18. Systematizing of students_ knowledge by helping to understand biological concepts

2 MB Posted

Attached to
Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
Solicitation number
F2VVHA2104G001
Issued by

About this file

Attachment 18 Systematizing of students' knowledge by helping to understand biological concepts (Kyrgyz)

Text of this file

Эмилбекова Д.А., Субанова М. С.

Биологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун негизинде окуучулардын билимин системалаштыруу (жаныбарлардын биологиясы курсу)

ББК 28. 09967-03-233-2. Э-55

Рецензенттер: педагогика илнмдсринин доктору, профессор Бабаев Д.Б.

биология илимдеринин доктору, профессор Жумабаева Т.Т.

Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинде талкууланып бекитилди жана басууга сунуш кылынды Эмилбекова Д.А., Субанова

М.С.

Биологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун негизинде окуучулардын билимин систшалаштыруу (жаныбарлардын биологиясы курсу).-Ош:2006-

60б.

Колдонмодо илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун теориялык негиздери. Биологиялык түшүнүктөрдү өздөштүрүү теориясы жана аларды өнүктүрүү талаптары негизделген. Илимий түшүнүктөр теориялык билимге негизделип логика-структуралык модели, таяныч сигналдардын жардамында түзүлгөн салыштырмалуу таблицалар аркылуу бирдиктүү системага салынган жана аларлы пайдалануун методикасы сунушталган.

Колдонмо педагогикалык кесип берүүчү жогорку жана орто окуу жайларынын биолог студенттерине жана окутуучуларына. мектептин жаш мугалимдсрине арналат.

К и р и ш ү ү

Жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын аң-сезиминде илимий түшүнүктөрдүн систсмасын кальштандыруунун сапатын жогорулатуу жана алардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирүү бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемаларынан. Бул проблемалар биология сабактарын окутууда толук чечиле элек көйгөйлүү маселелерден 6олуп эсептелет. Жаныбарлардын биологиясы курсундагы теориялык билим окуучулардын таанып-билүү ишмерлүүлүгүнө белгилүү бир багыттуулукту берип, илимий түшүнүктөрдүн өз ара байланышкан логикалык удаалаштыгын камсыз кылат. Бул учурда окуучулардын аң сезиминде айрым маңыздуу түшүнүктөр калыптанат да, алардын айланасында түшүнүктөрдүн системасы өрчүйт. Бир системалык түшүнүк экинчи системадагы түшнүктүн өнүгүшүнө дайыма түрткү бсрип турат. Жаны пайда болгон түшүнүк мурунку калыптанган түшүнүктөрдүн тереңдешине алып келет да, алар улам темадан темага өткөн сайын кеңейтилип жүрүп отурат.

Жаныбарлар курсунун мазмунун окутууда биологиялык түшүнүктөрдүн негизги элементтери жана аларды системалуу өздөштүрүүнүн жолдору аныкталган. Биологиялык түшүнүктөрдүн негизги элементтери үйрөнүлгөн матсриалдардын маңыздуу бөлүгүн бириктирип, аларды конкреттештирет жана бирдиктүү багыттагы билим системасын камсыз кылат

Биологиянын жаныбарлар бөлүмүнүн мазмунун өздөштүрүүдө окшош фактылар көп болгондуктан жана бирдей маанидеги маалыматтардын көлөмү темадан темага өткөн сайын көбөйүп отургандыктан, аларды эске сактап калуу окуучулар үчүн кыйынга турат. Ошондуктан, аларды конкреттештирип, бирдиктүү системага салууда таяныч сигналдардын жардамында түзүлгөн салыштырмалуу таблицалардын ролу чоң.

Себеби салыштырмалуу таблицалар кайсы гана жаныбар болбосун алар жөнүндөгү маалыматтардын бардыгын бир мезгилде өз ара байлаиышкап логикалык удаалаштыкта өздөшгүрүп барууга мүмкүндүк берет. Бул учурда окуучулар үйрөнүлгөн жаныбарларды бири бирине салыштыруу менен, алардагы өзгөчөлөнгөн олуттуу негизги белгилерди табышып, окшоштук жактары аркылуу ал организмдерге жалпы мүнөздөмө берүүиү үйрөнүшөт. Ошондой эле бул салыштырмалуу таблицалар аз убакыттыи ичинде көбүрөөк илимий информацияларды берү менен билимди өздөштүрүүнүн ургаалдуу жүрүшүн камсыз кылат.

Жогоркудай мазмундагы методикалык жактан сунушталган айрым окутуу каражаттары жана логикалык ыкмалар ассоциациялык системалардын удаалашкан багыты берилип, алар окуучулардын ой жүгүртүүсүн активдештирүүгө, эске тутуусун жакшыртуута, сөз байлыгын өстүрүүгө жана билим деңгээлин жогорулагууга мүмкүндүк берет.

Окуучулардын илимий түшүнүктөрдү өздөштүрүүсү көпчүлүк учурда окутуунун методдоруна, алардын психологиялык жактан канчалык даражада негизделгелдигине байланыштуу илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун натыйжалуу жолдору Л.С.Выготский, П.Я.Гальперин, В.В.Давыдов, Н.А.Менчинская, М.Я.Голобородько, Т.И.Ильина, И.Д.Зверев, Б.М.Кедров, Э.М.Мамбетакунов, М.И.Махмудов, А.В.Усова ж.б. тарабыиан изилденип, андан фундаменталдык эмгектер жана алдынкы прогрессивдүү тажрыйбалар жаралган. Ошондой эле илимий түшүнүктөргө негизделген окуучулардын билимин системалаштыруунун деңгээлдери жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуудагы окутуунун формалары, ыкмалары жана каражаттары психолог В.О.Пунский, Ю.А.Самарин, дидакттар: Б.А.Борсуковский, В.В.Завьялов, И.Д.Зверев, А.Я.Зорина, А.Н.Звягин, А.В.Усова ж.б.

тарабынан негизделген. Алардын айрымдары колдонмодо сунушталган.

Колдонмодо илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун теориялык негиздери, биологиялык түшүнүктөрдү өздөштүрүү теориясы жана аларды өнүктүрүү этаптары белгиленген. Ошону менен бирге биологиялык түшүнүктөрдү системалаштыруунун логикалык-структуралык модели жана алардын негизги элементтери сунушталган. Бирок теориялык түшүнүктөргө негизделип таяныч сигналдардын жардамында түзүлгөн салыштырмалуу таблицалар жана аларды пайлалануунун методикасы каралган. Булар жаныбарлардын биологиясы курсун окутуунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет жана окуучулардын өз алдынча иштөөсүндөгү иш-аракет жолдоруна белгилуү бир багыттуулукту берип, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырат, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн активдештирет. Ал эми жаш мугалимдердин бирликгүү системадагы ишмердүүлүгүнө жана жаңыча изденүүчүлүгүнө түрткү берүү менен, аларды алдыңкы тажрыйбалуу новаторлук чыгармачылыкка багыттайт.

1. Илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун теориялык негиздери Учурдун талабына ылайык окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү жана калыпгандыруу менен, алардын билимдеринин, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн сапатын жогорулатууда, таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирүүдө илимий түшүнүктөрдү системалаштыруу проблемасы окутуу процессиндеги орчундуу маселелерлен болуп эсептелет. Бул проблема жалпы билим берүүчү орто мектептерде окутуунун илимий деңгээлин жогорулатууда окуучулардын ой жүгүртуүсүн активдештирүү менен дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууну, алардын жогорку сапаттагы билимдерин билгичтиктерге, көндүмдөргө жана илимий билимдердин системасына ээ болуусун камсыз кылат. Ушундай маанидеги илимий тушүнүктөрдү системалаштырууга негиздеп, окутуу процессинин жогоркудай көйгөйлүү проблемаларын чечүүдө түшүнүктүн өзүн логико-гносеологиялык категория катары кароого туура келет. Анткени ал түшүнүктүн мазмунун, көлөмүн, структурасын, шарттарын, этаптарын, факторлорун. каражаттарын белгилүү бир максатка багыттайт. Ошондо гана түшүнүктүн калыптанышы бирдиктүү логикалык удаалаштыкта өздөштүрүлүп барылат.

Бул колдолмодо илимий түшүнүктөр биология курсундагы теориялык билими негизделип алынып барылды. Теориялык билим окуучулар үчүн таанып-билүү ишмерлүүлүгүнө белгнлүү бир багыттуулукту берип, илимий тушүнуктөрдүн өз ара байланышкан логикалык удаалаштыгын камсыз кылат. Бул учурда логикалык байланыштагы илимий түшүнүктөрдүн айрым маныздуу бөлүктөрү окуучулардын аң сезиминде калыптанат да, аларлын айланасында түшүнүктөрдү системасы өрчүйт. Бир системадагы түшүнүк экинчи системадагы түшүиүктүн өнүгүшүнө дайыма түрткү берип гурат. Жаңы пайда болгон түшүнүк мурунку калыптанган түшүнүктөрдүн биригишине алып келет да, алар улам темадан темага өткөн сайыи кенейтилип жүрүп отурат. Ушундай логикалык удаалаштыктагы түшүнүктөрдү окуучуларлын аң сезимине калыптандырууда системдуүүлүк жана системалуулук принциптеринин ролу чон.

Окуучуларды илимий түшүлүктөрдү системалаштырууиун негизиндс окутуу проблемасы - балдардын билимин бирдиктүү систсмага салууга мүмкүидүк берди. Окуучулардын билимин бирдиктүү системага салуу көпчүлүк учурда системдүүлүк жана системалуулук принциптерине, алардын исихологиялык жана дидактикалык жактан канчалык даражада негизделишине байланыштуу. Мектеп окуучуларынын билим деңгээлдерин системалаштыруунуи натыйжалуу жолдорун изилдөө психологдордун жана дидактардын көңүлүн өзгөчө бурган. Бул маселе боюнча В.О.Пунский, М.Н.Шардаков, Л.Я.Зорина.

А.Н.Звягин, О.С.Зилькина, Я.Ф.Гапюк жана башкалар бир топ баалуу изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

В.О Пунский системдүүлуктү - системалуу билимдин барлык белгилерин камтыгаи категория катары карайт. Ал системдүүлүк принцибинин мазмунун, окутуу процессин уюштуруудагы системдүү мамиленин жана аны системалуулук принцибинин талаптары катары сунуштаган. Ошондон эле окутуу процессинин компонеттери болгон анын максаты, өзлөштүрүлгөн мнтериалдын мазмуну, методдору. каражаттары жана башкалардын өз ара үзгүлтүксүз байланышы системдүү түзүлүшкө ээ экендигин изилдеген.

Көрүнүктүү дидакт Л.Я.Зорина окуучулардын билим сапатын жогорулагууну талдап отуруп, системдүүлүктү ушул проблеманы чечүүнүн чегиндеги составдык бөлүгү катары караган. Ал системдүүлүктү - илимий теориянын ичиндеги элементтсрдин өз ара байланышына адеквиттуу болгон билимдин окуучулардын ан-сезиминдеги структурасы деп белгилеген ( 10).

Жогорудагы анализдөөлөрдүн натыйжасынла системдүүлүк -илимий билимдин тигил же бул түрүндөгү элементтеринин өз ара турулуу байланышына адекваттуу болгон структурасынын калытанышы деген жыйынтыкка келүүгө болот. Ал зми системалуулук – материалдын мазмунунун белгилүү удаалаштыктагы логикалык байланышынын калыптанышы. Бул түшүнүккө

Л.Я.Зорина төмөнкүдөй мүнөздөмө берген. Сиетемаалуулук билимдин айрым компоненттеринин арасындагы логикалык байланыштар окуучуларлын аң-сезиминде калыптанып, алардын билим сапатын мүнөздөйт, дсп эн туура талдоо жүргүзгөн.

А.Н.Звягнн системалуулукка окутуу прсцессинин төмөнкүлөрүн бириктирет: нсчимелгеи окуу программасын.

илимий билим берүүнүн ырааттуулугун жана анын логикалык байланышгуулутун, ар түрлүү предметтер боюнча билимдин өз ара байланышын, өадөштүрүдгөн материаллын мазмунун мугалим жана окуучунун бирдиктүү ырааттуулукта бамндоосун, билим. ык жала машыгуу боюнча окуучуларлын иш-аракетиндеги системалуулукту, окутуу каражаттарын белгилүү иретке салып пайдаланууну ж.б.(9).

Ошентип, системалуулук окуу предметинин структуралык мазмунун чагылдыруу менен. анын логикалык байланыш системасын түзөт. Мында састема - бири-бири менен өа ара тыгыз байланышкан бир топ элементтердин биригип, бирдей функиияны аткарышы. Система ар дайым системалаштыруу менен биргеликте жүрөт. Системалаштыруу белгилүү системага багытталган билимдин ой жүгүртүү иш-аракети. Ал эми система ошол иш-аракеттин натыйжасында келип чыккан билим. Билим иш-аракеттин жолдорун үйрөтөт. Илимий жактан караганда билим -илимдин ар бир багыт боюнча жетишкендиктеринин жана адамзаттын турмуштук тажрыйбасынын жыйынлыктарынын, аларлын өз ара мамилелеринин дидактикалык ыкмалар мемен иштелип чыккан жыйындысы. Билим окутуу процесси аркылуу ишке ашырылат. Окутуу эки жакту процесс. Ал окуучулардын обьективдүү дүйнөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып-6илүү ишмердүүлүктөрүн уюштуруу жана башкаруу процессинде балдардын акыл жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө, алардын интеллектуалдык, эмоционалдык жана адептүүлүк сапаттарын эстетикалык табитин, экологиялык маданияттуулугун жана дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандырууга багытталат. Ошентип алгылыктуу билим берүүнүн бирден бир негизги жолу болуп саналат.

Билим берүү инсандардын нлимий билимди практикалык билгичтикти жана көндүмдөрдү калыптандыруу менен акыл-эстин, таанып-билүүнүү жана чыгармачылык ишмердүүлүктүн өнүгүү денгээлине жетишүүсү, ошондой эле анын социалдык манызын жеке өзгөчөлүгүн аныктоочу адеп-ахлактык, эстетикалык экологиялык маданиятка ээ болушу.

Жогоркудай болгон илимий билимдердин системасына талдоо жүргүзүү менен анын төмөнкүдөй структуралык элементтерин белгилөөгө болот: илимий фактылар, түшүнүктөр, закондор, теориялар жана изилдөө методлору. Бул маселе боюнча көптөгөн окумушчуулар өзлерүнүи оригиналлуу идеялары мснен баалуу изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн. Илимий билимдердин жогоркудай структуралык элементтеринин натыйжалуу жолдорун изилаөөдө

И.Я.Лернер жана М.Н,Скаткин билимдин түрү катары буларды бөлүп алышкан: түшүнүктөр, терминдер, фактылар, закондор, теориялар жана идеялар (12).

Ал эми М.И.Махмутов түшүнүктү билимдин негизги элементи катары карап, аны үч топко бөлөт:

* биринчи топко - таанып-билүүнүн жолдорун, ыктарын билим алууда акыл иш-аракетинин багыты жөнүндөгү билимди;

* экинчи топко – терминдер, фактылар, сандык маалыматтар, окуялар. ж.б.;

* үчүнчү топко – түшүнүктөрдү, закондорду. эрежелерди киргизген (15).

М.Н.Верзилин тарабынан окуучулардын түшүнүктөрдү өздөштүрүүсүнүн төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү аныкталган:

- ар бир окуу предметинде негизги түшүнүктөрдү бөлүп алмайынча, алардын ийгиликтүү аздөштүрүлүшү мүмкүн эмес;

- айрым түшүнүктөр бир эле сабакта калылтандырылбастан, темадан темага, курстан курска акырындык менен өнүгүшү мүмкүн.

айрым түшунүктөр бир гана предметтин аймагында өнүкпөстөн, башка предметтин түшүнүктөрү менен байланышта, илимий түшүнүктөрдүн системасында өнүгүп барат деп эң туура талдоо жүргүзгөн

(5).

Ошондой эле Н.Л Менчинская түшүнүктү калыптандыруу процесси татаал жана көп убакытты талап кылуучу процесс экендигин негиздеген. Окуучулар түшүнүк менен биринчи таанышканда эле анын барлык жагын өздөштүрө алышпайт, буга алар ар кандай көрсөтмөлүү каражаттардын, теориялык жалпылоолордун, практикалык аракеттердин негизинде гана жетишише алаарын баса көрсөткөн (3).

Мындан сырткары илимий тушүнүктөрлүн калыптанышы

М.Н.Верзилин, Л.С.Выгогский, И.В.Гиттис, В.В.Давыдов, С.И.Иванова, М.Н.Скаткин, Н.Ф.Талызин, М.Н.Шардаков. С.Г.Шаповаленко, А.В.Усова ж.б., тарабынан белгиленип, алар төмөнкүдөй этаптарды басып өтөт;

- жалпы белгилерди ажыратуу үчүн типтүү обьектилерди салыштыруу, андай чечимдерди, фактыларды талдоо:

- олуттуу негизги белгилерди тандоо жана аларды олутсуздардан чектөө;

- илимий гүщүнүкгөрлүн ортосундагы байланыштарды түзүү.

Булардыи ичинен М.Н.Шардаков илимий түшүнүктөрдү төмөнкудөй этап боюнча калыптандырууну сунуш кылат;

-айрым кубулуштарга жана предметтерге байкоону уюштуруу;

- үйрөтүлүп жаткан предметтин жалпы жана негизги белгилерин ажыратуу;

- түшүнүктү тактоо менен анын аныктамасын берүү;

- практикалык текшерүү жана көнүгүү;

-түшүнүктү кеңейтүү жана тереңдетүү (19).

Ал эми П.Я.Гальперин жана Н.Ф.Талызина түшүнүктү калыптандыруу процессин төмөнкү этаптар боюнча ишке ашырууну сунушташат:

-биринчи этапта, окуучуларлы түшүнүктү өздөшгүрүү боюнча аракеттенүүсү ориентирлөөнүн системасын түзүү этабы. Бул этапта окучулар аракетгин максаты. аракет жасоо обьектиси жана ориентирлердин сииемасы жөнүндөгүмаалымат гарды алышат;

-экинчи этапта, окуучулар түшүнүктүн материалдык обьектиси менен аракет жүргүзүшөт:

-үчүнчү этапта, жасалгаи аракеттер үн чыгарып айтуу формасында аткарылат. Бул учурда аракеттер жалпыланат жана такталат, бирок кыскартылгаи автоматташтырылса формага ээ болбойт;

-төртүнчү этапта аракеттин аткарылышы үн чыгарып сүйлөө же жазуу формасында эмес ичинен кайталап айтуу формасында болот;

-бешинчи этапта түшүнүктү калыптандырууга жасалган аракеттер ички планда түшүнүктүн абстракциялык модели боюича ой жүтүртүү фомасынла аткарылат. Бул этапта аракеттердин аткарылышы автоматтык түрдө окуучунун аң-сезиминде болуп өтөт.

Түшүнүктүн пайда болуу жана өнүгүү этаптарын

Мамбетакунов төмөнкүдөй ырааттуулукта алып барган.

1. Илимий фактылардыи жана байкоолордун натыйжаларын анализдөө.

2. Түшүнүктүн жалпы жана маанилүү бслгилерин аныктоо.

3. Тушүнүктүн аныктамасын берүү.

4. Түшүнүктүн маанилүү белгилерин тактоо.

5. Жаны түшүнүктү мурдагы өздөштүрүлгөн (ага окшош) түшүнүктөрдөн айырмалоо.

б.Жаңы түшүнүктү башка түшүнүктөр менен болгон байланышын аныктоо.

7. Түшүнүктү практикада колдонуу.

8. Тушүнүктөрдүсистемалаштыруу (14) .

Жогорудагы негиздеп, түшүнүктөрдү өрчүтүү этаптарын төмөнкүдөй ырааттуулукта алып барууга болот:

1- жалпы бепгилерди ажыратууда теориялык жоболорго иегизделүү;

2- олуттуу негизги белгилерден олутсуз белгини ажыратуу:

3- олуттуу негизги белгилерди синтездөө:

4- пайда болгон түшүнүктү тактоо;

5- жаны пайда болгон түшүнүктү колдонуу;

6- идеянын пайда болушу жана аны чыгармачылык деңгээлге алып өтүү.

Окутуу процессинде окуучулардын таанып-билүүсүн арттырууда жогорку аталган илимий билимдердин элементтери жана түшүнүкгөрдү өрчүтүү этаптары негизги мааниге ээ. Алар дайыма бири-бири менен өз ара тыгыз байланышта болуп, бири экинчисин шарттап турат. Булардын ичинен илимий түшүнүктөр таанып-билүү ироцессинде негизги ролду аткарат. Себеби ал, кубулуштун же предметтин манңыздуу белгилерин чагылдырып, адамдын ойлоосунун эң башкы формасы болуп саналат.

Бул боюнча психолог Л.С.Выготский түшүнүктүн ойлонуу процессиндеги ролун эске алып: «Ойлонуу ар дайым түшүнүктөрдүн пирамидасында кыймылга келет» - деп туура көз карашты берген. Мындан окуучулардын ан-сезиминде түшүнүктөрдү калыптандыруу проблемасы менен алардын ойлонууларын өстүрүү проблемасынын байданышта экендигин көрүүгө болот (11).

Э.Мамбетакунов «Жалпы орто мектептердин өнүгүү шартында психологиялык жана дидактикалык илимдердин актуалдуу проблемаларынан болуп, окуучулардын аң-сезиминде фактыларды эмес, билимдердин системасын, анын ичинде өзгөчө илимий түшүнүктөрдүн системасын калыптанлыруунун сапатын жогорулатуу керек. Анткени илимий түшүнүктөр билимдер системасындагы эң маанилүү элементтердин бири жана ойлонуунун эң башкы формасы болуп эсептелет» - деп эң туура талдоо жүргүзгөн (14).

Жогоркудай талдоолорду жүргүзүүнүн натыйжасында көпчүлүк авторлор түшүнүктүн илимий билимдин негизги структуралык элементи катары бөлүп карашкан. Анткени предмет же кубулуштун байланышы жөнүндө реалдуу чындыкты түшүнүк гана чагылдыра алат.

Түшүнүк - таанып-билүүнүн объектиси, таанып-билүүнун каражаты жана таанып-билүүнүн натыйжасы деп баса белгилеген Ф.Энгельс (2). Ал эми

В.И.Ленин «Түшүнүк материянын эң жогорку продуктусу болгон мээнин жогорку продуктусу» деп берет (1). Түшүнүк - кубулуштагы бүткүл жалпылык жөнүндөгү ой толгоо деген изилдөөнү Е.К.Войшилло сунуштаган

(6). Келтирилген аныктамаларды талдап отуруп, түшүнүк жөнүндө төмөнкүдөй жыйынтыкка келүүгө болот.

Түшүнүк - бул предметтер, кубулуштар жана процесстердин негизги белгилерин, касиеттерин, мамилелерин аныктап, алардын ички маңызындагы өз ара байланыштарды чагылдырган жыйынтык болуп саналат.

Түшүнүктү логикалык категория катары мүнөздөгөн негизги белгилери төмөнкүлөр: түшүнүктүн мазмуну, түшүнүктүн көлөмү, түшүнүктүн өз ара байланышы, мамилеси. Адамдын аң-сезимине түшүнүктүн жардамы менен чагылдыруучу предметтердин жана кубулуштардын маңыздуу белгилеринин жыйындысы т ү ш ү н ү к т ү н м а з м у н у н түзөт. Бул учурда окуучулар түшүнүктүн маңыздуу белгилерин гана билбестен, ал белгилердин ортосундагы логикалык байлалыштарды да билүүлөрү зарыл. Түшүнүктөр мазмуну боюнча жөнөкөй жала татаал болуп экиге бөлүнөт. Бир же эки маныздуу белгиге ээ болгон түшүнүктөр жөнөкөй түшүнүктөр деп аталат. Мисалы, өсүмдүктүн жалбырагы - бул вегетативдүү орган. Жөнөкөй түшүнүк катары анын эки маңыздуу белгисин карап көрөлү. Биринчи маңыздуу белгиси, фотосинтез процессине катышып, абаны кычкылтек менен байытат. Экинчиси, вегетативдүү орган. Ал эми эки же андан көп маңыздуу белгиси бар түшүнүктөр татаал түшүнүктөр деп аталат. Мисалы, өсүмдүк жалбырагынын экологиялык, морфологиялык, анатомиялык, физиологиялык, систематикалык ж.б. белгилери.

Түшүнүк камтыган объектилердин, предметтердин өлчөмдүү саны аркылуу мүнөздөлсө, ал т ү ш ү н ү к т ү н көлөмү болот. Түшүнүктөр көлөмү боюнча жалпы жана жекече болуп бөлүнүшөт. Мисалы, орган түшүнүгү жалпы, ал эми тамыр жекече түшүнүк, организм түшүнүгү жалпы, жаныбарлар организми жекече түшүнүк, өсүмдүк түшүнүгү жалпы, бадал жекече түшүнүк ж.б.

Түшүнүктөр кубулушту, предметти жана объектини чагылдыруу менен, алардын байланышын, катышын көрсөтөт. Бул байланыштардын бири-бири менен болгон мамилелеринин адамдын ан-сезиминде чагылдырылышы

- т ү ш ү н ү к т ө р а р а с ы н д а г ы б а й л а н ы ш болуп саналат.

Түшүнүктөр ар дайым өз ара байланышта болуп, бири экинчиси аркылуу шартталып турат. Түшүнүктү мүнөздөөчү жогоркудай негизги белгилерин

(мазмунун, көлөмүн, жана өз ара байланыштарын) эске алуу менен түшүнүктүн тегин жана түрүн белгилөөгө болот.

Объектилердин тибине тийиштүү болгон жалпы белгилерин чагылдыруучу түшүнүктөр т е к т и к түшүнүктөр же түшүнүктүн т е г и деп аталат. Тектик түшүнүктөр өзүнүн көлөмүнө бир канча төмөнкү даражадагы жалпылыкка ээ болгон түшүнүктөрдү камтыйт.

Түшүнүктөрдүн жалпы белгилерди камтышы тектик белгилер деп аталат. Ал белгилүү объектилердин тибинин жалпы белгилерин мүнөздөйт. Мисалы, жаныбарлардын биологиясы бөлүмүндөгү муунак буттуулар тибине кирген жаныбарлардын буттары жана денеси муунактардан турушу, алардын денеси органикалык заттан турган хитиндик каптоосу, бул жаныбарлардын жалпы белгилерин мүнөздөйт.

Ал эми айрым объектинин же организмдин мүнөздүү белгилерин чагылдыруучу, төмөнкү даражадагы жалпылыкка ээ болгон түшүнүктөр т ү р д ү к түшүнүктөр же түшүнүктүн т ү р ү деп аталат. Ал ар дайым тектик түшүнүктөрдүн составында болуп, айрым объектиге же организмге гана тийиштүү болгон мүнөздүү белгилерди чагылдырат. Мисалы, муунак буттуулар тибине кирген май саратанынын (коңуздун) үч жуп жөрмөлөөчү буттарынын болушу жана денеси: баш, көкүрөк, курсак бөлүктөрдүн турушу, алардын курт кумурскалар классына киргизген жалпы түрдүк белгилери болуп саналат. Ошентип, бир эле тектеги бир түрдүү түшүнүктү экинчисинен айырмалоочу белгилер түшүнүктүн түрдук белгилери деп аталат. Түшүнүктүн түрүнүн көлөмү ар дайым түшүнүктүн тегинин көлөмүнөн кичине болуп, анын составдык бөлүгүн түзүп турат. Бул эки түшүнүктүн көлөмдөрү логикада көрсөтмөлүү түрдө Эйлердин эки тегереги аркылуу чагылдырылат (1-сүрөт).

1-сүрөт

Мында тектик түшүнүк - чоң диаметрдик тегерек, ал эми түрдүк түшүнүк - кичине диаметрдик тегерек менен берилген. Тектик түшүнүктүн көлөмү түрдүк түшүнүктүн көлөмүнөн чоң экендигин байкоого болот. Түшүнүккө көпчүлүк учурда түрдүк түшүнүктөрдүн бирөө эмес, бир канчасы туура келет. Мисалы, жогорудагы муунак буттуулар тиби - тектик түшүнүк болсо, ал эми рак сымалдар, жөргөмүш сымалдар, курт кумурскалар класстары түрдүк түшүнүктөр болот.

Ошондой эле организм бир бүтүн система түрүндө түшүндүрүлүп, ал тектик түшүнүк катары каралса, ал эми органдар системасы, орган, ткань, клетка, органоиддер анын түрүн көрсөтөт.

Мындан сырткары түшүнүк жөнүндөгү теориянын методологиялык негизи диалектикалык материализм болуп саналат. Мында түшүнүктүн пайда болушунун жана өрчүшүнүн объективдүү булагы - бул реалдуу дүйнө, ал эми материалдык негизи - адамдын коомдук тарыхый тажрыйбасы болуп эсептелет. Адамдын практикалык иш-аракети кандайдыр бир түшүнүктүн же объектинин маңыздуу белгилерин аныктоону талап кылат.

Бул учурда сырткы дүйнөдөгү предметтер талапты канааттандыруучу каражат катары өадөштүрүлөт. Андан ары аны өздөштөрүү үчүн предметти жана кубулушту таанышат. Түшүнүктөрдүн бардыгы эле өндүрүштүк талаптар пайда болбостон, ал илимдин өнүгүшүндөгү өзүнүн ички механизминде да пайда болот. Адамдын аң-сезиминде түшүнүктүн пайда болушунун механизминин психологиялык жана физиологиялык негиздерин билүүбүз зарыл. Мында түшүнүктүн пайда болушу эмнеден башталат? -деген суроо туулушу мүмкүн. Бул жерде таанып-билүү теориясына кайрылабыз. Таанып-билүү жандуу сезүүдөн, кубулуштан жана бир бүтүн нерседен башталат. Булар жөнүндө В.И.Ленин, объективдүү чындыкты таанып-билүүнүн диалектикалык жолу - жандуу баамдоодон абстрактуу ой жүгүртүүгө, андан практикага өтүү-деген маныздуу идеясын сунуштаган(1).

Чындыгында адамдын таанып-билүүсү жогорудагы процесстерди өз ичине камтыйт.

Э.Мамбетакунов адамдын аң-сезиминде түшүнүктүн пайда болушунун жолу эки этаптан турарын аныктаган. Биринчиси, сезим, кабыл алуу, элестетүү. Сезим - бул предметтин же кубулуштун адамдын сезүү органдары менен болгон өз ара аракети. Ал эми кабыл алуу - адамдын ан-сезиминде сезүү органдары аркылуу предметтин же кубулуштун түздөн-түз аракет этишинин натыйжасы болуп эсептелет. Элестетүү - жандуу кабыл алуудан ой жүгүртүүгө өтүү учуру. Элестетүүнүн физиологиялык негизи -мээнин чоң жарым шарында дүүлүгүүлөрдөн калган издер, образдар, сүрөттөр.

Адамдын аң-сезиминде түшүнүктүн пайда болушунун экинчи этабы - ой толгоо (ойдо талдоо), ой корутундулоо жана түшүнүү. Эгерде биз ар түрдүү формадагы жана ар башка түстөгү бир канча гүлдөрдү көрө турган болсок, анда биздин сезимибизде алардын формасы жана түстөрү жөнүндөгү образдар калбастан, бардык гүлдөргө мүнөздүү болгон жалпы белгилеринин образы калат. Андан кийин биздин аң-сезимибизде объектинин конкреттүү элесин абстракциялап, ойдо талдоо процесси башталат. Кабылдоонун жана элестөөнүн негизинде алынган объектиге же кубулушка гана мүнөздүү болгон маңыздуу белгилер аныкталат. Бул ойдо талдоонун натыйжасы ойду корутундулоо деп аталаг. Ал ар кандай белгилерди анализдөө, бири-бири менен салыштыруу, синтездөө амалдарын аткаруу менен ишке ашат.

Натыйжада адамдын аң-сезиминде берилген объект же кубулуш жөнүндөгү түшүнүк пайда болот. Түшүнүү-бул түшүнүктөр формасында ой жүгүртүү

(15).

Түшүнүктүн пайда болушунда ошондой эле анализ, синтез, салыштыруу сыяктуу логикалык ыкмалар дагы чон роль аткарат. Анткени булар аркылуу объектинин олуттуу негизги белгилери бөлүнүп, абстракциялоого шарт түзүлөт. Түшүнүк таанып-билүүнүн башка логикалык формаларында дагы негизги кызматты аткарат. Мисалы, пикирде, акыл корутундусунда, гипотезада, теорияда, закондо жана башкаларда. Ошондой эле илим -теориялардын системалуу өнүгүшүнөн калыптанат. Ал эми теория болсо, түшүнүктөрдүн, принциптердин жана закондордун нсгизинде өздөштүрүлөт. Ошентип илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун теориялык негиздери логико-гносеологиялык категориянын негизинде өздөштүрүлүп, алар төмөнкүдөй корутуланды:

• илимий түшүнүк билим системасынын негизги структуралык элементи болуп эсепелет;

•түшүнүк объективдүү дүйнөнү чагылткан ой жүгүртүүнүн жогорку формасы жана айрым психологиялык белгилерди өнүктүрүүнүн базасы дагы болуп саналат. Булар илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун теориялык негизин түзөт.

2. Биологиялык түшүнүктөрдү өнүктүрүү теориясы Биологиялык билим өзүнүн мазмунунун жана таанып-билүүсүнүн терендеши боюнча ар түрдүү формада болушу мумкүн. Алардын ичинен негизгиси: биологиялык элес, биологиялык түшүнүк, биологиялык категория жана биологиялык идея формалары болот деп белгилешет

Б.В.Всесвятский жана Н.М.Корсунская (7). Бул окумуштуулар таанып-билүү теориясына таянып, элести кабыл алуунун этабы катары карашат.

Чындыгында кандайдыр бир обектини таанып-билүү элестен башталат.

Билим алууда элеске өзгөчө мааниге ээ болот. Элес алууга окуучунун сырткы нерсени кабыл алуудагы бардык информациялык каналдары катышат. Ошондо гана элес толук болот. Бул учурда нерсенин бардык белгилери окуучуларга дайын болот да, аң-сезимде ал белгилердин ортосунда байланыш түзүлөт. Мисалы, жандуу сезүүдө нерсени көрүүгө гана жетишсиз, аны кол менен кармап, мүмкүн болсо формасын, көлөмүн, дене каптоосун, үнүн угуп кабыл алганда гана ал нерсе элеске өтө баштайт.

Анын толук өрчүшүнүн дагы бир шарты - бул ой жүгүртүүнүн катышышы.

Ошондой эле анализ, синтез, салыштыруу, корутундулоонун белгилүү элементтеринин катышышы.

Биологиялык элес деген - жандуу объектилердин образы. Баш мээде жандуу обьектинин формасы, көлөмү, өлчөмү, түсү чагылдырылат жана анын тиричиликке гана тиешелүү болгон касиеттеринин көрүлүшү калыптанат. Мисалы, кандайдыр бир жаныбардын образын (элесин) түзүү үчүн, анын түзүлүшүндөгү, өрчүшүндөгү, көбөйүшүндөгү же башка тиричилигиндеги кайсы бир касиеттер кошо айтылат. Мисалы, инфузория-туфелька өтө кичине, бир клеткалуу организм. Анын өлчөмү 0,1- 0,3 мм денеси сүйрү, тоголок келип, тез кыймылдайт. Анын себебин экологиялык -эволюциялык мамиле аркылуу да чагылдырабыз.

Толук элес алуунун дагы бир шарты - бул объектини айлана-чөйрөсү менен бирдикте кабыл алуу. Буга азыркы түзүлгөн программалардагы жаныбарлардын биологиясы курсунун мазмунунун илимий жактан түшүндүрүлүшү негизги өбөлгө болот. Ошентип, элести биологиялык билимдин бир формасы, болгондо да эң негизгиси катары кароого болот жана ал баштапкы учурда кабыл алуунун этабы болуп кала бериши объективдүү. Ошондуктан биологиялык элес берүүнү сабактын бир милдети катары караса болот.

Ошондой эле Л.Я.Зоринанын теориясына негизделип, окуучүларды элес ыгына белгилүү план аркылуу үйрөтсөк болот. Мында элес берүү төмөнкүдөй планда жүргүзүлөт:

I Мейкиндиктеги формасы салыштыруу менен мүнөздөлөт:

2. Көлөмүн салыштыруу жана чен бирдик аркылуу аныкталат;

З.Дене каптоосу жана анын түсү боюнча башка объектилерден айырмалоо;

4.Органдарынын түзүлүшүндөгү айрым өзгөчөлүктөрү;

5.Тиричилигиндеги өзгөчө белгилери;

б.Объектини (жаныбарды) айлана-чөйрөсү, ага таасир эткен факторлор менен бирге кабыл алуу(10).

Жогоркудай баяндап жазуу методун колдонуу менен нерсенин образы түзүлөт.

Баштапкы элес акырындап отуруп толук элеске айланат да, ал ар кандай кырдаалга ориентир жасоого мүмкүндүк берет. Натыйжада жандуу организм менен айлана чөйрөнүн өз ара байланышындагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү кабыл алуу аркылуу жаратыльшты туура түшүнүүгө шарт түзүлөт. Эгерде ал эмоциялык-эстетикалык кабыл алуу менен айкалышса, анда канатуунун түркүн түстүү канатын, дене каптоосун, үнүн, кооздугун сезүү аркылуу, анын гармониялык мамилесинин калыптанышына алып келет.

Ошентип биологиялык элес жалаң эле тиричиликке тиешелүү болбостон, жаратылыштын башка объектилери жана кубулуштары менен бирге кабыл альшат. Ар бир объекти өзүнчө система катары кароого болот.

Бул жерде дагы сисгемалуу мамиле аркылуу бир бүтүндүүлүк камсыз болот.

Билим алуунун эң негизги фундаменталдык этабы жана билимдин орчундуу формасы элес болуп эсептелет. Бул мамиле психологиялык, педагогикалык жана дидактикалык изилдөөлөрдө кеңири чагылдырылган.

Көпчүлүк образдуу, схемалуу куралдар, салыштырмалуу таблицалар, натуралдык объектилер жана техникалык, логикалык ыкмалар пайдаланылып, алар сабак учурунда элес берүү үчүн кызмат кылат.

Мугалимдин иш-аракетиндеги чыгармачылык функция элес берүү аракетинде нукка салынат. Себеби жаныбарлардын биологиясы конкреттүү көрүнүш, кубулуш, процесс жөнүндөгү илим болгондуктан, нерсени конкреттүү элестетпей туруп, абстрактуу ой жүгүртүү туура жолго коюлушу мүмкүн эмес. Эгерде бул учурда конкреттүү туура элес берилбесе, анда ага байланышкан түшүнүктөр да объективдүү мыйзам-ченемдүүлүктөрдү чагылдыра албай калат.

Мисалы, балдар көп клеткалуу жаныбарлардын алгачкы өкүлү болгон полип гидранын өзүн көрбөсө, анын көлөмүн элестете албайт. Ар түрдүү формадагы жаныбарлардын көлөмдүү элесин образдуу элестете албаса, анда клетка, ткань, орган, органдар системасы жана организм жөнүндө түшүнүк толук болбойт. Алардын аныктамасын механикалык түрдө жаттаганы мснен өзүн элестетпей, оозеки метод менен кабыл алганда түшүнүк бурмаланып калат. Азыркы биологиялык билим берүүнүн мазмундук багыт боюнча түзүлгөн иерархиялык структурасы элестин туура берилишине түрткү берет.

Себеби тиричиликтин уюшулушунун ар бир денгээлине тиешелүү толук элес бербей туруп, андан кийинки системага өтүү натыйжасыз болот. Ошондуктан элес түзүүдө табигый обьектиден башка дагы, мисалы, экология илиминдеги азык чынжырында мультимедиону пайдалануу менен, элес берүүгө болот. Бул окуучулардын ориентирлөө жөндөмүн өнүктүрөт жана аз убакьгттын ичинде көбүрөөк илимий информацияны кабыл алышына жардам берет.

Ошону менен бирге окуучуларда билимди өздөштүрүүнүн ургаалдуу жүрүшүн камсыз кылат.

Бул жерде мугалим менен окуучунун кызматташтыгына жакшы шарт түзүлөт. Анткени биологияны үйрөнүү бүтүндөй дүйнөнү мүнөздөөдөн башталат да, окуучулардын кандай билим ала тургандыктарына алдын ала ориентир берилег. Ар бир иерархиялык деңгээлди үйрөнгөндө, анын кийинки баскычтары алдын ала мүнөздөлүп турат. Алардын бардыгына тиешелүү бирдик бар экендиги жана бирдей заттардан тургандыгы, заттар бири-бирине өтүп, аларды байланыштырып турганы мүнөздөлөт. Мында ар бир система жана органикалык дүйнөнүң ар бир дүйнөчөсү өзүнчө бүтүн нерсе, өзүн өзүн тейлөөчү обьект экени белгиленет.

Азыркы мезгилдеги бирдиктүү сингезделген биология курсунун теориялык билим берүү системасы таанып-билүүнүн элес берүү этабын өзүнчө денгээлге алып чыгат.

Адам түшүнүккө ээ болуш үчүн таанып-билүүнүн бир канча этаптарын басып өтүшү зарыл. Илимий түшүнүктү өздөштүрүү жана аны кайра айгып берүү төмөнкү схема аркылуу жүргүзүлөт:

түздөн түз нерсени сезүүу - кабыл алуу - элестин пайда болушу -түшүнүктүн келип чыгышы.

Сырткы дүйнөнү таанып-билүү эң алгач сезүүдөн башталат. Адам ар кандай нерсени биринчи иретте бир эле белгиси же касиети боюнча сезет, б.а. кандайдыр бир нерсенин даамын, жытын, түсүн же болбосо анын катуу, суюк, газ, муздак же ысык экендигин сезет да, анын кээ бир касиеттерин ойдо чагылдырат.

С е з ү ү - бул тышкы чөйрөнүн организмге таасир этишин билдирген эн жөнөкөй психикалык процесс. Ар кандай материя биздин денебизде дүүлүктүрүү менен сезүүнү пайда кылат. Андан соң сезимге таасир эткен заттын же нерсенин касиети сезүү органдары аркылуу кабыл алынат. Демек, с е з и м бул кубулуштун.

процесстин же обьектинин адамдын сезүү органдары менен болгон өз ара аракети. Сезүүдө заттын бир эле касиети (түсү же формасы) чагылдырылса, ал эми кабыл алууда бир бүтүн нерсенин бардык касиети (анын физикалык, химиялык касиеттери) ой аркылуу чагылдырылат. Башкача айтканда, нерсенин предметтүүлүгү, бүтүндүүлүгү, агрегаттуулугу, түзүлүшү толук көрсөтүлөт. Ошентип кабыл алуу - бул активдуу психологиялык процесс. Башкача айтканда, к а б ы л а л у у денебиз адамдын аң-сезимине сезүү органдары аркылуу кубулуштун, процесстин же обьектинин түздөн-түз аракет этишинин натыйжасы болуп эсептелет. Эгсрде аны физиологиялык негизде карай турган болсок, анда кабыл алуу - бул чон жарым шардын кыртыш бөлүмүндө шарттуу рефлекстин натыйжасында пайда болгон убактылуу байланыш. Жогоркудай болгон комплектүү кабыл алуудан кийин кандайлыр бир нерсенин ички образын же касиеттерин толук көрсөтүүчү картина келип чыгат, б.а.. элес пайда болот.

Э л е с - бул адамдын сезүү органдарына мурунтан таасир этилген обьектилердин,. кубулуштардын, процесстердин чыныгы көрүнүшү, сүрөттөлүшү же образы болуп саналат. Элес кандайдыр бир окуянын картинасын, негизин көрсөткөнү менен, анын кээ бир деталдарын көрсөтө албай калышы да мүмкүн. Ошондуктан элес түшүнүккө өтүүнүн башталмасы гана боло алат. Кандайдыр бир нерсени, кубулушту же окуяны комплектүү түрдө кабыл алуу э л е с т и жаратат. Элес нерсенин аттарын, терминдерин жана белгилерин тактоо, аныктоо менен түшүнүккө өтөт. Мисалы, «Журөктүн иштеши» - деген теманы өздөштүрүүдө, окуучуларды жүрөктүн анатомиясы менен тааныштырбай туруп, ал жөнүндөгү кинолентаны демонстрацияласак, анда аларда элес пайда болуп, т ү ш ү н ү к пайда болбойт. Себеби окуучулар жүрөктүн ички түзүлүшүн. алардын ар бир бөлүгүнүн аттарын билишпейт. Алар жөнүндө толук маалымат алганда гана балдарда түшүнүк пайда болот. Түшүнүк - бул обьективдүү чыныгы предметтердин жана кубулуштардын бири бирине болгон жалпы, өтө маанилүү мамилелерин, б.а. өз ара байланыштуулугун, алардын касиеттерин, белгилерин жана ички маңызын чагылдыруучу ой болуп саналат.

Окуучунун аң-сезиминде түшүнүктүн туура калыптанышы сезүүдөн, кабыл алуудан жана элестетүүдөн көз каранды экендигин

Э.Мамбетакунов эң туура баалап, аларды төмөндөгүчө мүнөлдөйт. Бул процесстер окуучулардын акыл аракетинде бирдей жүрбөйт. Ал

И.П.Павловдун окуусу боюнча адамдын байкоо жүргүзүүсүнө, байкагычтыгына, сезгичтигине, кабыл алгычтыгына жараша болот. Байкагыч адам кабыл алынган предметтердеги окшоштуктарды, айырмачылыктарды ар дайым байкап турат, ал предметтеги же кубулуштагы керектүү өзгөчөлүктөрдү бөлүп алууга жөндөмдүү келет (14).

Байкагандарды, кабыл алгандарды элестете билүү эске тутуу менен байланышта болот. Эске тутуу - ан-сезимде кабыл алынгандарды бышыктоо, сактоо жана керектүү учурда эстеп кайталап туруучу акыл аракеттеринин жыйындысы, Эске тутуу процесси - эстеп калуу, эсте сактоо, кайталоо, унутуу аркылуу мүнөздөлөт. Эске тутуунун сапаты эстеги элестердин тактыгы, көлөмүнүн кенендиги, бекемдиги жана кайрадан эске салуунун тездиги менен бааланат.

Чыныгы түшүнүктү пайда кылуу үчүн жалпылоочу, аягына чейин ойлонулган элестер талап кылынат. Билим түшүнүктөрдөн куралат. Табият таануунун закондору, эрежелери, теориялары -түшүнүктөрдүн жыйындылары болуп эсептелет.

В.И.Ленин «Буюмду чыңдап билүү үчүн, анын бардык жактарын, бардык байланыштарын жана эки ортолук мамилелерин бүт бойдон алып, үйрөнүп-билүү керек» - деген (1). Чындыгында, буюмдар менен кубулуштардын негизги касиеттери, жалпы белгилери жана өз ара бири-бири менен болгон тыгыз байланыштуулугу түшүнүктөр аркылуу гана даана көрсөтүлөт. Мында материянын же кубулуштун ички карама-каршылыгын, биримдүүлүгүн көрсөтүү менен түшүнүк ар дайым өнүктүрүлүп турат. Түшүнүк өсүп - өнүгүү кыймылына ээ болуу менен жөнөкөй түшүнүк акырындап отуруп, татаал түшүнүктөргө өтүп, натыйжада системалуу илимий жыйынтыктар келип чыгат. Ошентип түшүнүктүн өнүгүшү - окуу тарбия процессинин кыймылдаткыч күчү болуп саналат.

Ассоциациялык системалар аркылуу берилген түшүнүктүн кенейтилиши, толукталышы жана башка маалыматтар менен байланышы. илимий билимдин өнүгүшүнө алып келет. Мисалы, «Клетка» же болбосо

«Организмдин клеткалык түзүлүшү» жөнүнлөгү түшүнүктүн өрчүтүлүшү

- клеткалары чоң, жөнөкөй көз менен көрүүгө боло тургам дарбыздын, помидордун, коондун клеткаларын түздөн-түз карап көрүүдөн башталат.

Дарбызды жарып, бир кичине бөлүгүнө кунт коюп карай турган болсок, ал бүтүндөй эле майда бөлүкчөдөн же болбосо майда, тоголок бүртүкчөдөн тургандыгын көрөбүз. Бул өсүмдүктөр бөлүмүндөгү «клетка» жөнүндө берилүүчү баштапкы түшүнүк. Ал түшүнүк жаныбарлар бөлүмүндө дагы берилип, толукталат. Мисалы, бир клеткалуу организм, инфузория-туфельканы жөнөкөй көз менен карап көрөбүз. Мурунтан даярдалган химиялык колбадагы анын культурасынан пипетка аркылуу предметтик айнекке бир-эки тамчы алып, аны кара кездеменин үстүнө коюп карайбыз.

Мындан ак точкалардын кыймылдап жүргөнүн байкоого болот. Демек, инфузория-туфелька жогорудагы өсүмдүктөр сыяктуу эле клеткалык түзүлүшкө ээ экенине ишенебиз. Ошентип бизде дагы «клетка» жөнүндө түшүнүк пайда болот. Андан соң ошол бүртүкчөлөрдүн, ак точкалардын ичинде эмнелер бар экендигин клетканын түзүлүшүн окуп үйрөнгөндө билебиз. Кийин клеткалардын аткарган кызматына жараша ар кандай түзүлүштө экендигин үйрөнүп, акырында «клетка» жөнүндө түшүнүк алуу менен, ал илимдин бир тармагын пайда кылган биологиянын өзүнчө бөлүм экенине түшүнөбүз. Бул илимий түшүнүктүн инсанда калыптаныш жолу, ыкмасы, мыйзам ченемдүүлүктөрү, ошондой эле түшүнүктү өрчүтүү, калыптандыруу жана алардын классификациясы көрүнүктүү окумуштуу-методист Н.М.Верзилин тарабынан иштелип чыккан (5).

Биология предметтеринин мазмунун, окуу программасын караганыбыда, мектептик биология предметтери логикалык жактан системалуу түрдө өз ара байланышкан түшүнүктөрдөн тургандыгын байкоого болот.

Биологиялык түшүнүктөрдүн бардык системасы - биологиялык илимдердин негизги составынан түзүлгөн. Мындай түшүнүктөр биология илиминин татаал мүнөзүнө жараша классификацияланган. Азыркы учурда биологиялык түшүнүктөр: жалпысынан алганда жөнөкөй, татаал, жалпы биологиялык, негизги биологиялык, локалдык, атайын предметтик болуп бөлүнөт (1-схемада).

Ж ө н ө к ө й түшүнүктөр мектептик биология курсун окутууда обьектинин бир же эки маныздуу белгилерин мүнөздөө түрүндө берилет.

Мисалы, жаныбарлардын биологиясы курсунан инфузория-туфельканы карап көрөлү. Анын биринчи маныздуу белгиси, бир клеткалуу суу жаныбары. Экинчиси, инфузория-туфельканын денеси сүйрү, тоголок келет. Ал эми анын экололиясын, морфологиясын жана ички мазмунунун түзүлүшү менен функциясын өздөшитүрүү татаал түшүнүккө алып келет.

Мисалы, ошол бир клеткалуу жаныбар инфузория-туфельканын экологиясы, морфологиясы, анатомиясы, физиологиясы жана эволюциясы жөнүндөгү түшүнүк татаал түшүнүк болуп саналат.

Ошентип ар кандай биологиялык түшүнүктөр жөнөкөй түшүнүктөн башталып, нерсенин касиетин, кызматын өздөштүрүү менен татаал түшүнүккө өтүп, өнүгүп-өсүп отурат. Жогорудагы илимий түшүнүктөр жалпы биологиялык түшүнүктөрдүн ареалында өздөштүрүлөт.

Ж а л п ы б и о л о г и я л ы к т ү ш ү н ү к т ө р г ө:

органиимдин бир бүтүндүүлүгү, организмдин чөйрө менен байланыштуулугу, клетка - тиричиликтин бирдиги, организмде зат жана энергиянын алмашуусу, тиричиликтин тейлениши, көбөйүү, өсүү, өрчүү, тукум куучулук, органикалык дүйнөнүн эволюциясы ж.б. кирет. Бул түшүнүктөр биологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрдү түзүп, башка биологиялык түшүнүктөр менен өз ара байланыштуулукта жүрөт. Ошондой эле жогорудагы жалпы биологиялык түшүнүктөр темадан-темага, курстан-курска өтүп.

акырындык менен жалпы биология курсуна чейин өнүгүп, анда кенейтилип, толукталат жана корутундуланат.

Н е г и з г и б и о л о г и я л ы к т у ш у н у к т ө р г ө:

организмдин экологиясы, морфологиясы, анатомиясы.

физиологиясы, систематикасы, эволюциясы ж.б. түшүнүктөр кирет.

Бул негизги биологиялык түшүнүктөр илимдин орчундуу элементтерине туура келет. Ошондуктан анын ар биринин маанисине токтолуп өтсөк.

Экологияяык түшунүк - организмдердин айлана чөйрөнүн таасири астында өзгөрүшүн, жашоо чөйрөсүнө ынгайлануусун, ага карата түзүлүш өзгөчөлүгүн, башка организмдер менен болгон биргелештигин үйрөтөт. Кыскача айтканда, бардык организмдердин жаратылыштан алган ордун жана алардын өз ара бири-бири менен болгон байланышгарын изилдөөчү илим.

Морфологиялык түшүнүк – организмдин, органдар система-сынын, органдардын сырткы түзүлүшү жана анын айлана чөйрөгө ынгайлануусун үйрөтүү жөнүндөгү илим.

Анатомиялык түшүнүк - организмдин ички маңызын үйрөтөт.

б.а. организмдин клеткалык түзүлүшү жөнүндөгү илим.

Физмологиялык түшүнүк - организмдин органдарынын, ткандарынын, клеткаларынын ичинде жүрүүчү зат жана энергия алмашуу процесстерин баяндоочу илим болуп саналат.

Систематикалык түшүнүк – түр, уруу, түркүм, класс, тип, дүйнө сыяктуу таксономиялык бирдиктер жөнүндөгү илим.

Эволюциялык түшүнүк - организмдердин өрчүү тарыхын изилдөөчү илим.

Локалдык түшүнүктөр белгилүү бир темадагы материалдын мазмунунда гана кездешет. Мисалы, жаныбарлардын биологиясы курсундагы «Ичеги көндөйлүүлөр тиби» деген темада нур симметрия, тари-булчун, чагуучу, аралык жана нерв клеткалары, регенерация процесси, бүчүрлөнүү жана башка ушулар сыяктуу түшүнүктөр өздөштүрүлөт. Бул түшүнүктөр тар чөйрөдө гана берилет, б.а. ушул теманын материалын өздөштүргөндө гана өнүктүрүлөт.

Ар түрдүү курстардын мазмунунда кездешүүчү локалдык түшүнүктөр өнүгүп отуруп, атайын предметтик түшүнүктөрдү жаратат.

А т а й ы н п р е д м е т т и К т ү ш ү н ү к т ө р г ө:

ботаниканын, зоологиянын, кишинин, жалпы биологиянын өзүнө гана тиешелүү болгон жана ушул предметгерди өздөштүргөндө калыптандыруучу түшүнүктөр кирет. Бул түшүнүктөр өздөштүрүлүүчү курстун мазмунунун мүнөзүнө жараша түзүлгөн.

Мисалы, өсүмдүктердүн биологиясы курсунда «Жалбыракта суунун бууланышы». Жаныбарлардын биологиясы бөлүмүндө

«Балыктын дем алышы». Киши предметинде «Кишинин скелетинин түзүлүшү». Жалпы биологияда «Ген, генотип, фенотип, тукум куучулук, өзгөргүчтүк жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөр өздөштүрүлүп, ошол ар бир курстун мазмунуна жараша берилет жана ошол курска гана мүнөздүү болот.

Ошентип жогоруда көргөзүлгөн түшүнүктөрдүн түрлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта болот жана алар бири-бирин кошумчалап, толуктап, бир түшүнүк экинчисине өтүп турат.

Ошондой эле жогорудагы биологиялык түшүнүктөр биринин артынан бири логикалык түрдө өнүгүп отурат. Ошондуктан окутуунун кыймылдаткыч күчү болгон биологиялык түшүнүктөрдү темадан-темага, курстан-курска акырындык менен өнүктүрүп баруу- билим берүунүн негизги максаты болуп саналат.

Жогорудагы биологиялык түшүнүкгөрдүн өнүгүү шарттарын карап көрсөк, аларга төмөнкүлөр кирет:

1.Кабыл алууну өнүктүрүүчү шарттавр.

Буларга: биринчиден, окуучуларды натуралдык обьектилерге байкоо жүргүзүүсүн уюшгуруу:

- экинчиден, окуучулардагы билим, билгичтик, машыгуу жана кабыл алууну тактоо;

- үчүнчүдөн, мугалимдин даана жана ачык образдуу сөзү, оозеки баяндоосу болуп саналат.

2. Элестөөнү камсыз к ы л у уч у ш арттарга :

- мугалимдин суроосу;

- окуучунун элес боюнча сүрөт тартуусу;

- билүү жана айырмалоо менен окуучунун машыгуусу кирет.

Ушундай болгон түшүнүктөрдү окуучуларга өнүктүрүп алып, анын негизинде түшүнүктөр пайда болуучу шарттарга токтолсок.

Т у ш у н у к төр п а й д а б о л у у ч у ш а р т т а р г а төмөнкүлөр кирет:

- проблеманы туура коюу жана анын чечилишин уюштуруу;

- мугалим тарабынан окуу материалын логикалык тизмекте түшүндүрүү;

- салыштыруу менен аныктоо жана аларды системалуу алып барууга окуучуларды машыктыруу;

- корутундулоого керектелүүчү суроолорду даярдоо;

-түшүнүк менен билгичтикти, билгичтик менен машыгууну байланыштыруучу суроолорду берүү;

-түшүнүктү практика жөнүндө пайдалануу менен камсыз кылуу. Жогорудагы түшүнүктөрдүн өнүгүү жана пайда болуу шарттары биологиялык түшүнүктөрлүн белгилүү бир багытта системалуу өнүгүп баруусуна мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Э.Мамбетакунов, мугалимдин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн талдоонун жана атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде окуучуларда түшүнүктөрдү ийгиликтүү калыптандыруунун төмөнкүдөй шарттарын сунуштаган:

-илимдии өнүгүшүнүн азыркы этабындагы түшүнүктүн малмунун мугалимдин билиши;

-түшүнүктүн өздөштүрүлүшүнө коюлуучу талаптарды мугалимдин билиши;

-мугалимдин окуучулардын аң-сезиминде түшүнүктүн пайда болуу жана өнүгүү этаптарын билүүсү;

-түшүнүктүн маныздуу белгилерин табууну, башка түшүнүктөр менен болгон байланышын аныктоону камсыз кылуучу методдорду, ыкмаларды туура тандоо:

-окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирүү;

-түшүнүктү калыптандырууда окуучулардын ой жүгүртүүсүн көрсөтмөлүү-образдык, сөздүк-теориялык жана аракеттик-практикалык компоненттерин камсыз кылуу;

-түшүнүктү калыптандырууда башка предметтерден алган билимдерине таянуу;

-түшүнүктүн мазмунун ачууда, окшош түшүнүктөрдү бири-биринен ажыратууда, түшүнүкгөрдүн өз ара байланыштарын аныктоодо муталимдер тарабынан колдонулуучу ар кандай ыкмалар методикалык жактан жеткире иштетилүүгө тийиш (14).

Илимий түшүнүктөрдү окуучуларда ийгиликтүү калыптандыруунун жогоркудай шарттары боюнча мугалимдин ишмерлүгү окутуу процессинде натыйжалуу жыйынтыктарды берет.

Алар биологиялык түшунүктөрдү калыптандыруунун белгилүү элементтери аркылуу шартталат.

3. Биологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун логика-структуралык модели жана аларды өздөштүрүүнүн белгилүү элементтери Жаныбарлардын биологиясы курсунун мазмунун өздөштүрүдө билимди системалаштыруу проблемасы теориялык билимге негизделген биологиялык тушүнүктөр аркылуу алып барылат.

биологиялык түшүнүктөр өз ара байланышкан логикалык удаалаштыкта өздөштүрүлүп, алар теориялык билимге негизделет. Теориялык билим окуучулардын таанып-билүү ишмерлүүлүгүнө белгилүү бир багыттуулукту берет. Ошол багыттуулук «Жаныбарлар жөнүндө жалпы маалымат» - деген темада берилүүчү теориялык билимди кабыл алуудан башталат. Аларга төмөнкүлөр кирет:

-жаныбарлар дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү жана анын себептери:

-алардын өсүмдүктөргө окшоштук жактары жана өзгөчөлгөн олуттуу негизги белгилери;

-жашоо чөйрөсү жана анда ыңгайланып тиричилик өткөрүүсү;

-жаныбарлардын жаратылыштагы биргелештиги;

-алардын жаратылыш жана аламдар үчүн мааниси;

-жаныбарлардын классификация – классификациялык баскычтар.

Ушул теориялык билимдер предметтин башында берилип, курстун мазмуну боюнча билимдин фундаментин түзүүчү түшүнүктөр болуп саналат. Булар жаныбарлардын биологиясы курсундагы билимди системалаштыруу боюнча иштелип чыккан логика-структуралык модели арклуу чагылдырылган (2-схемада).

Мында теориялык билимдин логикадык структурасы темадан темага жаныбарлардын систематикасы, организмдин чөйрө менен бирдиктүүлүүгу, организм менен функциянын бирдиги, клетка-тиричиликтин бирдиги, организмде зат жана энергиянын алмашуусу, тиричиликтин тейлениши, организмдин көбөйүп-өрчүшү сыяктуу жалпы биологиялык түшүнүктөрдүн ареалында жүргүзүлөт. Ошондой эле негизги биологиялык түшүнүктөр, б.а. ар бир систематикалык группадагы жаныбарлардын: көп түрдүүлүгү, жашоо шарты, кыймыл-аракети, жашоо-тиричилиги, денесинин сырткы, ички түзүлүшү (тамактануусу, дем алуусу, кан айлануусу, бөлүп чыгаруусу, нерв системасы, сезүү органдары), көбөйүп-өрчүшү, практикалык мааниси бирдиктүү тизмектеги удаалаштыкта өздөштүрүлөт. Бул логика-структуралык моделдеги жалпы жана негизги биологиялык, филогенетикалык, санитар-гигиеналык түшүнүктөр темадан-темага өткөн сайын улам кенейип, тереңдеп жүрүп отурат. Ошонун натыйжасында алар окуучулардын билимин системалаштырылган нукка салат.

Жаныбарлар курсунун мазмунун өадөштүрүү боюнча иштелип чыккан логика-структуралык модели, билимди системалаштырууну төмөнкүдөй багытта алып барууга мүмкүндүк берди:

1. Өздөштүрүлө турган материалды билимди системалаштыруу боюнча сунуш кылынган логика-структуралык модели аркылуу алып баруу;

2.Биринчи киришүү бөлүмүн ушул логикалык структурада көргөзүлгөн түшүнүктөрдүн негизинде өздөштүрүү;

З.Жаныбарлар курсунда улантылуучу жалпы биологиялык жана негизги биологиялык түшүнүктөрдү белгилүү иретке салуу менен аныктоо;

4.Ар бир систематикалык группадагы жаныбарларды жалпы мүнөздөөдө төмөнкүдөй жагдайларда кароо:

-биринчи бөлүмлө берилген жалпы теориялык билимдин жана биологиялык түшүнүктөрдүн чегинде кароо;

2-схема

Жаныбарлардын биологиясы курсунун билимди системалаштыруу боюнча логико-структуралык модели

Жалпы биологиялык түшүнүктөр

Ж ан ы б ар л ар д ы н о р га н и зм и м ен ен т аа н ы ш у у

Ж ан ы б ар л ар д ү й н ө сү н ү н к ө п т ү р д ү ү л ү гү

Ж ан ы б ар л ар д ы н ө сү м д ү к тө р д ө н ө зг ө ч ө л ө н гө н б ел ги л ер и

Ж ан ы б ар л ар д ы н ж ар ат ы л ы ш та гы б и о л о ги ял ы к б и р ге л еш ти ги

А д ам д ы н ж ан ы б ар л ар га т и й ги зг ен т аа си р и

Ж ан ы б ар л ар д ы н к л ас си ф и к ац и яс ы

К л ас си ф и к ац и я л ы к б ас к ы ч та р ы

Жаныбарл ардын системати касы

Организмди н чөйрө менен бирдиктүүлү гү

Организм менен функциянын бирдиги

Клетка – тиричиликти н бирдиги

Зат алмашуу

Тиричиликт ин тейлениши

Көбөйүү, өсүү, өөрчүү

Кө п тү рд үү лү гү

Жа шоо шар ты

Кый мыл, тири чили ги

Сыр ткы түзү лүш ү

Филогенетикалык түшүнүктөр

Азы ктан уусу

Дем алуу су

Кан айла нуус у

Бөлү п чыга руус у

Нерв сис-сы, сезүү орган ы

Санитар-гигиеналык түшүнүктөр

Көб өйү үсү, өсү п, өрч үү

Пра ктик алы к ролу

-жаныбарлардын көп түрдүүлүгүнө ориеитир жасоо менен алардын систематикалык ордун аныктоо;

-жалпы мүнөздөмө бөрүү аркылуу ар бир органдар системасын караганда, аларды белгилүү схемада салыштыруу: окшош жактарын белгилөө, олуттуу негизги белгисин ажыратуу, жалпы түзүлүш өзгөчөлүгүндөгү жашоо тиричилик шартына көз карандылыгын тактоо жана жогорку түзүлүшкө келишинин себептерин аныктоо.

Окуучуларды ушундай салыштырууга үйрөтүп барууда, алар билим алуунун төмөнкүдөй ыктарына ээ болушат:

-предметти таанып-билүүдө анын жаратылыштагы, дүйнөдөгү ордуна жалпы ориентир жасоого үйрөнүшөт;

-обьектилерди анализдөөда олуттуу…

This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.

Other files

Show all 18

On GovTribe

Work with this file

  • Download the original file
  • Contacts named in this file
  • Similar government files
  • Ask GovTribe AI about this file

File details come from the government source that posted it. Updated .