1. Techniques for teaching of speech culture and oratory

869 KB Posted

Attached to
Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
Solicitation number
F2VVHA2104G001
Issued by

About this file

Attachment 1 Techniques for teaching of speech culture and oratory (Kyrgyz)

Text of this file

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЛИНГВОДИДАКТИКА ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Венера Мусаева

СҮЙЛӨШҮҮ МАДАНИЯТЫНА ЖАНА

ЧЕЧЕНДИК КЕПКЕ (ОРАТОРЛУККА)

ҮЙРӨТҮҮНҮН МЕТОДИКАСЫ

5-11-класстар

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин гимназия-лицейлердин кыргыз тили, адабияты мугалимдери үчүн методикалык колдонмо

Бишкек — 2012

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

СҮЙЛӨШҮҮ МАДАНИЯТЫНА ЖАНА

ЧЕЧЕНДИК КЕПКЕ (ОРАТОРЛУККА)

ҮЙРӨТҮҮНҮН МЕТОДИКАСЫ

5-11-класстар

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин гимназия-лицейлердин кыргыз тили,адабияты мугалимдери үчүн методикалык колдонмо

Кыргыз Билим берүү академиясынын редакциялык кеңешинде талкууланып, басууга сунуш кылынган

Бишкек — 2012

УДК

ББК

Ү

Рецензиялаган:

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Чыманов Ж.А.

Сүйлөшүү маданияты жана чечендик кепке (ораторлукка) үйрөтүүнүн методикасы 5-

11-кл.: Кыргыз тили, адабияты мугалимдерине арналган методикалык колдонмо. Кыргыз

Республикасынын билим берүү, илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы. -

Б., 2012. - 64 б.

Бул колдонмодо мектепте кыргыз тили сабагында окуучуларды сүйлөшүү маданиятына жана чечендик кепке (ораторлукка) үйрөтүүнүн методикалык маселелери каралды. Тактап айтканда, сүйлөшүү маданиятындагы кептин негизги коммуникативдик касиеттеринен (кептин тактыгы, кептин тууралыгы, кептин тазалыгы, кептин орундуулугу, кептин көркөмдүүлүгү, кептин байлыгы) баштап, сүйлөшүү маданиятына жана чечендик кепке үйрөтүүдө окуу каражаттарын тандоонун, окутуунун талаптары, формалары, ыкмалары, негизги методдору, ошондой эле, компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, кеп ишмердүүлүгү багытында текстке таянып окутуу аркылуу сүйлөшүү маданиятына жана чечендик кепке үйрөтүүнүн жолдору иштелип чыкты жана сабактардын айрым үлгүлөрү сунушталды.

Кыргыз Билим берүү академиясынын редакциялык кеңешинде талкууланып, басууга сунуш кылынган

© Мусаева В.И. 2012

МЕКТЕПТЕ СҮЙЛӨШҮҮ МАДАНИЯТЫНЫН КОММУНИКАТИВДИК ФУНКЦИЯЛАРЫНА

ЖАНА ЧЕЧЕНДИК КЕПКЕ (ОРАТОРЛУККА) ҮЙРӨТҮҮНҮН РОЛУ ЖАНА МААНИСИ

Сүйлөшүү маданияты жана кептин негизги коммуникативдик касиеттери

Азыркы компьютердик технологиянын доорунда адамдардын арасындагы жандуу коммуникативдик тилдик байланыштын натыйжалуулугуна өзгөчө маани берилүүдө.

Социологдордун жана лингвисттердин сүймөнчүлүгүнө арналган «коммуникативдүүлүк» деген сөз латын тилинен кирген жана «байланыштырам, карым-катнаш жасайм», «делаю общим, связываю, общаюсь» дегенди туюндурат. Латын тилиндеги терминдерден азыр эң кеңири тараган «коммуникабдүүлүк» - карым-катнашка жөндөмдүү, способность к общению, общительность, «коммуникабелный» «общительный» деген сөздөр жасалган.

Ошондой эле, «коммуникативдүүлүк», «коммуникабелность», «мобилный» деген терминдерди да карым-катнашка ылайыкташкан, маалыматты тез кабыл алуу үчүн ыңгайлуу деп түшүнөбүз. Ал эми кептин «коммуникативдик касиеттери» деген бул – кыргыз тилинен алган теориялык билимдерин жазуу жана сүйлөө ишмердүүлүктөрүндө, кептин баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү типтерине, ар кыл стилдерге (оозеки-сүйлөшүү, көркөм, окуу-илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) ылайык текст түзүү менен иш кагаздарын даярдап, сүйлөшүү маданиятына (эне тилинде так, таза, туура сүйлөп, логикалуу жаза билүүдө, кебинин бай, көркөмдүү, орундуу, адептүүлүгү) ээ болуусу, баяндама, дилбаяндарды сабаттуу жаза билүүсү. Коммуникативдик касиеттерге ээ кылуу аркылуу чечендик кепке үйрөтүүдө эң башкысы - тилдин системалык түзүлүшүн, т.а. фонетикадагы сөздүн тыбыштык түзүлүшүн, лексикадагы сөздөрдүн ар кыл маанилерин, синтаксистеги жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү, морфологиядагы сөз түркүмдөрүнүн грамматикалык түзүлүштөрүн, орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерди тилдик категория катары окутпастан, баарлашууну, сүйлөшүүнү, карым-катнашты ишке ашыруучу каражат катары пайдаланып окутуу зор роль аткарат.

Дегеле жаш муундарды коммуникативдик жактан даярдоонун маанилүүлүгүн

Америкада Дейл Карнеги мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, адамдардын карым-катнашы жана оратордук искусство боюнча институтту негиздеген. Ал « Элдерге кантип таасир этүү менен досторго кантип ээ болуу керек» деген эмгегинде бизнес мектебинин жетекчисинин биринин төмөнкүдөй сөзүн келтирет: «Мен жолугуша турган ишкер адамдын конторасына кирээрден мурда менин билимимден, анын кызыкчылыгынан жана ой толгоолорунан улам мен ага кандай суроо узатып, ал мага эмне жооп берээрине башымды катырып, анын конторасынын алдындагы гүлбакта эки саат ойлонуп басып жүрдүм» деп эскерет. Карнегинин айтуусу боюнча «коммуникабелдүүлүк ага адам катары калыптануусуна, турмуштан өз ордун табууга жардам берген». Анткени ал карым-катнаш жасай билүүнүн ыкмаларына ээ болуу менен өз күчүнө карата ишенбөөчүлүктү жеңе алган. Адамдар менен байланыш жасоонун ыкмаларына, өз көз карашына бекем тура билүү менен аларга жетекчилик кыла алууга жетишкен. Дейл Карнеги тарабынан жазылган китеп анын мекенинде гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал. Психологдор эсептегендей, «Карнегинин жолу боюнча» өз турмуш жолдорун кура билген адамдар азыркы учурда бир кыйла көп. Алар коммуникативдик касиеттер аркылуу эл алдында сүйлөгөндө толкундоолордон арылууга, өзүнүн оюнун тууралыгын далилдей алуу менен кайсы гана чөйрөдө болбосун ишенимдүү, эркин , өз алдынча сүйлөй билүүгө жетишишкен. Сүйлөшүү маданиятынын кептин келип чыгуу теги кептин коммуникативдик касиеттерине барып такалат. Карым-катнашсыз адам аба жетишпеген сыяктуу жашай албасы белгилүү. Бири-бири менен менен сүйлөшүү, пикирлешүү, маектешүүнүн жардамы менен гана адамдар жогорку цивилизацияга жетишип, космоско көтөрүлүп, океандын түбүнө жетип, жер байлыгын казып, моралдык, материалдык жактан ийгиликтерге жетишип, укум-тукуму жайылып, алга карай өнүгүп жатышат.

Кыргыз тили сабагында коммуникативдүүлүк касиеттерге үйрөтүү баланын ички ой-сезимдеринин, ой толгонууларынын ачылышына, өзүнүн кайгы-кубанычын, ийгилик, кемчиликтерин бөлүшүүгө, эне тилин урматтап, сүйүүгө жардам берет. Баарлашуу, сүйлөшүү бул - алардын чөйрөсү, максаты, милдети, жашоосу, тагдыры болуп калат.

Ансыз баланын инсан, атуул катары калыптануусу, тарбиялануусу, интеллектисинин өнүгүүсү, алга жылуусу басаңдайт. Сүйлөшүү, баарлашуу биргелешип иштөөнү, план-программаларды белгилеп, талкуулоону, ишке ашырууну уюштурууга жардам берет. Ал үчүн коммуникативдик ыкмаларына, атап айтканда, так, туура, ачык, таза, орундуу, көркөм сүйлөө аркылуу бай сөздүк корго, оозеки, жазуу кебинин маданиятына, чечендик кепке ээ болуусу зарыл. Маданияттуу сүйлөшө билүүгө үйрөтүү окуучуларды келечекте мугалим, журналист, ишкер адам, юрист, экономист, өндүрүшчү, башкаруу чөйрөсүндө жетекчилик кызматта иштегенде да өзгөчө маанилүү ролду аткарат. Америкадагы эң белгилүү «Форд» жана «Крайслер» компанияларынын президенти, автогигант Ли Якокка

«Менеджердин карьерасы» деген эмгегинде төмөнкүдөй эскерет: «мекемени жетектөөдөн мурда да элди жумушка кантип тартуу проблема. Ал эми элди иштете билүүнүн бирден-бир ыкмасы бул – алар менен сүйлөшө билүү болуп саналат». Биз өзүбүз күн сайын пайдаланып жаткан эне тилибиздин табышмактуулугун, татаалдыгын жана кереметтүүлүгүн, кооздугун, байлыгын байкабайбыз. Адамда алгач ой пайда болот. Ал оюн бирөөгө билдирүү үчүн сөздү айтат. Сүйлөшүү – адамдардын бири-бири менен болгон байланышындагы татаал процесс. Ошондуктан сүйлөшүү мезгилиндеги катышуучулардын жүрүм-турумундагы өзгөчөлүктөр, ар кыл ыкмаларды, методдорду, кептик каражаттарды колдонуусу, ар бир учурдун өзүнө жараша карым-катнаштын түрү менен аныкталат. Турмуш-тиричиликтеги жана ишкердик чөйрөдөгү, жумуштагы өндүрүштүк маселелерди, кызматтагы иштерди аткаруудагы карым-катнаш албетте бири-биринен айырмаланат. Булар ич ара биримдикте экендиги талашсыз. Кээде алардын чектерин так айырмалоого да мүмкүн эмес. Үй-бүлөдөгү бир туугандар, достор, жакындар менен болгон карым-катнаш ишкердик карым-катнашка карата даярдык катары, тескерисинче, жумуштагы ишкердик сүйлөшүү үйдөгү, көчөдөгү, коомдук жайлардагы татаал кырдаалдардан чыгып кетүүгө жардам берет.

Көпчүлүк адамдар жашоосунда тиричиликтин деңгээлиндеги оозеки сүйлөшүү кепти колдонушат. Бул эң кеңири тараган түрү. Үйдө гана эмес, көчөдө, коомдук жайларда, транспортто, айрыкча алыскы жолго аттанганда айлана-чөйрөдөгүлөр менен аңгемелешип, пикир алмашып, бир нерсени сурап-билип, кеңешип, сүйлөшөбүз. Ошол учурларда биз ар дайым эле максатыбызга жете алабызбы деген суроо туулат. Көпчүлүк учурларда баарлашуу ийгиликтүү ишке ашпайт. Ал үчүн эки тараптан тең чын ыкластан каалоо болуусу зарыл. Баарлашуунун жемиштүүлүгү анын темасынын туура тандалуусуна көз каранды. Ал эки тарап үчүн кызыктуубу? Актуалдуубу? Талкууланып жаткан маселе сүйлөшүүчүлөр үчүн канчалык деңгээлде белгилүү ж.б.

Белгилүү немец жазуучусу Адольф Фон Книтте өзүнүн «Адамдарга кайрыла билүү жөнүндө» деген эмгегинде турмуштун ар кыл чөйрөсүндөгү карым-катнаштын сырларын ачып бере алган. Бул китеп бүгүнкү күндө да окурмандардын сүймөнчүлүгүнө арналган.

Аңгемелешүү адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Элдик макал-ылакап, жомоктордо, аңгемелерде, адабий чыгармаларда, чечендердин кептеринде адамдар эмгектенүү мезгилинде бири-бири менен карым-катнаш жасашкан. Мында эмнелерди эске алуу керектигин элдик макал-лакаптарда илгери эле айтылып, делип келген. Кыргыз элинде кылымдар бою жыйналган бул макал-ылакаптарда, чечендик кептерде кандайча мамиле жасоо, баарлашуу , сүйлөшүүгө карата туура багыттар, кыйын кырдаалдардан чыга билүүнүн жолдору көрсөтүлгөн. Элдик ойлор боюнча аңгемелешүү, баарлашуу адамдын жан дүйнөсүн байытуу менен улам жаңы, белгисиз жаңылыктар менен тааныштырат.

Сүйлөшүүдөн адамдар ырахат алуу менен турмуштук тажрыйбалары жыйналып, бири-бирин сыйлоого көнүгүшөт. Мисалга алсак, «Жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун», «Жакшыга жанаш, жамандан адаш»,« Жакшы сөз жан эргитет», «Жакшы сөз – жарым ырыс», «Жылуу-жылуу сүйлөсө жылан ийининен чыгат» дегендей, акылдуу, мазмундуу аңгемелешүү адамдын көңүлүн көтөрүп, кубаныч алып келген. Баарлашууда терс көрүнүштөр да таасын айтылган. Мисалы: «Көп сөз, жок сөз», «Беш өрдөгүн учурган», «Жалкоонун жаны таттуу», «Жалкоого шылтоо көп» ж.б. Сүйлөшүү бул эки тараптуу процесс. Мында эң жок дегенде эки киши катышат. Аңгемелешүүнүн кандай болоору алардын экөөнө тең байланыштуу. Аңгемелешүүчүлөр ар кандай болот. Бирөөлөр менен сүйлөшүү жеңил болсо, экинчилери менен кыйындыкка турат. Кээ бирөөлөргө ишенип сөз айтсаң пайдалуу кеңеш аласың ал эми кай бири тескери мамиле жасайт. Мына ушул сүйлөшүүнү өзүнчө бир система катары санаган профессор Т.Маразыков сүйлөшүү системасына буларды киргизген: 1) сүйлөшүүнүн чөйрөсү; 2) сүйлөшүүнүн максаты, милдеттери; 3) сүйлөшүүнүн темасы, багыты, обьектиси; 4) сүйлөшүүдөгү кызыкчылык;

5) сүйлөшүүнүн орду; 6) сүйлөшүү мезгили; 7) сүйлөшүүнүн шарт-кырдаалы; 8) сүйлөшүүнүн маанайы; 9) сүйлөшүүдөгү мамиле; 10) сүйлөшүүдөгү карым-катыштык өзгөчөлүк; 11) сүйлөшүүнү ишке ашыруучу компоненттердин өзгөчөлүгү; 12) сүйлөшүүдөгү зарылдык, муктаждык; 13) сүйлөшүүгө негиз болгон себептер; 14) сүйлөшүүдөгү негизги саясат; 15) сүйлөшүүнүн ыргагы,тону; 16)сүйлөшүүнүн нормативдик системасы жана анын сакталышы; 17) сүйлөшүүнүн сапаты жана анын кабыл алынышы; 18) сүйлөшүүнүн функциясы,жыйынтыгы; 19) сүйлөшүүдөгү психологиялык кырдаал; 20) сүйлөшүүдөгү жеке жана жалпы салттар; 21) сүйлөшүүнүн логикасы; 22) сүйлөшүүнүн стилдик табияты (264, 57-61-бб.). Кыргыз тили сабагында айрыкча жогорку класстарда сүйлөшүүгө үйрөтүүдө төмөнкү учурларды да эске алуу зарыл. Мисалы:

сүйлөшүп жатканда өтө ашык сүйлөп угуучуларды тажатпа;

майдалап, көп сүйлөп, убактыны кетирбе;

убакыттты (регламентти) сактап, сөзүңдү өз убагында токтото билгенге көнүк;

башкаларга да өз оюн айтканга мүмкүнчүлүк бер;

Эгер булар аткарылбаса анда угуучулар сенин сөзүңдү угушпастан, кошо жарышып сүйлөшөт. Мындай учурда расмий, маданияттуу, сылык-сыпаа сүйлөшүүнүн эрежеси бузулуп, чогулуштар, жыйындар, талкуулар кызыгын жоготуп, анын катышуучуларына өзүнүн терс таасирин тийгизип, жагымдуу баарлашуу ишке ашпайт.

Бул тууралуу да элдик макалдар эскертип кетет: «Сууну чым, сөздү чындык токтотот», «Көп сүйлөсөң тантык болосуң» же «Талаштан тактык жаралат» ж.б. Жогоруда

Т.Маразыков белгилегендей, сүйлөшүүдө маалыматты алуунун жана берүүнүн жалпы кызыкчылыктары зарылдыгы, тема пайда болуп, алардын баары адамдын ой толгоолорун, сезимдерин билдирүүчү тыбыш, тамгалар, жөнөкөй, сөз маанилери, татаал сүйлөмдөр, морфологиялык категориялар, интонация аркылуу гана ишке ашырылат.

Сүйлөшүүдөн улам коммуникативдик касиеттер калыптана баштайт. Окуучу өзүнүн жекече жана коомдук турмушундагы жаңы өзгөрүүлөргө бат ылайыкташа алуу менен коммуникативдик максаттарына жете билүүсү зарыл. Кыргыз тили предметинен коммуникативдик касиеттерге ээ кылуу бул - текстке таянуу, аны талдоо аркылуу лексикалык, грамматикалык материалдарды өздөштүрүүнү үйрөтүү менен так, туура, таза, орундуу, көркөм сүйлөшүүгө, баарлашууга жетишүү. Тактап айтканда, окуучуда жашоодо кездешүүчү ар кыл кырдаалдарга, жагдай-шартка ылайыктуу түрдүү темаларда, кептин ар кыл түрлөрүн жана стилдерин катыштырып, адабий тилде логикалуу, сабаттуу, ачык, так, түшүнүктүү, жеткиликтүү, далилдүү, жогорку деңгээлдеги маданияттуулукта, адептүү сүйлөшө билүү көндүмдөрүн калыптандырууну максат кылып коет. Коммуникативдик компетенттүүлүккө ээ кылуу кыргыз тилин окутууга жаңыча мамилени - кырдаал, текст, кеп ишмердүүлүгүнүн аспектисинде сүлөүү маданиятына жетишүүнү талап кылат.

Кыргыз тилин лексикалык, грамматикалык темалар, эрежелердин топтому эмес, ал балада өз эне тилинде бардык учурда оюн эркин, сабаттуу, орундуу, маданияттуу, негиздүү, далилдүү сүйлөй алуу көндүмдөрүнө, зарыл коммуникативдик ыкмаларга калыптандыруучу предмет катары карайт. Кыргыз тилин кеңири планда окутуп, аны окуучулардын рухий-коммуникативдик, өз алдынчалуулук, өз ой-пикирлерин ар кыл чөйрөлөргө ылайык оозеки, жазуу жүзүндө жеткиликтүү, далилдүү баяндай алуу алуу менен сүйлөө маданиятына, чечендик кепке, риторикалык ыкмаларга, ораторлук кепке өсүп жетүү сыяктуу социалдык зарыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн да түздөн-түз каражатына айландырат. Кыргыз тилин предмет катары гана эмес башка бардык билимдерди өздөштүрүүнүн, баланын келечегин камсыз кылып, инсан катары коомго даярдап- калыптандыруунун бирден - бир булагына теңдештирет. Баланы кептин коммуникативдик касиеттерине ээ кылууда кыргыз тили сабагында алардын жеке кызыкчылыктарын эсепке алуу менен өз-өзүнчө мамиле кылууга, проблемалуу суроолорду кое билүүгө, алардын кеп ишмердүүлүгү ар кыл деңгээлде болгондуктан ошого ылайыктап көнүгүү иштерин аткарттырууга, инсанга багыттап окутууга басым жасайт. Кептин коммуникативдик касиеттерин калыптандыруу бул - кыргыз тили сабагында грамматиканы карандай жаттатуу эмес, тескерисинче баланын турмушунан алынган мисалдар, тексттер аркылуу тилдин системалык курсун окутуунун натыйжасында сүйлөөгө, оозеки, жазуу тексттерди түзүүгө, эне тилинин көркөмдүүлүгүнө, элестүүлүгүнө, ийкемдүүлүгүнө сыймыктанууларын жаратуу менен кепкорлук, сөзмөрлүк, куйма кулактык, чечендик ыкмаларын жаратуу. Сүйлөшүү, баарлашуу аркылуу тилди үйрөтүүдө окуучуда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү, чыгармачылык шыкты, жекече чечим кабыл алуу менен атаандашып иштөөчү ишмердүүлүктү пайда кылуу максатында мугалим интерактивдүү ыкманы (экиден же топ менен иштөө), сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануусу жемишин берет.

«Чыгармачыл окуучу», «чыгармачыл мугалим» деген түшүнүктөр өзүнүн нукура маанисине ээ болуу менен тил сабагындагы ар бир иш-аракет кийинки тиричиликте кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тийгидей, алга сүрөгүдөй деңгээлде уюштурулуусу, ушул багыттагы сабактын типтерин, формаларын, түрлөрүн практикалоо зарыл.

Кыргыз тили предметин окуп-үйрөнүү менен кандай муктаждыктары канааттандырылып, кандай натыйжаларга жетише ала тургандыктарын окуучуларга ачык-айкын билдире алгандыгы, окутуу ишин баланын турмушуна жакындата алгандыгы менен да өзгөчөлөнөт. Кыргыз тили мугалими чыгармачылык маанайда эмгектенип, балдарды кептин, коммуникативдик касиеттерине ээ кылуу менен бирге эле, улуттук маданий мурастарга, алдыңкы адат-салт, дөөлөттөргө, рухий этикеттерге жана жалпы адамзатка мүнөздүү адеп-ахлакка, эстетикалык-интеллектуалдык, ишкердик сапаттарга, көндүмдөргө да үйрөтө алуусу бүгүнкү күндө кабыргасынан коюлган маселе болуп турат.

“Сүйлөшүү маданияты туурасында сөз кылууда , адегенде терминдин өзүн тактап алалы” дейт профессор С.Рысбаев “анткени бул термин кээде тил маданияты, кээде кеп маданияты же сүйлөшүү маданияты – дер ар түрдүүчө айтылып жүргөн учурлары бар.

“Тил маданияты” тууралуу сөз кылганда – тилдин өзүнө тиешелүү болгон маселелер... кеп же сүйлөө маданияты тууралуу сөз кылганда, адамдын өз кебине (сүйлөгөн сөзүнө) жасаган жекече мамилеси, эне тилинде сүйлөө деңгээли, кебинин коммуникативдик сапаты, т.а. кебинин: тазалыгы,тактыгы, тууралыгы, логикалуулугу, орундуулугу,адептүү сүйлөөсү, эмоционалдуулугу, поэтикалуулугу, байлыгы тууралуу маселе эске түшөт”

Сүйлөшүү маданияты – карым-катнаштын, баарлашуунун, маданияттуу сүйлөшө билүүнүн, сабаттуу, алдыңкы, үлгүлүү кептик жүрүм-турумдун эрежелери. Ар кыл кептик карым-катнаш кырдаалдарындагы мисалы, учурашуу, саламдашуу, таанышуу, өтүнүү, кечирим суроо же куттуктоодо сүйлөө маданиятын, сөздөрдү, сөз айкаштарын туура пайдалануу. Ар бир карым-катнаш кырдаалына ылайык өзүнүн белгилүү бир сөздөрү бар.

Кыргыздар башка элдерден өзүнүн меймандостугу, боорукерлиги, сыпайылыгы менен айырмаланган. Мисалы, «Саламатсыздарбы», «Бейпил болуңуздар», «Бейкутчулук каалайбыз», «Кечириңиздер» сыяктуу ата-бабадан келе жаткан ким менен, кайсы жерде сүйлөшүүгө ылайык, бул сылык-сыпаа сөздөрүнүн ар кыл түрлөрүн пайдаланса болот.

Аларды ыктуу, орду менен колдоно алган адам албетте, кептик жүрүм-турумдун алдыңкы үлгүсүн көрсөтө алат. Сүйлөшүү маданиятынын келип чыгуу тарыхына кайрылсак, «саламатсызбы», «жакшы калыңыздар», «кош келиңиздер» же «тынч болуңуздар», «аман-эсен туруңуздар», «рахмат», «чоң рахмат», «кутман таңыңар менен» деген сөздөр илгертеден бери эле кыргыздарда колдонулуп, бири-бирине сак-саламатчылык, ден соолук, барчылык, бакубатчылык тилешкен. «Ал эми орус тилине «здравствуйте» деген сөз этиштин бир формасы катары 17-кылымдын аягында калыптанган. Ошондой эле, 1057-жылкы кол жазмалардан да кезигет». Азыркы учурда «салам», «кандай», «көрүшкөнчө» деген чолок терминдер кезигип калат. «Саламатсызбы» деген сөз – сак-саламатчылыктын, ден соолуктун маанисин туюндуруп турат. Илгери аталарыбыз алгач мал-жан, бала-бакыра аманбы, эсенчиликпи дешип, жайдары маанайда учурашышкан.

Мектепте сүйлөүү маданиятына окутуп-үйрөтүү боюнча бир катар көнүгүүлөрдү практикаласа ылайыктуу. Мисал келтирсек, төмөндө таанышканда, кечирим сураганда же бир нерсе сураганда колдонула турган кеңири тараган маданияттуу сылык-сыпаа сөздөрү, сөз айкаштары сунушталат. Аларды көңүл буруп окуп, кайсыларын жыш, же аз колдоносуңар? Эмне үчүн? Ойлонгула. Балким силер өзүңөрдүн баарлашуу тажрыйбаңарга ылайык ар бир кырдаалга ылайык кеп этикетинин башка түрлөрүн да сунуш кыласыңарбы? Аларды төмөндөгүдөй үлгүдө жазгыла:

Таблица 1 - Маданияттуу сүйлөшө билүүнүн үлгүлөрүнөн

Саламдашуу

- Саламатсыңбы (сызбы, сыздарбы)! Кутман таңыңыз менен! (Кутман күнүңүз менен!

Кутман кечиңиз менен)

- Салам! – Кандай жашап жатасың?! – Окууларың кандай? – Кандай ийгиликтер бар?

–Эмне жаңылыктар бар?

- Силерге (сиздерге) салам! – Силерди (сиздерди) көргөнүмө кубанычтуумун!

Коштошуу

- Жакшы калгыла (калыңыз)! – Көрүшкөнгө чейин! – Баары жакшы болсун!

- Ден соолукта болгула (болуңуз)! – Бактылуу болгула (болуңуз)

- Салам! – Көрүшкөнчө – Бакыт каалайм!

Таанышуу

- Сенин (сиздин) атың (атыңыз) ким? – Сенин (сиздин) фамилияң (фамилияңыз) кандай?

- Мени сени менен (сиз менен) таанышкым келет!

- Тааныш болуп жүрөлүк!

- Сени менен (сиз менен) таанышуу мен үчүн абдан жагымдуу!

Кечирим суроо

- Кечирип койчу (коюңуз)!... // - Жакшы! – Болуптур – Болуптур эми!

- Мен кечирим сурайм … // Кечирим суроонун кажети жок!. – Эмне үчүн кечирим сурап жатасың (жатасыз)?

- Мен сенин (сиздин) алдыңда (алдыңызда) күнөөлүмүн… // - Мен сенин (сиздин) кечирим сурооңду (кечирим сурооңузду) кабыл алам!

- Ачууланбачы (ачууланбаңызчы) суранам…

Өтүнүч

- Өтүнөм,…

- Эгер сага (сизге) оордук кылбаса,…

- Мен сенден (сизден) суранам,…

- Эгер мүмкүн болсо сен (сиз),…

Таблица 2 - Сүйлөшүүдөгү коштошуу маданиятынын айрым үлгүлөрүнөн

Кеп үлгүлөрү Колдонулуш кырдаалы

- Көрүшкөнчө!

- Жакшы калыңыз!

- Кош болуңуз !

- Түнүңүз бейкут болсун!

- Бакыт каалайм!

- Салам! Көрүшкөнчө!

- Коштошууга уруксат этиңиз!

- Кетүүгө уруксат этсеңиз!

бардык учурда бардык учурда жакшы каалоосу менен узак убакытка же биротоло кетээрде уктаардын алдында достук маанайда

Жакшы тааныштар, айрыкча жаштар арасында

Расмий кырдаалда

Улуулар арасында расмий колдонулат

Сүйлөшүү маданияты боюнча чыгармачылык менен иштөөгө багыттоо:

1.Саламдашуудагы кеп үлгүлөрү: баарлашуунун ар кыл кырдаалдарына ылайык, таблицаны андан ары улап жаздыруу

Кеп үлгүлөрү (сөз, сөз айкаштары) Колдонулуш кырдаалы

- Саламатсыздарбы! Расмий кырдаалда

- Жакшысыңарбы? Кандайсыңар?

- Салам! Кандай ийгиликтер бар!

- Кутман күнүңүздөр менен!

Расмий кырдаалда

Тааныштар, туугандар арасында

Дос, тааныштар, кесиптештер менен баарлашууда

Расмий кырдаалда

1. Көркөм адабий чыгармалардагы сүйүктүү каармандарынын учурашуу, таанышуу, коштошуу учурундагы кеп үлгүлөрүн жыйнатуу

2. Сүйлөшүү маданияты тууралуу элдик макал-ылакаптар менен иштетүү. Мисалы, Унчукпаган миң балээден кутулат. Жакшы сөз –жарым ырыс

3. Тарбиялык мазмундагы макал-ылакаптарды тематикаларына ылайык чогултуу.

Мисалы: Баарлашууга, сый-урмат, мээримдүүлүк; эмгек, патриоттуулук, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, жакшыдан үйрөнүү жамандан качуу; билимге умтулуу ж.б.

4. «Ким таза, так, туура, орундуу, көркөм, кооз сүйлөй алат» деген темада конкурс, таймаш уюштуруу

5. «Улап айт» же «Таап айт» оюну. Мисалы:

Өнөр алды ………….

Билеги күчтүү бирди жыгат……….

Аз угуп……….

Жакшыга жанаш……………

7. «Өзүңдүн баарлашуучуңду тап» оюну. Көркөм адабий чыгармалардын каармандарынын диалог же монологдорунан карточкага жазылып, ролдоштурулуп, көркөм окуттурулат. Мисалы, Ажардын монологу, Толгонайдын монологу, Майсалбектин каты ж.б.

Кептин тактыгына үйрөтүү

Туура дем алуу менен так, туура сүйлөгөнгө үйрөнүү зарыл. «Жагымдуу угулган кеп өзүнчө эле музыка» деп Аристотель айткан экен. Чындыгында эле биздин үн – бул музыкалык обон сыяктуу эле, ар дайым күүсүндө турган мамилени талап кылган физиологиялык инструмент экен. Ал так күүсүнө келгенде гана угармандардын жүрөгүн жылыта алат. Уккулуктуу кеп бул – туура дем алуу, үндүн ийкемдүүлүгү жана жеңилдиги, тембри, бирдей туруктуулугу. Башкалар менен жагымдуу баарлашуу, алардын сени уга билүүсү үчүн төмөнкүдөй техникалык ыкмаларга ээ болуубуз керек:

үнүңө таяныч болуу үчүн туура дем алуу;

сөздүн мүчөлөрүн жутуп, чайнап, чала айтпастан, дикцияң жактан таза сүйлөө;

үндү туура багыттоо менен жай, акырын же катуу сүйлөп, үндүн тонун жогорулатып же азайта алуу;

сөздөрдү, фразаларды, сүйлөмдөрдү айтканда үндү (темпти) акырындатып же ылдамдатуу;

үнү менен өзүнүн сезимин билдире алуу мисалы, үнгө боек берип, интонацияны туура кою билүү.

Сөздү так, туура айтуу үчүн туура дем ала билүүбүз керек. Буга кептин тазалыгы, көркөмдүгү, бийиктиги түздөн-түз байланыштуу. Эгер биз боюбузду, ийин, моюн башыбызды түз кармап, колдорубуз менен табигый кыймылдата алсак, анда эркин сүйлөй тургандыгыбыз далилденген. Кептин тактыгы тууралуу аалым Жусуп Баласагын мындай деген:

«Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө, түмөн сөздүн – оң мааниси бир сөздө, тил такта башың аман болору чын, сөздөрүң накыл болсо өмүр узун, сөздүн баарын кармап калуу эң кыйын, керектүүсүн эске тутуп, так урун, адам көп сөздү тактап сүйлөй билген, мыктысын көкүрөккө таасын илген» Ал эми окумуштуу М.В.Ломоносов

«эгерде кимде-ким ийгиликке жетишкиси келсе ал баарыдан мурда үнүн тарбиялап, так, туура сүйлөөдөн баштоосу керек» деген. Адегенде так сүйлөө деген эмне экенин түшүнүү зарыл. Тыбыш, тамгаларды сөздөрдү так, туура айтуу одоно, орой сөздөрдү колдонбоо. Кептин тактыгы бул – кептин коммуникативдик сапаты. Окумуштуулар айткандай, так эмес кеп сүйлөшүүнү, карым-катнашты татаалдантып, сабатсыздыкты, коммуникативдүүлүктүн жалпы эрежелерин сактабагандыкты билдирет. Кеби, сүйлөөсү начар, кекечтенген, кээ бир тыбыштарды так айтпагандар эмне кылыш керек? Логопед-дарыгердин кеңешин аткарыш керекпи деген суроо туулат. Бирок эң мыкты дарылоо бул – өзүңдүн жекече талыкпас эмгегиң. М.Н.Ботвинниктин «Белгилүү гректердин жана римляндардын турмушун сүрөттөө» аттуу китебинде баяндалгандай, байыркы Грецияда атагы таш жарган Демосфен деген оратор болгон. Анын кеби анын элинин турмушу үчүн маанилүү роль ойногон. Ал бала чагында кекеч болуп бирок абдан чечен-оратор болгусу келген. Ал кезде логопед-дарыгер болбогондуктан, ал өзүнүн кебин түзөтүүгө өзү аракет кылган. Эч кимге жолтоо болбос үчүн күн сайын эртең менен деңизге кетип, сөздөрдү, фразаларды туура сүйлөө үчүн оозуна таштарды салып машыккан. Ал таштар ага туура, так сүйлөөгө жардам берген. Барган сайын анын үнү оңолуп, дикциясы калыбына келип, кийин байыркы Грециянын мыкты чечен-ораторлоруна айланган. Таза сүйлөө үчүн кыргыз тил сабагынан үйрөнүлгөн сөздөрдү так, туура колдонуу адабий тилдин нормаларын так сактоо керек. Сүйлөшүп жаткан адам сени толук түшүнгөндөй жагымдуу кырдаалды камсыз кылуу менен баарлаша алганга көнүк.

Кептин тууралыгына үйрөтүү

«Кырк чоро» жаш саясатчылар мектебинин өкүлдөрү « мамлекеттик жогорку органда турган жетекчилерден баштап, кыргыз тилинде туура , сабаттуу сүйлөшү керек» дешсе, Крнын Эл жазуучусу Б.Жакиев « ири алдыда массалык маалымат каражаттарынын журналисттери туура сүйлөөсү» керек дейт. Өз убагында жазуучу Т.Сыдыкбеков « Жаңы төрөлгөн баладан баштап, көз жуумп бараткан карыган адамга чейин тилдин ээси. Тил бул

– кенч. Эне тилин билүү бул - маданияттуулукка жатат. Аны коргоп, сактоо баарыбыздын милдетибиз. Ар бир адам эне тилин билүүсү парз. Өз эне тилин мыкты билип андан соң башка тилди билиш керек. Чоң маданиятка жетиш үчүн адам өзүнүн эне тилин терең билгенде гана башка маданиятты өздөштүрө алат». Биздин эл бардык эле элдердей өзүнүн көп кылымдык турмушунда өтө көп бай рухий мурас калтырган. Мисалы чакан макал-лакаптан баштап, айтса айга, жылга созулган Манаска чейин. Мектепте кыргыз тили сабагында окуучулар кыргыз тилинин туура сүйлөөгө, орфографиялык эрежелерге таянуу менен туура жазууга көнүгүүлөрү шарт

Мында кептин техникалык жагы болгон үндүн дикциясы – сөздөрдү толук, туура, так айтуу да өзгөчө роль ойнойт. Дикциялык тазалыкты камсыз кылуу үчүн айрым тамгаларды, сөздөрдү жутпай сүйлөш керек. Бул үчүн айрыкча 5-7-класстарда жаңылмачтарды көп-көп, системалуу айттырып машыктыруу зарыл. « … ата-бабаларыбыз байыртадан чечендикке, сүйлөө кебине дегеле сөзгө баа берип келген»

«жаңылмач коомчулугубузда жаш балдардын тилин, акыл-эсин, логикасын өстүрүүдө, шыдыр жана так сүйлөөгө, тыбыштардын жана тамгалардын айтылышын өздөштүрүүдө башкы орунда турган». «Жаңылмач» деген сөздүн өзү эле сөздү жаңылбай, тура, такалбай айтуу керек экендигин билдирет». Жаңылмачты балдар эмес чоңдор да айталбай күлкүлүү болгон учурлар кездешет. 5-класста фонетика, орфография жана кеп маданиятын өтүүдө к,п жана г,б с-з, к-г, д-т, б-п, ч-ш түгөйлүү үнсүздөрдү сөз ичинде айтылышын жана жазылышын туура, так сактай билүүсү үчүн төмөнкүдөй жаңылмач сабагынан фрагментин сунуштайбыз:

Риторикалык ж а ң ы л м а ч т а р:

Сабак - жаңылмач

Сабактын максаты: Окуучуларды бат, туура ой жүгүртүү менен тура, так, таза сүйлөшүүгө,чечендикке,сөзмөрлүккө, баарлашууга,акылмандыкка окутуп-үйрөтүү

Сабактын методу: Интерактивдүү метод: жуп менен иштөө:

1 – о к у у ч у: Бир ак чымчык, эки ак чымчык

Yч ак чымчык, төрт ак чымчык

2 – о к у у ч у: кайталап айтат

3 – о к у у ч у: Бир түп тыт, бир түп турп

Турп тытты түртөт, тыт турпту түртөт

4 – о к у у ч у: кайталап айтат

5 – о к у у ч у: Ал аралда да марал

Бул аралда да марал

От экен маралга да арал

Оттосун аралга да марал

6 – о к у у ч у: кайталап айтат

7 – о к у у ч у: Бадал арал, бадал арал

Бадал аралда оттогон бала марал

8 – о к у у ч у: кайталап айтат

9 – о к у у ч у: От үстүндө бал каймак

Бал, бал каймак, бал каймак

10 – о к у у ч у: кайталап айтат

11 – о к у у ч у: Белестеги беш кашка кой

Бешөө беш башка кой

Бешаласы кунан кой

Бешаласы дөнөн кой

12 – о к у у ч у: кайталап айтат

13 – о к у у ч у: Кырк кыл куйрук, кырк кызыл куйрук

Кырк кыл куйрук ичинде, ылгый кызыл кыл куйрук

14 – о к у у ч у: кайталап айтат

15 – о к у у ч у: Чо¸ казандын кырмычык

Кырып жедим тырмышып

16 – о к у у ч у: кайталап айтат

17 – о к у у ч у: Мынабу кай арал?

Көк иримдүү ке¸ арал, ал арал

18 – о к у у ч у: кайталап айтат

19 – о к у у ч у: Көп көпөлөк көкөлөп өтөт

Көп көпөлөк көкөлөп өтөт

Төрт көпөлөк бөлөк өтөт

20 – о к у у ч у: кайталап айтат

Риторикалык конкурс- көнүгүүлөр

Жаңылмачтарды тура, так, таза, катасыз айтуу боюнча конкурс өткөрүү;

Жаңылмачтарды бат айтуу боюнча конкурс өткөрүү;

Жаңылмачтарды мыкты ырдап айтуу боюнча конкурс өткөрүү: бешик ырынын же көңүлдүү балдар ырларынын күүсүнө салуу

Риторикалык үй тапшырма: Өзүңөр да жаңылмач ойлоп таап жазып келгиле

Кептин тазалыгына үйрөтүү

Т.Сыдыкбеков: « 1941-жылы тил маданияты, терминдер тууралуу сөз болуп, орус жана чет тилинен кирген сөздөрдү эне тилине ыңгайлаштыруу тууралуу ошол жылы сентябрда указ кабыл алынган. Андан бери канча жыл өттү бирок чет тилден кирген сөздөрдү канчалык кооздоп, жасалгаласак да эне тилине сиңген жок» деген. Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайында мурдагы президентибиз Роза Отунбаева «Кыргыз тили Мамлекеттик тил болуп саналат. Билим берүү аркылуу кыргыз тилине ээ болууга жетишүү керек. 2012-жылы Казакстанда казак тилин билгендердин саны 80% ке жетти.

Бир нече жылдардан кийин 100% ке жеткиребиз деп жатышат. Бардык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүүсү шарт» десе, Кыргызстанда úткúр\лгúн т\рк тили боюнча эл аралык 9- олимпиадасынын финалдык салтанатында

КРнын вице прьемер-министри И.Жунусов «ООНдун 7-тили т\рк тили болушу м\мк\н.

Эгер түбөлүктүүлүктү ойлосоң, эне тилиңди сакта. Биз эне тилин сактап калуубуз \ч\н эне тилинде с\йлúп, жазышыбыз керек. Эне тилин сактоочулар булар – жаштар. Тилди жоготкондук бул элди жоготкондук . Экономикалык жактан кыйналсак да, тилибизди сактап калуубуз биздин милдет. «Мамлекеттик иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш. Мамлекеттик тил негизги байланыш каражаты катары колдонулушу керек. Тоскоолдук жок. Тоскоолдукту өзүбүз жасап жатабыз. Улутту анын улуттук тили, тарыхы жана улуттук дүйнө таанымы сактайт» деп баса белгиледи.

Кыргыз-т\рк Манас университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыпов тилдин тазалыгы тууралуу оюн төмөндөгүдөй баяндады: «Кыргыз тилиндей

Мамлекеттик статус алып кор болгон тил эч жерде жок. Кээ бир министрликтерде бир да орус жок баары орусча с\йлúшúт. Же бир с\йлúгúндú мүчөлөрү туура болсочу. Тил колдонулууга муктаж. Тил жандуу организм. Аны мителер сы¸ары ар кыл жаргондор бузуп жатат. «Мен ойлойм» деген сúз úтú жыш колдонулуп жатат. Бул туура эмес.

Саясатчылар, илимпоздор «мен ойлойм» деп баштабастан, «менин оюмча» деш керек эле.

«Мен ойлойм» бул мите сúз. Депутат, корреспондент, мугалим баары «мен ойлойм» деп башташат. Бул сúз диалектиде да, адабий тилде да, орусчада да жок. Мите сúздúрдúн качыш керек. С\йлúú маданияты бул – бул кеп маданияты болуп саналат. Биздин тил -кымбат тил Анткени «Манас» баштаган чыгармалар жаралган куттуу тил. Ч.Айтматов да кыргызча жазып баштаган да анан кийин орус тилин да байыткан. Кыргыз тили úтú кымбат, úтú кúкúлúт\п , колдоно турган тил. Бирок стилдер калыптанбай, мите сúздúр кирип жатат. Анын баарын мектептен мугалимдер о¸доп, т\зúйт. БГУда иштеп турганда

«Жалпы филологияга кириш\\» аттуу курс киргизгем. Мектепте тил боюнча туура маалыматты бериш керек. «Эмне \ч\н кыргызча с\йлúбúйс\¸» десем «кыргыздар úздúр\ с\йлúбúсú, мен эмне \ч\н с\йлúйм деди. Мага керек болгон үчүн түрк тилин \йрúнд\м.

Кыргыз тили бардык жерде колдонулса. Радиодон, телевизордон кыргызча так, таза, туура с\йлúп турса албетте, тил жашайт. Т\рктúр кыргызча, мен т\ркчú с\йлúшúм. Айрымдары

«Кыргызстанда жашап анан кыргызчанын мага эмне кереги бар» дейт. Кыргыз тили сабагын úт\п коюп эле окуучулар кыргыз тилин билбей калбашы \ч\н кыргыз тилин

\йрúт\\н\н ыкмаларын ай сайын, к\н сайын ойлонуп келебиз. Кыргыз тилин окутуу úтú жаман. Орус тилин, чет тилин окутуу айылдарда кандай болсо, кыргыз тилин окутуу да ошондой эле. Усулдук жактан кемчиликтер úтú кúп. Тилди си¸ирип алып, турмушта колдонуу жагы начар. Сабактагы тексттерди эсине сактап калып, турмушта колдонуу жагын кароо керек. Манас университетинде кыргыз тилин башка улуттарга гана эмес, кыргыздардын úздúр\нú да \йрúт\\ жагынан жогорку де¸гээлде. Бул боюнча атайын топ иштейт.Негизги кемчилик – сабакта úтт\, б\тт\, кийинкисин ойлобойт. Себептери кúп – алган айлыктарынын аздыгы жана башка. Кыргыз тилин окутууга мээнет кылгандар албетте аз. Тил \йрúт\ү жогорку мектеби конференция, семинар, тренингдерди úткúр\п жатышат. Университеттерде мыкты ойлонгон, жакшы иштеген адамдарды окутуу жолуна д\йнúдú кúп úлкúлúр т\ш\\дú.

Депутат болобу же башка болобу эне тилинде таза, так сүйлөш керек. Орфографияны улам өзгөртө берүү да таза, туура сүйлөөгө жана жазууга терс таасирин тийгизет».

Мына ушул жогорудагы ойлордон улам кыргыз тилинин тазалыгы үчүн күрөшүүнү бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайларында колго алуу менен кыргыз тили сабагында кептин тазалыгына үйрөтүү өтө орчундуу маселе катары санап, көнүгүү, машыгууларды системалуу жүргүзүлүүсү абзел. Тажрыйба учурунда айрыкча Бишкек шаардык мектептердин окуучуларынын өзүнүн кебинин тазалыгына көнүл бурбастан, орус тилин аралаштырып, же биротоло орус тилинде сүйлөшкөндөрү байкалды. Аны мугалимдер, чоңдор өз убагында эскертип, кайдыгер калтырбастан ал сөздөрдүн тура котормолорун сунушташса. «Балдардын сынагынан сынбайсызбы?» аттуу теле көрсөтүүдө коомдук ишмер Э.Каптагаев: «Бизде с\йлúú маданиятыбыз жокко эсе.

Жогорку ке¸еште деле депутаттарыбыз бирин орусча, экинчисин кыргызчалатып, так, таза, туура с\йлúбúй жатабыз» деп моюнуна алат. Ошол эле теле берүүлөрдөгү тилдин бузууларынан мисал келтирсек: 1) «.. естественно аял эркекти тарбиялайт. Эне балдарына пример болуш керек. Условия т\з\п бериш керек. Между прочим эч кандай условиялар пашти что жокко эсе. Анан кандай разговор болушу м\мк\н.»; 2) «… азыр аябай волноваться этип к\т\п турабыз.Фактически 121и келди; 3) статс катчысынын интервьюсу:

«… единственно жанагы окупаемостусу чыгат…»; 4) «… соревновайт этип,еще лучше болсун деп, стараться этип жатабыз»; 5) «… мен úз\мд\ лично конечно культурный адаммын деп считаю…» ж.б.у.с. же таза орусча эмес, же таза кыргызча эмес түшүнүксүз интервью, репортаж, маектерди жыш кездертиребиз. Массалык маалымат каражаттары тилдин тазалыгы жагынан окуучуларга үлгү көрсөтө албай жатышат.

Азимжан Ибраимов айткандай, «… кúпч\л\к депутаттарыбыз орусча аралаштырып с\йлúп, адабий тилдин нормасын сактабай, тил маданиятына ээ эмес. Улуттук дúúлúттúр сакталбайт. Кыргыз тили аркылуу б\т т\рк д\йнúс\нú жол ачылат…» эле эгерде тилибизди көздүн карегиндей сактасак. Биздин ата-бабаларыбыз калтырып кеткен эне тилибизди урпактарга чыпчыргасын коротпой, өткөрүп берүү биздин милдет. Бишкек шаарында, Ч\й областында кыргыз тилинде таза эмес с\йлúгúн балдарыбыздын саны арбууда. Алар ар дайым компьютерде отурушкандыктан, кыргыз тилиндеги терминдерди, сúзд\ктúрд\, окуу куралдарын, маалымат колдонмолорду, көркөм чыгармаларды, кыргыздын чечендик кептеринен интернет сайттарга системалуу жайгаштырып керек. Компьютердин тамгаларын кыргызчалатып, маалымат, кабарларды таза кыргыз тилинде бер\\гú аракеттенүү менен мекенчил болууга жаштарды \ндúш\б\з керек. Казакстандын президенти Н.Назарбаев «2020-жылга карата казактар 100 пайызга казакча сүйлөйт» дегендей, биз да таза сүйлөөнү мектеп партасынан башташыбыз зарыл болуп отурат.

Кептин орундуулугуна үйрөтүү

«Акылдуу жооп алгың келсе, акылдуу сура» (И.Гете) дегендей орундуу сүйлөө менен баарлашуучунун сый-урматына ээ болуш үчүн аңгемелешүүнүн негизги эрежелерин мисалы, мээримдүүлүк, туура тонду тандоо, айтып жаткандарың тууралуу мыкты билүү, сүйлөшүүдө ишенимдүү жана чечен болуу үчүн керектүү сөздөрдү тандоо зарыл. Орундуу сүйлөө менен сый-урматка ээ болуу бул– татаал иш. Ар кыл сүйлөшүү кырдаалдарга ылайык мисалы, өзүңдүн баарлашуучуңа бир нерсени түшүндүрүү, суроо, кечирүү, өтүнүү же мактоо жана куттуктоо сыяктуу маданияттуу монологдорду жана диалогдорду түзө билүүгө үйрөнүүбүз абзел. Мындай учурлар адамдын турмушунда көп кездешкендиктен, аларга ылайык кеп маданиятына ээ болууну мектеп партасынан баштап үйрөтүүбүз зарыл. Ушул багытта балдар аткара турган көнүгүүлөрдүн айрымдарынан келтиребиз:

1-көнүгүү. Шаардагы балдар китепканасына кандай баруу керектиги тууралуу так, орундуу, кыска түрдө түшүндүрүү кебин, монологун түзүү

2-көнүгүү. Сүйлөшүү, карым-катнаштын төмөнкү кырдаалдарына ылайык түшүндүрүү кебин, монологун түзүү: 1) кичинекей балага (иниңе, карындашыңа, таанышыңа) жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүү; 2) классташыңа спорт оюнунун же конкурстук тапшырманын жаңы эрежесин түшүндүрүү; 3) досуңа бир нерсени эмне үчүн жакшы көрөрүңдү жек тескерисинче жакшы көрбөгөнүңдү орундуу, жай айтып берүү

(мында белгилүү адабий каармандардын монологдоруна таасирленүү менен макул болуп, макул болбоо тууралуу өзүңдүн оюңдү далилдей аласың. Түшүндүрүү монологунда сенин сөзүң ачык, кыска,орундуу жана ишенимдүү болуу менен сен салмактуу жана боорукер болууну айткандарыңды баарлашуучуң түшүнгөнүн текшерүүнү унутпа. Сен өзүңдүн монологуңду туура курганыңды салыштыруу үчүн окуучулардын кеп маданиятынын айрым модел-үлгүлөрүнөн келтиребиз:

1-текст: Бул оюн менен мен лагерде таанышкам. Анын шарты жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү. Оюнга 5-6 киши катышат. Алар тегерек болуп турушат жана жетекчини шайлашат. Жетекчи тегеректин ичинде турат. Ал тегеректен чыккысы келет.

Ал үчүн оюндун катышуучуларынан сылык түрдө себебин айтып, сураныш керек. Ал эми оюнчулар ага сылык түрдө уруксат беришпейт. (Оюн «сылык өтүнүч – сылык уруксат бербөө» деп аталат).Тегеректен ким өзүнүн өтүнүчүн ишенимдүү түшүндүрө алса, баары кеңешип, ошону чыгарышат. Бул оюнду класста талкуулап, бири-бирине сылык суроо берүү, өтүнүү менен сылык, орундуу жооп берүүгө үйрөтүлүп, жагымдуу диалог түздүрүлөт.

2-текст: Конкурс «Бир сөз айтчы!» деп аталат. Алып баруучу Айбек ырдан же табышмактан үзүндү окуйт. Ал эми угуучулар мааниси боюнча төп келген, орундуу сөздөрдү таап айтышат. Ал сөздү ким биринчи таап айтса, ошол алып баруучу болот.

Менин оюнум сизге жактыбы? Анын шарттарын мен жакшы эле түшүндүрдүмбү? Айзада.

3-текст: Мени уктагым келбесе деле уктатышканы мага жакпайт. Бул айрыкча сыналгыдан кызыктуу концерт көрүп, же компьютердеги оюн менен интернетте отурганда болот. Таарынып анан уктаганы жаткым келбейт. .. Менин мамам айткандай, эмне үчүн сөзсүз эле күн тартибин сакташ керек. Ал эми чоңдор өздөрү дайыма эле аны сакташпастан, каалагандай жүрүшөт да. сиз мени менен макулсузбу? Сизде ушундай учур болду беле? Кулманбетов Бакыт

Эгер сен орундуу сүйлөп, баарлашуучунун бүйүрүн кызытып, анын тилин тапсаң анда алар сага суроолорду жаадырып, сени менен дагы аңгемелешкиси келип, өздөрүнүн ойлорун айта башташат. Сенин окуучулар, ата-энелер менен аңгемелешүүнү кандай алып барганыңды билүү үчүн суроолор:

1.Эмне жөнүндө сүйлөөрүңдү жакшы билчү белең? 2. Сенин түшүндүрүүлөрүң угармандарга уккулуктуу, жагымдуу жана орундуу болуш үчүн эң башкы нерсени кыска, орундуу жана негиздүү бере алдыңбы?

3.Сен жакшы сүйлөдүңбү т.а. керектүү сөздү таап, бир сөздү эле кайталай бербедиңби, интонацияны туура коюп, орундуу жана көркөмдүү сүйлөй алдыңбы?

4.Класс (аудитория) алдында өзүңдү эркин кармадыңбы? 5. Сүйлөшүп жүргөндөрдү көрдүңбү, алар менен диалогго чыгууга аракет кылдыңбы?

Суроолорго кыйналбай жооп бердиңби?

Мыкты окуучу өзүн баалоону өзүнүн катасынан өзү үйрөнүүнү ар дайым каалайт.

3-көнүгүү. Сунуш кылынып жаткан сүйлөшүү кырдаалдары үчүн ылайык келген актануу монологун түзгүлө:

1-кырдаал. Сен белгиленген саатта үйгө келбей, ата-энеңдин тапшырмасын аткарган жоксуң.( Мисалы, дүкөнгө барган жоксуң; ремонттон бут кийимди алган жоксуң; дем алышта үйдө чогуу тамак ичүүнү эскертүү үчүнчоң энеңе барган жоксуң ж.б.)

2-кырдаал. Сен класс жетекчи уюштурган мектептик майрамга даярдануу үчүн репетицияга келе алган жоксуң

3-кырдаал. Өзүң башында убада бергендей досуңа мейманга келе алган жоксуң

4-кырдаал. Сага коомдук жайдагы жүрүм-турум эрежесин бузганың үчүн эскертүү беришти Мисалы, - транспортто кары адамга орун бошотпой терезени карап же уктамыш болуп отуруп алдың; - тепкичте шашып келатып алып, түртүшүп кеттиң; - кинотеатрда адашып башка бирөөнүн ордуна отуруп алдың.

«Актануу» монологу бул кыйын кырдаалдан чыгууга жардам берип, сага карата ишенимди калыптандырып, кайсы гана сүйлөшүү маданиятынын эрежелеринин бузулуусунун себебин так, ачык-айкын, чын дилден орундуу түшүндүрүү болуп саналат.

Риториканы, ораторлукту окуп-үйрөнүп жаткан окуучулардын актануу монологдорунун айрым үлгүлөрүн келтиребиз:

1-текст. Апа, мен бүгүн мектепте концертке даярданып кармалып калдым. Андан соң

Айбийкеге бардым.Ал ооруп жаткан. Ошентип сиздин өтүнүчүңүздү аткара албай калдым.

Сизден өтүнөм, ачууланбаңыз. Мен сабакты жасап, анан сөзсүз дүкөнгө барам.

Кабатырланбаңыз, мен баарына үлгүрөм! Макулбу?! Айчүрөк. Жайлообаева 5-класс.

2- текст. Кечирип коюңуз, мен байкабастан сиздин бутуңузду басып алдым!

Ачууланбаңыз! Марипа Иса кызы. 5-класс.

3-текст. Руслан, мен бүгүн сага бара албай калдым. Сабактар абдан көп. Бешинчи күнү дагы. Эгер эсиңде болсо музыкага дагы барам. Кел, дем алышта жолугалык.Менде жаңы оюндар бар.Макулбу? Азамат.Тобокелов 6-класс.

4-текст. Ооба, мен жаңылышып, сиздин ордуңузга отурупмун. Катардан адашыпмын.

Менин ордум дагы 25, бирок 17 катарда. Кечирип коюңуз! Нурлан Автандил уулу 7-класс.

Мугалим буларды класста ролдоштуруп, жуп менен аткарттырса да болот. Мисалы, 1-текстте бир окуучу апасынын ролун аткарат: «Жакшы, мен сени түшүнөм, капаланбайм.

Бирок, ошентсе да убактыңды кандай болсо да бөлүштүргөнгө аракеттен! Сен менин жардамчымсың. Мен сага ишенем».

4 - көнүгүү. Куттуктоо монологун түзгүлө. Мында силер боорукер гана эмес баарлашуучуңузга карата өзгөчө камкор болушуңуз да зарыл. Тактап айтканда, - анын башкалардан айырмаланган жактарын белгилеп; ага ал эңсеген же ишке ашырам, үйрөнөм дегендерининин баарынын ишке ашуусун каалап, ага рахматыңды айтып, ыраазычылык билдиресиң (буга чейинки экөөңдүн мамилелериңди эске алуу менен). Эгер куттуктоо оозеки формасында болсо анда «сырткы түрдүн тилин»: мээримдүү көз караш, жылмаюу, туура тандалган кыймыл-аракет, жүрүм-турумду унутпаш керек.

1-кырдаал. Сен өзүңдүн башталгыч класста окуткан биринчи мугалимиңе куттуктоо даярдап жатасың.

2-кырдаал. Өзүңдүн эң жакын досуңа (дос кызыңа) куттуктоо даярдап жатасың.

3-кырдаал. Майрам жакындап келатат. Апаңа, атаңа, чоң ата, чоң энеңе, агаңа же эжеңе жагымдуу, мээримдүү куттуктоо түзгүң келди.

4-кырдаал. Адабий каармандардын да туулган күнү болушу мүмкүн. Силердин сүйүктүү китебиңердин (Ч.Айтматовдун «Бугу эненин жомогундагы» бала менен кыз, «Ак кеме» повестиндеги Нургазы, Жээренче чечендеги Акыл Карачач ж.б.) каармандары тарабынан конокко чакырылдыңар деп эсептегиле . Ар бириңер өзүңөрдүн адабий каарманыңарды тандап алып, алар үчүн куттуктоо-монолог кебин түзгүлө. Бул куттуктоо-монолог кептери өзгөчө. Анткени аларда сөздөрдүн кайталанышына жол берилбейт жана каалоолор чын ыкластан ,орундуу чыгат.

Окуучулардын досторуна, сүйүктүү каармандарына карата куттуктоолорунун айрымдарынан:

1-текст. Адилет! Мен сенин «кичинекей мааракең» менен куттуктайм. Сен он жашка толдуң! Мен сени менен достошконума абдан ыраазымын. Сени менен болуу дайыма кызыктуу! Сен дагы мен сыяктуу эле китептерди окуганды жана , саякаттаганды жакшы көрөсүң. Ошондуктан, мен сага ушул багыттагы китепти белекке берүүнү чечтим. Мен билем сен китеп жыйнаганды жакшы көрөөрүңдү жана өздүк китепканаңдын абдан бай экендигин. Тилек. 5-класс.

2-текст. Кымбаттуу Нургазы! Адабий каармандардын дагы туулган күндөрү бар экендигин мен билем. Ошондуктан мен сени сүйүктүү каарманым катары куттуктагым келди! Сенин фантазияң абдан бай, табиятты, ак кемени сүйгөн боорукер экениңди билем.

Сенин бардык тилектериң, кыялдарындын орундалышын, жер жүзүндө жалаң гана ак ниеттүү адамдар жашашын каалайм. Ошон үчүн мен өзүмдүн классташтарым менен сага жардам бергим келет. Канатбек. 5-класс.

3-текст. Ардактуу Акылкарачач! Мен сени абдан сыйлайм. Сен чечилбеген сырды чечкен, атың айтып тургандай эле акылдуу, тапкыч, сөзмөр, чечен, кайрымдуу, адептүү кыргыздын кызысың. Мен сени менен достошуп, сендей акыл-эстүү, сөз тапкыч, чечен болгум келет. Сенин акылыңа акыл кошулуп, досторуңдун көбөйө берүүсүн каалайм.

Нуржамал, 6-класс. .

Мугалим: Бул куттуктоолоруңарды атайын открыткаларга жазсаңар да болот. Мындан ары куттуктоо жазууда тажатма, кайталама сөздөрдөн качып, көңүл эриткен, орундуу сөздөрдү табууда кыйналбайсыңар деп ойлойм.

5 - көнүгүү. Мугалим: Бул маданияттуу сүйлөшүүнү даярдоонун эрежелери менен таанышуунун алдында келгиле, чакан талкуу өткөрөбүз. Талкуубуздун темасы – «мактоо сөзү» деп аталат. Төмөнкү суроолорго жооп бергилечи?

- Силерди мактаган учурлар көп болобу? А силер качан мактайсыңар? Акыркы күндөрдөгү бир нече баарлашуулардан мисал келтиргилечи?

- Сага жагымдуу ой айткандарга ыраазычылык билдирген кыйынбы же сенин бирөөгө мактоо сөз айтканың татаалбы?

- Эмне үчүн, сөзсүз түрдө эле мактаган адамга ыраазычылык билдириш керек деп эсептелинип калган?

- Бирөөгө мактоо сөзү менен кайрылганда көбүнчө кандай сын атооч сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдоносуңар? ( Буларды улап жазгыла: «Мен сага ушунчалык ыраазымын…, сен абдан…»; «Мен сага айткым келет, сен…, жана сага ыраазымын…»; «Мен сага таң калам, сен кантип….»; «Сен татыктуусуң ишен, …»; « Мен сени мактагым келет, анткени сен ….»). Ошентип, силердин сүйлөшүүдөгү кептик тажрыйбаңар мактоо жана ыраазычылык сөздөрүн качан, кайда, кандай колдоно тургандыгыбызды түшүнүүгө жардам берди. Биринчиден, мактоо бул – ыраазычылыкты туюндуруучу сөз. Ошондуктан анын баалоо, ыраазы болуу сыяктуу мааниси боюнча жакын этиш сөздөрү бар. Экинчиден, мактоо сөзүндө анын себеби бар: мүнөзүнүн жакшы жактарын билдирген жакшы мамиле, жүрүм-турум, сырткы турпатынын жагымдуулугу, өзүн кармай билгендиги.

Келгиле эми, сын атооч сөздөрдү пайдалануу менен мактоо сөзүн даярдоо жана айтуу ыкмаларын бекемдөөчү коммуникативдик оюндарды ойнойлук. Төмөндө белгилүү адабий чыгармалардын каармандары өздөрүнүн мактоо сөздөрүн айткылары келген. Сүйлөшүү маданиятынын коммуникативдик касиеттерин эстөө менен биз аларга жардам беребиз. 1-кырдаал …………2-кырдаал ………

Мугалим: Силер так,туура, орундуу баарлашуунун эрежелери тууралуу кеңири маалымат алдыңар. Эми мыкты тондо сүйлөөнүн эрежелери тууралуу үйрөнөбүз.

1-тапшырма. Бул оюнду «Ардактуу мейман» деп атаса болот. Мисалы, сиз досторуңуз менен башка шаардан же өлкөдөн келген мейманды тосуп алып жатасыз. Достукту сүйгөн, жарык маанайлуу, меймандос үй ээлеринин милдети аңгемелешүүнү адептүү, орундуу жана сабаттуу алып баруу: - мейман менен таанышуу; - анын кызыкчылыктары, табиттери, кыял-тилек жана пландары тууралуу билүү; - меймандын өз өлкөсүнүн каада-салттары тууралуу сурамжылоо. Акырында ийгиликтүү өткөрүлгөн аңгемелешүүгө биргелешкен ыраазычылыкты билдирүү.Мейман кабыл алуу кырдаалын ролдоштуруп, стол, стулдарды коюп, мейманга костюмдарды тандап, өтүнүч, түшүндүрүү, мактоо, куттуктоо сыяктуу маданиятттуу сүйлөшүү диалогдорун уюштуруу үчүн суроолорду ойлоп таап өткөрсө болот. Жогорку класстардан, мугалим, ата-энелерден түзүлгөн калыстар тобу этика боюнча эксперт катары сиздин мейманыңыз менен канчалык эркин жана сабаттуу аңгемелешкениңизди, силерди байкап отуруу кызыктуу болгондугун баалашат. Оюндун жүрүшүндө меймандын ролун ар бир катышуучу аткара алат. Эң башкысы сылык-сыпаа сөздөрдү ойлоп таап, ачык, кызыктуу сүйлөп, жарык маанайлуу жана сүйлөшүү маданиятын сактаган баарлашуучу боло алуу. Өзүнө өзүң байкоо жүргүзүү абдан кызыктуу. Ошондуктан, бул оюн-сахнаны видеого тартып алып, көрүп, талкууласа да болот.

1-тапшырма. Бул оюнду «Картиналардагы жана аңгемелердеги сүйлөшүү мааднияты» деп атайбыз. Катышуучуларга төмөнкүлөрдү тандоо сунушталат: - картинага ылайык макал-лакаптарды же тескерисинче макал-лакаптарга ылайык картиналарды табуу; -адептүүлүккө тарбиялаган макал-лакаптарга арнап аңгеме түзүү; - адепсиздикти ашкерелеген аңгеме жазуу же ролдоштурулган сцена түзүп аткаруу; - адабият сабагынан өткөн же өз алдынча окуган адабий чыгармалардан жүрүм-турум жана сүйлөшүү маданиятынын терс жактарын сүрөттөгөн үзүндүлөрдү таап, көркөм окуу жана ролдоштуруп аткаруу. Мында демилгелүүлүк, сөзгө чеберчилик, ораторлук жана аткаруу жөндөмдүүлүгү бааланат.

Маданияттуу талкуулаганга, өз оюбузду далилдегенге үйрөнөбүз

«Талашта н тактык жаралат» (Элдик макал)

Биз мында маданияттуу талкуулоо, далилдөө эрежелерин үйрөнөбүз. Албетте, сенин турмушуңда бир нече ирет ушундай кырдаалга туш болсоң керек. Бирок талкуулап-талашуунун да эрежеси бар экенин билбесең керек. Талкуулоо, далилдөө боюнча адабий чыгармалардан арбын турмуштук мисалдарды келтирүүгө болот. Белгилүү философ, риторикалык сабаттуулук мектебинин бирден-бир негиздөөчүсү Сократ өзүнүн окуучуларына «Эристика сабактары» деген атайын сабактарды өткөргөн. Анда бири-бирин сыйлоо жана далилдөөчү диалог иретинде курулган акыйкаттуу талаштарды үйрөткөң. Ошондой талаш-талкуу диалогдордун айрымдарынан:

Болбогон нерсени анын үстүнө себепсиз талашпа.

Ар дайым эмне жөнүндө талашып жатканыңды эсте.

Талашта ар дайым мисалдарың жана далилдериң болсун.

Талашты татыктуу алып бар: салабаттуу, сылык болуп, башкалардын пикирин сыйла.

Эгер аңгемелешүүчү талаштуу ойлорду айта турган болсо, диалогду өз деңгээлинде алып баруу жөндөмдүүлүгүн текшерүүчү көнүгүүлөр

1- көнүгүү: төмөнкү сүйлөмдөрдөн талашууга негиз, себеп боло турган жоболорду танда:

1. Күзүндө ар дайым жаан жаап турат.

2. Теле берүүлөр жакында газеталардын жана китептердин ордун биротоло басат.

3. Деңиздерде суу туздуу болот.

4. Чыныгы достук ар дайым бирөөнүн экинчисине баш ийүүсүнө таянат.

5. Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат

Силер туура аныктагандай, 1- жана,3-сүйлөмдөрдө талаш кыла тургандай деле жобо жок. Эмне үчүн жоктугун түшүндүрүүдө «менимче», менин өз карашым боюнча», «менин оюм боюнча» деген түрмөктөрдү пайдалангыла. Мисалы, мындай баштасаңар болот: «Менимче, бул жоболор эч деле талашты жаратпайт. Себеби анда талашсыз чындык айтылган. Өзүңөр ойлосоңор эч ким талаша албайт ….»

Бул көнүгүүнү аткаруу менен силер талашты туура жүргүзүүнүн эң биринчи…

This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.

Other files

Show all 18

On GovTribe

Work with this file

  • Download the original file
  • Contacts named in this file
  • Similar government files
  • Ask GovTribe AI about this file

File details come from the government source that posted it. Updated .