тарыхты окутууда тарыхый чыгармалардан, тарыхый документтер, илимий, коомдук материалдар жана башка тексттерден пайдаланылышы мүмкүн. Тексттер окуучулардын билимин тереңдетет, тарыхый фактыларды жана окуялардын маанисин терең түшүнүүгө жардам берет. Ал үчүн мугалим программанын талабына карата текстти тандап же даяр тексттерди пайдаланса болот. Тексттерди сабакта же сабактан сырткары тарыхты үйрөнүү, өздөштүрүү жана эсте
Лернер И.Я. Развитие мышления учащихся в процессе обучения истории. М.: 1982. С. 30.
Лернер И. Я. Развитие мышления учащихся в процессе обучения истории. М.,1982. С.31-33.
«Окутуу сапатын жөнгө салуу». Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарын өткөрүү боюнча усулдук колдонмо. Б. 2010. 43-б.
сактап калуу, чыгармачылык изденүү иштерин алып баруунунун усулу катары кароого болот. Сабакта тексттерди пайдалануу окуу материалын өздөштүрүүдө тексти талкуу кылуу жана алардан тарыхый окуялардын маанилүү белгилерин табуу, тарыхый фактыларды бири-бирине салыштыруу, конкреттештирүү жана жалпылаштыруу максатында алып барылат. Текстте тарбиялык, идеологиялык, саясий, прогностикалык маанилердин кеңири спектри камтылган. Адам коомду, коомдун рухий жашоосун таанып билүү аркылуу өзүн-өзү таанып билет. Текст аркылуу адам, адамдын индивидуалдуу аң-сезими коомдук аң-сезимге жалганат, кошулат.
Текстти колдонууда төмөнкү кичинекей амалды колдонуу жакшы натыйжа берет. Тарыхтагы кайсы бир күлкүлүү баянды окуп берүү, окуучунун жалпы мазмунду эстеп калышына шарт түзөт. Анткени, муну менен окуучулардын абстракттуу кабылдоолорун гана эмес эмоциялык сезимдери да козголот. Демек, биз маалыматтын маанисин арттырабыз.
Окуучулардын сабаттуулук деңгээли мындайда жогорулабашы мүмкүн, себеби алар айрым сөздөргө эмес, бүтүндөй окуяга көңүл бурушат.
Баяндоо, сүрөттөө, мүнөздөө, түшүндүрүү оозеки баяндоонун моно-логдук формасынын негизги түрлөрү болуп саналат. Аңгемелешүү оозеки баяндоонун методуна кирип, анын функциялары: окутуучулук, өнүктү-рүүчү, тарбиялоочу, түрткү берүүчү жана контролдук-коррекциялык болуп бөлүнөт.
Аңгеме окуучулар үчүн байланыштуу, логикалуу, ынанымдуу сөздүн үлгүсү болуп, өз ойлорун сабаттуу билдирүүгө үйрөтөт. Аңгемелешүүнүн натыйжалуулугу анын карта, иллюстрацияны колдонууга, фактыларды, окуяларды талкуулоого жана суроо берүү маданиятына көз каранды болот.
Мугалимдин аңгемеси - монолог же диалог формасында болушу мүмкүн.
Монолог кыскача баян, сүрөттөө аңгемеси, мүнөздөмө, түшүндүрүү.
Мектеп лекциясы жана башка ушул өңдүү формаларда, диалог катары да алып барылат. Кыска баяндын аңгемеден айырмасы, анда кандайдыр бир тарыхый окуя жөнүндө кыскача маалымат берилсе, аңгемеде болсо, тарыхый окуянын толук картинасы берилет. Аңгеме методунун негизги дидактикалык милдети окуучуларда тарыхый окуя жөнүндө конкреттүү түшүнүк пайда кылуу. Аңгеме түшүнүктүү, эң типтүү негизги тарыхый фактылардын негизинде түзүлөт. Аңгеме тарыхый материалды баяндоо катарында негизинен төмөнкү абалда:
Таалим-тарбия жагынан маанилүү жана аларды үйрөнүү окуучулардын аң сезиминде терең жана өчпөс из калтыра турган чоң тарыхый окуяларды баян кылуу;
Окуучулар жаңы тарыхый окуялар жөнүндө мазмундуу жана анык түшүнүк жаратуу зарыл болгон убакытта колдонулат.
Материалды жеткире билүүдө мугалим окуучулардын окуу материалы жөнүндө оозеки жана жазма план, окуялар календары жана хронологиялык таблицаларды түзүү, цифраларды жазууга үйрөтүү ж.б.
усулдарды пайдаланса болот.
Мындан сырткары тарыхты окутуу практикасында тарыхый материалдарды терең өздөштүрүүгө жардам берүүчү көптөгөн пайдалуу методдор бар.
Предмет аралык байланыш методу да сабак учурунда пайдаланылат.
Мисалы, Кыргызстандын алгачкы жамааттык түзүлүшү деген темада сабак өтүүдөн мурда мугалим сабакты биология, зоология, география илимдери менен байланыштыра билүүсү керек. Алгачкы доордогу жамааттык коом жөнүндө маалымат берүүдө табигый өсүп өнүгүү процессинин натыйжасында жер бетинде органикалык дүйнө калыптанган, жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр пайда болгондугун, жер планетасында тиричилик кылгандардын арасынан адамдын бөлүнүп чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги жөнүндө айтып өтүү менен окуучулардын аты аталган сабактардан да билимдерин текшерип алса болот.
Сабакка даярдануу. Тарых боюнча программаны терең анализдөө жана мектептик окуу китебинин мазмунун билүү, о.э. алдын-ала түзүлгөн тематикалык план мугалимдин сабакка даярдануусунун негизин түзөт.
Сабактын планы – бул чыгармачылык изденүүнүн башталышы, натыйжалуу сабактын каражаты, мугалимдин оюнун ишке ашырылышы, иш аракеттердин конкреттүү программасы болушу керек. Мугалим өзү үчүн ынгайлуу жана пайдалуу конспект түзүүсү зарыл.
Сабактын мазмуну тарыхый жана психологиялык – педагогикалык илимдин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Тарых сабагы логикалык жактан так жана айкын, а материалды баяндоо образдуу – эмоционалдуу болуп, жалпылоолору жана корутундулар ынанымдуулугу менен айырмаланууга тийиш. Ар бир сабак, аны өткөрүүнүн убактысы милдеттүү түрдө көрсөтүү менен пландаштырылат. Бүгүнкү күндө сабакты пландаштырууда аткарып жаткан иштер алмаштыра алгыс.
Мугалим сабагын пландаштырып жатканда жооп берүүчү суроолор.
Окутууда кандай каражаттар колдонулат?
Окуучулардын окуп-үйрөнүүсү кандай максатты көздөйт?
Окуучуларды кандай окутуп, алардын жетишкендиктерин кандай баалайбыз?
Окуп- үйрөнүү процесси кандай өтөт?
Окуучулар эмнени окуп-үйрөнүшү керек?
Мугалим сабакка даярданууну белгилүү тема боюнча максатты аныктоодон баштайт. Окутуунун максаттары - бул сабактын акырында окуучулар эмнелерди билүүгө же жасаганды үйрөнүүгө тийиш экендиги.
Окуучуларды баалоодо максаттар критерий катары колдонулат.
Тарых сабагында жалпы педагогикалык жана дидактикалык багыттагы үч максат коюлат:
1. Билим берүү максаты: тарыхый окуяны, фактыны, көрүнүштү аң-сезимдүү кабыл алып, ойлонуп, ой жүгүртүп, түшүнүп, баалап, кортунду чыгарып билим алуу.
2. Өнүктүрүүчү максат: Тарыхый ой-жүгүртүүсүн андан ары өнүктүрүү, ынандыруу. Бара-бара көнүктүрүү аркылуу ык алдыруу.
3. Тарбиялык максат: тарыхый материалдар аркылуу окуучулардын аң-сезимине, эмоциясына таасир кылуу, окуянын жүрүшүнө жараша окуучуларды толкундантуу, жактатуу, кубантуу же кайгыртуу аркылуу ишенимди жаратуу. Тарыхта ишендирүү аркылуу тарбиялоо эрежесин колдонуу. Билим алуу менен тарбиялоо бирдиктүү бир процесс деген жобону туура тутуу.
Азыркы учурда, өзгөчө жаш…
This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.
Other files
Show all 18
On GovTribe
Work with this file
- Download the original file
- Contacts named in this file
- Similar government files
- Ask GovTribe AI about this file
File details come from the government source that posted it. Updated .