4. Manual for teachers
704 KB Posted
- Attached to
- Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
- Solicitation number
- F2VVHA2104G001
About this file
Attachment 4 Manual for teachers (Kyrgyz)
Text of this file
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз билим берүү академиясы
Адеп
Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо
Бишкек – 2012
УДК………
БКК………
И………….
Рецензиялагандар:
А.А.Алимбеков – Кыргыз – Түрк «Манас» университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору
Г.Ж.Жарашева - Бишкек шаарындагы № 59 орто мектептин адеп мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги
И…… С.И.Иптаров. Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо. – Б. 2012. …...-бет.
Колдонмодо адеп сабагын окутуунун теориялык-методологиялык, окуу-методикалык, уюштуруу-практикалык ж.б. багыттары тууралуу сөз болот. Автор анда адеп сабагынын предметтик мазмунун жаңылоо, окутуунун методикасын өркүндөтүү, баалоо технологияларын колдонуу, класс-кабинеттерин түзүү сыяктуу багыттар боюнча өзүнүн көп жылдык педагогикалык тажрыйбасында топтогон баалуу ойлорун жана табылгаларын ортого салат.
Колдонмо адеп сабагы мугалимдерине, класс жетекчилерге, ата-энелерге, мектеп окуучуларына, ошондой эле жаштарга адептик таалим-тарбия берүү маселесине кызыккан адистердин кеңири чөйрөсүнө арналат.
И………………
УДК………
БКК………
И………….
ISBN…………………..
С.И.Иптаров, 2012
Киришүү
2012-2013-окуу жылында республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде адеп сабагы окутула баштагандыгына 10 жыл толот. Бул окуу предмети өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин улуттук рухий жана материалдык баалуулуктарыбызды, тарыхий-маданий мурастарыбызды, элдик каада-салт, үрп-адат, ырасым-жөрөлгөлөрүбүздү, адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрүбүздү тереӊ таанып-билүүгө жана системалуу окуп-үйрөнүүгө багытталган маанилүү сабак болуп калды.
Өткөн мезгил бул сабактын калыптануу жылдары болду. Анын концепциясы, мамлекеттик билим стандарты, окуу программасы бекитилип, бардык класстар үчүн окуу китептери жазылып, жарык көрдү. Мугалимдер жана ата-энелер үчүн колдонмо куралдар, кошумча адабияттар чыгарылды. Бир катар аймактарда адеп борборлору, класстары ачылып, керектүү каражаттар менен жабдылды. Республиканын бардык областтарында адеп мугалимдери билимди жогорулатуу курстарынан өтүп жатышат.
Адеп сабагын окутуунун бир катар теориялык, практикалык, методикалык маселелери боюнча бир нече диссертациялык изилдөөлөр жүргүзүлдү жана жакталды.
Ошону менен бирге эле 10 жыл ичинде бул сабакты окутууга мамлекеттик деӊгээлде олуттуу көӊүл бурулуп, анын илимий-методикалык, кадрлык-уюштуруучулук жана финансылык маселелери өз учурунда комплекстүү чечилгенде анын кайтарымы мындан да жакшы деӊгээлде болор эле.
Кийинки кезде мектептеги билим сапатынын кескин төмөндөшү, окуучулар арасында көп орун ала баштаган рэкетчилик, зордук-зомбулук, баӊгилик, өз жанын кыюу сыяктуу коркунучтуу көрүнүштөр, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы пикир келишпестиктер, окуучуларды уруп-сабоо, ата-энелерден мыйзамсыз акча топтоо көрүнүштөрү мектептеги таалим-тарбия ишине бөтөнчө олуттуу мамиле жасоону күн тартибине коюуда. Буга мамлекеттик жана коомдук уюмдар, ата-энелер жана мектептен тышкаркы мекемелер, массалык маалымат каражаттары тереӊ кийлигишип, комплекстүү жана системалуу иш алып баруусу зарыл. Адеп сабагынын 10 жылдыгы ушул ж.б. көйгөйлөргө көӊүлдү топтоого өтө оӊтойлуу шарт түзөрү шексиз.
Коом турмушунда орун алган социалдык-экономикалык көйгөйлөр билим берүү тармагына да өз таасирин тийгизүүдө. Ар түрдүү укук бузуулардын, рэкетчилик, зордук-зомбулук, уурулук, алдамчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдүн мектеп чөйрөсүндө да орун алып, окуучу жаштардын рухий-ыймандык дөөлөттөргө, адептик жүрүм-турум нормаларына текебер мамиле жасоосу улам өрчүп баратышы негиздүү кооптонууну жаратууда. Өзгөчө оор кылмыштуулуктун «жашарып» баратышы коомдогу адептик-ыймандык кризистин тереңдеп бараткандыгына далил болуп турат.
Мындай шартта үй-бүлөдө жана мектепте окутуунун бардык баскычында, таалим-тарбиянын бардык чөйрөсүндө жаштардын рухий-ыймандык түшүнүктөрүн тереңдетип, адептик жүрүм-турум сапаттарын калыптандырууну үзүрлүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүү – мамлекеттик маанидеги олуттуу иштерден болуп саналат. Бул өзгөчө жалпы билим берүүчү уюмдардын эң орчундуу милдеттеринин бири экендиги талашсыз.
Адептик таалим-тарбия – коомдук идеалдарды, анын өрнөктүү нормалары менен принциптерин терең өздөштүрүүнүн жана аны жүзөгө ашырууга жигердүү катышуунун негизинде туруктуу моралдык сапаттарды, адептик-ыймандык керектөөлөрдү, бекем ынаным-түшүнүктөрдү жана изги сезимдерди, туруктуу көндүмгө жана билгичттикке айланган жүрүм-турум адебин калыптандыруу максатын аркалаган социалдык институттар менен инсандардын ишмердиги.
Ал ошондой эле эмгек, тиричилик, эстетикалык, дене бой тарбиясы сыяктуу тарбия багыттары менен бир катарда коомдук тарбиялоонун бирдиктүү системасынын составдык бөлүгү болуп саналат. Адептик таалим-тарбия адамдагы бийик рухий-ыймандык сапаттарды жана өрнөктүү жүрүм-турумду калыптандырууга багытталат.
Мында адептик көндүм адаттарга жатыктыруу, адептик түшүнүктөрдүн маңызын андап-билүү, адептик сезимдерди тарбиялоо, адептик ынанымдарды иштеп чыгуу, адептик көндүмдөрдү жана билгичтиктерди калыптандыруу сыяктуу милдеттер чечилет. Адептик сезимдерге жана ынанымга негизденген өрнөктүү жүрүм- турум адамдын рухий-адептик өнүгүүсүнүн айкын көрсөткүчү болуп саналат.
Тажрыйба көрсөткөндөй, адеп сабагынын мектепке киргизилиши республиканын билим берүү системасындагы жаңыча педагогикалык-практикалык парадигма болуп калды. Себеби, ал ата-эне – окуучу – мугалим биримдигине таянуу менен үй-бүлөдөгү жана класстагы, мектептеги жана мектептен тышкаркы мекемелердеги окуу-тарбия ишин өзгөртүүгө гана шарт түзбөстөн, коомдук, илимий, диний, чыгармачылык чөйрөлөрдү, жогорку окуу жайларын, билимди жогорулатуу мекемелерин, жалпы эле коомду кыймылга келтирип, активдүү аракетке чакырып жатат.
Мында адептик таалим-тарбияга, бул сабакты окутуунун таасирдүүлүгүн арттырып, аны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүнүн да, ошондой эле жалпы эле эл ичиндеги ынтымак-ырашкерликти, биримдикти, көтөрүмдүүлүктү, сабырдуулукту чыңдап, жарандардын, улуттардын, диндердин, маданияттардын ортосундагы өз ара сыйлашуунун жана түшүнүшүүнүн, жаштарды гуманизмге жана толеранттуулукка тарбиялоонун үзүрлүү каражаты экендигин айкындап көрсөтүүдө.
Колдонмодо учурда республикадагы социалдык-педагогикалык жана рухий-адептик кырдаалды эске алуу менен «Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларына рухий-адептик билим берүү концепциясынын» негизги максаты, милдеттери, багыттары, илимий-практикалык жана окуу-методикалык принциптери жана башка тууралуу маалымат берилет.
Анда бул сабакты окуткан мугалимдердин кесиптик чеберчилигин ар тараптан жогорулатуу максатында «Адеп» предметинин курамына кирген курстарды окутуунун бөтөнчөлүгүнө, классты уюштурууга жана башкарууга, окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонууга, окуучулардын билимин жана билгичтигин баалоо маселелерине, ошондой эле «Адеп сабагын» мектептеги жана класстагы тарбиялык иштер менен биримдикте алып баруу, ата-энелер менен иштөө сыяктуу маселелерге да кеңири орун берилет.
1-11-класстардын адеп сабагы мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсунун окуу программасы 50 саатка эсептелип, анын ар бир бөлүгү проблеманын мазмунуна тиешелүү болгон темалардан турат. Ар бир тема лекциялык жана практикалык сабактардын, негизги программалык материалдардын, өзүн текшерүү үчүн суроолордун, негизги жана кошумча адабияттардын, практикалык багытта колдонулуучу таратып берилүүчү материалдардын жардамы менен коштолот.
Угуучулар өздөрү тандап алган тема боюнча реферат жазып, коргошот. Курстун аягында илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, сертификат тапшырылат.
Сунуш кылынган эмгек жалпы билим берүүчү мектептердин 1-11-класстарында адеп сабагын окутуу проблемасынын негизги теориялык-методологиялык, илимий-методикалык жана уюштуруу-практикалык проблемаларын өз ичине камтыйт.
Ошондой эле анда адеп сабагынын предметтик мазмунун жаңылоо, окутуунун методикасын өркүндөтүү, баалоо технологияларын колдонуу, класс-кабинеттерин түзүү сыяктуу багыттар боюнча да ойлор ортого салынат. Андыктан, колдонмо адеп сабагы мугалимдерине, класс жетекчилерге, ата-энелерге, мектеп окуучуларына, ошондой эле жаштарга адептик таалим-тарбия берүү маселесине кызыккан адистердин кеңири чөйрөсүнө кызыктуу болот деп ойлойбуз.
1. Адептик билимдердин негиздери
Өлкөбүз эгемендүүлүк алып, өнүгүүнүн жаңыча жолуна түшкөнүнө 20 жылдан ашса да, ал өз турмушунун рухий-ыймандык өңүрүн, маданий-адептик байманасын сергек кайра карап чыга албай келет. Ошол жылда төрөлгөн балдар бүгүн 20 жашка толуп, эртең өз алдынча турмуш жолуна аттанганы турушат. Адатта, кыргыздар 15ке толгон баланы «ат жалын тартып минип, ак-караны таанып калды», «мүчөл жашына келди» дейт. Эмесе, кеп оролу ошол мамлекет үчүн да, анын ар бир жарааны үчүн да эбегейсиз зор мааниге ээ болгон, алардын турмушун өмүр бою коштоп, жашоосунун маңызын аныктай турган асылнарктардын бири – адамдын жана коомдун адеп-ыйманы жөнүндө болмокчу.
Көптөгөн кылымдар көчмөндүк өңүттө өнүгүп-өрчүп келген элибиздин көөнө маданияты ХХ кылымдын башында жаңы нукка бурулган. Октябрь элибизге эбегейсиз жакшылыктар менен бирге эле, эстен кеткис жоготууларды да алып келген.
Коллективдештирүү, индустриялаштыруу, Улуу Ата мекендик согуш, бүлүнгөн чарбаны кайра калыбына келтирүү, сталиндик репрессия, жүгөрүнүн ооматы жүргөн, андан соң дымыгуу жылдары, жаратылышты жүгөндөө өнөктүгү, социализмдин ашынган атеизми менен бардыгын ак-карага ажыратып, бирок өзүн жападан-жалгыз акыйкат туткасы катары аныктаган илимий коммунизм окуусу – ушунун баары элдин руханий-ыймандык дөөлөттөрү менен адеп маданиятына, улуттун уңгу -сезимине өзүнүн өчпөс изин калтырбай койгон жок.
Ырас, биз өз тарыхыбыз тууралуу тетик ой жүгүртүп, анын дурус-буруш жактарына калыс баабызды бергенсидик. Алар тууралуу мамлекет жетекчилери, өзүбүздөгү жана чет элдик ири окумуштуулар ар кандай деңгээлде айтып да, жазып да жатышат. Көз карандысыз өнүгүү жылдарыбыз, улуттук дээр-сезимибизди, өзүн-өзү аңдоо дымагыбызды ойготуудагы орошон жылдар болуп калды. Деген менен коомубуздун рухий-ыймандык көрөңгөсүн жана көч багытын аныктоочу этико-философиялык, социалдык-педагогикалык, этномаданият таануу жагындагы илим-билимдер алиге өзүнүн омоктуу ой-пикирин, тыянагын ортого салбай, апкаарып тургандыгы, аны аңдап-таануунун өрүштүү нугу табылбай жаткандыгы байкалат.
Ал арада ар түрдүү журналисттер кыйла чапчаңдык кылып, коомдук ой-пикирди козголоп, бирок көнгөн адат боюнча адам менен коомду баягы эле ак-кара түскө ажыратып, алардын адептик- ыймандык беделин ача тилдерине салып, ат үстүнөн аныктап келишет.
Андыктан бүгүнкү коомубуздун адептик-ыймандык парасаты кандай деңгээлде, жаңыча саясий-экономикалык, социалдык-психологиялык кырдаалда ыйман, адеп түшүнүктөрүнүн орду кандай абалда турат, аларды үй-бүлөдө жана билим берүү мекемелеринде кандайча таалимдеп калыптандыруу керек деген суроолорго жооп издөө турмуштун өктөм талабы болуп турат.
Коомубуздун адеп, ыйман парасатынын улам кедеринен кетип, руханий таянычынан ажырап баратканы талашсыз чындык. Элибиздин акыл көрөнгөсү, коомубуздун адептик ар-намысы, ыйман тиреги болчу ажобуз баштаган азаматтардын жакында көпчүлүккө ачылып, айкын болгон иштери, аттуу-баштуу эле атуулдарыбыздын акчага, бийликке, мансапка алданган абалы, кээ бирлеринин өз ишенимин, динди бизнес жасоонун булагына айландырып, жеңил оокатка азгырылганы, улам кийинки жаштардын жан дүйнөсү жарды жана жансыз болуп, арабөк абалда калып жатканы жана башка толгон-токой көйгөйлөр мунун айкын далили.
Мындан он жыл илгери мектептерге киргизилген адеп сабагы дал мына ушундай көрүнүштөргө бөгөт болууну көздөгөн иш чара болгон. Бирок, тилекке каршы, бул багыттагы биздин илимий-теориялык, чыгармачылык-интеллектуалдык, практикалык-методикалык иштерибиз – ал эми кадрлык камсыздоо, каржы-финансылык жана башка жактарын айтпай эле коелу – али чабалдык кылууда. Мектептеги «Адеп (ыйман) сабагы» дегенибиз эмне, аны алып баруунун кандай тарыхый тажрыйбасы бар, бүгүнкү мектепте аны кантип окутуу керек деген сыяктуу көптөгөн суроолордун коюлушу толук мыйзам ченемдүү. Проблеманын мындай практикалык-педагогикалык өңүтү тууралуу биз өзүнчө сөз кылмакчыбыз. Мында биз маселенин теориялык-гносеологиялык, б.а. илимий-тааным өңүтүнө басым жасап, «адеп», «ыйман», «ыймандуулук», «адептүүлүк» түшүнүктөрүнүн төркүнүн аңдап-билүүгө байланышкан жагдайда ой бөлүшмөкчүбүз. Себеби, түйүндүү түшүнүктөрдүн табиятын жана төркүнүн ар тараптан аңдап-таануу аны туура таржымалдоонун негизи болуп саналат.
1.1. Адептик түйүндүү түшүнүктөр
Этика илими боюнча адистер ыймандуулуктун эки тиреги, булагы бар деп эсептешет. Биринчиси, коомдогу социалдык жамааттар жана топтор. Алар өздөрүнүн эмгеги, чарбалык-тиричилиги, бош убактысы, турмуштук таламдары, саясий кызыкчылыгы жана башка жагдайлары менен ич ара жуурулушуп, өзүнчө бир коомдук-тарыхый жалпылыкка айланган бүтүндүктү түзүп турушат. Мисалы, мындай коомдук жамааттарга жана топторго кыргыз элинде мурдагы замандарда бийлер, манаптар, аксакалдар, уруу билермандары, байлар, кедейлер, дин кызматчылары, өнөрпоздор жана башка кирген десек, бүгүн мындай социалдык катмарлардын жана топтордун катары алдаганча кеңири: соттор, мугалимдер, врачтар, банкирлер, жумушчулар, дыйкандар, ишкерлер, тейлөө чөйрөсүндө иштегендер, бийлик башындагылар жана башка
Экинчиси – ар түрдүү диндерде жана элдерде, маданияттарда ар түрдүүчө аңдалып, ар түрдүү тилде ар башкача аталып, бирок «түбөлүктүү» деп эсептелген рухий-ыймандык, маданий-адептик универсалдуу дөөлөттөр. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул экөө тең: социалдык жана рухий эки тирек, эки башат, эки булак экөө тең түп-тамырынан бери түрүн да, маңызын да өзгөртүп, бузулган. Аларды олутуна келтирүү улам кыйынга турууда.
Ушул жерде эл оозунда айтылып келе жаткан бир икаяны эске түшүрө кетүүнүн жөнү бар. Себеби, анда жогоруда айтылган түбөлүктүү дөөлөттөрдүн социалдык чөйрөдө кандай чагылыша тургандыгын баамдоого түрткөн насыят ой бар экендиги талашсыз. Бир кайырчы падышанын астынан тосуп чыгып: «Падышам, мага 1 эле теңге берип коюңузчу», – деп жалооруган экен. Анда падыша: «Сага 1 теңге берүү менин даражама ылайык келбейт», – деп жооп кайтарат. Сүйүнүп кеткен кайырчы: «Оо, падышам, анда 100 теңге деле бере бериңиз», – деп кудуңдайт. «А бул, сенин даражаңа ылайык келбейт», – деп андан кутулган экен падыша. Бул диалогду мындан ары кимдин кандай өңүттө улантылышына байланыштуу адептик-ыймандык дөөлөттөр да өзгөрө берери айгине.
Демек, ыймандуулук – адамча жашоо мыйзамы, бири-бирине адамча мамиле кылуу адебине негизденген адамдардын ортосундагы мамилени билдирет. Андыктан, «ыйманды – адептүү дил, ал эми адепти – ыймандуу тил» катары аныктоодо анча аша чапкандык деле жок.
Адамдардын ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салып турган нормативдүү, шарттуу, атүгүл жасалма түрдөгү адептик жүрүм-турум эрежелери да болот. Булардан айырмаланып, адамдын нукура адамча жашоо-турмушун жөнгө салып, камсыз кылып, аны кубаттантып, өрүштөнтүп, ага олуттуу маани-маңыз берип туруучу ыймандуулуктун чыныгы принциптери, талаптары, жол-жоболору да болот. Ушул өңүттө адамча жашоонун өрнөгү, нукура турмуштун туткасы болуп, жашоону жаркытып, жан-дүйнөнү жагалдантып, анын асылдыгын аныктап турган тагдырларды – чыныгы ыймандуу тагдырлар десе болот. Жалпылай айтканда, ыймандуулук – бул адамдын адамча жашоо өрнөгү.
Айталы, тыштан таңууланган талаптар менен көрсөтмөлөргө кынк этпей баш ийип, адам эрки менен жигерин тушаган эрежелерге, окуялар менен кырдаалдарга жетеленип жашаган жашоону ыймандуу жашоо дешке болбойт. Ыймандуу жашоо ошол кырдаалдар менен окуяларды, талаптар менен эрежелерди адам өзү жаратып, ага өзү жоопкер боло билген жерде гана болушу мүмкүн. Муну адам кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды жасоо аркылуу гана ишке ашыра алат.
Ар бир чечкиндүү кадам, мейли ал анча таасирдүү, маанилүү, көрүнүктүү деле болбосун, баары бир ал өзүнчө эрдикке тете. Инсан чечкиндүү кадамдарды жасап гана өсө алат. Мындай кадамдар кээде адамдан өз башын баталгага байлап коюуну, чыныгы каармандыкты, өзүнөн мурда башканын кызыкчылыгын ойлоону, б.а. бир нерсеге
«карууну казык, кара башты токмок кылып» ишке чегүүнү талап кылат. Муну адам турмушунун бардык эле чөйрөсүнө таандык катары айтууга болот: Жаратканга чексиз ишенүү, бир адамды өзүнөн артык жакшы көрүү, бир идеяга же ишке баш оту менен берилүү жана башка Бирок мында бул айтылгандарды ар кандай фанатизм жана догматизм менен чаташтырууга болбойт. Адам башка бирөөнүн кызыкчылыгын ойлоп, ошого чарт түзүп берүүгө умтулуп жатып өзү өсөт, өзүнүн жан дүйнөсүн асылдантат.
Ар бир чечкиндүү кадамдын кимге, эмнеге, эмне үчүн арналгандыгы, анын келип чыккан себеп-жүйөсү ар дайым ачык-айкын, дайындуу болот. Андыктан адамдын чечкиндүүлүк кылган ар бир иши, айткан сөзү ар убак башка бирөө, бөлөк бир тарап менен алака-катыш, мамилелешүү, баарлашуу таризинде болот. Ар бир чечкиндүү кадам бир нерсеге багытталып, багышталып, арналып жасалгандыктан, анын түпкү тегинде, насил-маңызында сөзсүз маданияттын не бир бийик, не бир асыл дөөлөттөрүнө кызмат кылуу дымагы катылып жатпай койбойт.
Чыныгы турмуштук көрүнүш катары ыймандуу кадамдар башкаларды да дал ушундай кылууга шыктанткан, таасирленткен, жигерленткен кудурет күчкө ээ. Ар бир чечкиндүү кадам адамды алдан тайдырып, айрым учурда азапка салса да, ал баары бир адамдын жашоо жигерин жандантып, күү демин күчтөндүрбөй койбойт. Адамдын ар бир чечкиндүү кадамы өз элинин, өз өлкөсүнүн, рухий-маданий, социалдык-экономикалык жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө канчалык жуурулушуп турса, ал кадамдар ошончолук ыймандуу да, адептүү да болот.
Эми «ыйман» дегенибиз эмне, ошону тактап алалы. Албетте, ал айрымдар ойлогондой, жүрүм-турумдагы бардык адептик изги көрүнүштөрдүн топтому, суммасы гана эмес. Биздин ар бир кылган ишибиз, жасаган кадамыбыз жан-дүйнөбүздө жашаган ар кандай түпөйүл сезимдер, түшүнүктөр, ишенимдер менен эриш-аркак байланышып турат. Демек, ыйман дегенибиз, бул биздин чалкар, ажайып, бай, купуя... жан-дилибиздин жашоосу. Бул – биз аңдап-таанып, көзүбүз жеткен акыйкат менен акылыбыз жетпеген, түшүнүп-түшүнбөгөн, күдүктөнгөн суроолор, көңүл көкөлөткөн кубаныч менен көкөйдү кескен жоготуулар, өзүңдөгү жеке кемчиликтер менен күрөшүү жана жашоонун маңызы тууралуу толгонуу, бир сөз менен айтканда, ойлогонуңдай сүйлөөгө, сүйлөгөнүңдөй жашоого умтулуу...
Ыймандын мына ушундай жеке адамга мүнөздүү көрүнүшүнөн башка да, анын жалпы адамзаттык маани-маңызы, ыймандык талаптары тууралуу айтууга болобу?
Дегеле ушундай бүткүл адамзатка таандык, аларга орток болгон – мейли орус-кыргыз, бай-кедей, кары-жаш, аял-эркек, мусулман-христиан дебей, толугу менен кабылдай турган ыймандык нарк-дөөлөттөр болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн. Алар ар бир элдин байыркы баба түшүнүк, ишенимдеринде, элдик педагогикалык мурастарында жана бардык дүйнөлүк диндердин өзөгүндө кыттай уюп жаткан таасын осуят-насааттар, турмуштук жол-жоболор, адептик эрежелер...
Албетте, бул ошолорду жаттап алып эле ыйманга ээ болуп калса болот дегенди билдирбейт. Себеби, алардын ички маңызын, өтмө жана кыйыр маанилерин, ыймандык насыятын аңдап-таануу үчүн карандай акыл, абстракттуу билим жетишсиздик кылат.
Ар бир адам турмуш мектебинде өзүнүн жекече түйшүгү менен күч аракети, руханий изденүүсү менен ой толгоолорунун жардамы аркылуу өз жүрөгүндө адилеттик боорукерлик, күйүмдүүлүк, жапакечтик, башка бирөөнүн кайгы-кубанычына ортоктош боло билүү сыяктуу сапаттарды калыптандырат жана өнүктүрөт, акын таамай айткандай, ал «билбегенди билгизет, мээге сезим киргизет».
Ыйман биздин жан-дүйнөбүздүн жаркын өңүрү, адамды шыктандырып да, тыйып, тескеп да туруучу жандуу дымак. Аттиң, адам баласы аны менен бирге эле айныксыз андан кем эмес жосунсуз сапаттарга да эгедер. Чынында ыймандын орду адам баласынын жаралып, өсүп-өнүгүшүндө, өзүндө адамдык сапаттарды жана касиеттерди калыптандырып, тереңдетишинде баа жеткис орунда болсо да, анын айрым бир түпкү негиздери, көрөңгөсү кан менен берилип, адам акыл-эсинин тутумуна камыр-жумур жуурулушуп турса керек. Муну биз кыргыздын «дээр», «зээн», «насил», «тек», «кан» деген сөздөрүнүн төркүнүнөн улам баамдайбыз. Ошондой эле бул көрөңгө да бардык башка сезимдер сыяктуу эле ар бир адамга ар башкача ыроолонот шекилдүү.
Ал эми ыймандын тышкы, коомдук көрүнүштөрү элдик маданият, үрп-адат, салт-санаа менен кошо жашап, ошол коомду тейлеп, турмуш-тиричиликке кошо аралашып, айлана-чөйрөнүн жана адамдын турмуштук тажрыйбасынын таасири аркылуу калыптанат.
Албетте, адамдын аң-сезиминде миңдеген жылдар иштелип чыгып, калыптанган универсалдуу ыймандык эрежелер жана дөөлөттөр жашайт. Ошол эле учурда алар
«оңуп», б.а. маани-маңызын жоготуп же тайыздатып жибериши да мүмкүн. Атүгүл, ар кандай өзүмчүлүк, зордук-зомбулук, караниеттик сыяктуу жапан сезимдери менен жуурулушуп, кыйраткыч күчкө өтүп кетиши да мүмкүн. Тарых «эл-жер үчүн», «жаркын келечек үчүн», «балдардын бакты-таалайы үчүн» дегендей ураандар астында далай эр-азаматтардын гана эмес, эчендеген элдердин, цивилизациялардын тамырына балта чабылып, жер бетинен жок болуп кетишкенине да күбө.
Демек, ыйман дегенибиз – чыныгы турмуштун көлөкөсү же көчүрмөсү эмес, ал жан дүйнөбүздө жашаган нукура адамгерчиликтин өзү, айкөл, эстүү, ар-намыстуу аң-сезимдин көрөңгөсү. Адам мейли кандай иште иштебесин, кайсы улуттун, диндин, катмардын өкүлү болбосун, эгер анын «акыл-эси ордунда» болсо, жакшылык менен жамандыкты, ак менен караны ажырата билип, ар-намыс менен уят-сыйыттын, милдет менен жоопкерчиликтин, өз абийиринин акыйкат сотун сезе билиши керек. Бул, албетте, ар бир адамдын ыйман парасатынын чама-чаркына, тутунган ыймандык дөөлөттөрүнүн төркүнүнө, өзүнүн жигер-дымагын күүлөп, кумар-сезимин башкарып, акыл-эсин багыттап турган турмуштук түшүнүктөрүнө байланыштуу болот.
Жеке адам болобу, мейли коом болобу, ыймандуулуктун жалпы деңгээли -маданияттын маанилүү көрсөткүчү. Ал коомдогу ар кандай социалдык көйгөйлөрдү адамдын, үй-бүлөнүн, мамлекеттин тез же кыйла да, оңой же татаал, аз же көп жоготуулар менен чечүү жөндөмдүүлүгүн аныктап турат. Ыймандуулук төмөн болгон учурда арзыбаган эле маселелер чоң нерсеге ырбап, атүгүл анын акыры «алааматка» айланып кетиши да мүмкүн. Ал эми ыймандуулуктун деңгээли бийик болгон учурда адамдар ынтымак-ырашкерликти, көтөрүмдүүлүктү, кечиримдүүлүктү карманып, тил табышуу, ымалага келишүү, түшүнүшүү жолу менен чечүүгө аракеттенишет.
Ырас, ыйман турмуштун өзүнөн, адамдардын өз ара мамилесинен өнүп чыккан менен, ал кырдаалга жараша өзгөрүлмө, ыңгайлашма, кубулма эмес, аны кандайдыр бир таптын же топтун кызыкчылыгына, өтөр-кетер мүдөөгө байлап коюу туура эмес.
Аны, мисалы, «пролетариаттын кызыкчылыгына», же «кыргыз элинин мүдөөсүнө», же
«мусулманчылыктын таламына», же «мезгилдин талабына»... тогоп коюу – акылга сыйбаган түркөйлүк болор эле.
Ыйман мыйзамы ар бир адамдын жүрөгүндө катылган мыйзам. Тегинден
Будданын, Иса менен Мухамеддин ыйман насааттары, осуяттары менен хадистери миңдеген жылдар кыярбай жашап келе жатпаса керек. Адамзаттын акылгөй окутуучуларынан болгон бул улуу адамдар «мен айткандай болгула», «менин көрсөтмөм менен жашагыла» дебестен, же жаңы мораль менен жашоо эрежесин ойлоп таппастан, ар бириңер өз акылыңар менен жүрөгүңөрдө катылган акыйкат, аруу нерселерге баш ийгиле, ошонун ыкыбалына көнгүлө деп чакырган. Бардык эле диндер кудурети күчтүү бир кудайды таанууга, анын пендеси катары адамдын адамдык парасатын урматтай билүүгө, өлүү дүйнө менен байлык-бийликтин кулдугунан бошонуп, рухий азаттыкка жетүүгө, ар убак өзүн башкара билип, акыйкатка ынанууга чакырат.
Ыймандын таасын «келбетин» тартуу оңой-олтоң иш эмес. Аны жакшылык менен жамандык, ишеним менен сүйүү, абийир менен ар-намыс, уят-сыйыт менен моюндагы парз сыяктуу бири бирине жуурулушкан, бирок бири экинчисинен келип чыкпаган татаал туйгу-сезимдердин жандуу жашоосу десе болот. Ыймандык ар бир идеяны адамдын жан дүйнөсү ар башкача, кылдат кабылдайт, ошондой эле алардын бири сөзсүз эле экинчисин пайда кылбайт.
Айталы, сүйүү ишенимден, ишеним боорукерликтен, боорукерлик кең пейилдиктен келип чыкпайт. Себеби, бул ар бир адамдын ички ыймандык сезимдери ар кандай деңгээлде өнүккөндүгүнөн болсо керек. Бирөөгө ишеним көбүрөөк берилсе, сүйүү азыраак берилген, үмүт бирөөндө көбүрөөк болсо, башкасында айкөлдүк арбын, бирок, ишеним азыраак.
Мисалы, биз жазыксыз бирөөнүн жанын кыюуга камынып барып, бирок анысын ишке ашырылбай калган жексурду жабырланган адам «кечирдим деп», анын бардык арам ойлорун актап койгон учурларды көп эле көрүп жүрбөйбүзбү. Же болбосо, бирөөнүн кайсы бир адамга карата болгон күчтүү урмат-сыйы сөзсүз эле аны сүйүүгө алып келбей тургандыгы да айгине эмеспи. Ошондуктан моралдын акыйкат жоболору кайсы бир деңгээлде бири-бирине байланышпай, атүгүл карама-каршы өңүттө да аңдап-таанылышы мүмкүн.
Айталы, биз кызганычты адамдын терс сапаты катары эсептеп, аны четке какканыбыз менен, ал сезим башка бирөөнүн турмушуна чындап күйгөн, анын абалына кайдыгер карабаган адамдын нукура изги сезими экенин да тана албайбыз. Же болбосо, калп айтууну канчалык жерип-жектебейли, оорулуунун айыккыс илдетке чалдыккандыгын аныктаган врач анын көңүлүн жубатып: «Эч коркунуч жок, буюрса айыгасыз. Минтип дарыланыңыз», деп берген кеңеши үчүн, аны чындыкты айтышың керек болчу деп кантип күнөөлөй алабыз... Мына ошондуктан, бул түшүнүктөр бир тоонун эки бети -- күңгөй-тескейи, бир алакандын ичи-сырты сыяктуу адамдын бир бүтүн жан дүйнөсүнүн эриш-аркак айкалышкан түйүнү болуп саналат.
Ыймандын негизги таяныч тууру, балким өмүрдү, жашоону, дүйнөнү, ааламды адамга жарыкчылык менен жакшылык тартуулаган нерсе катары кабылдай билүү сезими болсо керек. Дүйнө чексиз, түбөлүк, түпсүз. Бирок, ал бизге өтө жакын, анткени биздин жан дүйнөбүз «дүйнөнү кабылдай алат», анын тилин түшүнө алат. Адам өз өмүрүн, дегеле эмненин болбосун өмүрүн дүйнөлүк өмүргө катышуу катары кароо жана жашоо менен акыл-эсти түбөлүк жана өлбөс-өчпөс деп эсептөө өтө аша чапкандык деле эмес. Өмүр өзүнчө жаралган нерсе болгондугу менен эмес, дүйнөлүк жашоонун койнундагы бир перзент, анын урпагы, туундусу, уландысы болгондугу менен кымбат. Ушул мааниде алганда адамдын акыл-эси дүйнөлүк акыл-эстин жекече көрүнүшү жана чагылышы болуп саналат. Деген менен биз өмүр менен акыл-эс, дүйнө менен адам бир жагынан, тунгуюкка кептелгенин б.а. алардын акыры жок болуп кетүү жолоюн, экинчи жагынан, алар өз ара курч, атүгүл келишкис карама-каршылыкта экендигин дилибизде айкын сезип эле турабыз. Ошондуктан өмүрдү биз аманат белек, тартуу, майрам, кубаныч, өлүмдүн үстүнөн болгон жеңиш катары сезебиз. Бардык нерсе түбөлүк, б.а. баарынын түбү+өлүк. Ойчул айткандай «Аман болсок, баарыбыз өлөбүз». Тегинден динде «а дүйнө», «бу дүйнө», чын дүйнө, жалган дүйнө деген түшүнүктөр айтылбаса керек. Демек, бардыгынын акыры өлүм экенин билүү, аңдоо -бул анын сырын түшүнүү, чечүү. Бул – жеңиш! Бул өмүрдүн, тирүүлүктүн, жакшылыктын жеңиши, жашоонун салтанаты. Ал эми жашоо жолунун түгөнгөнүн – артка да, алдыга да жол жок экенин сезүү – бул чыныгы трагедия. Көйгөйдү чечүүнүн жолу жок болсо, иштин көзү табылбаса, абалды өзгөртүүгө эч кандай арга жок болсо, адам жанын кыюуга барат: «Өлүүдөн мерген качпады, Өксүп ыйлап чыңырып, Өлгөнүм ушул элим –деп, өзүнүн боюн таштады», - деп айтылат Кожожаш баянында.
(Кожожаш. –Б., 1996. 183-б.) Атам замандан келаткан турмуштун көркөм акыл нускасы да, дүйнөлүк ар бир диндин башкы акыл сабагы да ушул.
Текке кеткен өмүрдүн өктөсү, жоготкон бакыттын баркы, бийликке, байлыкка азгырылган жандын жабыры–бул дагы бизде жакында эле болуп өткөн окуялардан алчу биздин ыймандык сабагыбыз болмокчу.
Жашоого жарык жүз, жаркын маанай менен карап, ага ишеним артып, үмүттүү кароо – чынчыл ыймандын туткасы. Жашоону сүйүп, ага ишеним менен карабай туруп келечекке болгон ишеним тууралуу да, жоопкерчилик жөнүндө да, турмуштун бийик идеалдар жөнүндө да сөз кылуу мүмкүн эмес. Кандай гана жымсалданбасын, «өлүмдү тилөө», кайгы-капа, жоготууну курмандыкты даңктоо, азап-тозок менен зордук-зомбулукту, ыпластыкты, көкөлөтүп, ага маашырлануу ошол үчүн турмушка жат болуп, ыймансыздыкка жатат. 11-сентябрда болуп өткөн, орду толгус жоготууларга алып келген окуяны көрүп: «чала болду, булар ушуну көрмөк» деп маашырланган адамдар да болбодубу жер үстүндө...
Адам өзүнүн ар бир кылган ишинде, жан дүйнөсүндө жактырып жасаган кадамында ал кубаныч, ачык көңүл сүйүү аркылуу жакшылыкты жана акыйкатты, дүйнөлүк акыл-эстин демин сезип, өзүнүн дүйнөлүк жашоого тиешеси бар экендигин сезе алат жана сезиш керек.
Тескерисинче, жашоону жана акыл-эсти өтөр-кетер, утурумдук нерселерге багынтуу, өзүн көр тирликтин туткунуна социалдык системанын бир тетигине айлантуу, «партиянын солдаты», «бийликтин желдети», «диндин же илимдин кулу», «өнөктүктүн жактоочусу» кылуу – бул адамдын жан дүйнөсүнүн жайрашы, диний өңүттөн алганда, күнөөгө батуу.
Дил дымагы, жан жигери жанбай, илгери үмүтсүз, бекем ишеним, ынанымсыз жашоо – бардык эле динде «акыреттик чоң күнөө» деп эсептелип, турмушту кунарсыздантат, көңүлдү чөгөрүп, ындынды өчүрөт.
Ошондуктан, ындыны өчүүнү, терсаяктыкты жана көңүлкоштукту жактаган көз карашты гана эмес, о.э. бунтту, б.а. күрөштү жашоонун өзөгүнө, коюп аны жашоонун башкы маңызы деп эсептеген көз карашты да ыймандык жактан актоо мүмкүн эмес.
Маркстан: «Сиз өз жашооңуздун маңызын эмнеден көрөсүз?» деп сурашканда, ал:
«Күрөштөн» деп жооп бериптир. Анын «прометейлик» дүйнөгө болгон көз карашы бизде дайыма көкөлөтө макталып, даңазаланып, үлгү катары таалимделип келди.
Чынында күрөш – түпкү мүдөө да, максат да, дөөлөт да эмес. Ырас, кээде күрөш зарыл болгон учурлар кездешет, тилекке каршы ал канчалык кажар-күчтү, убакытты, акыл-сезимди алат. Демек, жашоонун маңызы бирөө менен күрөштө эмес, өзүңдү өзүң сүрөштө б.а. тынчтыкта, бейкуттукта, кооздукка суктанып, бир нерсеге өмүрүңдү арнап жашоодо. Калаймандуу, капсалаңдуу, кыйсыпыр түшкөн жашоо романтикасы кээде балким көркөм чыгарма же театр үчүн орундуу болор. Бирок, турмушту ушундай романтика менен куруу акыл-эстүү адамдын кылар иши болбош керек.
Чексиз аалам, дүйнө жана чексиз жашоого карата адамдын жекече, купуя мамилеси ишеним аркылуу гана туюнтулушу мүмкүн. Себеби, чексиздик деген түшүнүктү биз акылыбыз менен да, сезим-туюмубуз менен да кабылдап, айкын, так элестете албайбыз. Ишеним дегенибзи чексиздиктин ылдамдыгы биздин бекем ынанымыбыз, адамды жашоого жигерленип, аны өзүн өзү жок кылуудан, өлтүрүүдөн сактап турган нерсе. Биз баарыдан мурда бул турмуштун, жашоонун, жалгандын кокустан жаралып калбагандыгын, анын кандайдыр бир ички жүйөсү, ырааты, маңызы бар экенине ишенебиз. Бир көз ирмемдин да, түбөлүктүүлүктүн да өзүнүн маңызы бар.
Мына ошол маңыз бул дүйнөнү бирдиктүү, биримдиктүү кылып турат. «Бир» деген сөздүн кош мааниси бар: 1. жалгыз, жалкы, жеке; 2. чогуу, бирге, бүтүн. Демек, жалгыздык дегенибиз көптөгөн жалгыздыктардан чогулган бүтүндүк, жалпылык.
Бизди курчап турган бардык материалдык, заттык нерселер убактылуу, өтөр-кетер нерселер. Эгер биз дүйнөнүн улуу мыйзамы болгон анын улуу маңызына (маң – эс-мас, айран болуу) ишенбесек, аны биз чар учкандай, чакчелекей будуң-чаң, чокмороктошкон атомдордун, күкүмдөрдүн тулкусунан турат деп түшүнсөк, анда дүйнөнүн улуулугун жана туруктуулугун түшүндүрүп бере албайбыз. Анда жеке адам, улут же жалпы адамзат үчүн жашоонун маңызын айкындап берүү да түк мүмкүн эмес.
Ар бир айрым алынган адамдын жашоосунун маңызы бар, демек адамзат жашоосунун маңызы жок деп эсептөөнүн өзү - түркөйлүк. Маңызы жок жашоо акыл-эстүү адам үчүн кунсуз да, кунарсыз да күн көрүү.
Эмесе, жашоонун нукура, идеалдуу маңызы эмнеде деген мыйзамдуу суроо туулбай койбойт. Бул суроого так кесер, көзөп жооп берүү өтө татаал. Көптөгөн ойчулдар дал ушул суроонун түйүнүн чечүүгө белсенип, айрымдары аны таптым деп, жар салып, айрымдары таба албай так өткөн мисалдар көп. Бул суроо бүгүнкү биздин замандаштарды – мейли алар турмуштан ордун тапкан ооматтуу адамдар болсун, же жаңыдан чоң турмушка кадам шилтеген ууз үмүттүү улан-кыз болсун – тогуз толгонткон олуттуу суроо бойдон кала берет. Тилекке каршы, бул суроого мектепте да, үй-бүлөдө да анча көңүл бурулбайт. Мунун себеби, адам жашоосу көп учурда али акыл-эстүү тетик, жөндүү уюшулбай келе жатканында болсо керек. Чынында, бул эле эмес, адам үчүн эң олуттуу, эң жооптуу болгон: достук, бакыт, махабат, үй-бүлө, жакшылык, жамандык, адамгерчилик, чындык, акыйкаттык, адилеттик дегендей түбөлүктүү түшүнүктөрдүн түпкү маңызы жөнүнө эч жерде баса олтуруп айтылбайт да, анын ой-кыры электен өтүп талданбайт да, такталбайт да. Булар көбүнчө журналисттердин, кээде оюн-зоок телеберүүлөрдүн темасы болуу менен гана чектелет.
Жогорку суроого кайрылсак, адам жашоосунун нукура маңызы, сыягы, анын көрөңгөсү болгон акыл-эстүүлүктө, ал эми максаты – аны өркүндөтүп-өнүктүрүп турууда болсо керек. Себеби, жашоо дайым алгалоо, өнүгүү жолунда гана болот.
Демек, жашоонун маңызын акыйкатка, жакшылыкка, адилдикке, адалдыкка жана кооздукка улам жакындоо катары түшүнүү туурадай сезилет. Ошондуктан бул түшүнүктөрдүн түбөлүктүүлүгүн дүйнөнүн улуу мыйзамы, турмуш тартибинин негизи, өзөгү деп таануу зарыл. Аларды мына ушундай өңүттө кабылдап түшүнгөндөн кийин гана биздин жашообуз дүйнө, турмуш менен күрөшүүгө эмес, чыгармачылыкта жана турмушта кунардуулукту урматтоого, улуулукту жана сулуулукту баалоого, илимде жана изденүүдө акыйкатты, салттуулукту сыйлоого, коомдук турмушта бейкуттук менен адилеттикти бекемдөөгө багытталат. Адам кандай гана жагдайга туш келбесин, ал жашоонун маңызын издөөдөн чарчабайт, өз ишенимин жоготпоого аракеттенет.
Айрымдары тагдырына туш болгон тоскоолдуктарга жана сыноолорго туруштук бере албастан, жашоонун маңызын жоготуп коюшат. Ырас, бул үчүн аларды күнөөлөө да жарабайт. Себеби, адамдын чыдамы, көтөрүмдүүлүгү, күч-кайраты да чексиз эмес да...
Биз ким үчүн, эмне үчүн, кантип жашообуз керектигин эч ким биз үчүн чечип коё албайт. Бирок, ар бир адам өзүнүн жүрөгүнүн тереңинде бул суроолордун бардыгына айкын, так жооп бар экенин билет. Качан гана ал кайра оңдоого болбой турган каталык кетиргенде гана бул ишеним жоголгондугун, бекем таянычынан ажырагандыгын билип, эми ага жашоонун маңызы түгөнгөндүгүн, ал өлүмдөн да коркпой калгандыгын моюнга алат. «Кылым карытар бир күн» романындагы
Бостондун образында адам башына түшкөн бул мүшкүл таасын туюнтулган.
«Мына ушундан кийин Бостон тургандарды тегерете катаал тиктей келип, акырын, бирок чечкиндүү айтты:
–Мен азыр барчу жерге өзүм барам, өзүмдү өзүм кармап берем. Айтып коёюн– өзүм барам! Ордуңардан жылбай тургула!
Эч ким үн катпады. Күтүлбөгөн окуядан улам эстери оой түшкөн эмелер дудуктай унчукпай турушту. Мына ушул кишилерди карап туруп, Бостон так ушул саатан баштап аттабас чийимди аттап өткөнүн, эми ал бу тургандардан бөлүнүп каларын капыстан түшүндү; атаганат, не бир сонун адамдар менен чогуу, күндөн күн кубалап, жылдан жал кубалап, жеңилди жерден, оорду колдон алышып, чеке чеке тердетип эмгек этишип келбеди беле. Мынабу тургандардын ар кимисин жакшы тааныйт, жакшы билет, булар Бостонду билет, ар бири менен анын өзүнчө мамилеси бар эле; бирок эми булардын жүзүндө башка жазуу – сен эми бизге башка кишисиң деген жазуу турат, мына ушундан улам ал булардан түбөлүккө айрылып жатканын, бирин бири өмүрү көрбөгөн, билбеген адамдар бири бирине кандай болсо, булар менен мындан аркы тагдыры так ошондой экенин, же өлүп калып, кокус кайра тирилип келсе булар буга кандай коркунуч менен карары белгилүү эмеспи, так ошондой эле булар үчүн эми баягы Бостон жоктугун түшүндү.
Атын жетелеп, Бостон жөнөп берди. Артын бурулуп караган жок, көл жээги тарапты көздөп, ошерден өз ыктыяры менен колго түшүп беришке даяр, башын шылкыйтып жолдо кетип баратты. Артында ишенимдүү Донкүлүгү.
Бостондун өмүрүнүн өчкөнү ушул эле...
– Мына, акыр заман келди! – деди ал үчүн чыгара. Дал ушерден ага кишинин жүрөгүн түшүргөн бир акыйкат ачылып чыга келди; ушу кезге чейин бүт дүйнө анын өзүндө жашап келген турбайбы. Мына азыр ошол өзүндө жашаган дүйнөнүн күнү бүтүп, ошол дүйнө кыямат кайымга туш келип турбайбы. Көрсө, бу дүйнө деген кишинин өзү турбайбы. Ойлоп бакса асман да өзү экен, жер да өзү экен, бүтүндөй жан-жаныбарлардын улуу энеси, эне-бөрү Акбара да өзү болуптур. Ала-мөңгүнүн белиндеги түбөлүк музда тоңуп жаткан Эрназар да өзү болуптур, өзүнөн акыркы көлөкөсү – көкөрөк күчүгү, өз колунан мерт болгон Кенжеш да өзү болуптур, кайнаса каны кошулбас, акыры жазасын алып тынган Базарбай да өзү болуптур, бул өмүрдө эмне көрсө, эмнени баштан кечирсе ошонун баары анын өзүнүн ааламы болгон экен, ошонун баары анын ичинде жашап, күрөшүп, бөксөрүп, толуп, бири жоголуп, бири пайда болуп жүрүп олтурган экен, мындан ары да ошол аалам эзелтен жашап келаткандай эле жашап тура берер, бирок эми ансыз, Бостонсуз, жашап калмакчы, ал – башка аалам, а анын ааламы, анын дүйнөсү – кайталангыс, кайра орду келгис дүйнөсү – ушу менен бүттү, эч кимде, эч жерде кайра жаралбайт...
...Бостон жөө жолун улантты...
А жол көк ирим Ысык-Көлгө улам жакындап келатты, Бостон ошол көк иримге кирип, жок болуп кетүүнү каалады – жашагысы келип да, келбей да турду, мынабу түрмөктөлүп келип жээке бир урунуп, жок болуп, кайра эле арт жактан өзүнөн өзү түрүлүп, кайрадан пайда болуп жаткан ак жал толкундардай – жок болууга да, бар болууга да кайыл болуп келатты...» ( Ч . Айт м ато в .К ыя м ат . –
Б . ,1 98 8 . 33 8 -3 40 -б . )
Аттиң, турмуштун чыныгы, нукура наркын аңдай билип, анын купуя сырынын төркүнүнө жетүү, бакыттын, ийгиликтин сересине конуу ар бир эле адамдын тагдырына буюра бербейт. Турмушта «өлбө жаным өлбө» болуп, бир ирет да чечкиндүү кадам жасабай, коломтону айланып, айтканды кың дебей аткарып, дегенге көнүп жашап өткөн адамдар да болот. Бул бошоңдуктун зардабы.
Ошондой эле турмушта бир жерге турук албаган, чөп башылап, тийди-качты иш жасап өткөн адамдар да бар. Албетте, аларга чыныгы турмуш сыры да ачылбайт. Бул, албетте кайсарлыктын, тайкылыктын зардабы.
Угуп алып улукман, көрүп келип көсөм, окуп алып олуя көрүнүп, бирөөлөргө тыңсынып, акыл үйрөтүп, адам, чындык, адилеттик, акыйкат үчүн күйгөн болуп көрүнүп, бирок зилинде кара курсактын кайгысы тынчытпаган адамдар да бар. Бул көрпенделиктин зардабы. Айта берсе, бул тизмектин аягы түгөнбөйт. Барып-келип алардын баарынын түпкү мүдөөсү бирөө гана –бактылуу болуу...
А чынында, адам бакыт үчүн жашабайт. Ал бир нерсеге жетип, ошого ээ болуу үчүн жашайт. Ал эми бакыт адамга анын ак-жүрөктүгү, чынчылдыгы, мээнети, максаттуулугу, кайрымдуулугу, адилеттүүлүгү, чечкиндүүлүгү... үчүн берилген сый акы сыяктуу сезилет. Эгер биз жекече бакытка ээ болууну эң башкы максатыбыз катары кабыл алсак, анда туюкка кептелер элек. Айталы, кайгы да, кырсык да кайрымдуулук, жакшылык сыяктуу эле турмушта кездеше берчү нерселер. Арийне, булардын төркүнүн аңдоо да татаал этикалык проблема. Башкысы, биз мында кайгы да, жамандык да адамга сабак катары берилген, дагы да турмушту терең, таасын түшүнүп билүүгө түрткөн, башкача кадам жасоого нускаган ишарат, аян-белги деп түшүнүү туура. Кыргызда бул тууралуу: «Жаман айтпай, жакшы жок» деген таамай нуска айтылат. Демек, жаман сөз же кайгы дайыма эле адамды кемсинтүү, басынтуу үчүн эмес, аны чыйралтуу, намыстантуу, арына келтирүү үчүн да айтылат.
Адамдын жан дүйнөсүндөгү асыл сапаттар менен касиеттер да, адамдардын ортосундагы мамилелер да дал мына ушул сыңары карама-каршылыктуу. Коомдо, тарыхта, бүгүнкү учурда да биз дайыма эле алгалоону, прогрессти, жеңишти эмес, кетенчиктөөнү, көкөлөө менен көмөлөнүүнү, азаптык менен азаттыкты көрүп келе жатабыз. Ушулардын койнунда жакшылык менен жамандыктын күрөшү да токтобой жүрүп келет. Кеп, адамдын дал мына ушул күрөштөгү өз ордун айкын аңдап-түшүнө билишинде турат.
Дүйнө да, жашоо да күжүлдөп эркин агып жаткан зор дайра сыңары. Андагы шайкештик да, тартип да, ырааттуулук да дайыма кынтыксыз сакталып турбайт.
Кандайдыр бир нерсе канчалык көркөм, ажайып болсо, ал ошончолук сейрек, ошончолук назик. Айтмакчы, кыргыз тилинде «сыр» деген сөз: 1. купуя, жашыруун ой;
2. кооздоочу боёк, түс; 3. аян белги, кереметүүлүк деген маанилерди билдирет. Бул үч башаттын түйүнү бир жерден тогошот: «Купуя нерсе кооз болот, кооздук дайыма купуя келет, купуялык дайыма бир нерсенин аян белгиси».
Бул ойдун жүйөсүн «Манас» эпосундагы үч баатырдын өң келбетин туюнткан түстөрдөн издөөгө болот. Манастын бардык дүйнөсү ак жана кула (Аккула): ак олпок, ак бараң, ак шумкар... Коңурбайдыкы – ала жана кара (Алгара), ал эми Алманбеттики – сары жана ала (Сарала). Ал «Айсарала ат минген, сарала сындуу тон кийген» баатыр.
Бул түстөр кыргыздардын этномаданий жана турмуштук аң-сезиминде жакшылык (ак) менен жамандыкты (кара) жана убайым, ой-санааны, акыл-эсти (сары) туюнтат. Демек, Алманбеттин турмуштук туткан көз карашы, өмүр максаты, жашоо маңызы акыл-эсти ишке чегүү, акыйкатты, жакшылыкты издөө, ага тоскоол болгондордун баарына чыдап, аларды жеңип, акыры өз максатына жетүү. Бул үчүн ал улутун да, динин да, тилин да, атүгүл ата-энесин да «четке кагат». Өз акылы менен жеткен чындыкка умтулууда ал эч тайсалдабайт, артка кайтпайт, ошонун бардык азап тозогун, кыйынчылыгын жоопкерчиликтүүлүк менен көтөрөт. Демек, эпостогу үч баатырдын эпикалык өң-түспөлү аркылуу элдик акылмандык ар бир адамдын жан-дүйнөсүнүн үч башаттан бириккен сырдуу: купуя, көркөм, керемет «автопортретин» тартууга жетишкен.
Даниялык белгилүү окумуштуу Кьеркегор мындай дейт: «Адамдын колунан баары келет. Бирок, бир нерсеге ал дайыма мажбур. Адам тандабай коё албайт».
Тандоо, талдоо, ойлонуу, толгонуу... жөндөмү адамга гана бүткөн улуу касиет. Бул сапаттар адамдын ыймандык, адептик маңызын да аныктап турат.
Коомдогу бир дагы социалдык идея, бир дагы топ же партия чындыктын, айныгыс акыйкаттын, кынтыксыз жакшылыктын өрнөгү боло албайт. Ошондой эле бир дагы коомдук күч толук бойдон гана үлгүсү болушу да мүмкүн эмес. Атүгүл кезинде нагыз келишкис күрөштүн үлгүсү болгон Франциядагы Варфоломей түнү менен
Россиядагы граждандык согуш бир аз убаыт өткөн соң урпактарга,алардын катышуучуларына ойлогондой «акыры жана чечкиндүү кармаш» эмес эле, кайгылуу каталык катары сезилип калат. Адамдар учурда кандайдыр бир арзыбаган же ыйлап таап алган нерселер үчүн салгылашат. Дегеле согуштар аларды тынчтык жолу менен чечсе утуштуу болгон максаттар үчүн жүргүзүлөт. Мына ошондуктан, ыйман бизди
«идея үчүн» жан кечтилик менен фанатик катары күрөшүүгө эмес, ынтымак-ырыскерликке, түзүүчүлүк ишке үндөп турат.
Ушул кезде кеңири колдонулган «кайра куруу» деген түнүктүн төркүнү тууралуу айта кетүүнүн жөнү бар. Бул илгери үмүттүү иш-чаранын, партиялык демилгенин төркүнү коомду андан ары өрчүтүп өнүктүрүү болсо да, ал элибиздин аң-сезиминде бүтүлүү нерсени бүлдүрүп, курулган нерсени уратып аны кайра курууну туюнтуп келди. Ошондуктан, «Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба» деген элибиздин акылман идеясы «кайра куруунун каармандарына» тоскоол боло алган жок. Кирип олтурган үйүн бузуп таштап жаңы үй салууга жетише албай талаада калган адамдай «иттен жок, же ит байлаган жиптен жок» талаада калган адам, биз болдук. Мында кайра куруу бар нерсени уратып, анын ордуна жаңы курулушту курууну эмес, эски үйдүн жанына жаңы үйдү тургузуп, эски үйдү эби менен дагы пайдалануу үчүн, сактап коюуну туюнтушу зарыл эле. Себеби, «сактоо» гана андан ары өнүгүүнүн, өрчүтүүнүн негизги таянычы болуп турат.
Бул өңүттө кыргыз тилиндеги дагы бир көрүнүшкө: «акыл-эс» деген түшүнүккө токтоло кетүү жөндүү. Акыл дайыма түзүлгөн кырдаалга ылайык жол табууга, ар нерсени айкын, чын кылууга б.а. «ак кылууга» багытталган кубулуш. Ал эми «эс» – бул бекем сакталып калган тажрыйба. Эгер эсте көп нерсе сакталып калса , мындай адамды эстүү адам дейбиз. «Эс алуу» деген сөз «дем алуу» деген маанини билдирбейт.
Эс алуу бир иштин түрүнөн башка иштин түрүнө өтүүнү, б.а. «унутуп калган» же «эсте жүргөн» ишти аткарууга киришүүнү билдирсе, «дем алуу» - баардык жумуштан колду бошотуп, дене-бойду жазып, ырахаттанууну билдирет. Эс алуу – ойдун ырахаты, дем алуу – бойдун ырахаты. Демек, элибиз таалим-тарбия аркылуу жаштардын акылдуу гана болуусун эмес, эстүү да болушун педагогикалык максат катары түшүнгөн. Эстүү адам эч качан уят боло турган ишке, утурумдук кызыкчылыкка азгырылбайт, жеңил турмушка, алдамчылыкка, көз боёмочулукка барбайт. Себеби, алардын арты кандай болорун тажрыйбадан улам сезип турат.
Адам турмушунда кандай гана оор жоготууларга, кайгыга кез болбосун ал тынчтыкты, бейпилдикти жашоонун, бакубатчылыктын булагы деп түшүнүшү керек.
Ансыз үмүттү, жакшылыкка болгон ишеничти сактап калуу мүмкүн эмес.
Адам кандай гана даражага ээ болбосун, эмнеге жетишпесин ал өзүнүн али жармач экендигин моюнга алуусу керек. Ыйык китептерде айтылгандай, адам
Кудайдын элеси менен келбетине окшош түспөлдө жаратылган экен. Тилекке каршы , адамды бул үлгүгө жакын деп айтууга али эртедей туюлат. Кандай гана социалдык системалар болбосун, баары салыштырмалуу. Эч кимиси жалпынын, бардык адамдардын бакты-таалайын куруп бере албайт. Эң башкысы, бакыт, адилеттик, тынчтык, акыйкаттык системага эмес, адамга керек. Ал адамдын ыйман парасатынын деңгээлине байланыштуу болот.
Ыймандын пайдубалы, түпкү тиреги - азаттык, эркиндик болуп саналат жана ал асылдыкка да жетелеп кетиши мүмкүн. Адамдын эркиндиги - бул ички күчтүү эрк-сезим, күч-кайрат, ден соолук. Ошону менен бирге эле адам өзү жашаган чөйрө андан да албан бүтүндүккө таандык экендигин сезүүсү, үй-бүлөдө, мамлекетте, улуттук маданияттын ичинде жашоонун табигыйлыгы жана жагымдуулугу. Эркиндикти сезүүнүн эң бийик, эң жагымдуу сезими - бизге турмуштан өз ордубузду таап, талантыбызды, жөндөмүбүздү ачууга берилген улуу шыбага деп түшүнсөк болот.
Эркиндик бир караганда адамдын эрк-сезиминин кандайдыр бир жайдак мейкиндиги же болбосо «өзүңдү өзүң билип, өтүгүңдү төргө илүү» катары сезилет.
Күнүмдүк турмушта адамды туш тарабынан ар түрдүү нерселер туткактап, эркиндикти, каалоону кысып жаткандай туюлат. Ал эми тереңирээк үңүлсөк, эркиндик дегенибиз, тышкы чектөөлөрдөн боштоң болууну эмес, турмуштун маңызын аңдап-түшүнүүнү, анын түпкү төркүнүнө көзү жетүүнү, кадайдыр бир улуу бүтүндүктүн жашоосуна тиешелүүлүктү, ага моюн сунууну билдирет.
Бүтүн деген сөздүн уңгусу бүт: 1. баары; 2. аякта; 3. айыгуу деген маанилерди билдирет. Демек, бүтүү – баардык нерсенин толукталып, топтолуп, уюп, бүтүндүккө айланып, аякташы, бүтүшү. Дүйнө мына ушундай «баардык» жери бүтүн, бүтөлгөн, аякталган бүтүн нерсе. Ал эми адам анын жыртык-тешиги бар сыяктуу аны бүтөйм деп өмүр бою абыгерчилик чегет. Демек, эркин болуу баары «бүтүп» калган дүйнөдөн эркин болууну эмес, бир нерсени бүтүрүү үчүн эркин болууну билдирет.
Эгер биз тарыхтын же азыркы коомдук турмуштун кандайдыр бир маани-маңызга ээ экендигин кабылдабасак, анда алар кандайдыр бир окуялардын башаламан тизмегине айланып, ыймандык жактан талдоо, тандоо, ылгоо таянычынан ажырайбыз.
Ал эми мындай рухий таяныч жок болсо, адам окуялардын башаламан тизмегин, болгондо да материалдык тизмегин анык негизи деп эсептеп алат да, эркиндикти аңдап
–таанылган зарылдык деп түшүнө баштайт. Бирок, зилинде бул дал ошол эркиндикти жоготууга алып келет.
Ал адамдын социалдык жана материалдык зарылчылыктын жана ошол зарылчылыкты тааныган өз акылынын кулуна айланышын билдирет. «Зарылдык» деген жүйөгө таянып алып, адам ошол доордун оңтойлуу багытына тутунган жолуна жуурулушуп кетүүнү мыктылык, билгичтик, кыраакылык деп эсептей баштайт. Ал ошол зарылдыкка карата «жок» деп айтуу укугунан башталып, ошону менен өзүнүн инсандык нарк-беделинен, эркиндиктен, алар менен бирге - өз жоопкерчилигинен баш тартат. Ал ошол эркиндик тартуулаган жүктүн салмагын көтөрө албай майышып, жеңил жолго түшөт.
Мында ал бирөөнүн мурунку атак даңкына карабай деген эркиндиктин талабын аткара албай калат. Турмуштун зарылдыгы, дене бойдун, биологиянын, физиологиянын зарылдыгы сыяктуу эле, төрөлүү менен өлүүнү да билдириши мүмкүн. Ал эми ыймандык маниде алганда «капитализмден өтүү» же «»айылдан шаарга өтүү зарылдыгы, куру сөз менен барабар. Ыймандык мааниде бул мындай зарылдык болгон күндө да ал бизге социалдык, логикалык ой – жоруу түрүндө эмес, «абийир соту» түрүндө, б.а. рухий түрдө берилет. Ыймандык зарылдык социалдык кырдаалдан келип чыкпайт, ал иделдан, ишенимден, жакшы көрүдөн, үмүт- тилектен, келип чыгыш керек.
Эркиндикти туу кылып көтөрүп алып, анын далдасына жашынган ар түрдүү партиялар менен дикий топтор далайдын өмүрүн канга бойогон. Саясатчылар менен
«көсөмдөр» эркиндиктин толгон токой куу каптал, куутакым, кой терисин жамынган аныктамаларын ойлоп таап алышып, элди өзүнүн артынан ээрчитип кетүүгө умтулушкан. Көбүнчө мында эркиндик элдин толкуну катары же кайсы бир адамдын, партиянын, топтун, «эң идеалуу, адилет» тартипти орноткусу келген жекече көз карашынын зомбулугу катары көрүнгөн. Бул мааниде Маркстын окуусунда айтылган
«адамдан бөлүнүп турган» нерселерден, б.а. мамлекеттен, менчиктен, акчадан, үй-бүлөөдөн, бийликтен, эмгекти бөлүштүрүүдөн, чиркөө, мечиттен жана дилден
«бошонууга, эркин болууга» болгон чакырыкты негизсиз жана ынтымаксыз деп атоого болот.
Маркс менен Энгельс баштап, аны орустун большевиктери түп көтөрө уланткан таптык коммунисттик коомдо жок кылынууга тийиштүү болгон нерселер чынында адамзат тарыхынын, цивилизациянын сан кылымдык өнүгүүсүнүн үзүрү, анын өзөгү б.с. Ырас, менчик, мамлекет, дин, кесип, үй-бүлө зилинде кайсы бир өлчөмдө адамдан сырткары турган нерселер б.с. Башкача айтканда адам аларга эмес, алар адамга үстөмдүк жүргузөт. Бирок дал мына ошол жуурулушпаган үстөмдүк абалы менен ошол социалдык институттар, бирикмелер, топтор, жамааттар кандайдыр бир күч кубатка жана жалпы күч – кубатка ээ болуп, кооомдо тартипти, ырахаттулукту, жөндүү тартипти жөнгө салып турушат.
Биздин бүгүнкү күндөгү ыймандык пастыгыбыздын, түркөйлүгүбүздүн, цивилизациянын жетишкендиктеринен четтеп кетүүбүздүн деңгээли социалдык институттарды жок кылууга жумшалган биздин күч - аракетибизге толук барабар келди. Социалдык институттардын адамга коошпой, окчун тургандыгын социалдык стихиялуулук менен бирдей деп түшүнүү туура эмес.Себеби алар – көптөгөн муундун жалпы акыл- эсинин жемиши, үзүрү, майнабы.
Албетте, мамлекет кайрымдуулук казнасы эмес, ал толстойдун коммунасы да эмес. Ал «эзүүнүн куралы» да эмес, үстөмдүк кылган таптын диктатурасы да эмес.
Мамлекет дегенибиз ал кеп түрүндөгү, кеп сыңары (формально), өзүнүн өң-келбети жок (безлично) нерсе. Аны ыймандуу же ыймансыз дешке болбойт, бирок, аны
«тарбияласа», «теске салса», адамкерчиликтүү кылса болот. Анда да адам сыяктуу эле зордук –зомбулук, кайрымдуулук, адилеттүүлүк сыяктуу касиеттерди өнүктүруп, чыңдаса болот. Менчик, базар мамилеси тууралуу деле мына ушуну айтса болот. Бул тууралуу элибиздин «Кедейкан» дастаны таасын үлгү. Кедей кан болгондо кандай сапаттарын көрсөтүп, казнаны кантип башкаргандыгы өзүнчө кызыктуу сабак.
Үй-бүлөнү алсак ал деле жубайлардын…
This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.
Other files
Show all 18
On GovTribe
Work with this file
- Download the original file
- Contacts named in this file
- Similar government files
- Ask GovTribe AI about this file
File details come from the government source that posted it. Updated .