5. Teaching geography of the KR in high schools

606 KB Posted

Attached to
Kyrgyz and Russian Teachers' Manuals
Solicitation number
F2VVHA2104G001
Issued by

About this file

Attachment 5 Teaching geography of the KR in high schools (Kyrgyz)

Text of this file

Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги

Кыргыз билим берүү академиясы

Джунушалиева К.К.

Мектепте Кыргыз Республикасынын географиясын окутуу

(8-9-класс)

2012 - Бишкек

Киришүү

Азыркы мезгилде коомдогу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр билим берүү системасына анын ичинен окуу процессине жаңы талаптарды коюуда.

Ал талаптар окуу процессинин деңгээли өсүп келе жаткан жаш муундардын кызыкчылыгын, өзгөчөлүгүн, жөндөмдүүлүгүн, изденүүчүлүк көндүмдөрүн эске алган жана кызыгуусун активдештире тургандай болуу зарылдыгы келип чыгат. Жогоруда белгиленген талаптарга шайкеш келген окуу процессин уюштурууда көптөгөн факторлор таасир берээри баарыбызга белгилүү. Факторлордун негизгилери мугалимдин кесиптик чеберчилиги, окуу предметинин окуу-методикалык куралдар менен камсыз болушу, окуу процессинин уюштуруу деңгээли ж.б. болуп эсептелет жана алар бири-бири менен тыгыз байланышта болгондугуна байланыштуу көз карандылыкта да болушат. Демек, мугалимдин окуу процессин талаптагыдай уюштуруу үчүн зарыл болгон окуу-методикалык куралдар менен камсыз болушу маанилүү.

Бирок, азыркы учурда жалпы билим берүүчү мектептердин (өзгөчө кыргыз тилиндеги) мугалимдери үчүн иштелип чыккан окуу-методикалык куралдары жокко эсе. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын география курсун окутуунун методикасы да кирет.

Ушундай жагдайды эске алуу менен бирге жана мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү катарында колуңуздардагы методикалык куралды сунуштоону чечтик. Бул мугалимдер үчүн түзүлгөн методикалык курал мектепте 8-9-класстын Кыргыз Респуликасынын географиясын окутуу маселелерине багытталган. Сиздерге сунушталып жаткан методикалык куралы мектепте 8-9- класста окутулуучу Кыргыз Республикасынын географиясынын окуп-үйрөнүүнүн максаты, милдеттери менен тааныштырып, аны окуу процессинде кантип ишке ашыруунун кээ бир метод, формаларынын ыкмалары жөнүндө маалымат берет.

Окуу - методикалык куралы төмөндөгүдөй эки бөлүктөн турат:

Биринчи бөлүгү Кыргыз Республикасынын географиясынын максаттары, милдеттери жана аны окутуу боюнча жалпы методикалык көрсөтмөлөр берилет, экинчиси класстан тышкаркы иштерди уюштуруу боюнча методикалык көрсөтмөлөргө багытталган.

1-бөлүм. Курстун максаттары, милдеттери жана ага жалпы методикалык көрсөтмөлөр

Мектепте 8-9-класста окуп-үйрөнүлүүчү Кыргыз Республикасынын географиясы мектептин окуучуларына физикалык-географиялык билимдерди окутуунун жыйынтыктоочу курсу болуп эсептелет. Мектептин башталгыч классында окутулуучу “Мекен таануу”, 6-7-класстардагы физикалык география “Материктердин жана океандардын география курстарында калыптанган географиялык билимдер, билгичтиктерге, көндүмдөргө таянып, Кыргыз Республикасынын географиялык абалы, жаратылышы, анын аймактык өзгөчөлүктөрү жана физикалык географиялык шарттарынын, ресурстарынын айырмачылыгынын себептери, көп түрдүүлүгү жөнүндө билим, билгичтиктери көндүмдөрүн тереңдетишмекчи.

Курстун негизин жаратылыш компоненттерди жана физикалык географиялык түшүнүктөр менен закон ченемдүүлүктөрдүн системасы түзөт.

Окутуунун илимий деңгээлин жогорулатуу окуучулардын дүйнөгө болгон географиялык сүрөттөлүшүн калыптандыруу менен тыгыз байланышкан.

Атап айтканда, географиялык кубулуштардын өз ара байланыштуулугун жана шартташуучулугун, жаратылыш компоненттеринин өнүгүшүнүн, өзгөрүүлөрүнүн үзгүлтүксүздүгүн көрсөтүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар.

Себеп-натыйжа байланыштарды ачып көрсөтүү жаратылыштагы бардык нерселер өз ара байланышта экендигин, эгерде аларды бири-биринен ажыратып карай турган болсо климаты, рельефти жалпысынан жаратылыштык-аймактык провинцияларды түшүнүү мүмкүн эместигин, жаратылыштагы болуп жаткан кубулуш, процесстер белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөрдү билүү адам баласынын жашоосуна жаратылыш шарттарын өз ишмердүүлүгүнө пайдаланууга мүмкүндүк берерин окуучуларга далилдемекчи. Окуучуларды себеп-натыйжа байланыштарды аныктай билүүгө үйрөтүү- алардын дүйнөгө, айлана-чөйрөгө, адамдарга, өзүнө көз карашын калыптандыруу үчүн зарыл шарт болуп эсептелет.

Курс республиканын жаратылыштын жана коомдун өз ара бири-бирине таасир этүү маселелерин кароого да мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу адам баласынын турмушундагы жаратылыш шарттарынын маанисин ачып көрсөтүү, адамдын чарбачылык иштеринин жаратылышка тийгизген оң жана терс таасирин, ал иштердин социалдык шарттарга жараша болоорун корсөтүү жана окуучуларды жаратылышты коргоо зарылчылдыгын түшүнүүгө алып келүү милдети коюлат. Азыркы учурда стандарттар, окуу программалары өзгөртүлүп кайрадан тузүлүүдө. Мындай өзгөртүүлөр төмөндөгүлөрдү камтыйт: география предметинин ар бир курсунун мазмунунда окутуунун практикалык багытынын басымдуулук кылышы; географиялык окуу материалын окуп-үйрөнүүдө жергиликтүү материалдар менен салыштырып, конкреттүү имисалдардын негизинде окуучуларга жеткирүү; жаратылыштын жана коомдун өнүгүү процесстеринде тарыхый-географиялык билимдердин чагылдырылышы; “жаратылыш-адам-коом” системасындагы байланыштардын олуттуу басым жасоо менен каралышы ж.б.

Курсту окуу процессинде окуутунун традициялык методикасы менен бирдикте эле окутуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын айкалыштырып окутуу окуучулардын ой-жүгүртүү процесстерин активдештирип, алган билимдерин барк-баасын жогорулатат жана анын баалуулук экендигине ынандырат. Алар проблемалык, модулдук, лекция-семинардык, белги-моделдик окутуу ж.б. болушу мүмкүн. Жогорудагы жана башка окуу процессинде колдонулуп жаткан педагогикалык технологиялар инсанга багыттап окутуунун негизги жоболорун ишке ашырат жана окутуунун мүнөзү окуучунун кызыкчылыгына жана пайдасына иштейт. Сабактын ар бир формалары жана ыкмалары окуучулардын билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптаныш максатын көздөш керек. Анткени көпчүлүк учурларда теориялык билимдер окуучунун кийинки жашоосуна кереги жоктой сезилип калып жатпайбы. Ошондуктан окуучуларга берилүүчү тапшырмалар окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүүчү долбоорлоо, моделдештирүү, алдына алып айтууга карата түзүлүшү зарыл. Ошондой эле география предметин окутууда эң башкы билгичтик болуп эсептелет. Демек, окуучуларда картографиялык көндүмдөрдү калыптандыруучу атайын сабактарды уюуштуруу география ченөөлөргө, сүрөттөп жазууга, аныктоого, себеп-натыйжа закон ченемдүүлүктөрдү түшүндүрүп берүүгө багытталып уюштурулушу зарыл.

Ушундай жагдайды эске алуу менен бирге жана мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү катарында колуңуздардагы методикалык куралды сунуштоону чечтик. Бул мугалимдер үчүн түзүлгөн методикалык курал мектепте 8-9-класстын Кыргыз Респуликасынын географиясын окутуу маселелерине багытталган.

1. Кыргыз Республикасынын география курсунун мектеп географиясындагы орду

Мектепте география окуу предметин окутуу Билим берүүнүн

Мамлекеттик стандартынын негизинде мазмуну аныкталып окуу процессинде ишке ашырылат.

Бул документе мектептеги негизги, жогорку тепкичтерде географияны окутуунун максаты берилген. Ал макстаттар:

жаратылыштын, калктын жана чарбанын өзгөчөлүктөрү, алардын бири-бири менен болгон байланыштар жөнүндө, өзгөрүп түрган дүйнө, айлана-чөйрө жана аны сактоо жөнүндө географиялык билимдердин системасын өздөштүрүү;

геоэкологиялык, социалдык-экономикалык процесстер жана кубулуштарды түшүндүрүү, баа берүү үчүн географиялык билимдерди жашоодо колдонуу билгичтиктерине ээ болуу;

коомдун жана жаратылыштын байланышыдагы көйгөйлөрдү чечүүдө айлана-чөйрөгө багыт алганды үйрөнүү үчүн таанып-билүү чыгармачыл жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

Ата Мекенге, анда жашаган ар кандай улуттагы элдерге сый-урмат көрсөтүүгө жана айлана чөйрөгө ишмердүү-нарктуу мамилеге тарбиялоо;

кандайдыр бир конкреттүү аймактагы жана айлана чөйрөдөгү коркунучсуз жашоонун денгээлин аныктоодо, ага баа берүүдө географиялык билимдерин өз алдынча колдонууга үйрөтүү.

География – бул табигый, коомдук жана техникалык илимий билимдердин өзүнө интеграциялаган жалгыз илим. Географиянын изилдөө объектиси – адамды курчап турган материалдык жана руханий байлыктарды камтыган мейкиндик. Ал эми анын предмети «адам – жаратылыш - коом» бирдиктүү толук системадагы географиялык чөйрөнүн бири-бири менен болгон мейкиндик-мезгил тыгыз байланыштарды окуп-үйрөнүү.

Күндөн-күнгө умтулуп өзгөрүлүп жаткан глобалдык процесстердин күчөп турган мезгилинде мектеп географиясынын мазмуну эң биринчи кезекте окуучунун мектепте даярдоо максатына дал келгендей, башкача айтканда окуучунун негизги багыты болгон нарктуу жүрүм-турумун калыптандырууга жана жараандык касиеттеринин калыптанышына багытталышы зарыл. Методикалык өңүттө алып караганда географиялык билим берүүнүн маңызын «географиялык компетенттүүлүк» деген концептуалдуу түшүнүк түзүшү керек.

Мектепте географияны окутуу төмөндөгү окуучулардын географиялык компетенцияларын калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзөт:

окуу процессинде алган билимдер менен турмуштагы болуп жаткан кубулуштардын ортосундагы байланышты көрүүгө жана аларды пайдаланууга;

окуу процессинде окуу ишмердүүлүгүн өзүнүн жөндөмүнө карата тандап алууга ;

башка адамдардын көз караштарын сыйлоого, өзүнүн жекече көз карашын аргументтеп, тастыктап, талдоого;

жашоо турмуштагы политехникалык, экономикалык, технологиялык контексттердин маанилүүлүгүн аңдоого;

билимдердин жана маалыматтардын булактарын өз алдынча издеп табууга, пайдаланууга жана сынчыл ой жүгүртүүгө.

Орто мектепти бүтүрүүчүнүн географиялык билимдүүлүгүнүн, компетенттүүлүгүнүн негизги белгилери төмөндөгүлөр болушу керек:

жаратылыштык, социалдык-экономикалык, техногендик процесстердин жана объектилердин мезгил-мейкиндик биримдигин аңдоосу;

айлана-чөйрөдөгү реалдуу чындыкта, жаратылышты пайдаланууда экологиялык талаптарга жооп бергидей билим, билгичтиктерди колдонуу;

өз алдынча айлана-чөйрөгө баа берүү көндүмдөрүнө ээ болууга.

Демек, мектеп географиясы табияттын, техногендик процесстерди жана объектерди бир бүтүн ситемада карай турган жалгыз предмет жана анын мазмуну, окутуу процесси «адам-жаратылыш-чарба-айлана-чөйрө» системасында чагылыдырылыш керек деген талапты коет.

Жогоруда белгиленген жоболор учурда окутуунун маалыматтык моделинен ишмердүүлүккө, эске тутуп калуу мектебинен - ой-жүгүртүү, иш аракетке өтүү мүнөзүнө өтүп жатканын тастыктайт. Ал өз кезегинде мектеп географияснына жаңыча мамиле кылуу дегенди түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мына ушул себептен окуу-нормативдик документтери, окуу китептери жаңы багытта оңдолуп, толукталып, түзүлүп чыгууда.

Курстун максаты - окуучуларга өзүнүн Ата мекени Кыргыз

Республикасынын Жер шарындагы географиялык абалы, анын жаратылышы, чарбасы, калкынын өсүп-өнүгүү багыттары, учурдагы өзгөрүүлөрү жөнүндө элестерин калыптандыруу жана айлана-чөйрөгө болгон эмоционалдык -нарктык мамилелерин калыптандыруу. Курс эки бөлүктөн физикалык жана экономикалык-социалдык география курсунан турат. Кыргызстандын физикалык география курсунун мазмунун окуп-үйрөнүүдө окуучулар

Кыргыз Республикасынын географиялык абалын, релъефин, геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары, климаты, ички суулары, топурак, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү, жаратылыш ресурстары жана аларды коргоо маселелери менен таанышышат. Курсту окуп-үйрөнүү менен бирге физикалык-географиялык билимдер, билгичтиктер, көндүмдөрдүн калыптануусу аяктайт, экономикалык-географиялык жана экологиялык мазмундагы билимдер менен билгичтиктердин негизи түзүлөт.

9-класста Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономи-калык географиясын окутууда республиканын жаратылыш шарттарына жана ресурстарына экономикалык көз карашта баа берүү, калктын демографиялык көйгөйлөрүн, социалдык багыттагы маселелерди үйрөнүү, чарбасынын өнүгүү процесстерине талдоо берүү күчөтүлгөн. Курстун регионалдык бөлүмдөрүндө экономикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулуп, азыркы шартта экономикалык-социалдык, саясий кырдаалга баа берүүнү үйрөнүшөт.

2. Учурдагы сабакты пландаштыруу

Баарыбызга белгилүү болгондой азыркы учурда окуу процессинде инсанга багыттап окутуу концепциясы популярдуулукка ээ болуп, географияны окутууну башка позицияда кароо менен бирге инсандын психологиялык калыптануу механизмдерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн практика көрсөтүп жатат. Инсанга багытталган сабак бизге белгилүү болгон төмөндөгүдөй бир нече этаптан турат:

А) окуучулардын муктаждыгын, кызыгуусун эсепке алган сабактын максатын аныктоо;

Б) сабактын өнүктүрүүчүлүк мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга негиз болуучу окутуунун мазмунун иштеп чыгуу;

В) инсанга багытталуучу окуу процессинин максатына жетүүчү ыкмалардын түрмөгүн пландаштыруу;

Г) окуу-тарбия процессинин жүрүшүнө диагностика жана коррекция жүргүзүү

Инсанга багытталган сабактын максаты биринчи кезекте географияны окуп-үйрөнүүдөгү окуучунун кызыгуусун, муктаждыгын, мотивин чагылдырыш керек. Сабактын максатын аныктоодон мурун «сабактын максаты» жана «сабактын милдеттери» деген түшүнүктөрдү ажыратып түшүнүп алышыбыз керек. Анткени, педагогикалык адабияттарда бул түшүнүктөр көп эле каралып келгенине карабай мугалимдердин көпчүлүгү синоним катары кабыл алып, сабактын максатын пландаштырууда анын милдеттери менен гана чектелишип жүрүшөт. Мисалы: теманы окуп-үйрөнүү, кандайдыр бир кубулуштар жөнүндө маселерди кароо, окуучуларды

… менен тааныштыруу, билим берүү, мүнөздөмө берүү, көрсөтүү, түшүнүктөрдү киргизүү, түшүндүрүү, факторлорду көрсөтүү ж.б., түшүнүктөрдү калыптандыруу, экологиялык ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, таанып-билүү өз алдынчалыгын жана активдүүлүгүн калыптандыруу, атоо, аныктоо ж.б. Сабактын максатын мындай коюу окуучулардын окуп-үйрөнүү процессинен акыркы алынуучу окуу натыйжаларынын бүдөмүк чагылдырылышы жана конкреттүү эмес пландаштырылгандыгын айнегелеп турат жана окуу процессинде мугалимге, окуучуга да натыйжалуу жыйынтыктарды алууга кыйынчылык түзөт. Биз бул жерде сабактын милдетин анын максатын чечүү үчүн жасалган кадамдар деп түшүнүбүз керек. Мисалы сабактын максаты окуучулардын климат жөнүндө түшүнүгүн калыптандырууну көздөсө, анда анын милдеттери бир нече кадамдан турушу мүмкүн. Ал кадамдар болжолдуу түрдө төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:

1. Абанын абалынын мүнөздөмөлөрү температура, суу буусу, булуттуулук, жаан-чачындар, шамал түшүнүктөрүн кайталоо;

2. Аба ырайы менен климаттын айырмачылыктарын аныктоо;

3. Аба ырайына байкоо жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын жалпылоо ж.б.

Сабакты пландаштырууда ага коюлуучу максаттар натыйжага багытталган мүнөздө болушу үчүн азыркы учурда педагогикалык, методикалык адабияттарда сабактын максатын SMART – критерийлери аркылуу коюу бирден, бир ыкмалары болуп эсептелинээри жөнүндө белгиленип келүүдө.

SMART – критерийлери төмөндөгүдөй параметрлерден турат:

конкреттүү (Specific)

Ченелүүчү, өлчөнүүчү (Measurable)

Жетише алардык (мүмкүнчүлүк) (Achivable)

Жыйынтыкка багытталган (Resultoriented)

Конкреттүү мөөнөт менен катыштыгы (Timed)

Конкреттүү (Specific) критерийи сабактын максаттарын так формулировкаланышын (кыска жана так) жазылышын көздөйт. Эгер бул критерийди эске албасак, анда сабактын аягында пландаштырылгандан башка жыйынтыкка жетишип калышыбыз мүмкүн.

Сабактын максатынын ченелүүчү, өлчөнүүчү (Measurable) критерийи сабактын максатынын ченелүүчү параметрлери болбосо, анда жыйынтыкка жетүүнү аныктоо мүмкүн эместегин ырастайт.

Жетише алардык (мүмкүнчүлүк) (Achivable) максат төмөндөгүдөй белгилерди камтыйт:

максаттар стимул катары кандайдыр бир милдеттерди аткарып, ошондон улам ийгиликке жетүүнүн эсебинен алдыга жылууга колдонулат;

сабак учурунда жетише албай турган жана көп күчтөрдү талап кылган максаттарды койбогонго аракет кылыш керек. Анткени көп учурларда ишке ашпай турган максаттарды коюуп алуу көп учурларда стресске алып келиши мүмкүн.

Жыйынтыкка багытталган (Resultoriented) – максаттар жасалган жумуш менен эмес, жыйынтыктан мүнөздөлүшү керек. Ушундан улам натыйжалуулук келип чыгат.

Конкреттүү мөөнөт менен катыштыгы (Timed) – ар бир максат белгилүү мезгилдик ченде аткарылышы керек.

Жогоруда белгиленген SMART – критерийлери инсанга багытталган технологиялардын шартында сабактын максатын окуучунун позициясынан коюлушуна көмөк көрсөтүп, окуу процессинде окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын пландаштырууну камсыз кылат. Мындай шартта сабактын максаты төмөндөгүдөй болушу мүмкүн: окуучу «климат» жөнүндө түшүнүктү айтып бере алат, «климат» жана «аба ырайы» түшүнүктөрүн ажырата алат, климаттын жана аба ырайынын негизги элементтерин санап бере алат.

Ал эми сабактын өнүктүрүүчүлүк максатын аныктоо үчүн башкача айтканда окуучулардын ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү максатында

Бенджамин Блумдун окуу максаттарынын негизги категорияларынын таксономиясын колдонсок болот. Блум Бенджамин Семюэл Чикаго университетинин профессору биринчилерден болуп педагогикалык таасир этүүлөрдүн жыйынтыктарынын объективдүү көрсөткүчтөр системасын иштеп чыккан. Таанып билүү жана эмоциялык аймактардагы педагогикалык максаттардын (иерархиялык ыраттулугун) таксономиясын түзгөн. Блум окуучулардын окуу ишмердигине карата психологиялык даярдыгынын анык көрсөткүчтөрүн изилдеген, алардын чөйрө факторлору менен шартталганын эксперименттик жактан далилдеген, даярдыктын таанып-билүү жана эмоциялык мүнөздөмөлөрүн калыптандыруунун аныктоочу мөөнөттөрдү болуп көрсөткөн. Ал ой жүгүртүүнү таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн алты деңгээлине ажыраткан.

Баалоо синтездөө анализдөө колдонуу түшүнүү билүү

Бул классификациядагы төмөнкү этап «билүү» деп аталат жана ал окуучунун ар кандай маанидеги даяр маалыматты (фактыларды, эрежелерди ж.б.у.с.) жөн эле кайра айтып берүү жөндөмүн билдирет.

Андан соң жогоруну көздөй түшүнүү деңгээлине өтөбүз. Бул деңгээлде окуучу түшүнүктөрдү чечмелөө жөндөмүнө ээ боло баштайт. Үчүнчү деңгээл колдонуу деп аталып, башкача айтканда, үйрөнгөндөрүн жаңы кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү. Мына ушул үч төмөнкү деңгээлди өткөндөн кийин жогорку анализдөө, синтездөө, баалоо деңгээлдерине өтсөк болот. Демек, биз окуу процессинде ар бир деңгээлди басып өтүшүбүз керек, анткени ар бир кийинки деңгээл калыптанышы үчүн мурунку деңгээлдин өздөштүрүлүшүн талап кылат дагы окуу максаттарына ылайык тапшырма, суроолорду түшүзүбүз керек (табл. 1 )

Таблица 1. Деңгээлдердин ар бирин активдештирүүчү суроолордун болжолдуу формасы

Таанып-билүү жөндөмүнүн деңгээли

Түшүнүктөрдүн аныктамасы. Түйүндүү суроолор

Максатка жетүү

Билүү Таталдыгы боюнча ар кандай деңгээлдеги материалды эске тутуу жана кайра жаратуу деңгээли (фактылар, түшүнүктөр, эрежелер, өзгөчөлүктөр, белгилер ж.б.у.с.). Түйүндүү суроолор:

атап бериңиз…, кайсы жылы…, санап

Окуучу терминдерди кайра жаратат, конкреттүү эрежелерди, түшүнүктөрдү, өтүңүз…,формуланы жазыңыз…, ж.б.у.с. фактыларды ж.б.

билет.

Түшүнүү Материалды өздөштүрүү деңгээли жана аны кайра түзүү, интерпретациялоо жөндөмү. Түйүндүү суроолор: фразаны аяктаңыз…, Сиз эмнени билдиңиз…, эмне үчүн …, сүйлөмдү кайра түзүңүз…, өз ара байланышты түшүндүрүңүз…, өз сөзүңүз менен айтыңыз…, схеманы

(графикти) түшүндүрүңүз…, ж.б.у.с.

Окуучу фактыларды, эрежелерди түшүнөт, схема, графиктерди интерпретациялай т. Мына ушул маалыматтардын негизинде келерки натыйжаларды болжолдуу мүнөздөйт.

Колдонуу Конкреттүү кырдаалдарда жана жаңы шарттарда эрежелерди, теорияларды, методдорду колдонуу билгичтиги.

Түйүндүү суроолор: колдонуу максатын түшүндүрүңүз…, берилген маселени бир канча жол-жоболор аркылуу чыгарыңыз

(эң бир рационалдуу жол менен)…, мына ушул кубулушту кайсы теория (эреже) түшүндүрөт…, божомолдоону текшериңиз (гипотезалар, тыянактар) …, эсепти формула менен жазыңыз (ариптик туюнтма аркылуу)

Окуучу мурда алган билимдерге стандарттык шарттарда гана эмес, жаңы шарттарда да кайрылат жана аларды туура колдонот.

Анализдөө Окуу материалынын айрым бир элементтерин бөлүп көрсөтүү, элементтердин өз ара байланышын жана

Окуучу бүтүндүктүн бөлүктөрүн жана бул өз ара байланыштын логикасын аныктоо билгичтиги. Түйүндүү суроолор: түзүмү кандай…, классификациялагыла…,натыйжасы эмне…,салыштыргыла…, айырмачылыкты тапкыла…, негизгисин

(негизги эмесин) белгилегиле…, ыраттуулукка көз салгыла…,себептерин анализдегиле…,эмнеден баштайбыз…, кантип улантабыз…, алардын ортосундагы өз ара байланышты бөлүп көрсөтөт.

Ойлонуу логикасындагы бөксөлүктөрдү көрөт, фактылар менен натыйжалардын ортосуна чек коет, маанисин баалайт.

Синтездөө Элементтерди жаңы бүтүндүккө бириктирүү билгичтиги. Түйүндүү суроолор: жообун тапкыла…, алгоритм сунуштагыла.., альтернативасын тапкыла.., элементтерден түзгүлө.., кантип түшүндүрсө болот.., жыйынтык чыгаргыла.., негизги белгилерди салыштыргыла жана системалаштыргыла.., аныкталган белгилери боюнча түшүндүргүлө.., иш планын түзгүлө…

Окуучу чыгармачыл ишти аткарат, кайсы бир эксперименттин өткөрүү планын сунуштайт, бир нече тармактардагы билимдерди колдонот. Бул жаңы бүтүндүктү түзүү үчүн маалыматты чыгармачылык менен кайрадан иштеп чыгат.

Баалоо Мугалим тарабынан берилген же окуучу Окуучу тарабынан иштелип чыккан критерийлердин негизинде материалды өздөштүрүү жана сапатын баалоо билгичтиги. Түйүндүү суроолор:

логикага баа бергиле.., критерийлерди бөлүп көрсөткүлө.., жакшы жагын сүрөттөп жазгыла.., жооп береби.., бул жөнүндө кандай ойлойсуңар.., тыянактар канчалык туура… критерийлерди бөлүп көрсөтөт жана аларды колдонот.

Критерийлердин көп түрдүүлүгүнө ишенет, алынган тыянактарга дал келүүсүн баалайт, фактылар менен баа берүүчү пикирлердин ортосуна чек коет.

Биз төмөндө жогорудагы белгиленген жоболорду тастыктоо катарында бир сабактын планын берүүнү туура таптык.

Жалпы билим берүүчү мектептердин география боюнча окуу программасына ылайык 9-класста окутулуучу «Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономикалык географиясы» курсунда Нарын облусунун социалдык-экономикалык географиясына 4 саат каралган. Анын ичинде областтын калкын окуп-үйрөнүүгө 1 саат бөлүштүрүлгөн.

Тема: «Нарын областынын калкы»

Максаты:

1. Окуучулар Нарын областынын калкынын саны, жайгашуу өзгөчөлүгү, демографиялык составы жөнүндө түшүнүк алат. Социалдык-сергек жашоо түшүнүгүн билишет.

2. Нарын областынын калкынын демографиялык көйгөйлөрүн республиканын башка областарынын калкынын демографиялык көйгөйлөрү менен салыштырат, айырмачылыгын табат, өзгөчөлүктөрүн белгилейт, демографиялык өсүү диаграммасын чийип көрсөтөт.

3. Көп түрдүү атластардан, карталардан, интернет булактардан алган маалыматтарды талдап, салыштыра алышат. Географиялык карта, атластар менен иштөө көндүмдөрү калыптанат. Сабактын максатына ылайык анын жүрүшү төмөндөгүдөй этаптардан турушу мүмкүн:

1-этап. Мотивация.

Класста окуучулар менен бирге кайсы социалдык чөйрөнү «жакшы» же

«жаман» эспетешээрин жалпы класска суроо менен кайрылып, мугалим доскага жазат. Жашоо шарты жөнүндө мүнөздөмө берүүчүнегизги параметрлер: экономикалык шарт, калктын сак-саламаты, билим ерүүсү, жашоо шартынын сырткы факторлору, социалдык чөйрө, тең укуктуулук, эс алуу.

2-этап. Ойлонуу.

Бул этапта окуучулар кичи топтордо жогоруда көрсөтүлгөн параметрлер боюнча талкуу жүргүзүшөт.

Талкуулануучу маселелердин планы:

1-топ – «Экономикалык жакшы жашоо» (Оласттын калкынын экономикалык жакшы жашоосуна эмнелер таасир берет? Экономикалы-географиялык абалынын өзгөчөлүктөрүн санап беришет, калктын көпчүлүк бөлүгү эмгектенген экономиканын негизги тармагын бөлүп көрсөтүшөт, калктын жайгашуусуна жана айыл чарбасынын өнүгүүсүнө таасир ерген рельефтин өзгөчөлүктөрүн белгилешет ).

2-топ – «Калктын сак саламаттыгы» (областтын калкынын көпчүлүгү кайсы оору менен ооруйт жана эмне үчүн? Калкты медициналык жактан тейлөө үчүн канча медициналык мекемелер бар, алардын натыйжалуулугу, сапаты кандай?

3-топ- «Билим берүү»: (билим берүү сферасынын аалы, деңгээли, сабаттуулугу, көйгөйлөрү жана келечектеги өсүп-өнүгүүсү).

4-топ – «Жашоо шарты» (сырткы): (турак-жайдын мүнөзү, айлана-чөйрөнүн булганышы, кийим кийүүнүн өзгөчөлүгү, тамактануусу, калктын ош убактысын өткөрүүсү).

5-топ – «Социалдык чөйрө»: (үй-бүлөдөгү мамилелер, коомчулук, кылмышкерлик жана анны алдына алуу).

6-топ – «Тең укуктуулук»: (эркек, аялдын коомдогу орду, коомдук ар кандай пикирлер).

7-топ – «Эс алуу»: (мүмкүнчүлугү, жеткиликтүүлүгү, калктын ар кандай тобунун муктаждыктарын канаатандыруу).

3-этап. Рефлексия. Бул этапта ар бир топтун аткарган тапшырмаларынын жыйынтыгы угулуп, суроо, талкуулор менен аяктап, алынган натыйжалар бааланат.

Сабакты пландаштырууда анын максатын окуучунун позициясынан коюу, ага жараша мазмунун, методикасын, каражаттарын тандоо окуу процессинин натыйжалуулукка багытталышын камсыз кылат жана окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

3. Практикалык сабактарды пландаштыруу

Практикалык иштер окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн бышыктоого жана алган билимдерин аңдоого сабак учурунда убакыт жетишпейт. Ошондуктан окуучуларга берилүүчү практикалык иштер окутуунун коюлган милдеттеринин негизинде методикалык жактан негизделип, мазмуну жагынан системалуу, көлөмү жагынан рационалдуу болууга тийиш. Практикалык сабактардын дагы бир формасы экскурсия болуп эсептелет. Сабактын экскурсия формасы окуучулардын теориялык билимдерин практика жүзүндө бышыктап, жалпылоого чоң түрткү берээрин унутпасак. Сабактын бул формасын пландаштырууда окутуунун максатын, милдеттерин, күтүлүүчү натыйжаларын так көрсөтүп, мугалим практикалык иштердин аткаруу алгоритмдерин окуучуларга конкреттүү түшүндүрүп, кандай жыйынтык чыгарып келээри жөнүндө айтуусу зарыл.

Экскурсия бир эле табияттын мыйзам ченемдүүлүктөрүн окуп-үйрөнүүгө багытталбастан, өнөр жай ишканаларына өндүрүштүн тенхологиялык процесстерин, продукциянын даяр болуучу этабын көз менен көрүп түшүнүүсүнө, ал жерлердеги экологиялык маселелердин чечилишине, республиканын экономикасына пайда келтирүү жактарын каралышына багытталышы зарыл. Ошондуктан практикалык сабактардын окуу-тематикалык пландары төмөндөгүдөй үлгүсүн пландаштырылышын сунуш кылабыз:

№ Практикалык сабактын тематикалары

Сааты, мөөнөтү, өтүлүүчү жери

Окуу максаттары, милдеттери

Күтүлүүчү натыйжалар

Ал эми класстагы сабактын планын пландаштырууда окуу максаттарын, милдеттерин, мугалим менен окуучунун иш-аракеттерин так көрсөтүп, күтүлүүчү натыйжалардын негизинде пландаштыруу максатка ылайыктуу. Мындай пландаштыруу төмөндөгүдөй схемада болушу мүмкүн:

№ Мугалимдин иш-аракети Окуучунун иш аракети Күтүлүүчү натыйжалар

Сабактын жогорудагыдай өңүттө пландаштыруулары мугалимге жана окуучуга да окуп-үйрөнүүнүн күтүлүүчү натыйжалары ачык көрүнүп, ал натыйжаларды эки тараптан балоого да чоң жеңилдиктерди түзөт.

4. Курсту окутууда окуучулардын картографиялык көндүмдөрүн калыптандыруу

Мектепте география предметин окутууда окуучулардын картографиялык көндүмдөрүн калыптандыруу окуу программасына ылайык

6-класстын «Физикалык география» курсунда башталып, кийинки класстарда улантылат. Бул класста Жердин планын, анын сүрөттө, аэрофотографиялык жана космостон тартылган сүрөттө айырмачылыктарын, масштабын, шарттуу белгилерин билиши керектиги каралган. Мындан сырткары жердин планындагы абсолюттук, салыштырмалуу бийиктиктерин аныктай алышы, анын түзүүнүн жолдорун билүүгө, жердин анча чоң эмес жерин планшетке көз болжол менен сүрөткө түшүрүү жана ориентация жасоого практикалык иштерде машыгуулары белгиленген.

Ушул эле бөлүмдө географиялык карта жөнүндө төмөндөгүдөй билимдер, билгичтиктер, көндүмдөрдүн калыптанышы белгиленген:

глобустагы жана географиялык картадагы градустук тор жөнүндө түшүнүк; аларда меридиандар менен параллелдердин түшүрүлүшүндөгү айырмачылыктарды айырмалай алуусу;

географиялык коордипаталар - кендик жана узундук боюнча географиялык объектилерди аныктай алуусу; жарым шарлардын физикалык картасындагы шарттуу белгилерди жана масштабды окуй алуусу; өзү жашаган жердин географиялык коордииаттары жана анын деңиз деңгээлинен бийиктигин аныктай алуусу; карта боюнча тоолор менен түздүктөрдүн ээлеген ордун жана бийиктиктерин, айрым чокулардыи географиялык координаталары менен бийиктиктерин аныктап, контур картага түшүрө алышы. Ал эми 7-класстын «Материктердин жана океандардын географиясы» курсунда картографиялык көндүмдөргө коюлуучу талаптар татаалданып географиялык объектилердин (материктер, океандар, тоолор, түздүктөр ж.б.) географиялык абалын, бийиктиктерин физикалык карта жана океандардын картасы боюнча көрсөтүүгө жана аныктай билүүгө; алардын контур картага түшүрүп аттарын жазууга;

материкте мамлекеттин ээлегеы ордуп апыктоо; контур картада темада аты аталган мамлекеттердин чек араларын, борборлорун түшүрүү жана алардын географиялык координаталарын апыктоого; материктердин жана океандардын жаратылыш комплекстеринин ортоундагы өз ара байланыштарын карта боюнча ачып көрсөтүүгө жана схема түрүндө чагылдыруу белгиленген. Жогорку 8-9-класстарда окутулуучу

«Кыргызстандын география» курсунда окуучулардын тематикалык карталар (климаттык, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, экономикалык ж.б.) менен иштөө көндүмдөрү каралган. Тематикалык карталар менен иштөөдө окуучулар Кыргыз Республикасынын табияттынын кубулуштарын, процесстерин экономикалык кубулуштар менен байланыштарын карта боюнча аныктап, комплекстүү географиялык мүнөздөмө берип, себеп-натыйжа мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтө алуу көндүмдөрдүн калыптанышы максаты коюлган.

Географиялык карта – жер бетинин кичирейтилип, жалпыланып, математикалык жактан аныкталып тегиздикке түшүрүлгөн сүрөттөлүшү.

Анда табигый жана коомдук кубулуштардын жайгашуусу, абалы жана өз ара байланышы, алардын мезгилге жараша өзгөрүшү, өнүгүшү жана орун которуусу чагылдырылат. . Ал төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

а) ээлеген аймагы боюнча: дүйнөлүк, материктердин, мамлекеттердин б) мазмуну боюнча: жалпы географиялык, тематикалык в) максаты боюнча: илимий-маалыматтык, окуу, туристтик г) масштабы боюнча: ири, орто, кичине

Географиялык координаталар – кеңдик жана узундук боюнча жер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу чоңдук

Окуучулардын карта менен иштөө мезгилинде ар бир класста контур карта менен иштөөнүн төмөндөгүдөй алгоритмдери мугалим тараптан окуучуларга төмөндөгүдөй сунуштар берилиши керек:

Контур картада аткарылуучу иштин аты, анын баш жагына жазылышы керек;

Гидрографиялык (суу, дарыя көлдөр)аттардан башкасынын бардыгы кара түстөгү калем сап менен басма тамга түрүндө жазылат;

Тоолордун аттары тоо кыркасынын созулуп жатуу багыттары, ал эми түздүктөр кеңдик багыты боюнча жазылат;

Гидрографиялык аттардын бардыгы көк калем сап менен, дарыялардын агуу багыты, көлдөр жана деңиздердин аттары узундугу боюнча жазылат;

Контур карталардагы номенклатуралардын аттарын ташууга болбойт;

Эгер географиялык объектинин жанына аталышы батпай калса, анда номер коюп, картанын легендасына шарттуу белгилер менен жазылышы талапка ылайык

Жердин тектоникалык, геологиялык түзүлүшү менен рельефтин бири-биринен көз карандылыгын жана себеп – натыйжа мыйзам ченемдүүлүктөрүн тематикалык физикалык географиялык карталардан окуп-үйрөнүп талдап өздөрүнүн илимий жыйынтыгын чыгарууга багытталышы зарыл. Ал эми 9-клаксстагы географиянын экономикалык – социалдык география курсунда жаратылыш шарты, ресурстары экономиканын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир берээрин тастыктоого багытталган окуу иштери уюштурулушу зарыл.

Окуучулардын картографиялык көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн окуу процесси окутуунун традициялык усулдары менен бирдикте эле окутуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын айкалыштырып, окуучу географиялык атлас-карталар, контур карталардын тематикалык бөлүнүштөрү боюнча камсыз болуп, ар бир окуучу циркуль, линейка, карандаш менен иштей алгыдай шарттар түзүлүшү керек.

5. Курсту окутууда долбоорлук ишмердүүлүк технологиясын колдонуу

Д.Дьюи мындан 100 жыл мурда окутуунун окуучунун жекече кызыкчылыгын жана максатын эске алуу менен окутуу зарылдыгын сунуштаган. Анын ишин улантуучу У.Х Килпатрик долбоор методун негиздеген. Технологиянын маңызын окуучу билимдерди өзүнө керектүү зарыл нерсе катары кабыл алып аны чечиш үчүн конкреттүү максаттарды жана милдеттерди коюп ойлонгон натыйжага жетишүүсүн көздөйт. Окуу долбоорлорунун классификациясы

(Коллингустун варианты)

Оюн долбоорлору

Экскурсия долбоору

Конструкциялык долбоорлор

Оозеки кара сөз долбоорлору

Окуучулардын ишмердүүлүгү боюнча классификация:

Практикалык багыттагы изилдөөчү маалыматтык чыгармачылык ролдук

Комплекстүүлүгү боюнча жана контактык мүнөзү боюнча:

Монопроект (бир предметтин чегинде)

Предмет аралык (Коп предметтерди камтыйт)

Класстын ичиндеги

Мектептин ичиндеги

Регионалдык

Эл аралык

Узактык мөөнөтү боюнча:

Кичине долбоорлор

Кыска мөөнөттөгү

Жумалык

Узак мөөнөттөгү

Катышуучулардын саны боюнча:

Топтук

Жекече

Биз төмөндө кээ бир долбоорлордун иштелемелерин мисал катары сунуштайбыз.

Тема: «Кыргыз Республикасынын демографиялык кырдаалы».

Долбоордун максаты:

Билим берүүчүлук: республиканын демографиялык кырдаалынын себептерин, багыттарын билишет; сергек жашоо түшүнү жөнүндө түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: статистикалык материалдарды талдашат; адамдын нерв системасына тийгизген жагымсыз факторлорун айкындашат жана себептерин аныкташат .

Тарбия берүүчулүк: окуу материалдары менен өз алдынча иштөөгө үйрөнүшөт

Алына ала тапшырмаларды аткаруу:

I.. Окуучулар ар кандай курактагы калктын арасында алардын жашаган жерин жана узак жашоого берген факторлорду изилдешет.

Изилдөөдө анкетирлөө методун жүргүзөт, топтологон материалдарды кайрадан тандап иштеп чыгышат.

Анкетанын суроолору төмөндөгүдөй болушу мүмкун:

1. Жаш курагынызды көрсөтүңуз

2. Башка жакка барып жашагыңыз келеби?

3. «Ооба» же «жок» деген жоопторуңузду тастыктап бериңиз

4. Эгер «ооба» деген жооп берсеңиз анда кайсы районго барып жашайт элеңиз?

5. Сиздин жашаган айыл эмнеси менен жагат?

6. Сиздин ойуңуз боюнча калктын санынын кыскарышына, жаман көнүмүш адаттарга, оорулардын өсүшүнө, адамдын инсандык сапаттарынын төмөндөшүнө эмнелер таасир берет?

7. Алкоголь адамдардын организмдерине кандай таасир берет?

II. Окуучулар менен бирдикте калктын алкоголь ичкен катмарына иликтөө жүргүзүү

Аткаруунун жүрүшү:

1. Окуу китебинин таблицасын пайдаланып, республиканын калкынын өзгөрүү графигин түзүүшөт.

2. XX кылымдын аягындагы ХХ1 кылымдын башындагы калктын өсүүсүн, төмөндөшүнүн себептерин аныкташат

3. Калктын өсүүсүн, төмөндөшүнүн себептерин эки топко бөлүп төмөндөгү схеманы толтурушат

Республиканын калкынын өзгөрүүсүнө тийгизген факторлор

Калктын санынын өсүшүнө тийгизүучү факторлор

Калктын санынын азайышына тийгизүүчү факторлор

1.

2.

3.

1.

2.

3.

4. Жогорудагы сунушталган факторлордун кайсынысы биздин республиканын учурдагы социалдык, саясий, экономикалык кырдаалдарына дал келээрин аныктагыла жана анын негизинде республиканын калкынын санынын жакынкы 10-15 жылдагы өзгөрүүлөрүнө прогноз жасагыла. Прогноз жасоодо төмөндөгү суроолорго көңүл бургула: калктын саны төмөндөйбү же өсөбү? Кайсы факторлор таасир ериши мүмкүн?.

Долбоордун темасы: «Келе жаткан дем алуу күндөрүнө аба ырайын кантип алдына алып айтууга болот?»

Максаты:

Билим берүучүлүк: Кыргыз Республикасынын климаты жөнүндөгү билимдерин жалпылашат системалаштырышат.

Өнүктүрүүчүлүк:Республиканын климатына тийгизген факторлор, закон ченемдүүлүктөр жөнүндөгү элестерин системалаштырышат жана такташат.

Климаттын жана аба ырайдын адамдын ден-соолугуна, кийимине, тамактануусуна тийгизген таасирин аныкташат. Алган маалыматтарды дубал газета, маалымат катары

Тарбия берүучүлүк: Командада, топто иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат.

Алган маалыматтарды дубал газета, маалымат катары чыгарууга үйрөнүшөт

Аткаруунун тартиби:

I. Проблеманы окуучулардын алдына коюу (аба ырайы жөнүндө маектешүү, аба ырайынын шарттарына байкоо жүргүзүү боюнча пикир алмашуу).

II. Классты топторго бөлүү жана тапшырмаларды бөлүштүрүү

III. Аба ырайына байкоо жүргүзүү, радио, телевидениелерден маалыматтарды чогултуу, айыл чарба календары жана элдик байкоолор боюнча прогноз

IV. Класста талкуу жүргүзүү (алган маалыматтар боюнча тыянактарды чыгаруу)

V. Мектеп жайгашкан жерге аба ырайдын прогнозун түзүү

VI. Мектептин территориясында метео аянтчасын уюштуруу, дайым маалымат берип туру, дубал газетага жарыялап туруу

Долбоордун темасы: «Тоо кендерди аныктоо жана анын адамдын чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо»

Максаттар жана милдеттер:

Билим берүүчүлүк: Минералдарды жана тоо кендерин аныктай алышат жана көрүнө турган ТОО кендери менен иштөө көндүмдөрү, край таануу боюнча билимдери, билгичтиктери калыптанат.

Өнүктүрүүчүлүк: Адамдын жаратылышка тийгизген оң жана терс таасирлерин баалашат.

Жабдылышы: планшет, рулетка, карандаш, сызгыч.

Өткөрүү мезгили: окуу жылынын башында жана аягында.

Бул долбоорго тыккаттык менен даярдануу жүрүш керек. Изилденүүчү жерди тандоодо карьер же ТОО кендери сыртка чыгып турган жерлер болушу зарыл.

Проблема: «Тоо кендерди чарбада пайдалануунун жана анны сактоонун көйгөйлөрүн кантип чечүү керек?»

Аткаруу тартиби: Окуучуларды топторго бөлгөндөн кийин төмөндөгүдөй тапшырмаларды алышат:

1. Жердин сыртына чыгып калган тоо кендерин кагазга түшүрүү

2. Тоо кенин казуунун өзгөчөлүгүн түшүрүү жана адамдын чарбасына пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо (мугалим карьердин жетекчиси менен алдына ала сүйлөшүп алуусу керек).

3. Адамдын чарбамсында пайдалануунун оң жана терс жактарын аныктоо.

4. Жергиликтүү бийликтер үчүн тоо кендерин рационалдуу пайдалануу боюнча кайрылуу иштеп чыгуу.

Тапшырманы аткруунун тартиби.

1. Окуучулар рулетканын жардамы менен көзгө көрүнүп жердин бетине чыгып турган тоо кендеринин калыңдгын ченешет.

2. Тоо кенинин ар бир катмарынан класста сүрөттөп жазуу үчүн үлгү алышат.

3. Геологиялык колонка түзүшөт, чиймесин чийишет жана сүрөттөп жазышат.

4. Жердин рельефине адамдын тийгизген таасирин айкындашат.

5. Презентация: (убактысын, мөонөтүн, долбоордун максатын, жабдылышын, аткарган иштерин, натыйжасын ж.б.).

Долбоордун темасы: Өз жеринин ландшафтык компоненттеринин өз ара байланыштарын окуп-үйрөнүү

Билим берүүчүлүк: өз жеринин ландшафтынын компоненттерин жайгашуу закон ченемдүүлүктөрүн такташат

Өнүктүүрүүчүлүк:жаратылыштын компоненттеринин байланыштарын аныкташат,адам жана жаратылыштын ортосундагы көйгөйлөрдү айкындашат

Тарбия берүүчүлүк:изилдөөчүлүк көндүмдөрү калыптанат жана жаратылыштын кооздугуна байкай алышат

Өткөрүү мезгили: Окуу жылынын ичинде.

Жабдылышы: блокнот, карандаш, килемчелер, планшет, транспортир, сызгыч, компас, барометр, термометр, гигрометр, поплавок, рейка, рулетка, секундомер, калдыктарды салуучу кап.

Аткаруунун тартибия:

I. Проблеманы класс менен талкулоо.

Мугалим: учурдагы экологиялык проблемалардын келип чыгуу себептерине, анын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, учурдагы экологиялык маселелердин актуалдуулугна токтолот. Жаратылышты сактоодо анны комплекстүү территориялык бүтүндүлүктө, алардын бири-бири менен байланышын жана көз карандылыгын айтат. Ландшафттын таксономиялык бирдиги:

географиялык кабык – материктер - жаратылыш зоналары - жаратылыш областары – жаратылыш провинциялары - жаратылыш райондору.

2. Мугалим окуучуларга ландшафт деген эмне? алардын компоненттерин санап бергиле, кайсылар? деген суроолорду окуучулардын алдына коюп, аткарыла турган иштердин милдеттерин түшүндүрүп берет

3. Окуучулар ландшафттар боюнча топторго бөлүнүп, тапшырманы аткара башташат. Мисалы:

I топ: 1000 – 1600 м. бийиктикте жайгашкан жапыз талаа ландшафтары

II топ: 2000 – 2500 м бийиктиктеги орто тала ландшафтары

III топ: 2500 – 2800 м бийиктиктеги орто жапыз тоо шалбаа жана шалбаа-талаа ландшафты

IV топ: 2000 – 2700 м.бийиктиктеги тоо-токой, токой-шалбаа-талаа ланшафты

V топ: 2700 – 3000 м бийиктиктеги бийик тоолуу субальпы жана шалбаа-талаа ландшафты

VI топ: 3000 – 3300 м бийиктиктеги бийик тоолуу альпы шалбаа жана шалбаа-талаа ландшафты

VII топ: гляциональдык-нивалдык аска-чокулуу, кар-мөңгүлүү 3300 – 3500 м.бийиктиктеги ландшафттар

Ландшафты жазуунун планы (таблица № 3)

1. Рельефи (рельеф кайсы багытта төмөндөп бара жаткандыгын көрсөтүү).

2. Климат (табл. № 1, № 2)

3. Топурак (сырткы түзүлүшүн, түсүн, структурасын, нымдуулугун, курамын, тибин).

4. Өсүмдүктөрүн, жаныбарларын (өзгөчөлүктөрүн)

Таблица 1 мөөн өтү убактысы t о Атмос-фералык басымы

Шамалдын багыты булуттуулук Булутту н түрлөрү

Жаан-чачындын түрлөрү

Таблица 2

Байкоо объектиси Жыл мезгилдери күз

(айы, датасы) жаз

(айы, датасы)

Күндүн бийиктиги өсүмдүктөрү

Жаныбарлары

Суусунун абалы

Таблица 3

№ Ландшафтын аталышы:

1 ТОО кендери

2 Климат, абанын t,басым, нымдуулук

3 суусу

4 Топурагы

5 өсүмдүгү

6 Жаныбарлары

7 а ландшафтка адамдын тийгизген таасири

4. Тапшырмаларды аткаруудан кийин ар топ буклеттерди даярдашат.

Буклеттин мазмунунда төмөндөгүлөр чагылдырылышы керек: ландшафттын географиялык абалы, жаратылышын коргоо боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлгөн, ландшафттын өзгөчөлүгү анын себептери, тийгизген факторлор, ландшафтка адамдын тийгизген таасирлери.

5. Презентация.

6. Кыргыз Республикасынын экономикалык – социалдык географиясын окутуу

Кыргыз Республикасынын экономикалык – социалдык географиясын окуп – үйрөнүүдө экономикалык билимдер, билгичтиктер географиялык аймактардагы калктын, жаратылыштын жана чарбанын бири – бири менен болгон аракеттенүүсүндө пайда болгон натыйжаларга, процесстерге экономикалык талдоо жүргүзүү үчүн зарыл.

Ошондуктан, окуучуларга билим берүүнүн милдеттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1. Аймактарды территориялык уюштуруунун экономикалык натыйжалуулугуна сандык баа берүүгө зарыл болгон билимдердин, билгичтиктердин түрмөгүн калыптандыруу;

2. “Жаратылыш – калк – чарба” түрмөгүндө экономикалык маанилүү себеп – натыйжа байланыштарынын параметрлерин айкындоого керек болгон алгачкы көндүмдөрдү калыптандыруу;

3.Айлана - чөйрөнү коргоого багытталган нарктуу мамилеге тарбиялоо.

Кыргыз Республикасын базар экономикасына өткөнүнө байланыштуу, анын географиясын окуп – үйрөнүүдө “базар экономикасы”, “ишкердүүлүк”, “био”, “жашоонун сапаты” сыяктуу түшүнүктөр калыптанышы зарыл. Жогорудагы белгиленген түшүнүктөрдү калыптандырууда “Ишкана” түшүнүгүндө каралат. “Ишкана” түшүнүгү экономикалык географияда эки тараптуу каралат.

Биринчиси чарбанын ишкердүүлүк бирдиги, экинчи жагынан эмгекти географиялык бөлүштүрүүнүн негизги звеносу катары каралат (1-сүрөт). Ал эми республиканын өнөр жайларынын учурдагы абалын окуп-үйрөнүүдө төмөндөгүдөй параметрлерине көңүл бурулушу керек:

өнөр жайынын тармактары өндүрүлгөн продукциялары

Продукциянын көлөмү

Ал эми республиканын административдик областтарын окуп-үйрөнүүдө анын экономикалык географиялык абалынын өзгөчөлүгүнө, экономиканын өнүгүшүнө жагдайлуулугун, чектешип жаткан аймактарга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалышы керек. Андан кийин областтын ичинде жайгашкан райондоруна, уюшулган жылына, калкынын учурдагы демогорафиялык проблемаларына, шаарларына, айыл-кыштактардын социалдык абалына, өнөр жайдын өнүгүү деңгээлине, социалдык тейлөө сферасына, тарыхый-маданий обьектилерине, көрүнүктүү инсандарына, экологиялык проблемаларына экономикалык-социалдык мүнөздөмө берилиши зарыл. Жогорудагы параметрлер боюнча мүнөздөмө берүүдө окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүгүнө багытталган окутуунун формаларына (доклад, реферат, долбоор,билдирүү, презентация) басым жасалышы, алардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптанышына шарт түзөт.

Окуучулардын өз алдынчалык ишмердүүлүк иштерин уюштуруу процессинде аларга алдына ала тапшырмаларды чогу талкуулап берилиши керек. Курсту окутуу процессинде экономикалык билимдер, билгичтиктерди тереңирээк калыптандыруу үчүн өнөр жай ишканаларына окуу жылдын ичинде 2 ден кем эмес экскурсия жасалып, окуу процессинин ишканада өткөрүлүшү максатка ылайык. Бул жерде окуучулар экономикалык процесстерди өз көзү менен көрүп, алар менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ишканаларга экскурсия жасоодо анын чыгарган продукциясынын республиканын экономикасындагы ордуна жана сапатына, экспорттук деңгээлине, жергиликтүү калктын жумушка тартылышына, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү багытына, коомчулуктагы авторитетине, меценанттык ишмердүүлүктөрүнө, жумушчуларга түзүлгөн шарттарына ж.б. көңүл бурулушу керек.

Ишкана чарбанын ишкердүүлүгүнун бирдиги катары

Ө н ө р ж а й

А й ы л ч ар б а тр ан сп о р тт у к

Ж ек е ээ б о л у ш о л д о ш ту р п о р ац и я ек е м ен ч м ам л ек ет ти ай д а и то

Чарбалык ишмердүүлүгү -нүн мүнөзү боюнча

Уюштуруунун формасы боюнча

Менчиктик мүнөзү боюнча

Көлөмү боюнча

Экономикалык белгилери боюнча ишканалардын түрлөрү

Ишканага экономикалык – географиялык мүнөздөмөнүн планы ишкана эмгекти географиялык бөлүштүрүүнүн негизги звеносу

1 – сүрөт. Мектеп географиясында окуп – үйрөнүлүүчү “Ишкана” жалпы экономикалык түшүнүгүнүн схемасы

2-бөлүм

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу

Мектепте окутулуучу бардык эле предметтерди окутууда предметке бөлүнгөн Окуу планындагы сааттардан сырткары убакыттарда сабакта өтүлүүчү материалдардан сырткаркы географиялык материалдардын негизинде өткөрүлөт.

География предмети боюнча класстан тышкаркы иштердин негизги милдеттердин бири - жаратылыш,айлана-чөйрө, коом, калк ж.б. жөнүндөгү жаны фактылар, түшүнүктөр менен байытуу жана география илимине кызыгуусун күчөтүү.

Географиялык багыттуулук боюнча ишканалардын түрү продукциянын керектөөчүлөргө багытталган ишкана өндүрүштүн ресурстарынын булактарына жайгашкан ишкана транспорт жолдоруна тартылган ишкана эмгек ресурстарына багытталган ишкана

Класстан тышкаркы иштердин мазмунуна эки негизги багытты болүп караса болот:

1. Окуу-тарбиялык мааниге ээ болгон окуучуларды кызыктырган мектептин географиясынын негизги курсунун мазмундук маселерин тереңдетүү

2. Класс менен практикалык иштерди өткөрүүдө, маалыматтын ар кандай булактары жана приборлор менен иштөөдө, окуучулардын изилдөөчүлүк билгичтик көндүмдөрүн калыптандыруу

Жогорудагы эки багыттагы тең иштерде жергиликтүү материалдар кенен колдонулат жана башка предметтер менен предметтик байланыштар аркылуу ишке ашат.

География боюнча класстан тышкаркы иштерде томөндөгү педагогикалык талаптар сакталышы зарыл:

коомдук пайдалуу багыттуулугу;

кесиптик багыттуулугу;

экологиялык багыттуулугу;

край таануучулук багыттуулугу;

мазмунун жана формасынын учурдун талабына дал келиши;

окуучулардын жаш курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн, кызыгууларын эске алуу;

окуучулардын өз алдынчалыгы жана ыктыярдуулугу менен педагогикалык жетектөөнүн айкалышы;

системалуулугу, үзгүлтүксүздүгү;

жогорудагы белгиленген талаптар класстан тышкаркы иштердин түрмөгүн

(системасын) түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, ал төмөндөгү деңгээлдер менен мүнөздөлөт.

1 - деңгээл: класстан тышкаркы иштерди география боюнча окуучулардын билим, билгичтиктерди өздөштүрө албай калган мезгилде, аны жоюу үчүн пайдалануу; Бул деңгээлде класстан тышкаркы иштер мугалимдин демилгеси менен уюштурулуп,үзтүлтүккө учурап бир, эки эле жолу өткөрүлүшү мүмкүн.

2 - деңгээл: Окуу программасынан өзгөчөлөнүп, материалдар кенен чогултулуп түзүлөт. Бул деңгээлдин максаты – окуучулардын предметке болгон кызыгуусун колдоо жана өнүктүрүү. Уюштурууда окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрү эсепке алынып, алардын өз алдынчалыгы өсүп, жекече тапшырмаларды ала алышат. Окуучулар ар кандай маселелерге туруктуу кызыгуусу пайда болот жана класстан тышкаркы иштер системалуу өткөрүлөт.

3-деңгээл: ар кандай маселелерди чечүүдө окуучуларды өз алдынча ишмердүүлүгү басымдуулук кылып, алар таанып-билүүнүн илимий методдоруна ээ болушат жана ар кандай эксперимент жүргүзүлөт. Мугалим бул деңгээлде багыттоочу функциясын аткарат.

География боюнча класстан тышкаркы иштер фронталдык, топтук жана жекече формада өтүшү мүмкүн. Ал эми өтүү мезгили боюнча төмөндөгүдөй классификацияда болот.

эпизоддук системалуу

Г ео г р а ф и я л ы к к р у ж

Ж р а т ы л ы ш т ы с ү й ү ү ч ү л ө л у б зе й л ер ео г р а ф и я л ы к о л и м п и а д г р а ф и я л ы к ж у г р а ф и я л ы к ж о л у г у ш

Э ск у р си я ж ү р ү ш т ө р э к с п е д и ц и я л

География боюнча класстан тышкаркы иштердин методдору

2-сүрөт. География боюнча класстан тышкаркы иштердин методдору

География боюнча класстан тышкаркы иштердин методдору сабакта окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу методдору менен дал келет.

География боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун методдору

Жаратылыштаг ы иштер:

-экскурсиялар

-жүрүштөр -байкоолор экспедициялар

Географиялык адабияттар менен иштөө:

-рефераттарды даярдоо;

-докдаддарды даярдоо;

-газета, дубал газеталарды чыгаруу

Оюн ишмердүүлүгү:

-кече -олимпиадалар -ишкер оюндар -викториналар -КВН ж.б.

3-сүрөт. География боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун методдору

Биз төмөндө жогоруда көрсөтүлгөн география боюнча класстан тышкаркы иштердин методдоруна кыскача мүнөздөмө беребиз.

1. Географиялык кружоктор

Географиялык кружоктун максаты – окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирет, кызыккан темаларын терең окуп-үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп өз алдынчалыкка тарбиялайт. Географиялык кружокту уюштурууда анын практикалык пайдалуулугун эске алынышы зарыл.

Мисалы, мектептин айланасын жашылдандыруу, көргөзмөлөрдү, музейлерди, край таануу бурчтарын уюштуруу.

Кружоктун ишинде окуучунун кызыгуусу, зээни, жөндөмүнө жараша жекече тапшырмалар түзүлүп берилиши керек.

Географиялык кружоктун мазмуну боюнча төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт:

1. Кызыктыруучу. Бул топтогу кружоктун максаты – окуучуларды география предметине кызыктыруу жана географиялык кубулуштарга, процесстерге талдоо жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандыруу.

2. Мектепте окутулуучу география предметинин программасына ылайык окуучулардын билим, билгичтик, көндүмдөрүн өркүндөтүү

(мелдештерди, оюндарды, географиялык мүнөздөгү маселелерди чыгаруу).

3. Белгилүү, даректүү практикалык маселелерди чечүүгө багытталган кружоктор (метеорологиялык, гидрологиялык ж.б).

4. Атайын географиялык маселелерди терең окуп-үйрөнүүгө багытталган кружоктор (этнографиялык, глобалдык, демографиялык ж.б).

Кружокту уюштуруунун алгачкы этабында окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн, билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн аныктоодон башталып, ал үчүн анкетирлөө жүргүзүүгө максатка ылайык. Кружокко тартылган окуучунун саны 15-18 кишиден ашпашы керек жана анын аты, уставы болушу зарыл жана төмөндөгүдөй жалпы принциптерди жетекчиликке алыш керек:

а) мугалимдин жетекчилик ролу б) изилдөөчүлүк методду пайдалануу в) темаларды, бөлүмдөрдү иштеп чыгуу г) кружоктун ишинин жүрүшү жөнүндө жыйынтыктарды дубал газетага чагылдыруу.

Кружоктун натыйжалуулугу анын ишин пландаштыруудан түздон-түз коз каранды. Кружоктун планында окуучулардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрү чагылдырылышы зарыл жана ал кружоктун катышуучулары менен биргеликте түзүлүп, педагогикалык кеңешмеде талкууланып бекитилет. Кружоктук сабактар айына 1-2 жолу өткөрүлөт жана мектептин администрация тарабынан расписаниеси белгиленет.

Отчеттук окуу жылынын аягында шайлоо жыйыны өткөрүлөт.

2. Географиялык факультативдер

Географиялык факультативдер окуучулардын жекече кызуугусун өстүрүүгө багытталып, билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Факультативдердин мазмуну негизги окуу программасы менен тыгыз болот жана ал класстык, класстан тышкаркы болуп бөлүнөт. Класстык сабактарга семинрлар, концультациялар, адисттер менен жолугушуулар ал эми класстан тышкаркы сабактарга экскурциялар, жаратылыштагы практикалык иштер болуп эсептелет. Факультативдик сабактарда кесиптик багыт берүү максатында топограф, гидротехник, метеоролог ж.б. сыяктуу адисттер менен жолугушуу уюштуруу максатка ылайык.

This is the start of the file's text. The full file is on GovTribe.

Other files

Show all 18

On GovTribe

Work with this file

  • Download the original file
  • Contacts named in this file
  • Similar government files
  • Ask GovTribe AI about this file

File details come from the government source that posted it. Updated .